Пример HTML-страницы

Мыкаачы өгөй эне 4 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=35461&preview=true Кызыктуу окуялар.

?МЫКААЧЫ ӨГӨЙ ЭНЕ

4 — БӨЛҮМ

 

 

Адам жаралып,жашоосу учун бардык керектоосун жерден алып,кайра жерге комот тура.Динчилдер айтып журушкондой адам топурактан жаралып кайра топуракка комулот экен.Алардын оюна койсо Канайымды куноого жыкпый,балдардын олумун Кудайдын буйругу деп тим эле калтырмак.Ооба, ажалы жеткен да демек.

 

Ырасында олукту жайдан алу канчалык аянычтуу.Балдардын жайына барганда бардыгы жымжырт боло отура калышты.Суран ун чыгарып куран окуду.Журогун мыкчып турган ызасына туруштук бере албай адаша тушуп,беркилерге билгизбоо аракетинде юолуп онуна салып окуп бутурду.Бардыгынан да Гайыпбердинин кайгысы кайталангыс. Жайга жакындаганда кадамы калыбында шилтенбей козу карангылаша, башы тегеренип,конулу аза тушту.Врач байкай калып,колтуктан алып,кынала отурду.

 

Гайыпберди кетменди колуна кармаганда башы айланып,озун жоготуп кое жаздады.Баятан бери конул болуп назарын сала келе жаткан врач кетменди колунан ала коюп,айылдык депутатка,сенин жердешин го,не карап турасын дегендей тикчие карап кетменди карматты.Олгонду гордон казып алуу,болгодо да наристени гордон суруп чыгуу кимге болсун аянычтуу.Айылдык депутат отуздун ары бери жагындагы жаш жигит.Карап турган кексе карыя колунан алмакчы болгондо бербеди.Сезимдуу жигит Сурандын абалын тушунду.Кайраттана жайды ачты.Айыл Кенешинин аймагы чон.Гайыпберди жашаган бригадада жашабаса да депутат болгондон бери Гайыпбердини жакшы тааныйт эле.Коруп журбогондуктон жузун ачканда балдардын чырайлуулугу сезимин мыкчый калып,журогуно ок тийгендей ызалана тушту.Арадан бир жума отуп отпой балдардын эти эзилип,жыттана тушкон.Гайыпберди жыттагылап коз жашын мондурдой тогуп ыйлады.Ооба, адегенде эси оой тушуп озун аран токтотту.

 

Сурандын абалы андан кем болгон жок.Келмесин оозунан тушурбой кубуронуп,ичинен бирдемелерди айтып жатты.

 

Башкы врач озу хирург болгондуктан башка врачты убара кылгысы келген жок.

Керектуу операциялык куралдарын ала келген.Медсестраны чакырды да,спиртке колун жууп,коргоочу мээлейин кийип,баланын баш соогун житине карай бычак салып,баштын капкагын ачты.Курттар бармактай болуп чоноюп кеткен.Он жак кулагынан жеп бутуп кара куш мээсине откон.

 

-Мына коргуло,курттар каракуш мээсине откондо бала эсинен ажырап жан берген.Суйлоого тили келбей калган учуру да мына ушунда.Каракуш мээ кулак козчосуно жакын болгондуктан курт тез эле ага откон да,баланы тилден калтырган.Малдын этин курттатып туруп,ал курттарды биринен сала экинчисин удаама-удаа сала берген.Каранызчы курт коп.

 

Тегеректеп турган комиссиянын мучолору даана корушту.Врач курттардын бир нечесин терип алып,атайын алып келген шишеге салып койду.Гайыпберди менен Суранга операциянын журушун карап турууга уруксат бербеди.Аларга операция буткон учурунда гана мээдеги курттарды корсоттуу.Анан- экинчи кичуу баласын ачып коруу туурасында соз козгоп,алардан уруксат сураганда чыкчырыла каршы турушту.Гайыпберди менен Сурандын отунучуно макул болушуп,аларды куболондуро акт тузуп жайда ачып коруу ишин жыйынтыкташты.

 

****

 

Токтоназаров балдардын жайын ачып,оз милдетин аткарып,экспертизалык врач экоо диагнозду тактап,жыйынтыктагандан кийин,комиссиянын актысына кол коюп жолго чыккандан баштап ар кандай ойго аралашып тынчы кетти.Ооба анын ой пикири Канайым,анын кылмышы,ал тууралуу кызматкери катарында прокуратуранын сурагына жооп беруу сыяктуу сезим туйшугуно аралашты.Ооруканага келээри менен номер биринчи хирургиялык болумдун башчысын кабинетине чакырып алды.

 

-Жолдош Акимов,сиз кананйымдын кызматка алуудагы делосун алып келинизчи?-деди конулсуз коз кырын салып кайрылып.Болумдун башчысы барып келдинизби, кандай экен деп суроодон айбыкты.Башкы врачтын кабатырланган туру сестентти.Бизди да кыйын абалга учурата тургандай не болду экен деп бушаймандана калды.Кадрлар болумунун башчысысынын тынчын ала чочулатып делону дароо таптыртып алып кирди.

 

-Мында анын омур баяны жокко го?-деди Тороназаров делону барактап ачып караган сон.

 

-Каныбек Тороназарович, биз мурдагыдай эле делосуна омур баянын тиркоочу эмеспиз,эмгек книжкасы менен дипломунун кочурмосун, анан арызын тиркеп койчубуз.

 

-Мына бул иш стилибиздеги кемчилигибиз. Кызматка жаныдан кабыл алып жатканда арызы менен омур баянын да жаздырып тиркеп коюшубуз керек.Эми изилдоого алган учурда анын кайда кеткенин,туулуп оскон жерин,диплом алган жерин сурайт.Ага так жооп беришибиз керек.

 

-Ким билиптир мындай болорун,хирургиялык ишибизде мындай окуяга биринчи жолу туш келишибиз.

 

ХХХ

 

Шаардын прокурору комиссиянын, экспертизанын диагноздук жыйынтыгын карап чыгып,кылмышкерди изилдоонун делосун ачтырды да аны тергоочу Жуманазаров Келдибекке тапшырды.Коп жыл иштеп такшалган прокурор делону бар болгону уч жолу уч жыл иштеген жаш жигитке тапшырганынын жону бар.Келдибек адеп ишти колго алгандан баштап прокурордун ар турдуу кылмышкердик делону тапшырып,сындан откоруп жаткандыгын билген.

 

Сезимтал жигит тапшырманы так,мыйзамдык денгээлде аткарууга жан дили менен аракеттенген. Ото татаалдашып бараткан иштин жонун коп жылдык тажтыйбасы бар такшалган кызматкерлерден сурап,онунан келтирип журду.Ушундай аракетчилдиги менен прокурордун сынынан отуп,мыкты кызматкер катрында бааланган.

 

-Бул оной операциялык иш эмес жигит,откон жылдары жургузулгон иштерди билесин,так ошондой,туйшугу оор,розысканы бардык тийиштуу жерлерге жибересин.Ал жагынан аз болсо да тажрыйбан бар.Операцияны тез жургузуу керек.Эгер республиканын аймагынан чыгып кетчу болсо кыйын абалда каласын.Прокурор тергоочуго делону тапшырып жатып озу башынан откоргон айрым олуттуу операциялык иштерди айтып кенешин берип,озу да бул кылмыш боюнча тийиштуу аракет жасай тургандыгын айтып ийгилик каалап конулун которо кабинеттен чыгарды.

 

ХХХ

 

Канайымдын Чолпон-Атага барып,кесиби боюнча иштеп журушу билген адамдын кыжырын келтирмек.Адам ээй десе,эртенки кунун,жашоосун ойлобой,бейкуноо наристелерди тигил дуйного узатып коюп,тайрандап журушун мунун демек.Ооба,ар кимдин жан дуйносу озунчо эмеспи.Сыртында сыр бербей,шек алдырбайын деп жургону менен ички дуйносундо азаптуу кайгы бар.Канчалык эстебейин десе да наристелердин жандуу элеси коз алдына келе калат.Кулагына курт салып жаткандагы жан кейитерлик ыйлагандыгы, чонунун жалынып-жалбарганы тынчын алат.Жалгыздап басып бара жатканда учурунда сетенип,артынан кимдир бироо келе жаткансып,колунан шап эткизип кайрып кармап алып кете тургансыйт. Милиционерлерди коргон учурунда журогу зырп дей тушот. «Шектуу адам шекинет» деген создо калет жок тура.

 

Канайым шектенип журуп,акыркы кундору республиканын аймагынан чыгып,кулак угуп,коз корбой тургандай алыскы бир аймакка кеткиси келди.

 

-Ишке орношуп алып кайра арыз жазганыныз кандай,иштей бербейсизби, эмне биздин коллектив жакпайбы?-деп башкы врач конулдоно карады.Санааркап журуп онунон азып кеткен.Оорулуу окшойт деген ойдо арызына кол койду.Бошотпой койбогой эле деп чочулап турган.Канайым бир эсе кубанды,озунчр\ о эркин дуйного чыга калгандай сезилди.Эми кайда барам десем жолум ачык деди оюнда.Бирок кайда бармакчы,кантип кыматка орношмокчу. Срюздун кайсы аймагына барбасын жолдомо керек.Союздун жогорку саламаттыкты Сактоо Министирлигинин буйругу.Ушул жагдайда тынчсыздана калды да тобокелге салып Россия Федерациясынын Саратов шаарына билет алып,тез арада учуп кетууну чечти.

 

Турмушта адам баласы оюна албай турган учуру боло берет тура.Кудай дилине сала бергенсип изилдоо иши аяктоо алдында Жуманазаров Келдибек оорукананын башкы врачына кирип,колго тушурмокчу болуп,акыркы кезегине жеткенде кызматынан бошогонун карабайсынбы.

 

-Сиздерде Анарбаева Канайым деген иштейби?-деди Келдибек Ысык-Кол рблустук саламаттыкты сактоо болумунон алган маалыматка таяна суроо берип.

 

-Кечиресиз,сиз кайдан келдиниз?-деди врач айылынан келген туугандарынан болсо керек деген таизде.

 

-Оштон,атайын тапшырма менен келгенмин,мумкун болсо чакырып бербейсизби? -деди Келдибек куболугун корсотуп.Врачтын ону озгоруп тынчсыздана тушту.

 

ХХХ

 

Адамдын журогу ушунчалык сезгич белем,канайым улум-улам саатын карап,кутуучу залда тынчы кетип отурган кези эле.Анын бактысына аба-ырайы да жакшы болбой,айлананы туман чалып туруп албадыбы.Кара коз айнекти тагынып алган.Ушунусу менен таптакыр таанылбай калгандай сезип,эркин отурат.Анын ону-тусу,келбети, баскан-турганы, дагы ушул сыяктуу маалыматты иштеп жургон жеринен,кесиптештеринен сурап алганын ал кандай билсин.Анын устуно суротту Келдибектин колунда журбойбу.

 

Мына эми колго тушооруно аз калды окшойт.Келдибек аэропортко, Канайымдын кай тарапка,кайсыл убакытта,кайсы руйске билет алганын тактап койгон.Залда ары бери басып жургон кези.Фамилиясын озгортуп алды бекен деп Оштон учаар алдында бир азга санааркай тушкон болчу.Озгортпогонунон улам колго тушооруно толук ишенип конулдуу журот.Ошентсе да тапшырылган милдеттуу ишин аткаруу керек.Учурда колго тушуро албай калса,Саратовго артынан учууга,учуп барган кезде да чон шаардан изилдеп табуу кыйынчылыгы бар.Ушул абал чочулатып,тушку тамактанууну эстен чыгарган.Канайым аба-ырайынын бузулушунан чочулап,туш келе турган оор абалды журогу менен сезип,учуу рейсин озгортмокчу болду.Ооба,Ташкентке билет алууга аракеттенди. Кантип алмакчы? Бардык кассаларга алдын-ала билдирилген. Кылмышты жасап коюп эми окунуп,жан алекетке келип жургонун кара мунун.Ушундай абалга туш болоорун не мурда ойлободу,ошол кезде бугункусундой сергек ойдо болгондо минтип азаптанып журбойт эле.

 

Келдибек жургунчулордун ар бирине коз салып,жаш аялдарга тигилекарап, андып журду.Учуу убактысы кармалып,улам артка сурулуп жаткан учурда кылмышкердин тынчы кете баштай тургандыгын эске алып,отурганда тегиз коз чаптырып жургон кезинде Канайымга кумондоно карады.Ал тез-тез ордунан тура калып,ары-бери басып тынчы кете баштаганынан улам так байкады «Дал ушул озу,бою анчалык узун болбогон,шынгаа, басканда ар дайым боюн туз алып журот дешпеди беле?..» Ушинтип ойлонду,жанына барып отурду.

 

-Ой-бо-ой,аба ачылбай балээ болду го,бугун уча албай калбагай элек,-деди Канайымды созго аралаштырмакчы болуп.

 

-Сиз кайда учмак элениз?

 

-Саратовго.

 

-Канчанчы рейсте учасыз?

 

-152-рейсте.А сиз кай жакка учасыз?

 

Канайым буйдала тушту.Келдибектин атайылап сурап билип алмакчы болуп жатканын биле койгонсуп тигиле карады,журогу зыр эте тушту. «Бул кытмыр органда иштейт окшойт,суроосу калааты?!» -деген ойго серпилди.Ону озгоруп,кооптоно калды.

 

Сиздин рейсиниз башка турбайбы,мен туалетке учам,-деди да байкатпоо аракетинде акырын ордунан туруп ары карай басты.

 

«Басканы,суйлогону, ону-тусу да айтылгандай» .Суротун салыштыра карап,артынан сыртка чыкты.Аэропорттун кузотчу милиционерлерине кылмышкерге байкоо жургузуп,сак болуу эскертилген.

 

-Тиги келинде кумон бар,байкагын, эгер так#### жалгыз чыга турган болсо дароо кармайсын,карап тургун тынчсызданып жатат,-деди Келдибек милиционерге корсотуп.

 

Канайым сыртка чыгары менен Озбекстандын кайсы шаарына блбосун такси менен бул жерден тез чыгып кетууго шашты.Озуно байкатпагандай болуп жатканы менен башка адамдарга байкалып калды.Бир заматтын аралыгында эки-уч машинеге барып,кайда барышы,жеткириши учун сурап жибербедиби. Топтогон акчасы да ченелуу.Кайда барып,канча кун жашамакчы?

 

-Колумду кайрыбан,кай жакка алып бармакчысыз, озум эле барайын.Мынча куноолу адамдай колумду кайрыйсыз!

 

-Куноолуу болбосонуз машинеден туш дегенде тушпойсузбу, жулунуп колду силкпей!..

 

«Мейли эми,башка тушконун кором,олумго болсо да башымды ийем!..» Олук адамдай журогу эч нерсени сезбей калды.Башы ман,кайда эмнеге баратканын кереги жок.

 

ХХХ

 

Адамда тубаса муноздук озгочолуктору болот белем.Бир уй-булодо бир нече адам жаша алардын ар биринде ар башка муноздук озгочолуктор болот.Айрымдарында ашкерек байкалып турса,айрымдарында онойлук менен байкалбаган одоно муноздор бар.Тымпыйып ичтен тап дегендей,Канайым да бир уй-булодогу торт бир туугандын ичинен озгочолоно жетилген.Бешиктеги кезинде жаагын жанып ыйлай турган.Эне байкуш тун бою бешик термертип,бешикке обоктогон калыбында эмчек эмизип, куш уйкусун алуучу.»Бир балаа кызды тууган окшойм,кара башына эле корунсун! «-деп жаны кейигенде жемелеп,терс ойго бурула калчу.Эненин кейигениндей болгон жок.Он жашка толгондо атасы ооруп коз жумду.Ошентип улам жетиле баштаган саын ымыркай кезиндегидей ожордугу ашкере сезилип,оюна келгенин жасап,айтканынан кайтпаган,бирок сезимдуу кыз болуп эрезеге жетти.Мектепте окуп жургон кезинде мен врач болом,болгондо да мединституттун хириргуялык факультетинен билим алам,деп орто мектепти бутоор алдында курбуларына тамаша чала соз айтып калчу.Максатындай хирург болду.Айтканынан кайтпаган ожордуктун он жагы да,терс жагы да болот окшобойбу.Ооба, минтип огой балдардын омурун куноосуз кыйып,ожорлукко салышын не деп тушунсо болот?Гайыпбердигеби? Анткенде кай бир аялдар тез-тез эле келтек жеп,олорчо сабап урса да кек санабай,билмексенге салып жашап журушпойбу. Беш-алты баланы мойнуна илип койгон сон эрдемсинген эркек кайда бармак.Бут омурун ошол балдарын асыроого сарптап,жан алакетке тушуп иштеп журо берет.

 

 

Канайым тергоочунун алдында анын таамай тийген суроолоруна мукактана жооп берип,коз жашын тогуп,озогун орт алып жатты. Ага кыйыр караган тергоочу: «Ушундай абалда калаарынды ойлобогонсун, шайкелен осконсун,келечегине озун балта урган акмаксын! «-деген ойго уруна калып,бирде тымызын жемелесе,бирде жаштыгына боорукердене сурак жургузду.Куноокор катарында болгонун болгондой айтып,Канайым айыптуулугун толук мойнуна алды.Не болгондо да адам эмеспи,Канайымдын коз жашы,мукактанып суроого так жооп бере албай жатышы кумондуу ойго туртту.Ички сезиминде айтылбай калган сыр бардай туйду.Жогорку жазаны женилдетуучу жагдай бар сыяктуу сезилди.Адам тагдырын чечуу онойго турбайт.Кылмышкердин ишин сотко ашыруудан мурда кайсы статьяга такабасын ийнесинен жибине чейин дегендей так маалыматтар тергоонун жыйынтыгына жазылууга тийиш.

 

Кылмышкердин сурак бериши озунчо кайталангыс азап.Прежевальск шаарынан Ошко алынып келип турмого,болгондо да жалгыз болмодо жатышы кайра-кайра сыртка чыгарылып,зым тор ичинде сурак бериши оор азап эмей эмне?! Откон ишке окунуп кайда бармак.Колу менен жасаган кылмышын мойну менен тартып жатпайбы.

 

 

-Сиздин ушундай азаптуу кылмышка туш болушунузга эмне себеп болду?Коркпонуз, озунузду эркин кармап,ойлонуп жооп бериниз.Мындай кылмышка себепсиз эле бара койбосонуз керек?-тергоочу сезиминдеги тынчын алган суроону берди.Канайым балдардын кулагына курт салып олтургон кылмышын гана айтып тура берген оюн озгорто калды да ойго бата тушту.»Ырасында Гайыпберди себепкер болгон,ал балдарына болушуп,эки жолу азаптанып урбаганда… Ооба,ошого очошподумбу. ..»-деди купуя.

 

-Айта бериниз,жашырбан, бурмалабай чындыкты айтын?-тергоочу Канайымдын ойлоно калышынан улам оюндагыдай жооп боло тургандай туйду.-Озунуз да бала болуп чонойгонсуз, себепсиз балдарга кол салбасаныз керек?

 

Канайым озун токтото албай шолоктоп ыйлады.Озун да бала болгонсун деген созго уулана тушту.Бир дамга коз жашын токтото албай турду да,башын жерден акырын которуп,мукактана созго отту.

 

-Ооба,мен да бала болуп чонойгонмун, чынын айтсам ачууга жендирип…айыптуумун. Кайрадан коз жаш.

 

-Озунузду карман,эсинизди жыйын,ачууга алдырганыныздын себебин айтын?

 

-Ырасын айтсам куйоомо очоштум,буга чейин биринчи турмушумдан ажыраган элем,уй-булолук чырыбыз кобойуп,экинчи турмушумдан да ажырай тургандай абалда калдым.Бир жолкусунда кабыргамды сындыра тепти,ит корбогон ыза корсотту,анысын кечирдим,эч кимге айтпай дарыландым. Балдарына ырксыз эле болуша берип…

 

Канайым бардык куноону Гайыпбердиге оодара салса эле куноосу женилдей тургандай ойго келди,жандана тушту,аны ырайымсыз,каардуу адам катары баяндады.Тергоочу кунт коюп угуп,милдеттуу ишин Гайыпбердиге кайрылып,анын жоопторуна карап акыркы жыйынтыкты чыгармакчы болду.

 

ХХХ

 

Гайыпберди прокуратуранын чакыруу кагазын алып чок баскандай ызалана тушту.Ар кайсы ойго чарпылды.Канайымдын кабргасын сындыра тепкен учурун эстей коюп ага бир эсе ызырынып алды ун чыгара согунду…» Ооба ал акмак ошону колко кылып,кайдагы жок жалааларды айтып сурак берсе керек.Эмне,балдарымды кордоп,чыйпыйын чыгарып уруп жатса кантип чыдамак элем,ызама чыдай албай тээп жиберипмин дейм.Ансыз да озум азаптуу кайгыда журсом,анан кантип тим болмокмун.Атайылап кабыргасын сындыра тебейин дептирминби, кокускук болду да»-деди оюнда.

 

Ким болбосун мындай учурда ызалуу ойго урунбай койбойт болчу.Гайыпберди прокуратуранын имаратына кандайча жетип барганын сезбей калды.Заматта учуп жеткендей туйду.Канчалык ияки ызасына чыдабай турса да озун токтоо кармап,сабырдуу болууга,тергоочуго сыр алдырбоого аракеттенди. Кирери менен салам айтып,тике турган калыбында ун катпай,тергооочунун сабыры суз карады.

 

-Олтурунуз,- деди да тергоочу Гайыпбердиге назарын сала унуло тиктеди,-чакыртканыбызга капа болбонуз,тергоо ишибиздин жагдайына карап абалды акыр-аягына дээр тактап алалы дедик.Кылмышкер болгон аялыныз менен жашоонуз кандай отуп жатты,уй-булолук чырдашуулар болгон беле?

 

-Кыязы сизге кайдагы жок кордук менен тынымсыз эле ызалантып чыр чыгара бергендей тушунук берген окшойт.Ырасын айтсам бир гана жолу балдарды канкууруп,ызылдатып уруп жаткан учуруна туш келип,ачуумду токтото албай эки-уч тээп жибергенмин. Кабыргам сынды деп бир жума ооруканада жатып чыкты,чынбы ,жалганбы ким билсин,мага корсоткон жок.Даттанбай дарыланып чыкканына ыраазы болдум.Эстуу жан экенсин деп,балдарымдын шоктугун эске алып,огойлоп конбой жатышса керек деген ойдо болдум.Конулун оорутуп койгонума абдан окунуп журдум.Ошондон кийин ага оз энесиндей мамиле тузуп алар деп толук ишендим.Балдар мурдагысындай болбой онунон абдан азып кетти.Аны энесин сагынганы деп конул бурбадым.Балдардын анча-мынчада апам бизди урат дегенин конулго албай,шоктоно берсенер урат да,шоктонбогула, айтканын аткаргыла дедим.Балдарга консун деп бакчага мен алып барчу эмесмин.Канайым алып барып,алып келчу.Бир куну алып келчу убактысы отуп,Канайым ишинен негедир кечигип,куугум кире баштаганда озум бардым…

 

 

Уландысы бар…

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE