Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Мыкаачы өгөй эне 3 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=35461&preview=true Кызыктуу окуялар.

?МЫКААЧЫ ӨГӨЙ ЭНЕ

3 — БӨЛҮМ

 

 

Мындай учурда кайгылуу адам учун тандын атышы да озунчо тозок,кутулбогон азап.Гайыпберди эки керебетте тилсиз жаткан балдарын жалдырай карап,биринен сала бирине отуп,коз жашын тогот.Кудай ушундай азаптуу учурду адамга туш кылбасын,ушундай кайгыны тартпасын.Мин тамыры зыркырап,боору эзилип,ушкурунот.

Тан атты.Гайыпберди терезеден тан шооласын карап,кундун чыгышын кутот.Кундун чыгышы менен умутуно шам жагыла тургансып,врачтар келип,балдарын тилге киргизип,суйлотуп, сурап,кандай оору,эмнеден пайда болгонун биле тургандай умут улайт. Канайымга болгон куномдуу оюн так аныкташа тургандай сезет.Анда бир гана ой-куноо ошондой дейт,кандайдыр бир дарыны ичиркендей сезет.Ооба,уулуу даоы бергендей туят.

Терезеден кундун жаркыраган нуру тике чачыра,керебеттеги наристелерге тийип,жуздорун нурдантты.Гайыпберди ушул нурдан да зор умут кутконсуйт, кудай аларга ак дилдуу шооласын чачып жаткансыйт, анан болбосо башка жакка тийбейт беле дейт оюнда.Балдарынын терезеге туштап жатканы учун кун нуру аларга биринчи тийгени кудайдан келген шыпаа,жакшылыктын ишаараты сыяктуу туюм берип,умуттондурот.

Дежур врач наристелер туурасында башка врачка диагноз кое албай тургандай маалымат берген.Тилсиз, онтоосуз жаткан балдарды корууго озу эки-уч врачтык тармакта иштеп тажрыйба алган ишенимдуу врачтарды ала кирди.Козу ачык,ары-бери козгоп,башын ойдо ылдый которуп корушту.

-Иним,коп кайгыра бербе,анализ алабыз,рентгенде аныктайбыз, колдон келген аракетибизди жасайбыз,-деди конул улап башка врач.

-Айланайындар, ушул чурполорумдон башка таянаарым жок,энесинин эчак козу отуп…

-Эч нерсе эмес,жакшы болуп кетет,айтынызчы мурда башы ооручу беле?

-Жок,жугуруп эле жургон.Мен Жалал-абадга пахтага кетип,жаны уйлонгон аялымдын колунда калган болчу.Ага болгон кумондуу оюн айткычы келбеди.

-Ал азыр кайда?

-Уйдо болуш керек.

-Сурабадынызбы, ал билууго тийиш го,балдарын башынан мягкий травма алгандай… Андан сураш керек.

-Башында кандай жарат алган белги жок го.

-Мчгкий травма ошондой болот,баш мээнин катуу козголушунан нервдик сезгичтик токтоп,суйлоодон калат.Эгерде ошондой болсо тез эле айыгат.

Гайыпберди врачка жылмая карап,ал чыгып кетери менен балдарын моокуму кангыча жыттап,манчыркап, бут денеси дургуп,колкулдоп эриген коргошундай жибий тушконсуду. Анан Таалайбектин жанына жамбаштап жата калып уктап кетти.Бир аз уктаган сон озунчо эле кимдир бироого ызырынып согуно баштады.Уч керебет коюлган бул болмодо тынч башка бироо болгондой эй,эмнеге согунуп жатасын,тынч жат демек.Гайыпберди тушундо омурундо учуратпаган туру суук,коркунучтуу адам солокоту менен алыша баштабадыбы. Алка-шалка терге тушту.Солокот колун ары бери шилтеп,сыйкырдуу кучу менен булкуп,жерге урду,басып алып кыйнады,акырында башына чон базган менен ура турган болгондо бакырган калыбында ойгоно калды да балдарына отту.Экоонун тен коздору баягысындай ачык,шыпты караган калыбында жан берген.

-Айланайындар, кудайдын неге козу кор,балдарды калтырып мени албайбы.О,Кудай мени неге кордодун,булардан калып кайда барам,кантип, кандайча жашап,кун кором.Ал мени дагы,мага жашоонун кереги жок! О,Канайым,сенин дагы боорунду туздайм,жон койбойм,о,туру суук мен кандай азап тартсам,сен дагы дал ошондой азап тартышын керек!.. Жок,жок,олтуром, сенин козунду тазалайм,бул жарык дуйнодо тируу журууго акын жок!

Болумдун башкы врачы жана дарылоочу врач балдардын оорусун тактай алышпады.Мурда ооруп жургон болсо бир жон.Анда башынан ооруганы боюнча белгилуу балдардын оорусунун бирине ыйгарып диагноз коюп дарылап айыктыруу аракетинде болмок.Тиешелуу болгон бардык анализдерди алышты.Аргасыз олумго учуратышты. Озулорунчо ынгайсыз абалда калышты.

-Кайгыра бербен жигит,ажал улук тура,колдон келген аркетибизди аябадык,али жаш турбайсынбы. Баланы таба турган озун аман бол,журогуно куч келтирбе,ден соолугуна кара.Андан коро шаардагы уйундун адресин бер,жеткирип коелу,-деди врач онтойсуз абалда тигиле карап.Гайыпберди акырын башын которду да: «Мумкунчулугунуз болсо айылдагы уйго жеткирип койсонуз жакшы болот эле»-деп улутуна карап койду.

-Жакшы болот,сабыр кыл,бир азга кутуп тур,<<тез жардам>> машинасы жеткирип келет.

Гайыпбердинин конулу бир аз которунку боло калды,бирок кимдикине алып барат? Ушул тынчын ала калды.Кайда алып барарын врачка дароо айта албады.Ал сыртка чыгары менен ташпиштенип, кайда алып барарын озунчо тактай баштады.Жалгыздык да озунчо азап белем,бир тууган эжеси Баткенде,бир ата,бир энеден экоо эле болчу.Ата-энеден эрте ажырап,жетим журуп жетилишкен. Озу алты жашында,эжеси он эки жашында калган.Атасынын бир тууганы Сурандын колунда журуп чонойгон.Окуткан да,уйлогон да ошол болгон.Ошонукуна алып барууну чечти.Кутуусуз кабылган олумду билер болсо ага кабар бере койбойт беле.Эми туюсуз барып,анын эшигине кайгылуу дурболон тушурмокчу. Мына ушунун озу да журогуно ок болуп кадала калды.Аябай окунду.Не кылмакчы,бардык азапка чыдайт,арга канча.

ХХХ

 

 

Гайыпбердинин киндик каны тогулуп,осуп- онгон айылы шаарга жакын,Кара-Суу районунун Н. кыштагы.Тез жардам машинасы мене жоноор алдында Гайыпбердинин ирегелеш коншусу Бегай келе калбаспы.Ал бул азапты эчак туйган,анан балдарды атайын аоргону келген болчу.Гайыпбердинин муунун ого бетер бошотуп кучактап ыйлап жиберди.

-Омур бою балага зар болуп отсун,олугунду коройун даады,эми коп кайгыра бербе,сабыр кыл мен жанында болом,кошо барам.Озун дагы сезгендирсин, Канайымдын бооруна туз куябыз,тынч калтырбайбыз, врач врачты колдойт болгон окшойт?

-Айланайын Бегай,сен эмне деп атасын,мен дагы кумондогонмун, шуукуму бузукка кандай кабылдым эле,врач диагноз кое албаган кандай дарт.Ушунчалык кыянаттык кылгыдай мен анын атасын олтурдум беле,о,туру суук!-Кайрадан шолоктоп ыйлап алды.

-Сабыр кыл,балдарынды алып барганын жакшы,айылда дагы окумат бар,участкалык милиция бар,аны туткундайбыз.

-Кечетен бери бир жолу келип койбодун го,бир болсо ал качты,дарексиз жоголмой болду.

-Ооба,ошентти, уйдо жок,силерди бул жакка жонотуп койгон барабар уйдон чыгып кетип келген жок.Кайда бармак,куноосун мойнуна коебуз,соттотобуз, мен озум кубо болом,билем анын эмне кылганын.

-Мен анын тубуно озум жетем,кайда барбасын табам,аны тируу койбойм Бегай!

Гайыпберди мукактанып, озун аран токтотту.

Бегай термозго ысык оокат ала келген болчу.Оюндагыдай болбой минтип азаптуу учуруна туш келбедиби.Баса, ооруканада жан берет деп ойлобогон.Дарыланат, кудай омурун берсе айыгып кетет деген умутто эмес беле.

 

 

ХХХ

 

 

Кун тоодон аркан бою которулуп,айыл адамдары жайкы тиричилигинде. Суран малканасын тазалап,мал кыгын сыртка чыгарып,бак- дарагын сугарып бутуп,дыйканчылык жумушуна отмокчу болуп жаткан учурунда <<тез жардам>> машинасы унсуз эшик алдына акырын келип токтоду.Суран чочуп кетти,эси оогон адамдай эндиреп туруп калды.Айылда дурботуп чуу салбайлы деди окшойт.Гайыпберди менен Бегай насилкадагы балдарды алып тушуп жатканын коруп Суран жетип келип,бетин ачып жыттагылап ыйлады,унсуз чыккан коз жаш сакалдан ылдый агып,карыянын бетин жууп,журогун эзген кайгы оту кучой тушту.

-Айланайын Гайыпберди, эмне болду,бул эмне дегенин,неге кабар берип,ооруганын билдирип койбодун,эч болбосо козу тируусундо жыттап кумар кандырбайт белем!

-Сабыр кылын аба,туюсуздан кабылып калды озу билген жок,-деп Бегай соз кыстара койду.Копту коргон кексе-карыя абалды тушунгондой болду,оз оюнда кокустук окшойт деди да тим болду.

Тагдыр,олум деген ошондой,жеке бир адамдын кайгысы болбойт,урук- туган,жек-жаат дегениндин баары шериктеш.Ооба, наристеники оор кайгы,озгочо наристени ким жакшы корбойт,мынадай учурда ким кайгырбайт дейсин.Арадан анча убакыт отпой ызы-чуу тушуп коншулары,тууган- уруктары топтоло калышты.

-Кайда эми ал какшаалын,ошол кокустукка учуратса керек,анын козун тазалабадынбы? -деди Суран табытты уй ичине жайгаштыргандан кийин.

-Мен дагы билбей калдым,Жалал- Абадда пахтада жургон элем,кутуусуз кабар барып,келишим менен ушуга туш болдум,ооруканага алып келген…

-О жарыктык,бул кандай дарт болду,мен кокустук болгон экен дебедим беле?! Суран Гайыпбердинин кумондоп айыткандарын кунт коюп угуп отуруп Канайымды азыр эл тынчытып койчудай ачууланды.Баарынан да балдардын тайэнесинин кайгысы жер которо алгыс болду.

-Айланайындар эмне болду,айткылачы, тундугу тушкон бул кандай кайгы?!.

Уйго жакындаганда бакырып,оксупыйлап, топтолгон адамдарды коруп,Сурандын уй-булосундо болгон олум сыяктуу ойго уруна калып,анан эки аял жагынан колтуктап уйго алып жоногондо сезилди:О,Гайыпберди, барсынбы,пешенен ташка тийген Гайыпберди, кызымды жеп тынып эми балдарымды да жеп тынган окшойсун?! .

-Коюн андай дебен,кудайга нааразы болун,эзилип турган бооруна туз куйбан,олум айтып келбейт,ал кудайдын иши,сабыр кылын.

 

-Качкыла,колумду кое бергиле!-уйдун улагасына келгенде колтуктагандардын колун силкип,озун бошотту да табыт жакка жулунуп отуп,Гайыпбердини жутуп жиберчуудой болуп тешиле карап: -Кана,кайсы баланы жедин?.. О шордуу-у-у,экоо тен,айланайындарым, оох!-балдардын башын ачып корор замат эстен танып,балдардын устуно жыгылып тушту.

-Алгыла,бетине муздак суу чачкыла,болгула! -Сурандын тынчы кетип журогу уйгу-туйгу боло тушту.Кайгы устуно кайгы кошула тургансып коркуп кетти.

-Ох-х,мен кайдамын,тиги дуйного отуп кеткеним жокпу,о,кудай, балдарды калтырып мени неге албадын,менин тилегеним,умутум ушундай беле,бироолордун каргыш-илкишин укпай,карылардын батасын алып эле журдум эле го,сага эмне болду?-эч нерсеге тушунбогон, али маанисине жете кабардар боло элек тайэне байкуш оюна не урунса ошону айтып кайгырып алды.Окуянын жон-жайын айтып тушундургондон кийин гана тынчый калып,оксоп кабырга соогун кайыштыра олтуруп калды.

ХХХ

Олум кайгысы,наристелер жайга коюлуп,мусулмандык салт,ырым-жырымдарды буткон сон,ар ким турмуштук тапшиши менен алектенип,омур багыттары улана берди.Бир гана Гайыпбердиде журок оту куйкалаган сезиминде тынчтык болбоду.Бегайдын созун угуп ан-тан болуп ойго батты.Уйуно келери менен Канайым иштеген шаардык ооруканага барып башкы врачка жолукту.

-Билем,андан кабарым бар,мурда башы ооруп журчу беле?-деди врач конулдоно карап,озу буюруп айылына узаткандагысын эстей калды.

-Оорубаган,таптаза жугуруп жургон балдар ушинтип кутуусуз олумго учурашы кандай,диагноз коюлбай турган ал кандай дарт болушу мумкун.Огой эне боло калган Канайымдан коруп,ал врач катары балдарга чукул олум пайда кылуучу ооруну жугузганбы деген ойдо калдым.Анткеним жакын ирегелеш коншумдун байкоосу боюнча балдардын кулагына курт салып олтургондой.

Пример HTML-страницы

 

-Токточу жигит,Канайым балдарга огой беле?

 

-Ооба,уйлонгонумо аз гана болгон.

 

-Ым-м,аранарда конул картырарлык жанжал,талаш- тартыш болгон беле?

 

-Болгон,ушул балдар учун жашоосу,ден соолугу учун калп айтканда не,эки жолу кагылыша тушконбуз.

 

-Сиз кулагына курт салгандыгына кандайча кумондор болуп жатасыз,ошону тактап айтып беринизчи?

 

-Менин Бегай деген ирелеш жашаган коншум байкап калган экен.Мен пахтага кеткен кундон эки кун откондо уйдон баланын ыйлаган уну тундун бир оокумунда угулат.Экоо тен ыйлап тынчтык бербейт,келип терезесинен тыншаса чон уулум: «кичинесинен салын,зорун салбан кулагым ооруп атат!» деп ыйлаыт,ушундай абал уч-торт кун кайталанат да,балдар тилсиз тощокто жатып калышат.

 

 

-Ал аялыныз кайда азыр?

 

-Уйдо жок,аны сиздер билесиздер, сиздерде иштейт эмес беле,мен анын кайдалыгын сурап билейин деп келген элем.

 

 

Шаардык оорукананын башкы врачы ойлоно калып,номер биринчи хирургиялык болумго врачтыкка алынган кара тору келинди коз алдына келтире калды.Кызматка кабыл алып,кенеш берип аткан учурунда негедир мындан жакшы врач чыкпайт деген ойдо калгандыгын эстеди.

 

 

-Сиздин оюнузга кошуламын,бирок кумондор оюнузду да такташ учун балдарды койгон жайынан алып чыгып,операция жолу менен мээсин ачып коруш керек.Эгерде курт салганы чын болсо мээсин курт жиберген болот.

 

Гайыпберди ынгайсыз абалда калды,терен ойго бата тушту.Балдары коз алдына келе калып,тымызын кайгырып,журогу кысыла тушту.

 

-Кандай чечтиниз,макулсузбу? -деди врач тигиле калып.

 

-Журок даабай жатат,кантип жайынан суруп чыгам?

 

Гайыпберди буулуга тушуп,тымызын коздон жаш агызды.Ар кыл ойго аралаша тушту.Эртенкиге калтырып,балдардын тайэнесине, тагаларына,абасы Суранга айтып макулдашып жообун берсемби деди эле,врач кечиктирууго болбой тургандыгын тушундургон сон макулдугун берди.

 

-Сабыр кылын жигит,ага барбаса болбойт,тиги мыкаачы аялга ошондой болгондо гана куноо кае алабыз.Ал учун сиздин уруксатыныз керек.

 

Шаардык оорукананын башкы врачы Тороназаров Каныбек жана экспертизалык врач, Н. айылдык кенештен бир депутат болду.Гайыпбердиге комиссиянын барышы тууралуу бир кун мурда кабар берилген.

 

Мусулманчылыкта жайга коюлган сон табытты ачып корууго болбойт делинет.Гайыпберди динге анча бериле бербеген жигит.Ал ошол учун врачка дароо макулдугун бербедиби.Албетте айылдык карыялар динге берилген намазкой адамдар эмеспи.Гайыпбердинин туугандары менен кенешип келейин,анан айтайын дегени да ошондон улам болгон эле.Балдарды жайынан ачып алып текшеришет дегенде Сурандын тобо чачы тик тура тушту.Балдардын тайэнеси Гайыпбердини азыр эле жеп-жутуп койчудай болуп жулунуп ыйлады.

 

 

-Кой иним антпе,кубосу бар экен го,ошол коргрн-билгенин айтып берсе эле ашкере болот.Балдар жайында тынч жатсын.Кудай аларга омурду аз буйруп бериптир.юне кылалы,ажал улук деген ошол.А болбосо пайгамбар жашына барып калган курагымда мени албайт беле.

 

Гайпберди Суран абасынын созун конумушундой угуп турду да,тушундуро соз улады.

 

-Сиз туура тушунун аба,сиздин созунузду ар дайым угуп туурасына,ооба мага жакканына макул болур,жакпаганына макул болбой басып кетчумун.Аны жакшы белесиз,бул жолу да макул эмесмин.(Суран тикелене тушуп тим болду). Угуп турун,балдардын кулагына курт салганы чын болсо жайдан алып мээсин ачып корушот дагы суротко тартып алып,комиссиянын жыйынтыгы менен биздин арызды кошуп сотко беришет.Билдинизби, ошондо Канайымды былк эткис кылып айыбын мойнуна так коюп,атууга окум чыгарат.

 

-Э,атууга буйрубай калсын,эл бетбакты кыйнап олтуруш керек.Менин колума берсинчи,кандай гана кыйнап олтурот экенмин!

 

-Тушундунузбу аба,-деди Гайыпберди. Суран ачуулана калып,ойго бата тушкондо соз кыстара коюп,тиги балдардын тайэнесине да жакшылап тушундуруп айтып коюнуз.Комиссияга да,мага алкынгандай алкынып,уят кылбасын.Мен макул болдум шаардык прокуратурадан, милициядан деги он чакты адам келет.

 

 

Гайыпберди Суран абасы менен макулдашып комиссиянын келишин таршаан кылып,ар кимге айта бербестен жым-жым тосуп алмакчы болду.Анын бул ою жакты.Намаз жумага барганда кысымга алынаарынан чочулаган.Бирок жакын коншусу тууган-уруктары укпай калбаган.Мындай учурунда ким болбосун ушак айын созду угуп,Канайым кайда качып кетти экен ал кармалса кантээр экен,атууга окум болобу же узак жылга кесилип кетеби деген ой жоруулар менен алектене беришет эмеспи.Алар эшик алдына машина келип андан беш-торт бейтаныш адам тушоору менен жетип келишти.

 

-Баргыла кеткиле жайынарга,эмне той кылып атыптырмынбы, жоголгула! Суран ачуулана бакырды.Келген кадамдарына бушаймандана тим

болушту.

 

-Убакыт тар аксакал,ишти эрте бутуруп кайтышыбыз керек,-деди Тороназаров, озун, жанындагыларды тааныштырып, карыянын сыйламакчы болгон отунучуно ыракмат айтты да машинага отурду.Суран сиз кала берин,убара болбон дегенине болбой машинага кыпчыла отурду.Жайга бара жаткандардын бардыгынын сезимин ой-санаа бийлеп,ар бири ар кандай пикирде.Комиссиянын мучолорундо бир гана пикир туура,так жыйынтык чыгаруу.Гайып бердиде баягы эле тушунук,ой-максат — мыкаачы аялдан оч алуу.Озунчо каарданып азыр баса калып мууздап жиберчудой ызырынып,коз алдына элестете калат.Сурандын ою таптакыр башкада.Балдардын жайга койгон учурундагы абалы,денеси коз алдына келе калып,Кудайдан , балдарынан кечирим сурап,жайдан ачып алып чыгуудагы куноону окмотко,анын мыйзамына ыйгарып,тымызын кейип баратты. балдарынан кечирим сурап,жайдан ачып алып чыгуудагы куноону окмотко,анын мыйзамына ыйгарып,тымызын кейип баратты.

 

 

Уландысы бар…

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE