Пример HTML-страницы

Москва районунда миллион сомдук киреше алып келген ашкабак сатыкка чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районундагы Александровка айылында ден соолукка пайдалуу ашкабактын ромашка сорту сатылып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Александровка айылы Бишкек—Кара-Балта унаа жол боюнда жайгашкан.

«Александровка айылында райондун башка айыл аймактарына караганда дунган улутундагы жарандар көп жашайт. Алар мал жана айыл чарбасын менен алектенүү менен бирге сабиз, ашкабак жана башка жашылчаларды көп өстүрүшөт. Мен дыйканмын. Көбүнчө сабиз, ашкабак өстүрөм. Анын түшүмүнөн жылына миллион сомдон ашык киреше табам. Үстүбүздөгү жылы ашкабактын ромашка сортун өстүрүп, 30 тоннадан ашык түшүм алдым. Учурда килограммын 15 сомдон сатып жатам. Буюрса мындан эле 0,5 миллион сом киреше табам. Бул ашкабактан самса, манты жасап, ашканаларда сатылып келет. Негизи ашкабак өсүмдүгүнүн маңызы, данеги, гүлү жана жалбырагы ден соолукка өтө пайдалуу. Тактап айтканда, эркектин күч-кубатын жакшыртат, жүрөк, ашказан жана башка ооруларга пайдалуу. Экинчиден, ашкабак тынч уктоого жана жакшы маанай көтөрүүгө өбөлгө түзөт. Ошондой эле малга тоют үчүн да өстүрүлгөн ашкабактар бар. Ал формасы боюнча чоң болуп, бирөөнүн эле салмагы 20 килограммадан ашкан учурлар кездешет. Ал да 15 сомдон сатылып жатат», — деди жергиликтүү тургун Рашид Жумаш.

Александровкадагы Бишкек—Кара-Балта унаа жол боюндагы базарда картошка 25, сабиз 15-25, ашкабак 15, болгар калемпири 45, коон 45, дарбыз 15 сомдон сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE