Пример HTML-страницы

МИЛЛИОНГО БААЛАНГАН «КУН».

https://kyrgyzcha.site/?p=40447&preview=true Кызыктуу окуялар.

МИЛЛИОНГО БААЛАНГАН «КУН».

 

Эң оор акыбалда ооруп турганда тагдырдын оор соккусу жабыркап араң айыгып келе жаткан байкушка күтүүсүз сокку болду. Үч жылдан ашык барбаган жери, дарыланбаган врачы, албаган уколу калбады.Кудайга шүгүр болуп калды. Врачтар остатка калат. Абдан дарылангын.Деп Жалал Абадка ийне терапиясына жиберишти.2 жыл барып мурдагыга караганда жылыш болуп калгансыды . Жол кире акы толоп ийне сайгызуу бир топ чыгымга түшүрдү.Болду дарыланууну токтотолу деген сөз жолдошуна жакпады.Мен турам акча таап берем.Токтоткуча дарылана бер дегендиктен макул болду.Балдары менен чогуу отуруп тамак жеп жатышты.Тегерек столду бойлой тамак ичип жаткан балдарына сагынычтуу да аялуу да карап отурган эненин көзү жолдошуна түштү демейде күрүч жегиси келбей,камырды жакшы көрчу.Бул жолу күрүчтөн жасалган палоону аябай жактырып жеп жатты.Жасаган кызын да мактап жиберди.Мен үйдө болбой эмне болсо да ылгабай жеп калган турбайбы деп ойлонуп койду.Складда иштеген тагамдан бир чыпта күрүч алып келдик эле акыры эки.кг калган экен ошону аш демдедим эле апа деп кызы энесине түшүндүрдү.Корсо ошол демделген ашты акыркы жолу жеп ырыскысы түгоноорун, ошол түн акыркы түн болуп, экинчи чогуу отуруп тамак жебей калышы эч кимисинин оюна келген эмес экен.

Эрте менен аялдар Ажардын абалын суроого келип кетип жатышты.Копко сүйлөшүп жакшы болуп кетишин каалап бата берип тарап кетишти.

Эмнегедир ошол күнү эжемкине барып келейин деп шашмалаган жолдошу тырмагын эшиктен алып болуп мотоциклин от алдырып жөнөп кеткен.Кичинекей 2жашар уулу эмнегедир ыйлай бергендиктен эшике жетелеп чыкты. Эч ким корунбойт балдардын окуудан келе турган мезгили деле болуп калды го жокко балдар деп кайра үйгө кирди Ажар тынчы кете баштады.Кызы окуудан келип эле ыйлап жиберди. Атам авария болптур, буту сынган экен болнисага жаткырыптыр деп жатышат апа…Жакшына эле бекен.Жакшы эле дешип жатат. Ажар жүрөгү опколжуй түштү.Коп кайгырганга болбой деген дарыгерлер.Узулбогон үмүт менен ишенимин жоготкон жок.Анда тезирээк атаңа баралы.Шашкан Ажар жолдошунун.кийим кечесин домашный , термус тарды даярдап.жолго чыгышты.Мед пунктун эшиги толо адамдар жүрүшөт.Скорый турат.Ишенбеди.Жолдошу кетип жатып,жолдо бензин овоз тетири жагынан обгон кылганда чанда калган ,жолдо алдыда келе жаткан машина чыгып бири бирин көрбөй.мотоциклдин илгичи машинага илинип 60метир сүрүп келген. Колу.да буту сынып, сынгандан айыкмак.Люлканын айнеги катуу кысканда боордун ак чели айрылып, ичине кан толуп кеткен.Ал жак бул жактан адам чогулганча айылдын тургуну Абдыкадыров Калдыбай барган кезде бир гана ий деп алып үзүлүп кетиптир.

Айылда Аксакалдар Арзыбаев Туку Районго эмес, мед пунктка эксперттен от

Көргүлө,аялы оорукчан, балдары жаш деп ошол жерге алып калышыптыр.Ажар аны билбей кызын сурап көрчү кайсыл ооруканада экен атаң деп кызын жөнөтөт.Кыз кетип жатканда баары.болницага кирип кетишет.Ал мезгилде Ажар бир машина токтотуп түшүп алат.Ошол айылдын тургуну келип шоопурду түшүрүп бир соз айтты окшойт. Мен башка жакта ишим бар деп койду. Ажардын журогу сыздап чыкты.Бирок эч жамандыкка ыраа коргусу келбеди.Буркурап ыйлап келген кызы атаңды азыр апкелебиз, бутун тандырып үйгө.барып апаң экөөң чай ичип тургула деди деп келди.Эн оор кайгыны кудайым башка салса которбоско айла канча.Бутту Ажардын үмүтү өчтү.Башка салганды көрбөско айла жок. Бутту үмүтү өчтү Капкараңгы кара түнгө калган Ажар жол таппай карбаластап калгандай сезди өзүн.Нес абалда калды Балдарым кантет ,балдарым атасыз кантип чоңойот .Ата мээримин эстеп жүрүп күнү өтөбү. Деп канкакшаган Ажардын үнү муун жүндү бошотуп жатты.Баятан суук кабарды угуза албай жаткан адамдар өлүк менен кошо окургончо келип,кыргыз үй тиккенче кам кече көрүп жатышты.Алыс жууктагы туугандарга кабар кетип,Тажия күнү кабарланды. Кара эчкиге жан кайгы, касапчыга мал кайгы,болуп көйнөк кийгизгенге келгенде ,эжелери жаш кеткен инисине кайгырган жок.Бизге таза көйнөк кийгизбейсинер, көйнөктөрду тар тиккенсинер деп уруш чыгарышты. Ажар байкуш уулу үйлөнгөндө таарынсанар болмок, Эч нерсе көрбөй кеткен байкушка эмнеге таарынасынар.Мен эч нерсе билбейм, Ким тиккенин да ким кийгизгенин билбейм деп буркурап боздогонго түштү.Карап отуруп кейиди.Кырчындайында кыйылган адамга кайгырбай көйнөккө таарынып жатканына.Бир аял келди улуту башка.Тажик шофердин тууганы экен. Сакалы көкүрөгүнө жапкан аксакал келди.Эч.кимдин чычканды да өлтүргүсу келбейт деп.Беш алтоо биригип бир чыпта ун алып келиптир.Эшиктен инилери албай кетирип жиберишти. Кыскасы жоопсуз жөнөтүп жатышты Мотоциклди толот дешкенинен Ажар үнсүз гана жооп бербеди.Жолдошунун кыркы чыккандан кийин Тажик базасынын кызматкерлери баары барып балдар жетилгенче пенсия, пособия, чыгартып,үн,көмүр,бардык продуктуларды алып берип турабыз деп айылдын эң мыкты аксакалын,.билерман жигитин ортого салып которуп жатты.Жаны кейиген Ажар балдардын өз ырыскысы өзүндө, туалет тазаласам адал мээнетим менен багамын. Тажик шофердин көзүнөн жолдошумдун элеси кетпей жүрүп алып тынаар. Үйүбүз жолдун боюнда жолдон тажиктер тынбай өтүп турса, балдарымдын коопсуздугун ойлошум керек. Менде он бала болсо, Тажиктер жети бала болсо, акыры өч куушуп касташканга чейин барбасын.Сотко деле бербейм. Кудай өзү жазаласын Кан коё бербейт.Мен өлүк сатпайм.Эч нерсенердин кереги жок. Балдарымды таман акы маңдай терим менен багып аламын деп.Тажиктерди таң калтырган экен. Адамдын кунун миллионго баалагысы келген Тажиктер ушул күнгө чейин Ажарга таң калышат дешет.Бардык кыйынчылыкка чыдаган Ажар чарбаны көбөйттү.Уул кыздарын каалаган окуу жайына окутту. Өзү жактырган суйуктуулоруно кошуп, бактылуу болушун каалады.Келиндерин куйпул күчүк кылып казан аякка башын тыкбады.Каалагандай жашап, турмуштун арабасын кошо тартып кетсин деп эки тизгин, бир чылбырды колдоруна берди.Оздору менен өздөрү болуп тиргиликтерине тың.Алды уул үйлөп , кыз чыгарып неберелүү болуп калышты. Аталарын да эскерип турушат.Ошол мезгилде көрүнгөндүн тилине кирбей эки элдин ынтымагын сактап калганын ойлонот.Ар кандай эл арасында тараган кептерге көңүл болбой , үнсүз гана жеңгенин шүгүр дейт.Замандын тынчылыгын берип,Элибиз аман болуп эл ичинде биз аман журолук .Асман жердин ортосундагы апаатардан Оору сыркоодон, зилзаладан сактасын Жараткан Аллахым дейт Ажар жакшылык.тиленип.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE