Пример HTML-страницы

Мен апамды сагындым 4 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=8249&preview=true Кызыктуу окуялар.

«МЕН АПАМДЫ САГЫНДЫМ»
4-БӨЛҮМ.
БААРЫБЫЗГА САБЫР ТИЛЕЙМ ДЕП АЙТКЫМ КЕЛЕТ.???ОКУП БҮТҮП ДАРОО КАЛГАНЫ КАЧАН ДЕБЕГИЛЕЧИ СУРАНЫЧ,КЫЙНАЛЫП ЖАЗЫП ЧЫГАРСАҢ «КАЛГАНЫ КАЧАН ЭМИ»-ДЕГЕНДЕ КАЛГАНЫН ЖАЗБАЙ ТАШТАП САЛГЫМ КЕЛИП ЖАТАТ.КҮНДӨ 2 СААТ УБАКЫТ БӨЛҮП ЖАЗЫП ЖАТАМГО,ЧЫДАМСЫЗДАР БҮТКӨНДӨ БАШТАН АЯК БИР ОКУП АЛЫҢЫЗДАРЧЫ.ӨЗҮҢҮЗДҮ КҮТТҮРҮП МЕНИ ШАШТЫРЫП КЫЙНАБАЙ.??????

Өлгөн адам көмүлгөндөн кийин бат эле унутулуп кете берет экен.Бир жыл өтүп өтпөй Кенжени үйдө эчким эстебей деле калды.Бир эле кызы Тамара сагынып ичтен сызып ыйлайт.Жасалма буту менен талпаңдап басканда, ардайым жөлөп турчу энеси жок.Ыйлап жаны ооруганда жанында олтуруп кучактап жатчу жан жок.Баардыгы эле өздөрү менен өзү.Акыркы күндөрү Тамараны көп жумшачу болушту.Үйдү шыпыр,идиш жуу,полдү сүрт.Тырталаңдаган беш жаштагы бир буттуу кыз колунан келишинче аракет кылып жумуш кылат.
—-Эй арам тамак,жегениңди актасаң боло акмак,таза кылбайсыңбы.Бүт чала кылыптырсың,мага байкуш болуп көрүнүп алып жүргөнүн шүмүрөйүп.Эмне биз сенин малайыңбызбы,тамагыңды жасап кириңди жууп мындан кийин эми өзүң кыл уктуңбу.
Чачынан сүйрөп барып чылапчынды алдына тарааак эттире жанына коюп,могу кириңди жуу деп муздак сууга капкара кийимдерди чалп эттире таштады.Суу өзүнө чачырап кеткендиктен кийими бираз суу болуп,үшүп чыкты.Кыш башталып калган,эшикте муздак сууга кир жууп жаткан Кенженин колдору араң кыймылдайт.Же калдык самыны кийимге жуксачы,кири кетпейт.Эптеп бүтүрүп чайкап жайып үйгө кирди эле Сумая эжеси бас деп эрчитип чыгып жууган киринин чала экенин,көзүнө сая көрсөтүп кайра жууйсуң деп гермеден түшүруп салды.Баягы буту сыздап чыкты,колунда кыймыл жок жинденип турду да үйгө кирди.Эжесинин балдары жылуу үйдө жыргап ыссык нан жеп ойноп олтурушат.Көздөрүнөн жаш куюлуп кетти,көз алдына дароо апасы келип кетти.Астына төшөк салбай олтуруп калса урушуп төшөкө жылдырып,ыссык тамагын жедирчү.Жебейм деп эркелесе жалынып жүрүп жедирчү эмес беле.
Азырчы ыссык тамак эмес күнүнө бир кесим нан тийсе сүйүнүп кемирип алат.
—Азырак же эй кыз,алдыгы бутуң батпай калат.Канча турат экенин билесиңби?Эки жылда бир алып берип турганга менин күчүм жетпейт деп таежеси айтканын балдары угуп калып,ошондон бери нанды ченеп беришет.Жалгыз жакыны ушул таежеси эмеспи,бирок Анара Тамаранын башка бирөөнүн кызы экенин уккандан бери анча сүйө бербейт.Кенже бир тууганынын ичип өлгөнүнө да Тамараны күнөөлөйт.Ушул арам болбогондо сиңдим ичпейт эле дейт.
Жек көрүүсү күндөн күнгө күчөп Тамараны көргүсү келбей калган.
Өзүнүн анча жылыбаган терезеси жок бирок клёнка менен тосулган бөлмөсүндө бүрүшүп жаткан Тамара таежесинин ачуу үнүнө чыдабай,башын жаздыка чүмкөп ыйлап жатты.
—Куураган куу жетим,арам десе.Башка балее,ашка жүк болдуңго тажаттың сен.Апаңды жуткан дагы сен.Сен жан алгыч кара-жолтойсуң.Эми мен үйгө келгенде көзүмө көрүнбөгүн уктуңбу,бир дасторконго олтурбагын.Бирге эмес дасторконго таакыр олтурбай калганын кайдан билсин.Күндө бир жолу бөлөсүнөн калган каттуу,асты күйүк нанды кемирет.Даарысы эбак түгөнгөн,жан чыдаткыс оорудан кошумча ачкачылык менен түнү менен күрөшүп чыгат.Байкуш жетимдин башынан сылаган бир жан жок.Колунан келеби жокпу ойлонушпайт,камыр жуурутуп,тамак кылганды мойнуна илип койгон.Бир четинен жакшы болду.Тамак кылып жатып куурулуп жаткан пияз,картошкадан чала бышса деле сугунуп алат.Өз үйүндө бөтөндөй жашап,апасынан калган цехтен чыккан акчага алынган тамакты Тамара уурдап жегенге мажбур.Чындык каякта?
Адилеттүүлүк каякта?Адамгерчилик каякта?Өкмөткө күнөө артабыз дайым,балким туурадыр.Кенже өлгөндөн кийин өкмөт адамдарынын бирөөсү басып келген жок.Оорукчан кызы эмне болду деп бирөө кызыккан жок.Ушуну териштирип орустардай таежесин багуучусу кылып,айына акча төлөп текшерип турса балким кыз мынчалык кордук көрмөк эместир.
Тамара сегиз жашка чыгып калды,мектепке жөнөтүү оюна келген эмес.Үйдөгү китептерди катып жашынып барактап алат.
—Чоңойсом мугалим болом,балдарга окуганды үйрөтөм.Мен сөзсүз окуганды үйрөнөм.Бүгүн таежеме айтам,мектепке барам дейм.Мени менен теңдер экинчи класска барып жатат.Окугум келет менин.
Тынчтык өкүм сүргөн бул бөлмөдө өзүнүн дем алганы эле угулат.Кыз байкуш таң атканча эжесине кантип айтаарын улам кайталап даярданып жатты.
Эгер жини келсечи,сабасачы кайра.
Жок мен айтышым керек,эгер маакул болбой койсо үйдөн качып кетем.Кайда качам?Көчөдө каламбы?Андан көрө эптеп жүрө берсемби?Анда мен мугалим боло албай калам да.Ууфф тажап кеттим.
Эмне болсо да айтам.
Тамара өзү менен өзү сүйлөшүп таң аттырып жиберди.Таежеси эртең менен турушуна чай даярдап,таптаган сөзүн айтууга батына албай турду.Кандайдыр беш мүнөттө кыялга батып кетти.Эжейдин кийимин кийип,окуучуларына кирсе окуучулар ордунан туруп»Саламатсызбы»-деп учурашканын.Көзүнө жаш айланып,үнүн чыгарбай кудайга жалынып жиберди.
Полду титиретип басып,кабагына каар жаап турган Анара дасторконго олтурду.Канчалык коркуп турса да айтам деп чечкен сөзүн баштады.
—Эжеке бир нерсе айтсам болобу?
—Билем эмне айтаарыңды.Айттым беле былчыйбай азыраак тамак же деп,бутуңдагы батпай аксап жүргөнүңдү көрүп эле турам
—Аа ийи ооба бирок,аны эмес.
—Эмнени анан?
—Эжеке мени качан мектепке жибересиз?Мени менен теңдер экинчи класс болуп калышты.Суранам мектепке барайынчы,кийим сурабайм.Мектепте тамак берет экен,тамак дагы үйдөн жебейм.Үйдүн жумушуна дагы жетишем.Чоңойсом мугалим болом эжеке,балдарды окутам.Мага окшоп оорукчандарды чогултуп,сабак берем.
—Эй арам,сен эмне деп турганыңды өзүң угуп жатасыңбы?Кайдагы мектеп,бир бутуң менен эмне секирип каттайсыңбы?Сени адам катарына кошуп курсагынды тойгузуп үйдөн куубай багып жатсам мектепти айтасың.Болду унуткун уктуңбу,эчкандай мектепти эми укпайын.
—Апа,мунуң мугалим болсо анда мен эмне депутат боломбу хаа-ха апа баягыда эле айткам сизге,оорукчандар үйүнө бериңиз деп.Жетимди багып жакшылык көрмөк белеңиз.
—Эжеке эмнеге мен боло албайм а?
Бутум жок болгону менен калган жагым ордунда.Кызыңа караганда башым дагы иштейт.Мектепке бербесеңер мен үйдөн кетем.
—Сени ким кармап жатат канчык десе.Боору оруса боорго тебет деген сенсиң.Төрт тарабың кыбыла жогол.
Анара туруп жумушуна кетип калды.
Жамал болсо Тамараны кызарган көздөрү менен карап,шымынын ременин чечип чаап калды.Көчөдөгү итти ургандай эч айоосуз ур токмок алынды.Жамал жинденип эч токтоно албай урду эле Тамаранын бир дагы көгөрбөгөн жери калбады.Качып кетейин десе жасалма буту эбак эле чак келбей Тамара эптеп өйкөтө илештирип жүргөн.Буту чечилип кетип ордунан жыла албай жатып калды.Башын жашырып,астындагы полго жаштары токтобой тамып ызасы башына чыгып,жанынын ооруганын сезген жок.Өлтүрсөң өлтүр дегендей коргонбой тура берди.Жалтанбай турган Тамаранын түсү Жамалды андан бетер жиндентип Тамараны чачынан алып эшике сүйрөп чыкты.Мурун ит байланган жерге алып барып байлап салды.
—Бирөөңөр жанына келсеңер жаныңарды алам уктуңарбы.Тамак бербегиле,качан ачкачылык,көчөдө калуу кандай экенин түшүнүп кечирим сураганда анан көрөм.
Киргиле үйгө….
—Жамал байке..
—Эмне,кечиримди кечиктирбейин деп жатасыңбы?Жоок азыр эрте иттин күнүн көрсөтөм сага.
—Жок кечирим сурайын деген жокмун.Эмне кылсаң дагы мен баарыбир окуп,мугалим болом уктуңбу?Өлтүрүп сал колуңдан келсе.
—Акмаак,акмак десе сенин тилиң өсүп сенсиреп калгансыңбы?
Эмне аз болдубу сага? Мына дагы каалайсыңбы мына сага.Жоон буттары менен Тамараны топтой тееп салды.Үн катпай ыйлап,кичинесинде анча-мынча эсинде калган апасынын элесин эстеп,жанында апасы тургандай өзүн алаксытып жатты.
—Апа,мен үчүн эч ойлонбо.Жамал байкем ал мени жакшы болсун деп жатпайбы.Эжекем болсо менин ден-соолугумду ойлоп жатат.Күн жылуу эле азыр үшүгөн деле жокмун апа,курсагым деле ток.Эртең менен чай ичкем.Бир эле нерсе жок ошого ыйлап жатам апа.Мен сизди сагындым апа.Мен апамды сагындым.Күз мезгили болуп калгандыктан баарыбир түндөсү суук боло баштаган.Жөргөлөп ордунан туруп эки жакты карап үстүнө жапчу нерсе таппады.Чынжыр узун болгондуктан ордунан эптеп жылды эле сарайдын жанында жыйылып турган саманга чейин жетти.Энесинин кучагын киргендей саманга сойлоп кирип кетти.Дайым кайгырганда түшүнө апасы кирчү,бул күнү дагы апасы жылмайып келип ордунан тургузуп жатты.
—Тур кызым тур.Ойгончу кызым ысып кеттиңби?
Күндүзү болуп өткөн окуя түш болуп, азыркы түшү чындык болгондой сүйүнүп кетти.Апасынын колу тийген жерлер аябай ысып денесине жагып турду.Ойгонуп кетти.Тегерегин жарык каптап саман өрттөнүп жатыптыр.
—Ай ай байке жардамга.Сарай өрттөнүп жатат,мен чыга албай калдым байкее.
—Байкең жаныңда эле турат карындашым.Кара мунун куусун бутум ооруйт деп алып саманга бут жок эле жетипсиңго,кандай барсаң ошондой чык эми.
—Эмне сизби?Мынчалык ташбоор болгон болбойт.Түтүнгө көзү ачышып,оттун табы куйкалап салчудай болуп өзүн тозокто элестетип кетти.Байкуш кыз жашоо үчүн күрөшүп,сойлоп чыкты оттон.Жерде байланган бөлөсүнун сойлоп жүргөнүн карап турган Жамал шылдыңдап каткырып алды.
—Сага бул аз арам.Эми билип жүрөсүң мени менен айтышуу жаман экенин.
—Апа,апа жанымда экениңди билем,мени ойготтуң.Мына карачы мени кимге таштап кеткениңди.Карачы мени тирүүлөй өрттөп салганын.Алар ташбоор эмес апа сен ташбоорсуң.Мени жалгыз таштап кеттиң,он эки мүчөөм сак болгондо баары башкача болмок.Ушул күнгө келип мен сага нараазы болгон эмесмин,эми нараазымын эмнеге,эмнеге мени өзүң менен кошо алып кетпедиң?Апааа аппааа апа..
—Хаа карасаңар айнып калыптыр бул.Өлүп калган энеси менен сүйлөшүп жатат.Ээк баскыла өлүп кетсин.
Денеси ысып,ооруп калган Тамара алсырап уйкуга кетти.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE