Пример HTML-страницы

Мен апамды сагындым 17 бөлүм, соңку бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=8249&preview=true Кызыктуу окуялар.

«»МЕН АПАМДЫ САГЫНДЫМ««»
17-БӨЛҮМ((СОҢУ))
Тамара аябай түшүнүктүү болгону менен,атасынын кантип кызынан кыйганын түшүнө албай, капаланып турду..Канча күн белгисиз бирок,бөлмөсүнөн чыкпай жата берди..Үйүнүн коңгуроосу тынымсыз басылганын деле сезбегендей.Мыскалды тынчсызданбасын!-деп өзү коңгуроо кылып турат.Мурун эле өзүн бул ааламда ашыкча сезсе,эми өз атасынын эгизи менен тандоого келгенде Кубаны тандап Тамараны калтырып кеткени эки эсе жан дүйнөсүн жанчып турду..
Жаш кыз үчун мынчалык көп сыноо өтө оор келет жана баардык эле адам мындай сыноону көтөрө албайт эмеспи ..Бул жашоону таштап эчак эле апасынын жанына барып алгысы келген,болгону жан таттуулук кылдыбы же кечирилбес күнөөдөн корктубу өзүн кармап жүргөн..Бул жаңылык Тамаранын жетеер жерине жетти көрүнөт өз алдынча башка жака кетем!-деп чечти..Акчасы жок кармалып калды,Тамара бул убакта мындай маселеден качпай чечиш керек экенин түшунгөн жок..Аалам жалгыз ушул Тамарага тирешип жаткандай,дүнүйөнүн кайсы бурчуна жашынаарын билбей жатты..Адамдан,маселеден качып кутулушубуз мүмкүн,мына өзүбүздөн,жүрөгүбүз айтып турган нерседен качып кутула албайбыз.
Жоомарт жумушунан чыгып,кайра жумушуна кеткенче Тамаранын үйунүн алдында кароол.Сүйлөшөлү!-деп эшик какканын кулак сыртынан кетирет…Жоомарт эмне үчүн Тамараны мынча сүйүп калганын өзү дагы түшунбөйт..

—Алтынбек мына көрдүңбү,кызымдан бир ирет ымыркайында айрысаң,эми болсо чоңойгондо айрыган турасың.Баардыгы сенин азабыңдан,кантип,каантип эки балаңды коюп танда десе бирөөсүн тандай аласың?Ушунча жыл чогуу жашап сени жакшы билем десем,көрсө мен эчнерсе билбейт турбаймынбы..Убагында эле ажырашып кетсем мен үчүн мынча нерсе болмок эмес..Куба балам,Тамаранын бутуна эмне болуптур?Төрөлгөндө кандай эле?
—Төрөлгөндө чөргөөдө болчу Алтынай,мен көргөн эмесмин..Төрөлгөндө бутсуз төрөлбөсө керек менимче..
—Сенден сураган жокмун Алтын..
—Кечирчи кечирчи мени..
-Сүйлөбөчү,басылчы эгер,кызга бир нерсе болсо мен сени эки дүйнө кечирбейм уктуңбу..
—Апа,Тамара бир жашка жакын кезинде таежесинин баласы бешикти печкага кулатып алып,тургуза албай жардамга чакырганча бир буту күйүп кетиптир..Араңдан зорго жанын алып калышыптыр,бир бутун болсо алып салууга туура келиптир.
—Ай байкушум айй шордуум десе.Нака тозокто чоңойгон тура кызым..
—Апа сени врач көп ойлонбо дебеди беле.
—Койчу ошол врачыңды,балам жүр дагы баралычы Тамарага.
—Апа ойлонуп өзү келет шашпаңыз.
—Жок баскыла барабыз..
Акыры чыдамы кеттиби Жоомарт эшикти талкалап салды..
Полго эле бир жууркан жазып алып бүрүшүп жаткан Тамаранын алы кетип,турууга дарманы жетпей калган экен.Майка шымчан кыздын бир бутунун орду салпаңдап жүрөт.
Сүйгөнүнүн бир бутчан жатканы баланы бир мүнөткө дагы иреенжиткен жок.Кайра баягы күнү эле ушинтип кирбегенине өкүнүп кетти.Кызды көтөрүп машинасына алып баратты эле,Алтынай,Алтынбек,Куба келип калды.Алтынай ордунан жыла албай калды,чууркап барып Тамараны карады эле өңү кетип арыктап кетиптир.Көзүнүн астын көк басып калган экен..
—Түшүрчү Жоомарт мен жакшымын..
—Тамара жакшысыңбы?Эмне кылдың өзүңө?
—Эчнерсе кылбадым,силер кылдыңар..Экинчи сортко бөлдүңөр,Кубаны тандадыңар..Силерден Кенже апам артык экен,көргүм келбейт.
Алтынбек артка жылып кетти ачуу чындыка чыдабай..
Алтынай жетип келип өпкүлөп жиберди..—Кызым сен антип айтпачы суранам,мен сени жакшы көрөм.Эми баардыгы жакшы болот кызым..
—Эже,мен сизди күнөөлөбөйм..
—Апа дечи,суранам….
Унчукпай койгон кызды алып кетти.
Больницага алып барды эле капельница сайып койду..
Тамактанбай жата бергенинен ушул акыбалга келип калыптыр..
Арадан билинбей үч жыл өтүп кетти.Бул убакта Тамара коледжди бүтүп,Институтка тапшырды.
Апасы Алтынай менен жакшы мамиледе,Куба экөө көөпкө чейин ачык сүйлөшө албай жүрүштү..
—Мени кечирчи Тамара,мен сени кыйнагым келген эмес..Чынында сен жаман ойлобо бутумдун айынан!-деп.Таакыр андай эмес,апабыз менен атабыз Дарика экөөбүздү кудалашып койгон экен ошол себеп болду.Ата-энемди кечип кете албадым..
—Азаматсың,сен мындай кылбаганыңда аябай жаман иш болмок.Баардык жок өтту кетти унуталы.Чынын айтсам сага деген сезим биртуугандык ыйык сезим болчу экен.Мен аны адашып сүйүү деп ойлоп алыптырмын,эгиздер бири-бирисиз жүрө албайт сагынып дешетко,ошол чын окшойт сени көргөндөн баштап жаныңдан карыш жылгым келбейт..Кудайга миң мерте шүгүр эки адамдын өз башымчасы менен ажырашкан болсок төрөлгөндө,кийин баарыбир табыштырып койду..Түбөлүк билбей калсак эмне болот эле туурабы?
—Туура Тамара айтканыңдын баарына кошулам,мен сени жакшы көрөм..Кичинеңде болушчу адамың жок өскөн болсоң,эми мен сени түбөлүк коргоп өтөм..
—Ушул жашка келгичем өз энем өтүп кетип мээримге жок өз энемдин мээримене зар болуп келгем.Кыйналып ыйлап жүрчүмүн дайым,көрсө мен өз энем тирүү экенин сезип сагынсам керек..
«»МЕН АПАМДЫ САГЫНГАМ,МЕН АПАМДЫ ДАГЫ ДЕЛЕ САГЫНАМ,САГЫНДЫМ»-деп Кубаны кучактап алды..
—Балдар эмнени сүйлөшүп жатасыңар?
—Экөөбүздүн мурунку үйлөнгүбүз келген күндөрдү..
Кудайга шүгүр сактады деп жатабыз,билбей үйлөнүп калсак эмне болот эле э?
—Ооба кудай өзү сактады,билесиңби Тамара кир жууп жатып уктап калганыңды?
—Иий эстеш кыйын,бирок ооба билем эстедим.
—Ошондо сүрөт кучактап уктап жаткан экенсиң,ошондон билип калгам.Сени алам деп келгенде баарын ачык айталы деп айта албай Дариканы шылтоо кылганбыз..
—Демек сиз билгенсизби мурун?
—Мен ойлогом Кенженин кийин күйөөгө тийгендеги кызы окшойт!-деп….Мейличи баардыгы жакшы болгону жакшы болду..Бүгүн дагы Алтынбек атаңар келет..
—Апа атамды кыйнап салдыңыз кечирсеңиз кантет,ооруп жүрөт акыркы күндөрү..
—Мен кечиргем,Тамара кечирбесе мен кабыл кыла албайм..
—Алтынай эже ой апа дегеним кечириңиз,мен эчкимге таарынбайм.
Атамдын дагы себептери болгон экен,атам сизди жоготкусу келбей аргасыз кылган иши экен.Мени болсо Кенже апам өзү тандаптыр мен капа эмесмин..Кечинде үй-бүлөө чогулду.Дарика бала-бакчадан эгиз балдарын алып келип калды,дасторкондо баары бири-бирин кечирип тамактанып олтурушту..
—Тамара кызым,Жоомарт артыңдан канча жүрөт дагы?
—Чарчаганча жүрө берсин..
—Апеей көрүп турам сенин дагы көзүң жанып турат Жоомарт дегенде..Эртең ата-энесин дагы жиберет экен маакул бололу э?
—Өзүңөр билесиңер да…
—Оой,ой назданбай эле тийгиң келип жатыптыр ооба эле деп кой да..
—Куба жөн олтурчу..Дарика айтчы күйөөңдү..Баардыгы кыздын чычалганына күлүп жиберишти..
—Мен кетейин эми,Мыскал эжем тынчсызданып жатса керек.
—Тамара сен бул жака көчүп келгиң келбейби?
—Мыскал эжем таарынат..
—Мейли бирок,ушул үйдөн узатабыз сени..
Эртеси куда келет!-деп даярданып жатышты..Тамара жасанып алып үйгө кележаткан..Жолдон телефонуна коңгуроо келип калды.Аты жок номерден экен..
—Алоо,угуп жатам..
—Тамара Төрөбекова сизби?
Тамараны багып алганда ошолордун фамилиясына өткөн болчу.
—Ооба мен..
—Сиздин Ошто Анара деген тууганыңыз барбы?
—Ооба бар таежем болот…Эмне болду..?
—Таежеңиз больницада,баласы келип каттуу сабаган экен акыбалы оор.
—Мен баягы күнү эле барып келбедим беле..
—Кече болгон окуя,келе аласызбы?
—Барам,таңатпай барып калам.
Туура Аэропортко барып Ошко билет алды..Туугандарына айтуу оюна дагы келген жок..
Алтынай акыркы мүнөттө кудааларын Мыскалдын үйүнө тособуз,ошол чоңойтту ошондон сурасын!-деп чечти..Келип алып даярданышты,кудалар дагы келди.Тамара кеч болуп кетсе дагы келбей жатты.Коңгуроо кылышса телефону өчүк..Эмне болду экен,мындайы жок эле!-деп жай таппай жатышты..
Жоомарт кызганычтан күйүп кетти.
—Жоомарт Тамараны жакшы билесиң,эмне болуп жатасың?Бир нерсе болгон окшойт.
—Мага айтып койсо болбойбу?
—Ала-качып кетпедиби я?
—Оозуңа кара-таш эк..
—Ала-качып көрүшсун быт-чытын чыгарам.
—Жоомарт өзүңду карма..
Түнкү Бишкекте издеп жүрүштү.
Тамара Ошко жетип,эжесине кирди.Бети көк-ала,куддум эле өзүнүн сарайдагы кейпин эстетип турду.Каргыш алгыр Жамал өз энесине кантип кол көтөрдү экен..
Врач келип жетишпеген даарыларды алдыртты..
—Тамара өзүңуздү карманыңыз бирок,Жамал агаңыз кече көз жумган.Экөөнү чогу алып келип аны сактап кала албадык..
—Эмне болуптур ага?
—Баласы ийне сайынып жатканын көрүп калып эне байкуш токтотууга аракет кылган экен,сабап салыптыр.Алардын көзүнө эчнерсе көрүнбөй калат эмеспи..Баарыбир передозировка болуптур,кошуналары уруштан улам Милиция чакырышса экөө чогу жатыптыр,тез жардам чакырылды андан кийин..Алып кетесизби сөөктү?
—Алып кетем!-деп туруп калды.Анан оюна шаардагы жакындары келип телефонун алды эле кубаты өчүп калыптыр.Эптеп токко сайып күйгүзуп коңгуроо кылды.Кызынын соо үнүн угуп сүйүнүп кетишти.
—Тамара кайда жүрөсүң?Аман-соо элесиңби?
—Ооба жакшымын,Оштомун..
—Эмнеге бардың ал жака..?
—Анара эжем догдурда экен,Жамал бөлөм каза болуп калыптыр апа..
—Кызым биз барып калабыз,ыйлаба.
Шаардакылар келип,Жамалды акыркы сапарга узатышты..
—Байке мен сизге нараазы эмесмин,сизди кечирдим.Сиз дагы мени кечириңиз,тынч жатыңыз.Кудай сизди кечирсе экен.Көз жашын төккөн Тамара күмбөздөн улам алыстап баратты.Анара айыгып чыкты,алып кетем дегенине болбой койду.Ушунча кылганынан кийин барууга намысы жол бербеди..Тамара баардык жогун камсыздап коюп Бишкеке жөнөп кетти.Тамара кеткенден кийин Анара каарылар үйүнө барып жайгашты.
Баласы Жаник бул кезде аялын бирөө менен кармап алып үйдөн чыгып кеткен.Апасынын акыбалын угуп айласыз кайтып келди.Каарылар үйүнөн алып кетип,Кенженин үйүндө үйлөнбөстөн апасын карап калды..Жашоо ушундай турбайбы.Кылган жамандыгың эртеби,кечпи кайрылып келет экен.Кудай өзү баардыгын таразалап өз жайына коюп коёт тура.Тамаранын колун биринчи Мыскалдан анан өз ата-энесине сурап сөйкө салып алып кетти.
Тойдо өзү кичинесинде кыялдангандай узуун жылтырак ак көйнөк кийип көз жоосун алып ортодо Жоомарт менен вальс бийин бийлеп жүрдү.Мыскал менен Талантты өкүл-ата,өкүл-апа коюшту.»Башка түшсө байтал жорго»-демекчи Тамара башына түшкөн сыноонун баардыгын сабыр менен жеңип акыры бактылуу күндөрүнө жетти.Ушул бактым ченемсиз болсо экен!-деп тиленет..
Тамара окуусун бүттү,ошол эле учурда болтойгон уул төрөдү..Баласын бала-бакчага берип өзү кичинесинен бери эңсеген кесиби менен иштөөгө чыгып жатты.Бүгүн биринчи иш күнү.Жүрөгү ылдам согуп,толкунданып жатты..Чыкыйта кийген костюму өзүнө куп жарашып класска кирип келди..
—Саа-ла-мат-сызбы…
—Саламатчылык,балдар бул силердин жаңы эжейиңер Тамара Төрөбековна..Өзүңөр таанышып аласыңар балдар эжейиңерди уккула..

Мына,бул чыгармам соңуна келип жетти..Балким бирөөнө сабак болот деген үмүт менен жазылган.Сиздерди урматтоо менен автор:Жасмин Абай…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE