Пример HTML-страницы

Мен апамды сагындым 16 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=8249&preview=true Кызыктуу окуялар.

«»»Мен апамды сагындым.»»»
…….16-бөлүм….
—Алтынбек,бул чынбы?
—Эмне чынбы?Ой кудаай кууратат ушул эмне болду?
—Кенже кызды алып кеткенби ошондо?
—Мындай кепти сага ким айтып жүрөт?
—Ата айтыңызчы ашыкча суроо бербей эле..
—Ооба,Алтынай менде арга жок болчу.Контрак жок болгондуктан экөөнү тең алдырып коймокпуз.Акчасын берсем кызды көтөрүп кетти,унчуга албадым.Экөөнү тең алып кетсе сени көтөрө албайт дедим Алтынай кечирчи..
—Адашыпсың Алтынбек мен баарын көтөрөм калптан башкасын.Өз кызыңды бирөөгө ыраа көргөн сен дагы адамсыңбы?
—Ким айтты ошону айтсаңар?
—Эчким айтпады,Тамара документтерин алып кеткени келген экен Дарика туулган күндөрү бир экенин байкап калып айтты..
—Бир жыл бир кундө туулуптур,өзүнөн баардык жокту сурап тактадык.Бир гана сенин сөзүңдү күтүп жаттык..
—Кана Тамара?Балким биздин бул окуяны билип колдонуп жаткан болуп чыкпасын..Кенженин өзүнүн иши болбосун акча үчүн..
—Алтынбек койчу жетишет,баардыгы сен үчун акчаңды аңдып турат да э.
Чарчадым,мындай жашоодон чарчадым,байлык,бийлик бакыт алып келбейт экен..
—Кудайбергенди ошол байлыгың алып келген адашпай сүйлө..
—Басыл сүйлөбө суранам Кубаны бизге Кудайым берген.Тамараны дагы берген экен сен ташбоор аны мага ыраа көрбөдүң,сени менен жашагым келбейт,чыгып кет.
—Маакул кетем бирок,Тамара менен сүйлөшүп анан кетем.Кудайберген бир жолу жеткизип келгенин эстеп Тамаранын үйүнө алып келди.Тамара менен Жоомарт бул убакта жаңы эле Ощко жол тартып шаардан эми чыгышкан болчу.
Тамара Кубадан качып номерин бүт алмаштырып салгандыктан коңгуроо дагы кыла алышпай койду.Ойлоруна жаман нерсе келип Милицияга чейин арыз жазганы жетишишкен.

—Жоомарт артка кайталычы,бутум тартпай жатат..
—Тамара ошончо жол басып келип акыркы мүнөттө артка кайтасыңбы?
Андай болбойт,барабыз..Сурачыны сурап дароо кетебиз,маакулбу өзүңду колуңа ал.
—Жоомарт жанымдан жылбайсыңбы?Бөлөм мага аябай жинденген бойдон калган эле,уруп салабы деп корком..
—Жаныңдамын,эчнерседен коркпо сени өмүр бою коргоого күчүм жетет.
Дайым ушундай алсыз болуп,мага эркелеп жардам сурап турсаң чексиз бактылуу болот элем..
—Бас эми баралы,коркуп турам..
Үйү эч өзгөргөн эмес,болгону эчким жашабагандай эшиктин алды чачылып бираз эскирген..
Дарбазасы ачык экен,жабылбай калган окшойт сыңары..
—Анара эже,үйдөсүзбү?
—Тамара эшиги жабык экен карасаң,үй дагы ташталып кеткендей.Эчким жашабай калган окшойт..Жүрү кошуналардан сураштыралы..
Чуркап чыгып бир-эки кошунасына сурашты эле,үйүндө эле келип калаар дешти.Баардык кошуналар жаңырып кеткенби же ошол эски кошунанын балдары чоңоюп таанылбай калышканбы,иши кылып Тамара бирин дагы тааныган жок…
Көчөдө күтүп турушту,эки сааттай өткөндөн соң көчөнүн башынан бир сөлөкөт көрүндү.Кыйла каарып кадамы араң шилтенет.Жүдөө кийинип алып колунда кичинекей баштык көтөргөн.Сүрүнөн Тамара таежесин дароо тааныды.
Келгенче чыдабай жүгүрүп жетип барышты.Таң калган көздөрү менен экөөнү көпкө карап тааныбады көрүнөт»кимсиңер»-деп сурады..
—Мен эже Тамарамын….
—Акыры келипсиң да кайран.Күтүп жүргөм,үйүңдү алганы келдиңби?
—Жок эже апам үйдү силер үчүн алган экен,мен талашпайм..Келгенимдин себеби башка.Биз менен жакшы жерге барып сүйлөшүп олтура аласызбы?
—Жүр үйгө эле киргиле..
—Жок Жамал байкем келип калсачы.
—Ал болду келбейт,болду эчким келбейт деп ыйлап жиберди.Тамара аста барып кучактап койду эле Анара андан бетер ыйлап жиберди.
—Кечирчи,кечирчи мен акмакты.Жетимди ыйлатсаң оңбойсуң деп туура айтылган экен.Үч балам биригип бир сендей болбоду.Тапканымды ушуларга берип чоңойтсом кылганы ушул.
Эжең болсо Россиялап эрлеп кеткен,дайыны жок.Эжесин издеп келиш ордуна Жамал болсо ичип,кумарпоз болуп кеткен.Бишкеке көчүп барып бутка турдук эле,баардыгын уттуруп жок кылды.Буюмдарды ичип,үйдү ойноп жок кылды.Көчөдө калдым эле,сени өзү жашасын!-деп таштап кеткен үйгө кайтууга мажбур болдум..
Артыман жан алгычтай жетип келген Жамал бул үйду сатып оокат кылалы деп жанымды койбоду.Бейшоогур апаңдын атында экен эле закон боюнча мураскер сен экенсиң эчнерсе кыла албай кеткен.Ошондон бери дайыны жок.
Жаник болсо акылдуу,билимдүү болуп чыккан бирок аялы ажаан чыгып күч күйөө кылып кеткен.Мен дагы кечирилгис күнөө кылып ошонун артынан балам мени көргүс болуп таштап кеткен.Мен жалгыздактан,өлүмдөн коркпойм мен өлүп калсам эчким көрбөй ушул үйдө чирип кетемби деп корком.
Мени кечирчи кызым,сиңдимдин арбагы гөрдө сыздап жатса керек.Мени кудай үчун кечирчи Тамара мен жиндимин.Жок дегенде бир күнөөмдөн арылайын..
—Эже мен баардыгын кечиргем,кудай кечирсин.Болду басылыңыз сиз жалгыз эмессиз мен бармын,сизди таштабайм эже..
—Менден кабар алганы келдиңби кызым?
—Жок ой ооба,мурун эле келмекмин акыркы ажырашуу жаман болгондуктан Жамалдан коркуп келбей жүрдүм эже.Өзүмдү күнөөлү сезип жүрдүм..
—Мен кара жерге кирейин,ошол балдарымды бейбаш жолго салган өзүм экен көрсө..
Үйгө кирип чай коёюн десе оозго алаар нерсе жок экен.
—Тамара силер олтуруп тургула мен азыр келем!-деп Жоомарт базарга кетти..Азык-түлүктү машинасына толтуруп алып жүрдү..
—Айтчы кызым канттиң?Бутуң жакшыбы,кайда жүрдуң?
—Мыскал эже барго ошонун ата-энеси багып алып чоңойтушту мени.Кудайга шүгүр баары жакшы.
—Мен өлөйүн таежең туруп башка үйдө жургөн сен байкушум ай..
—Эже өткөн иш өттү кетти,сизден бир нерсе сурайын дедим эле..Эгер маалыматыңыз болсо жашырбай айтыңызчы.
—Эмнесин жашырмак элем кызым,сурагой..
—Мен жакында бир адамдарга жолуктум,алар мени биздин кызыбызсың деп жатышат.Эгизим дагы бар имиш..Апам айткан эмеспи бул жөнүндө?
—Айткан эмес мага эсиңдеби жокпу апаң бешоогур менен дагы тил табышчу эмесмин..Сырдашпадык эч эже сиңдидей..Бирок,ушул сыяктуу нерсе уккам өз оозунан,мага айткан эмес..Түндө бир жолу суу ичкени чыгып баратсам апаң ыйлап олтуруптур..Кыбыранып сага сүйлөйт,акырын тыңшасам бирдемелерди айтып жатыптыр ушул сыяктуу.Мен ошондо дарооо түшүнгөм сен апаңдын өзүнүн кызы эмес экениңди.Бутуң эми күйүп ооруп жүргөнсүң ошондо,ыйлап сенден кечирим сурап үй-бүлөөңдөн жулуп качуума туура келди,эгизиң калды атаң ак көңүл экен маакул болуп уулга ынанып,сени алып бассам унчукпады.Үй-бүлөөң менен болсоң бутуң мынтмек эмеспи!-деп ыйлаганын бир нече ирет уккам.Өзгөчө мас болуп алып айта берет болчу.Ошондо өз канынан жаралган эмес,бул өгөй деп сени карагым келчү эмес.Баарын кеч түшүндүм..Үйүнөн качан кууп чыгат!-деп күндө жол карайм.Рахмат сага көчөдө калтырбаганыңа.Көрсө сенден көп жашасам дагы башым сенчелик иштебейт тура..Сени бир буттуу кылып сегиз жашыңда өз үйүңдөн куупмун.Мага берилчү жазанын өзү жок,кечирчии..
—Эжеке мен кечиргем эбак эле.Рахмат бул берген маалыматыңыз мага жардам берди.Мен сизди таштабайм эже,мүмкүнчүлүгүм болоор замат алып кетем маакулбу..
—Жок барбайм кайсы бетим менен бармак элем..
—Эже болду эми мен айткандай болот,мен сизге акча таштап кетем бир айга жетеерлик..Бир айдан соң көрөбүз дагы..
—Рахмат сага рахмат садагам..
Аңгыча эле Жоомарт кирип келди.Машинанын артындагыларды түшүрүп жатты..Бир койдун этин мүчөлөп муздаткычка батырды,ун,картошка,пияз май дегендерди үйгө жыйды..Анаранын көзү уяттан агып кала жаздады..Убагында кылганын эстеп өкүнүп турду..
—Тамара бул бала күйөөңбү ыя?
—Жок эже жөн эле таанышым..
—Ушул таанышыңды колдон чыгарба жакшы бала экен..Сени кор кылбай багат буюруса..Тамара жылмайып коюп сумкасынан үч миң алып чыгып,карматып кайра Бишкеке жөнөп кетишти..Жолдон Сары-Челеке кайрылып эс алып кетишти..
Жаңы ойлор менен келди..
Бул убакта Алтынай,Алтынбек,Куба Тамараны издеп жатышыптыр..Мыскалга чейин жетип бул кабар эжеси келип калыптыр үйгө.
—Кайда жүрөсүң Тамара дайының жок,жинди болуп кала жаздадым.
—Ошко барып келдим..
—Эмне бар эле ал жакта?
—Башынан шашпай түшүндүрүш керек аны эже..
—Мага түшундүрүштү баарын,мен кыжаалат болдум чындыкты көтөрө албай өзүнө бир нерсе кылдыбы!-деп.
—Жок баары жакшы,Жоомарт менен жүрдүм..Анара эжеге барып баарын сурап келдим.Чын экен баары.
—Ооба чын экен,Тамара эми сен акылдуусуң өз үй-бүлөөң менен катыш уктуңбу..
—Билбейм азыр,менде кубаныч болгон жок.Бир гана сансыз суроолор болуп жатат.Өмүр бою өзүмдүн чындыгында ким экенимди билбей жүрүпмүн..Мен киммин ошондо?
—Сен менин сиңдимсиң,болочок мугалим жана мыкты адамсың ошол жетиштүү.Азыр өзүңдү бас дагы отур,мен Алтынай эжеге кабар берейин..
—Бүгүн эмес эже,бүгүн эмес.Бүгүн жалгыз калгым келет..
—Маакул анда эс алып мага кабарлаш маакулбу.Мен кеч киргиче айылга жетип алайын,балдар күтүп калды..
—Маакул жаным эжем,жездеме салам айтып,балдарды өөп коюңуз.Каникул башталаар менен барам.

Уландысы бааааар……..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE