Пример HTML-страницы

Мен апамды сагындым 14 бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=8249&preview=true Кызыктуу окуялар.

«»»МЕН АПАМДЫ САГЫНДЫМ«»
14-БӨЛҮМ.
Арадан билинбей эки ай өтүп кетти,бул убакта Тамара биринчи курска барып,өзү кыялдангандай студент болду.Жанындагы курсташтары окугусу келбей сабактан качышса,таакыр түшүнбөйт.Себебин дагы сурайт тартынбай,алар болсо окуунун кызыгы жоктугун жана ата-энеси зорлоп окутуп жатканын айтышат..Бирөөгө зар,бирөөгө кор дүнүйө ушул турбайбы..Кимдир бирөө окуш үчүн баардык күчүн сарптап жатса дагы каражаттын айынан окуй албай келишет,бирөөлөр болсо ата-энеси окутуп,кийинтип,курсагын тойгозуп жатса дагы чалчаңдап баалай алышпайт..Жашы он тогузду таяп калган кыз,өзүнөн төрт жаш кичүүлөр менен окуйт.Акылы бир топ алардыкынан өйдө жана токтоо тартып калган.Группанын старосткасы..Келбети татынакай болгону үчүн балдар артынан калбайт,баардыгын аста жолго салат.Бир бутсуз майып экенин жашырат баарынан,кыздар олтуруп турганда бир буту анча ийилбегенин көрүшүп сурап калышса,жөн эле бираз ооруйт деп коёт.Жок,уялганынан эмес болгону мектептегидей өзүнө айоо көз караш топтогусу келбейт.Окуусун мыкты баалар менен улантып жатты.Жоомарт артынан калбайт,күндө сабагынан кийин келип,жеткизем!-деп тура берет.Кымбат машинада келген Жоомартка башка кыздар ашык болуп калышкан.Дайыма элдин көзүнчө тескери бурулуп кетип Жоомартты ачык эле кагып салат.Мунусун көргөн кыздар Тамараны тилдеп жатып калышат.
Эмне кылсын анан,өзүнүн жүрөгүнө терең каткан алгачкы махабатынын досу болсо.Мейли Кудайберген мени сатып кетсе да,мен эч качан аны сатпайм.Анткени,мен жакшы көргөн адамдарымды түбөлүк таза бойдон эстеп жүргүм келет!-деп өзүнө өзү жооп берип коёт..
Иштебей калганына байланыштуу, баягы Алтынбек берген акчаны тыйындап санап сарптайт.Ашыкча эчнерсе албайт.Жол кире барышы сегиз сом,келиши сегиз сом болгондуктан көбүнчө жөө кетип калат.Анткени ошол аз акчаны үнөмдөп,үйүнө бир нан көтөрүп барат.Эже өзүнүкү болгону менен жезде бөтөн болуп жатпайбы.
Талант жездеси жөн көтөрүнбө,андан көрө кыздарыңа кошулуп курсагыңды тойгуз дегенине жылмайып гана коёт.
Жездесинин туугандары баардыгын айылга чакырышты.Шаарда жата бербей,айылга келип таза аба жутуп,эс алып кыштап кеткиле деген эле ой..Эми эле айыккан Талант ден-соолукту толук жакшыртайын!-деп үй-бүлөөсү менен айылга көчүп кетишти.Шаарда туугансыз Тамара үч бөлмөлүү үйдө жалгыз калды.Мыскал канчалык сиңдисин кыя албаганы менен айласыз эле.
Жалгыз жашабайын!-деп Тамара дос кызы Сырганы жанына киргизип алган.Сырга дагы сүйүнүп келди,айылдан келип квартирага төлөп жашачы.Үйүнүн жанынан эле кийим тигүүчү цех ачылып,эки курбу топчу тиккенге сабактан кийин иштөөгө кирип алышты.
Бул жакта дагы санкнижкасын сурагандыктан,Кубанын үйүнө барууга туура келди.Жумуштан кетип жатканда документтерин албай кеткен эле.
—Кандайсың Жоомарт…
—Шүгүр Тамара,өзүң жакшысыңбы.
Суранам бүгүн мен айдабачы,жок дегенде үйүңө жеткизейинчи..
—Бүгүн айдабайм,мени Кубаныкына алпарып келчи..
—Эмнеге Тамара?Ал үй-бүлөөлүү,тынч койсоң боло.Сен сүйгөндү эмес,сени сүйгөндү сүй дейтко..
—Кайдагы сүйүүнү айтасың,мен жумуштар менен эле.
—Ал үйдө жумушуң бүткөнү качан,өзүңдү кыйнабай барбай эле койчу суранам..
—Жоомарт мен кадам аттагым келбейт ал үйдү,мага санкнижкам керек болуп жатат.Жумушка бүгүн алып барбасам айдап салат.Мен кирбейм,сен өзүң кирип сурап чыгасың,суранам..
—Сен үчүн маакулмун дечи бирок,мен Куба менен аябай жаманмын азыр.Бетине түкүрүп кеткем,азыр сүйлөшпөйбүз.
—Ал үйүндө болбосо керек,аялынан же апасынан сурайсың да.
—Ийи мейли анда кеттик..
Зымырап учкан машина тез эле жетип келди.Же болбосо эч эле бут тартпаган жер болгон үчүнбү,канчалык жай айдаса дагы бат жеткендей болду.Аз болсо дагы бул үйдөн туз татып калбады беле анан азыр дагы ушул үйдүн кожоюнунун жардамы менен окуп жатат.Таарыныч деген тагдырга бар,бул адамдарга ыраазычылык эле сакталган.Куба экөөнүн үйлөнүүсүнө каршы болгонунун чыныгы себебин али билбейт эмеспи.
Кичинесинен чоңоюп өскөн үйүн карагандай,ушунча мээримдүү карады.Муну байкап калган Жоомарт билдирбей кызганып кетти.
—Мен азыр тез эле Тамара.
—Ий эми ыргытып салышпаган болсо экен.
—Саламатсызбы, аяш апа олтурасыңарбы тынч?
—Ий келегой берекем,шүгүр олтурабыз балам.
—Жол болсун,кир үйгө.Келбей койдуң көптөн бери,досуңдун тоюна дагы келген жоксуң.
—Ий аяш апа бошобой калдым,камандировкада болчумун.
—Ошол военныйдыкы жаман э,ар кайсы жака жибере берет.
Жылмайып эле жооп таппаган Жоомарт уяла түштү..
—Аяш апа,Тамаранын документтери калып кеткен экен ошого келгем.
—Аа ошо алып кетпептир,өткөндө өйдөгө алып койдум эле азыр берем.Сен кир үйгө тамак бышып жатат чай ич..
—Жок рахмат,нан эле ооз тийем.Келиниңиз жүрөбү,кызмат кылып жатабы аяш апа.
—Ооба десең,келиним тың чыгып жыргап калдык.Келиндин колунан ыссык чай ичип.
—Ошондой эле болсун,досум бактылуү болсо болду.
—Дарикаа,жанакы документ салган сүрмө барго ошонун үстүндө санкнижка турат алып чыгып берчи.
—Апа азыр мына..
Ары жактан Кубанын машинасы келип токтоду.Окуусунан чыгып кележаткан..
Жоомарттын машинасында олтурган Тамараны көрүп тез үйгө кирип кетүүгө шашылды.
Жоомарт аяш апасын сыйлап учурашып коёюн деди эле,түртүп өтүп кетти..
—Апееей Куба эмне килейген досуңду көрбөй өтүп кеттиң.Учурашпайсыңбы балам..
—Апа жана эле көргөм,азыр чечинип чыгайын анан чай ичебиз чогу.
Апасынын кабары жок экенин эстен чыгарып,баарыбир саламды кабыл албайт деген ойдо өтүп кеткен болчу.
—Апа,Тамара дегендикиби?
—Ийи ооба алып кел кызым,аяшыңа нан алып чык үйгө кирбейм дейт.
—Азыр,апа тиги Кудайберген экөөнүн туулган күнү бир күндө экен карасаңыз..
—Ким экөөнүн дейсиң?
—Могу Тамара деген кыз экөөнүн..
Аа аяш саламатсызбы,Тамара сиздин жакшы көргөн кызыңыз э баса..Жакшы жүрөсүңөрбү,салам айтыңыз менден..
—Маакул,жакшы жүрөбүз..
Эчнерсени түшүнбөй эле Алтынай колундагы документтерди барактай салды.Паспортунун көчүрмөсүн карай салды..Бир миң тогуз жүз токсонунчу жыл,декабрьдын ону дейби?Бул кандай болуп калды ошондо?Кенженин кызы эмес окшойт анда бул..Куба экөө бир жыл бир күндө төрөлсө,бул анда кандай болуп калды..
—Жоомарт Тамара кайакта азыр?Номери барбы?
—Ооба эмне кыласыз?Номери бар бирок,өзү тиги машинада олтурат.
Элүү метр ары турган машинага жетип,эшикти жула ачты.
—Эже,мен келмек эмесмин.Жумушка документим керек болуп калды.
—Тамара сен жумушка орношконуңда тогузунчу классты бүттүм дебедиң беле?
—Ооба,чын эле тогузунчу классты бүткөн элем ошондо..
—Сенин жашың туура келбейт экен го анан.
—Ооба,ден-соолука байланыштуу мектепке тогуз жашымда баргам.
—Жанакы сүрөтүң кана?
—Кайсы Алтынай эже?
—Кенженин сүрөтү?
—Апамды кайдан тааныйсыз?
—Тааныйм,жакшы тааныйм..
Ал сенин чын апаңбы?Качан кайтыш болду эле?
—Апам мен беш жашымда эле кайтыш болгон.
—Мен эчнерсени түшүнбөй жатам,жумушка киргениңде ата-энем былтыр каза болду,иштешим керек дегениңчи?
—Алтынай эже эмне болду анча?Апамды кайдан тааныйсыз?
—Айтсаң алтыным анан сага түшундүрүп берем,биринчи өзүм түшүнүп алайын..
—Эже ал ата-энем мени тогуз жашымдан багып алышкан..
—Ий байкушум десе,Анара деген таежең барбы?Ошолбу багып алган?
—Жок ал эмес..
—Анда Мыскал эжең бир тууган эжең.эмеспи?
—Жок,мен антип эсептебейм ал мага бир туугандан дагы артык..
—Жүрчү үйгө кенен сүйлөшөлү.
Алтынайдын суранычын четке кага албай үйгө кирди..
Конок үйгө өтүштү эле,Дарика менен Куба чай ичип олтурушуптур.Тамараны көрүп какап кетти..
—Баарыңар чыгып тургулачы сураныч.Бир бөлмөдө жалгыз калган эне бала сөзүн улантышты..
—Тамара сенин документтериңди мурун эч карабаптырмын,мен сени Кубадан эки жаш кичүү деп жүргөм.
—Эмне өзгөрмөк эле менин жашымдан..
Мурунку сүрөт салгыч альбомун алып чыгып,катылган сүрөтүн Тамарага сунду..
—Бул Кенже апамго,кайактан бул сүрөт?Курбуңуз беле?
-Жок,Тамара мени кунт коюп ук анда.Биз Алтынбек экөөбүз он жылдан ашуун балалуу боло албай жүргөнбүз.Анан жанагы жасалма жол менен бойго бүтүрүп төрөйүн дедим эле болбой эле сегиз айлык төрөлүп чарчап калды.Ажырашалы дегениме көнбөй Алтынбек, төрөп бере турган эне издеди.Ошондо Кенже Алматыда иштеп жүргөн экен.Аны капыстан жолуктуруп таанышып калганбыз.Ошондо биз акыбалыбызды айтып,Кенже эжеси тууралуу айтып сүйлөшө кеткенбиз.Анара деген эжем көчөдө үч баласы менен жүрөт,ошолорго үй алып берем деп бизге төрөп берүүгө маакул болгон.Төрөп эле дароо мени менен коштошпой акчаны алып кетип калыптыр.Көрсө менден сени жашырган турбайбы..
Ошондо сен менин кызым болуп каласыңбы Тамара?Келчи кучагыма бир кысайын.
Өзүн ары алып качкан Тамара ыйлап жиберди..
—Алдабаңыз Алтынай эже,апам акча үчүн бирөөгө төрөп бериши мүмкүн эмес.Ошондой болгон күндө деле мени апам төрөгөн,сиздин тиешеңиз жок.
—Жок кызым биологический ата-энеси биз болгонбуз,азыр окуп билип эле жүрөсүңөр бул тууралу.»Сурагатный мать» -дегенди уккансыңда э?
—Эже болду улантпаңыз,мен баарыбир ишенбейм..
—Анда муну кара Тамара,Кубанын паспорту.Төрөлгөн жылыңар,ай күнүңөр бир болуп турат..
—Мындайлар боло берет..
—Мен сени алдап эмне кылмак элем Тамара,келчи бир кучактайын..
Айтылып жаткан өзү тууралуу бул маалыматка ишене албай,эшике атып чыгып кетип калды.Артынан бараткан Жоомартка Алтынай—«Эс алганча жанында болчу балам,анан кайра алып кел»-деп калып калды.
Маңгырап Кубага кантип айтышты билбей турду.

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE