Пример HTML-страницы

Кызгандым

https://kyrgyzcha.site/?p=51923&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кызгандым… Сени кызгандым. Сөзүмө тура албай, кызганыч отуна күйүп турган кезим. Бул кызганыч сени сагынуудан улам пайда болду. Ичимде миң түркүн ой, сан жеткис санаа, айтып бүткүс арман калганын өзүм дагы байкабай калган экенмин.

 

Анда сөз башынан.

Ал убакта балдарымдын атасы менен таарынышып кеткенибиз. Ага дагы себеп бар. Жамандагым келбейт, кантсе да балдарымдын жаман атасы эмеспи. Үч эркек балам менен ата-энемдин үйүнө туруп калдым, айла жок. Жолдошум, менин катар төрөп жүдөп кеткенимди көтөрө албай койдубу же чын эле чыныгы сүйүүсүн таптыбы айтор үчүнчү уулумдун кыркы чыкпай үйдөн чыгып кетип калды. Бир айдан ашык эптеп кара жаныбызды бактык, анан кийин үч бала менен ачка калган күндөр көп болуп кетти. Намысты жыйнап коюп кайын журтума бардым. Апам баласынын сөзүн эп көрдү көрүнөт, эки күн тургандан кийин «качан кетесиң»-?деп сурап баштады. Ичим ириң, көзүм жаш болуп айласыз өз атамдын үйүнө барып туруп калдым. Балдарым ооруп, бир даарыны өзүм алсам кийинки даарыны апам алып берип жүрдү. Балдарымдын атасынан акча сурасам бага албасаң балдарды берип кой деп, сүйлөшкүсү келбей өчүрүп салды. Таш боор экенмин, бир сөзгө теригип үчөөнү тең алып барып таштап кеттим. Бир чети жаным кашайып, экинчи жактан ырас болот деп, үйүмө да батпай эл кеткен Россияга баса бердим. Бир жыл дайынсыз жоголгон немедей бир жерден чыкпай иштеп, жатып жүрө бердим. Балдарымды сагынып, бук болуп кайра Кыргызстанга келдим. Кичинекей балам тааныбай калган, тиги экөө болсо апа деп чуркап чыгышты. Ошондо кайненем:-балам жаңылды, кечир. Чогу жашагыла деп ыйлап жалбарып туруп алды. Өзүм деле ошону күтүп жүргөн болчумун. Бирок жашоого бир жарака кеткенден кийин жакшы турмуш болбойт тура. Москвада деле урушуп, мушташып жүрдүк. Менин бир жыл иштегеним, жолдошум экөөбүздүн бир жарым жыл иштегенибиз кошулуп бир топ акча болуптур. Уйку бербей калган күйөөмдөн качам деп, тепкичтен кулап бутумду сындырдым. Анан, анан болсо Кыргызстанга кете бердим. Чогулган акча менин атыма сакталган. Аны болсо баары менден кызганып, нары бери тартып башташты эле, жиним келип үйдөн таякка таянып бассам да чыгып кеттим. Ыйлап көз көргөн жакка кетип калдым токтогон машинага олтуруп. Бир аз өзүмө келген жерден түшсөм маңдайымда » үй сатылат»-деп турат. Кирип барсам картаң ата, жапжаш туруп сага эмне күч келди деген суроолуу көзү менен карайт. Үйүңүзгө канча сурап жатасыз десем, кызым сенин канча акчаң бар дейт. Бар акчамды айтсам, жүрү өткөрүп берем үйдү деп калды. Өзү алып барып үйдү өзүмө өткөрүп, берген акчадан мага балдарыңа таттууга деп он миң сом кайра кайрып берип койду. Ошол күнү буюмумду жыйнап, балдарымды алып үйдөн чыгып кеттим. Ошол он миңге алган азык түлүк менен өтө көп жашадык. Акча түгөнүп, аман башым аман болсо мындайдын көбүн алам деп алтындарды сатып жеп дагы бир жыл өтүп кетиптир. Ошол жылдын ичинде бизден эч ким кабар дагы алган жок. Өзүм дагы бир аз депрессиядан чыгып, жумушка кирип алдым. Медсестра болуп жүрүп көп сырдуу адам көрдүм. Анан ошондо Гулнар деген менден он беш жаш улуу эже менен жакшы мамиледе болуп калдым. Даарыланып келиптир. Турмушу начар, ал дагы күйөөдөн жарыбаган неме окшойт. Бири бирибиздин үйүбүзгө конокко барып, мен аны эжемдей көрдүм. Бир күнү үйгө жаш бала менен келиптир. Ким деп сурай албай, чайын берип олтура бердим. Анан мага:-Чопо мен турмушка чыктым!-деп калды. Аябай жаш, уйлонбогон бала экен. Билбейм мага ырас кылгандай сезилди. Анткени буга чейин мени атам эринден ажыраштын, эми сени үч балаң менен чал дагы албайт дей берчү. Анан эмнеге беш балалуу киши дагы жаш, баласы жок кыздарды алат деп жинденчу элем. Күйөөсү экөө биздин үйдө төрт-беш күн туруп кетти. Алар Нарында жашашат болчу. Бишкекке келип кетүү деле оңой эмес да. Арадан эки-үч ай өтүп жазында кайра келишти. Булардан бөлөк эч ким келбейт үйүмө. Гулнар эже айтып калды, шаарга көчүп келдик. Казыр артыбыздан чоң машинада жүк келет деп. Өзү тамак жасап, сыйлап жаткан болчу. Бир маалда жүк дагы келип калды. Түшүрүп жатышкан, мен балдарымды уктатып жатып алган элем. Бирөөнүн шаңкылдаган үнү чыгат. Сурабай үйгө кириптир деп кабагымды салып чыксам шопур экен. Ал бала ошол Гулнар эженин күйөөсүнүн классташ досу экен. Жиним менен чыккан менен адамдын жүзү ысык дейт го, эч нерсе дей албадым. Дарбазаны кулпулап койгула шопур чыкса деп бир бурк этип кирип кеттим. Ал дагы жаман болуп калды окшойт. Тез эле кетти. Бирок мага ошол күндөн баштап телефон чалып баштаган. Сүйлөгөнү сылык, мамилеси тунук, жашоого көз карашы бийик бала экен. Биз телефондон сүйлөшүп жүрүп жакын болуп кеттик. Күйөөмдүн дайынсыз жүргөнүнө төрт жыл болгону калса да, эч бир эркекке этегимди ачпаптырмын. Менин туулган күнүм болуп, чакырбасам деле Гулнар эже күйөөсү, досу болуп куттуктап келишиптир. Тартынчаак жаным уялып, эмнеге келдиңер дептирмин. Алар күлүп, үйгө киришти. Балдарым дагы уктабай бир топ убара кылышты. Алар уктаган соң конокторду узатмай болуп калдым. Баарын узатып, үйгө кирсем ичим тызылдап күйө берди. Колума эч нерсе турбай, ошондо мен аны жакшы көрүп калганымды билдим. Ошондо эле биздин мамиленин кыска экенин билгем, бирок ага болгон сезим, «мейличи, эч нерсе болбойт. Өмүр бою арманда өткөнчө аракет кылып көр»-деп туруп алды. Ошентип турсам, телефонго чакыруу келди. Алсам ашыгым экен. Жүрөгүм улам тез согуп, көкүрөктөгү от артка кайт деп жиберди. Ушул сөздү күтүп турган беле, эшикти ач жаным деди. Кете албай турса керек байкушум. Кирип келип, көзүмө тигилди эле көздөрүнө сиңип бараттым. Көздөрү укмуш экен, курч экен. Кантейин, эч кайгы көрбөгөн бойдок да. Калганы эсимде жок, балким туман балким бейиште болдумбу. Махабат оюну сүйгөн адамың менен бир укмуш экенин ошондо билдим.

 

Элдин баары, жада калса жолдошум экөөбүз тең ажыраштык деп билет элек. Ошондой болсо да, мен күйөөмдүн башын аттай албай, ашыгым менен болгон мамилени жарыя кыла албадым. Экөөбүз бир адам, бир жүрөк болуп согуп калсак дагы менин коркоктугум баарын талкалады. Менден кийин эки аял алган жолдошумдан эмне мынча корктум билбейм, же балдарымды ойлодумбу. Ашыгым тизелеп ыйлап, үй бүлө куралы десе да тикеден тик туруп алдым. Ал тургай өз ата-энеме дагы менин башка эркек менен уланып келе жаткан эки жылдык мамилемди айтканым жок. Эки жыл ичинде башка бирөөнүн кызыгы кетип, ширини тарамак. Биз болсо тескерисинче бири-бирибизсиз тура албай калдык. Көздү жумуп, Ашыгымдын айылына кетип калайын дедим. Балдарымды ойлодум. Шаарга көнгөн балдарым айылда кантмек. Бара берейин дедим сени менен, сени ойлодум жаным. Сенден кичинекей болсом да, мен турмуш көргөн, үч балалуу аялмын. Бойдок неменин башын айлантып алыптыр демек тең туштарын. Өмүр бою достор алдында тилиң кыска, сөзүн бок болуп калмак жаным.

Эки жыл ичинде бир туугандары, апасы менен тааныштырды. Баары, баары ак батасын берип ыраазы болушту. Алар деле эки жандын алоолоп күйгөн жүрөктөрүн көрдү да. Мен коркоктук кылдым.

Ошондо жакшы сунуш киргиздим, ашыгым үйдүн кенжеси болгондуктан апа колунда калмак. Айылдагы үйү деле эптемей экен. Менин үйүмө апаны алып келип туралы десем, көнбөй койбодубу. Айылга кетебиз бүттү деп. Ары бир тартышып, бери бир тартышып акыры чарчап кеттим. Экөөбүздүн мамиледен эмес жаным, мен чечилбес маселе, эки башка эч бирикпеген жолубуздан чарчадым. Эмне кылууну билбей жүрсөм, Ашыгымдын апасы мага чалып айылга тез келгилечи үйлөнүп. Ооруп жатам, өлүп калгычам үйдү кожойкесине тапшырайын деп калды. Мен сени күтөм кызым дегеничи. Ошол түн бизге акыркы эле. Сен дубалдын бул бетинде, мен болсо тигил. Көзгө тик карап айталбаган сөздөрдү дубалга жашынып айттым.

— Мен сени сүйбөйм. Мага болгону эркектин жылуу мамилеси керек болгон. Керек болсо мен жолдошум менен ажырашкан эмесмин. Сени колдонгонум үчүн кечир, бирок бул чындык дедим.

Сенин ыйлаганын угулуп турду. Мени таш жүрөк деп ойлобо, мен дагы араң чыдадым. Мен го ушул убакка чейин саткынчылыкты көрүп, көнүп эле келем. Сага убал болду да. Мерез дебе, ошондо мен дагы ыйлап тургам. Болгону мен ичиме тарттым, угузган жокмун. Акыркы жолу кучактап алгым келди, анда колуңду кармап кетемби, анан сенин тагдырыңды талкалаймбы деп корктум. Кет, кетчи деп сурансам,

— Сагынбайсынбы? Окунбойсунбу? Кызганбайсынбы?-байкушум ай дедиң. Сен деле билип турдуң окшойт акыбалды.

Кызганбайм, меники эмессиң башынан эле дедим. Ичимден болсо, сагынам, кызганам, азыр эле өкүнүп баштадым дедим.

Кеттиң, бирок умутунду үзө албай, бир ай бою күндө келип эшигимди бир карап кетчү элең. Үйлөн, өзүңө татыктуу турмуш көрө элек жаш кыз ал дей бердим. Сен сөздөрдү кулак сыртынан кетирип, күнөөң жок болсо да кечирим сурап жүрдүң. Мындай жашоо сенин же менин түбүнө жете турганына көзүм жеткенде кетип калдым. Жолдошум Россияда экенин билчусун, мен жашайм, жолдошума кеттим деп кеттим. Ошондо түңүлүп калдың го сымалы.

 

 

Үйлөнүптүрсун…

 

Уктум… Көрө албагандар (сенин досторуң) суротунордон бери жиберди. Же өзүң жибер дедиңби. Айтор менин колумда силердин он чакты той кийимчен түшкөн суротунор турду. Ишенесиңби, чын айтам ошондо кызганган жокмун. Аялың чүрөк экен. Сага жарашканын карап кой. Бир тууганым аял алгансып силерге бакыт тиледим. Ошол боюнча бул теманы толугу менен жапкым келди. Бир жыл интернетке да кирбей иштедим. Үч бала менен бөтөн элде кыйын болду. Чыдадым. Сага болгон сүйүүм берген азаптан жеңил эле бирок азабы. Бир жыл дегенде үйүмө кайтып келдим. Баары сени эстетет, сагыныптырмын. Катуу сагыныптырмын. Жолдошум артымдан келди, аялы менен арыздашып келиптир. Баары бир болуп калган мага, жараштык. Эки-үч бутолгон сынык чыныдан суу ага берет экен. Болгон жок. Биротоло жообун берип кетти.

Балдарым го кудай берген ырыскы менен чоңоюп жатат. Жашоо бир нукта өтүп жатат дегендей. Бирок бул катты жазуумдун себеби бар. Мага силердин сүрөтүңөр келип калды, ачсам сен аны муздаган көз карашың менен карап турасың. Мен сени бактылуу болсун деп бошоткон элем. Бактылуу кыла албай жатабы? Жок…. Баары жакшы десең.

Акылдуу жансың, менин бир күн болбосо бир күнү сени издеп барат экенимди мыкты билесиң да. Ошол үчүн экөөңдүн сүрөтүң жокпу баракчада? Бир сүрөт, анда да көз караш муздак, махабат өчкөн сымал. Көздөрүң мага сүйлөп тургандай, мени урушуп, таарынып тургандай экен.

Ошол менен тынчысам кана. Жашооңор го кызыктым, бактылуу экениңди билип тынчыгым келди. Аялыңдын баракчасын таптым. Көрдүм… Калпычы экенсиң, эки жүздүү экенсиң ашыгым. Миңге чукул кучакташып түшкөн сүрөтүңөр бар экен. Сен бактылуу эң бактылуу экениңди көрдүм. Кубанычтамын.. Чын айтам кубанычтамын. Бирок кызганып жатам го. Мени кыйналбасын деп өзүң сактанган менен бул жакта баары ачык турат. Ал мени унуттуруптур. Сен бактылуу болуптурсун, алтындай апакен да бактылуу. Жашарып калыптыр, жүзүнөн кайгы, ичинен ооруну сууруп чыккан экен азамат аялың. Ушундай бакыт гана каалайм, биринчи перзентинер периште болуп учуп кетиптир, силерге сабыр. Дагы көп балалуу болосуңар буйруса. Сенин бул катты окууруна көзүм жетип турат, сен мени албетте тааныйсың. Ошондо мени, ортобузда болгон таттуу махабатты эстеп бир жылмайып койсоң жетиштүү.

 

Сөзүмө турган жокмун, сени сагындым. Кылганыма өкүндүм, кызганып күйүп, күл болдум.

 

Кызгандым… Сени кызгандым. Сөзүмө тура албай, кызганыч отуна күйүп турган кезим. Бул кызганыч сени сагынуудан улам пайда болду. Ичимде миң түркүн ой, сан жеткис санаа, айтып бүткүс арман калганын өзүм дагы байкабай калган экенмин.

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE