Пример HTML-страницы

Кыялкечтин кундолугунон 8

https://kyrgyzcha.site/?p=35596&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кыялкечтин кундолугунон

 

Тергоо иши 1 айдан ашык уланып, аягында сот окум чыгарды:

— ………………… …………………. …………………. …………………. ..1984 жылдын 8 августунда торолгон, Асанбаев Бакыт Асанбаевич Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 97 статья 3 болугу ( оор жана атайлап жазалган кылмыш) менен айыптуу деп табылды. Кылмышкерди жазалоо мооноту 10 жыл берилип, жана катуу козомолдогу камакка алынсын…..

Бул болбогон окмоттун ишине нааразы болгон бойдон, ичимен мамлекет тараптан мага берилген адвокатка жиним келип турду. Анын жакшы тергоо ишин жургузбой, менин куноолу эместигимди далилдеп бере албаганына ачуум келди. Бут Ааламды жек коруп турдум. Баары мага душмандай сезилип турду. Болотко каным кайнаны кайнаган…

Эх шордуум! Балээ кетпей койду го менден! Менин айыман сен канча туйшук кордун экен. Эми эмне болот? Алда катуу кун ай! Алсызмын алтыным, алсызмын! Сени эмнеге укпай койдум экен? Ой кургур! Онолбой койдум го! Эмне учун мен? Сынооно сындым ээ Жараткан! Аттин…

Оюмдун баары кызым экоон болдунар. Мени келет деп тан атканча терезеге тигилип, эшикти талбай карасан керек… Ал да берекем ай…. Кечире кор мени! Озумду жек кором! Аябай жек кором! Байкушум ай, козундо жашын деле калбай калса керек ыйлай берип…

Жалгызым ай! Кетээрде копко кыйбай узатканын башкача эле да сезгенсип, неге сени угуп калып калбадым? Неге сенин создоруно маани бербедим? Неге мен ушундай алсыз жанмын? Ээ Кудай?

Досуман да айрылдым! Мындай болоорун билгенде Мансурду кучактап эле алып кетип калбайт белем…Жок дегенде кое бербей же жанына мен да барып албайт белем. Мындай болоорун билгенде уйдон чыкпайт эле да! Аттин….

 

Абактан кат!

 

Алтыным, мени кечиргин,

Айып жок жерден кесилдим.

Андайга колум барбасын,

Айтпасам деле сен билдиң.

 

Жалооруп кыйбай карадың,

Жакшыле колдон кармадың.

«Жанашпай эле койчу» — деп,

Жамандык сезгенсип айтканың.

 

Сайып басаарын билбедим,

Сен айтканды эсиме илбедим.

Соо жерден кетип соттолуп,

«Сезкенгир! » өзүмдү тилдедим.

 

Алтыным, эмнесин эми айтайын,

Абалым оор экенин байкадың.

Армандап сызга жатаарым,

Алыскы он жыл болду сапарым.

 

Күтпөгөн жерден муну окуп,

Күйбөгөн жериң күл болот.

Кыйнадым таштап силерди,

Кызым экөөңдүн күнүң не болот?

 

Ойлобой муну мурунтан,

Оңбогур болдум го буулуккан.

Опол тооңор мен болбой,

Он жылга кеттим турмуштан!

Аягы..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE