Пример HTML-страницы

Кыялкечтин кундолугунон 4

https://kyrgyzcha.site/?p=35596&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кыялкечтин кундолугунон….

 

Таттуу кундордон бир татым…

 

Шаар ичи кыймыл коп, кочо толо жаштар. Арасында мен да шашкалактап, бир нерседен калып кетчудоймун. Анткени сени менен жолугуп, андан ары сени менен барчу сырлуу жерим бар эле. Бугун жуманын бешинчи куну жана омурумдогу мен учун ото жоопкерчилитуу кундордун бири. Ошол себеп сага эч нерсе айтпастан тан эрте туруп кеткем. Алгач алчу нерселерди даярдоо менен алектенип журдум. Экообуздун жылуу кийимдерибизди салыштырып алдым да, акыры гул саткан дуконго кирип, роза гулунон букет алып, сени коздой бет алдым.

Жаркылдап кулуп эле алдыман тосуп чыгып калдын. Басып мага бет алганында ичимен кандайдыр бир табышмактуу сезимдерге курчалып жаттым. Ал сезимдер ичимен мени кытыгылап мени кубанычка болоп турду. Колумдагы букетти коруп эле сенин маанайын чайыттай ачылып;

— Ваууу жаным, бул магабы ?

— Албетте периштем! (кучактап жытынан искеп ооп алдым)

— «В честь чего»? ( тан калып карап)

— Бугун биздин майрам. Анткени мен бугун…..мммм. .. журучу озун эле корчу.

— Эмнени Бакыт? Жакшы элеби?

— Ооба, коркпой эле бара берсен.

— Суранам, коркутпа э?

— Ой эмнеге коркутмак элем. Болгону бугун бизде майрам.

— Чын элеби? Каяка барабыз?

— Чын эле. Жакын эле…

«Служебный» аппак жигули ВАЗ 2107 менен зымырап тез эле тоону аралап жетчу жерге жетип барып калдык. Кокту аралап олтуруп, орлоп барып боз уй менен чатырды таптык. Сен машинадан тушуп эле, суктанып жаттын;

— Ааиий, карачы! Сонун болгон жер экен да. Кооз гулдордун кобун кара!

— Ооба, бул жер менин сырлуу жерим.

— Аты кандай сырлуу жериндин?

— Тюльпан

— Сонун экен… ( суктанып)

Кайран Кубан досум жакшы аракет кылыптыр биз учун. Баардыгы мен ойлогондой, мен сурангандай, идиш аяктан журкан тошогуно чейин апасына даярдатып койгон экен. Аяш апам менен учурашып эле, таттуу паттуусун бердик. Аркы беркини суйлошуп олтуруп, кеч да кирип, дасторконго тамак да тартылып калды. Коптон бери кымыз ичип, эт жебеген жаныбыз, экобуз тен бир узумго эле нык боло туштук. Аяш апам сени бир карап мени бир карап кулуп;

— Йаа Бакыт! Айсулуу экоон качан уйлоноюн деп жатасынар?

— Буюрса жакында деп турам.

— Ааа тоюнарга биз да кубо болуп калалы дегеним да. (кулуп)

— Ообада, аяш апа. Сиздерди кантип чакырбай коем. Албетте буюрса сиздер да келесиздер.

— Рахмат! Бактылуу болгула ананайындар!

— Рахмат аяш апа! Келининизди экзаменден откорбойсузбу ? (жыртайып)

— А мейли, эртен эле баштайбыз. Айсулуу! Уй, бээ саап кордун беле?

Эки бетин кызарып, алоолоп барып, уялганынды бир билгизип алдын да, мени бутуман чымчып;

— Жооок, саап коро элекмин. Мен шаарда оском. Бирок уйронгум келет. (намыстана)

— Ии жакшы анда, эртен эле саап кетесин. ( кулуп)

— Экзаменден отпой калса, келин кылбай коёсуз э аяш апа? ( тамашалап)

А сен козунду ого бетер жумуп, мага карап ичинен «сени шашпа» деген козун менен карап турдун. Бул мезгилде мен андан бетер жыргап жаттым.

— Ообада ( тамашалап кулуп калышты баары)

Ошентип тамашалашып олтуруп, эс алууга да мезгил келип боз уйдо экообуз оорун алдык. Тункусун суук болгондуктан эки кат жууркандан да ушуп жаттык. Шыбырашып кубуронуп , аяш апамдын айткандарын кайталап кулуп жаттык.

Эртеси тан атпай туруп, сенин уй, бээ сааганга жардам берип жургонунду коруп, ичимен кубанып алдым. Тамактанып алып, айлана тегеректи сейилдоо оюбузда кыдырып чыктык. Суротко тушуп, суу кечип, кечке оюнга мас болдук. Анан кайтып келгенде аяш апам менин суранычымды аткарып мантысын туйуп олтурушуптур. Кубан досум жана анын бир тууган ини карындаштары бизди башкача карап, жылмайып жатышты. Бул жылмаюуда да бир сыр бар эле. Ал сыр мантыга катылган алтын шакек эле. Атайын баарыбыз тойгондон кийин анан Айсулууга озгочо манты, Бакыт туюп кеткен манты деп тамашалап сунду. Сен эч нерседен кумон санабай озунду кыйнап бир тиштеп эле, жузун озгоро тушту. Конулун айныгансып, мени бир карап алдын да тилин менен шакекти чыгарып колуна алып;

— Бироонун шакеги мантыга тушуп аралашып кетиптир.

— Ай Айсулуу, ал сага ! Бакыттан сага озгочо «сырбелек» болчу (аяш апам кулуп)

Мени бир карап , аяш апамды бир карап, эмне дээринди билбей копко ойлонуп олтуруп калдын.

Ангыча жанына отуп, колуна кийгизип бетинен бир ооп алдым да;

— Айсулуу! Менин омурлук жарым болчу!

— А…а…..а …Менби? ….

— Ооба! Сен!

— Бакыт!…… ……………..Мен. …Мен… Мен макулмун! ( Баш ийкелеп)

Сен коздорунду тостойтуп эле, жузуно кулку орноп кубанып олтуруп бердин. Бул окуяны белгилеш керек деп, шаардан ала келген шампандан ууртап эле олтуруп калдык. Жатаарга мезгил келип, экообуз бир дене болуп жатканда сен;

— Жаным?

— Оу?

— Мен сага эркек уул тороп берем.

— Чын элеби?

— Ооба, Бакыт! «Я хочу от тебя ребёнка»

— Ии берекем! Буюрса болот…

Эртеси куну Кубан досума бир нерсени айтпай калганыма окунуп калдым. Анткени саамалдан коп ичип койгонгобу, эки кун эч нерсе болбой, учунчу куну анан кызыктын баары башталды. Кыскасы чий аралап баш катып калат деген эмне шумдук….)))

Боз уйго кире калсам, сенин чачынды аяш апам оруп олтурган экен. Тиктеп карап олтуруп озумчо ойго чомулуп кетиптирмин. » Менде жок жакшы сапаттарды сен толуктап келесин. Сени ошол себептен суйом да, жаным!»

Ошентип дем алыш куну барып эс алып келдик. Арадан 2 жума отпой, чакан уйлонуу улпотун озубузчо откозуп алдык. Жаштар жана биз дегендей эле, жакын туткан саналуу гана адамдар катышып кубо боло алышты…

Кундор тунго байланып, тундор кунго айланып арадан айлар отуп жатты. Бирок чындыктын ачуусу ушу экен, башыбыздан откон бал татым коз ирмем, биздин элесибизде гана калды. Башында баары оной, баары кызык, баары мумкун болуп корунуп, сезиле берет экен. Бирок оз учуру келгенде, ойлогон ойду, кыстаган турмуш женип баса берди…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE