Пример HTML-страницы

Кыялкечтин кундолугунон 3.

https://kyrgyzcha.site/?p=35596&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кыялкечтин кундолугунон….

 

Кузундогу кутуусуз кырсык…

 

Куз айларынын биринде Улуктун (жакын досум) уйлонуу улпотуно даярданыш учун Чичерин айылына барып калдым. Ал экообуз малын, короо жайын ырастап 1 жумадай айылда журуп калдык. Мына эртен Рахатты (аяшка) алып келебиз деп, борборду коздой кычырап келип калдык. А шаарда калган дос балдар кутуп жатышкан экен, чолугуп «мальчишник» откозмой болдук. Борбордон бир особнякты 1 тунго алдык да, тан аткыча ошол жерде уктабай эс алдык. Ал куну мени ичпейт дешип, шофер кылып коюшкан. Эртеси кызды колдон алып кеткени барып калдык… Олтуруп сыйын коруп алып, айылды коздой жолго чыктык. Улук менен Рахат олтурган унаада мен алдында олтуруп бараткам. Баш аягы 8 женил унаада жалан жаштар болуп бараттык. Беркилер ызы чуу болуп кыйкырып окуруп баратышты. Коргон элдин конулун которбой эле ,тескерисинче уройлорун учуруп бараттык. Ичимден бир чети кубанып жатсам, бир чети кандайдыр бир коркунуч басып турду. Бир нерсе мени аркамдан калбай сая тушуп, оч алчудай улам улам элендетип, тынчсыздандырып жатты.

Жол узак болгондуктан, артта Улук менен Рахат суйлошуп кыялданып олтурушту. А мен ичимен сызып Айсулууну ойлоп жаттым. Аны менен кыялданган кундорду эстеп, азыр жанымда болсо кана деп самап бараттым. Баардыгы тугойлору менен келишиптир, мен эле жетим улактай жалгызсырап. Ангыча айылдын этегине келип, дуконго токтоп суусундук алмай болуп калышты. Биз нарыраак жол жээкке токтоп, каалоо тилек айтылып жуздошуп жаттык. Ажааткана кеткени кетип, чачырап кетишти бат эле. А мен кайра терен ойго чомулуп турдум. Улук менен Рахатты коруп ичимен бактылуу болуп жаттым. Ангыча жаныма Руслан менен Улук келип олтуруп, учообуз суйлошуп олтуруп калдык.

Улук; — Досум! Баары жакшылеби сенде?

Мен; — Албетте@ Баардыгы сонун!

Руслан: — Чын эле сага не болду? Маанайын жоктой го?

Мен; — Досум! жакшы элемин.

Улук; — Бакыт экообуз 1 жумадан бери жакшы эс ала элекбиз…

Мен; — Ооба, уйкуга мас болдук го( кулуп)

Руслан; — Досум! Бугун чыдап койсон, анан жакшылап экообуз бир эс алабыз.

Мен; -Коооой? (кулуп)

Руслан; — Иида, Э досум! Жадилерге алып барам сени..

Улук; — А меничи?

Руслан; — Ой ата десе! Сен кемпиринди кучактап жат! Биз Бакыт экообузго бол берет. ( каткырып кулуп калышты)

Улук; — Ой Жадилерим деп эле каласын, бирин да коро элекмин го (какшыктап)

Руслан; — Ой сага корсотсом суюп калмаксын да ( чычалап)

Экоо тамашалашып олтурган учурда менин оюм улана берди. Оюмдун баары эле Айсулуу. Кыялдын кемесин минип алып ашууну ашып бараттым. Анан колумдагы чылымды унутуп коюп, кычыраган жаны костюмду куйгузуп алдым эле, экоо шарактап кулуп калышты… Мен ага деле коп маани бербей эле оюм уланды…Элесимде Айсулуу мага алыс жактан кыйкырып кол булгалап жатты. Мен ага умтулуп жолунан тозуп алганга даярданып турдум. Ангыча ары жактан ачуу чанырышып аяшкалардын уну;

— Бак-ы-ы-ы-ы-т! ……………

Жер асты усту болуп кеткендей эле боло тушту. Жерден калчылдап эле тура калсам, мандайыма Рахат чуркап жетип келиптир. Бир коз ирмемге магдырап туруп катып калдым да, анан артты коздой кетип жатканымда Рахат колуман кармаганга улгурду.Бирок мен учун шам очту…..

 

Коз уялткан жарык нурдан жашынып козумду жашырып жаттым. Ошол нурлардын арасынан ун чыгып мени чакырып жатты;

— Бакыт! Бакыт мени угуп жатасынбы? Бакыт угуп жатсан баш ийкеп койчу. Бакыт!

Ай уйлап суйлогон бейтааныш аялдын унунон кайра шам очту…. Бирок шам очкондо ал бейтааныш ун Айсулуунун уну болуп, мени ойготуп жатты. Мени кутуп жатышат , тур ойгон бол деп жатты… Мен ага негедир капа болуп жаттым. Эмнеге мени ойготуп эле жатат деп….

Дагы бир аз отпой беттерим алоолоп куюп жатты. Жакшылап эсиме келсем жаактанары мени алаканы менен очу бардай чапкылап жатты. Ичимен буга не жин тийген, мен буга эмне кылдым. Азыр турсам олду деп ойлонуп жатам. Ангыча ал;

— Бакыт! Ач козунду чон ач! Иии мобуну коруп жатасынбы? Коруп жатсан башын менен ийкеп кой.

— ….мен кайдамын?

— О, озуно келди! Чакыр тигилерди.

— Эже! Мен кайдамын?

— Жат кыймылдаба!

— Ай, ийййй…(онтоп)

— Чыда жигит, чыда!

Ангыча тергоочулор, гаилер кирип келишип, мен карап;

— Эу, эмне болдун?

— Билбейм, жолдо тамеки чегип тургам. Анан из под каптала бирдеме болуп, зер асты усту болуп кетти.

Болмодогулор жалпы кулуп жиберишти…

— Ай атандын оозун урайын! Жон суйло! деп арасындагы толук гаишник курс этип алды…

Анан эсиме жакшылап келсем, бирдемелериди жазып жатышты эле, мен аларга;

— Ой эми эстедим! Музоонун куйругуна жармашып, кубалап баратып арыка жыгылгам да. ( олумуштоно)

— Ии, костюм шым ак койнок менен музоо кубаладынбы эй бала?

— Ой ооба, эмне айылды сагынып барсан ойнойсунда!

— Эшиктеги балдар сенин досторунбу? Кимине уйлонуп жатасынар?

— Ооба, менин досторум. Досум уйлонуп жатат!

— Анан досум уйлонуп жатат деп, сен музоо кубаладынбы я? ( кулуп алышты)

— Ой кубаласа эмне экен? Кызык!

— Биз дело ачабыз, жол кырсыгы болду деп, сени сузгон бала эшикте дос балдарындын колунда экен! Аны токмоктоп коюшканбы, козу корунбойт.

— Кайсы? Эмнени айтып жатасынар?

— Кыскаы досуна айт, кете беришсин. А сен биз менен арыз жазып каласын.

— И-к-к-и-и оххх … (турайын десем)

— Ай жат! жат! Карачы капталындын шишип кеткенин?

Чын эле карасам капталыман да курсак чыгып калыптыр. Ангыча ренгендин натыйжасы чыгып келди. Эки кабырга сыныптыр деди. Буга гипс да кое албайбыз, болгону ботолко уйлоп калыбына келтиресин дешти. Ооруну баскан уколдордон 5-6ны аттырып алдым. Уколдун кучу менен досумдун тоюна катышмакчы болдум. Тергоочулордун оозун бастым дагы, акырын катарга кошулуп калдым. Досторум тиги сузуп кеткенди бир топ эле тепкилеп коюшуптур. Досумдун майрамын бузбай жанды сууруган ооруга карабай барып, ырдап, бийлеп жакшынакай тоюна катышып бердим… Эми жолдо жургондо терен ойго чомулгуз болдум го…

Ошол туну мага боору ачыган Рахаттын курбу кызы Мээрим эле болду. Чыйпылыктап айланчыктап эле журду. Ал кыздын жароокерлиги Айсулуунун мунозуно окшоштугун айтып турду. Тойдо жакын болуп суйлошуп калгангабы, айтоор борборго кайтып келгени бат баттан байланышып калдык.

Бирок Мээрим жонундо эми башка куну соз болсун…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE