… Кундогудой офисте отуп жаткан жумуш кунун телефондон чыккан курбусу Айзиректин уну бузду.
— Алло, Аида сенби?
-Ооба .. Айзирек, Эмне болду!?,тынччылыкпы?
.. Оор ушкуруп алды курбусу телефондун тиги башынан.
— Тез келчи уйуно, мен азыр барам…
Курбусунун унунон анын терен кайгыга батып турганын сезе калып, шашкалактап стол устундогу кагаздарын жыйыштырып, катчы кызга:
— Шашылыш жумуш чыгып калды, мен бугун болбойм- деди да, уйун коздой жоноду
Кайгыга басырылып, ыйлагандан коздору кызарган курбусу суйлоп атты
— Гулперинин боюнда бар экен
— Эмне!?Кантип? Качан? Ким айтты? Чоочугандан бир нече суроону катар жаадыруу менен Айзиректин турмушка чыга элек али жапжаш, коздору балбылдаган кичуу синдисин элестетип жиберди коз алдына.
— Азыр гинкелогго барып келатабыз. Гулпери таэжемдикине буюмдарын жыйнаштырганы кетти. Бир нерсе ойлоп тапкыча, сеникинде коздон далдаа … тура турсун. Уну буулуп ыйлап кирди курбусу.
— Койчу эми , болоор иш болуптур . Айтып берчи кайдан,анан кимден. Гулперинин андай жургонун деле байкабадым эле..
— Коптон бери «Ашказаным» дегенинен, атам озгондо ооруканада врач болуп иштеген аяш атама дайындап дарылатууга жаткырган. Анан аяш атам Гулпериге озу айта албай, анализдери чыккан сон «Сенин боюнда бар, кызым» деп кагаз жазып коюптур. Ал кагазын которуп мага келиптир Гулпери, эч ким менен болгон ээмесмин деп коз жашын колдоткондон адегенде аябай урушуп анан, анан .. «мумкун адашуу» деген ниетте гинекологго алып барсам..оох. . чын эле боюнда бар экен! 3 айлык, бирок гинеколог айтат «Синдин кыз боюнча, кыздыгынын устуно болуп калыптыр». «Кантип» десем, «Ушинтип коп кыздар алданып калат, эч нерсе болбойт деп… Аны эмне бекем тосулган чеп деп ойлойсунарбы. . Эрендик ынгайлуу учурда тушуп калат, анан дайыма жогору карай жылат да, бойго бутуп калат» деп тушундурду. Ушундай болот деп ким ойлоптур, укканым менен гезиттерден окуганым менен, менин карачечекей синдим ушундай абалда калат деп ойлободум эле. Ишенбейин десем, тажрыйбалуу гинеколог айтып атат.
— Атамдар билсе.. Атамдын козун кантип карайбыз. Гулперини озгочо жакшы коруп козунун агы менен тен айланып турчу. Бул болсо..Айзирек журок тушун мычкый отуруп калды. Курбусунун туулгандан журок оорусу бар экенин билген Аида сооротуп кирди чебелектеп
— Айзирек, кайгырганда эмне пайда, кел андан коро эмне кылабыз эми ошону ойлонолу.
— Алдап сурасам айтып берди, Токтогулдук бир бала менен суйлошконсуп журчу экен. Бир жолу, мындан уч ай мурун курбусунун туулган кунундо бирге отурушуптур. Андан ары «Болгон эмесмин» дегенден башка соз айтпайт.
— Демек кыз бойдон болсо, бирок боюнда болсо, туулган кундо бирге болушкан куну ал бала алдап, анан да эч нерсе болбойт деп …. бул балээге кабылган окшобойбу. Санааркай созго аралашты Аида. Бала ошондон болгондон кийин ал баланы «ал» дейбиз да. Адреси бар бекен?
— Азыр Гулпери озу келгенде тактап сурачы. Бирок Аида, «ал» деген менен ал бала ала коер бекен?! Тийген эмесмин дейт да.
— Ооба тийбепсин бирок боюнда болуп калыптыр, кыз боюнча дейбиз, ишенбесе озу тааныган гинекологго алып барсын.Чечкиндуу суйлоду Аида. Кыз боюнча туруп боюна болуп калаарын коп укканы менен, турмушта болоорун, болгондо да жакын курбусунун синдиси кабылганга таныркап да, санааркап да жатты.
Копко курулган кенеш учурунда, болгон окуяны эч кимге айтпай туруп оз-ара аракет кылып корууну чечишти. Аида жалгыз жашагандыктан Гулпери анын уйундо туруп калды. Коздору шишип кунуго ыйлап атып бечара кыз онунон азып да кетти. Ал кундору Аида менен Айзирек Мирлан аттуу токтогулдук жигитке жолугушуп, ал стажер болуп иштеген милиция болумуно барып начальнигине, бир ишканада жетекчи болуп иштеген алысыраак айылдаш агасына да барып болгон иштин баарын айтты. Алгач сурап королу Мирландан, чын болсо алббетте биз каршы эмеспиз дегендей кылышканы менен экинчи жолу жолукканда алар биринчи багытынан тенирден тескери кеткендиктерин сезди. «Кыз бойдон» дегенди уккан Мирлан «албайм, мен тийишкен эмесмин, керек болсо тааныбайм» деп чыкты. Бул жолугушуулар учурунда милициянын болумуну начальниги тарабынан да, Мирландын алыс агасы тарабынан да кандайдыр мыскылды, ишенбоочулукту, турмушка чыга элек озуно карата жасалган текеберчиликти сезди.
«Хмм, кандай эле кыз болуп туруп боюнда болуп калат экен, жомок го, синдинер озу жон журбогон кыз болсо керек да» деген сыяктуу создорду угууга, жан курбусу, анын тажрыйбасыз бактысы кыйылганы турган синдиси учун андай басынтууларды которууго тура келди.
Кайрадан курулган кенеште Айзирек
— Жетишет эми, ал шумшук Гулперини алам десе да бербейм деди. Мындай жарытылуу тууганы жок, колунан коко тыйын келбеген, кыйынчылык тушкондо тааныбайм деп танган немеге Гулперини намыс деп тануулап берип коюунун эмне кереги бар. Жашап кетээрине да козум жетпейт. Башка арга табуу керек
— Боюнан алдырса болбойт дешет го деди Аида.
— Жок болбойт анда, биринчисин алдырса болбойт деген гинеколог. Кийин торобой калат экен. Озунун оюна койсо бугун эле чуркап барып алдырып салгысы, кутулгусу бар. Айлам кетти эмне кыларды билбей, буну урушуштан да корком, озун бир нерсе кылып алабы деп. Ээ торосо торосун, жалгыз эле Гулпери бекен тороп аткан!
— Ошону айтсан!- карангы тунгуюктан бир жарык корунгондой кубанып кетти Аида да.
— Азыр журо берсин мени менен, мумкун ага че аяш ата, аяш энемдерге да айтып, алар деле тушуноор Эл эмне кеп кылып, кеп кылып анан жаны ушак табылганда унутуп да калышат. Али жаш эмеспи, кудайым бак берсе дале бешенеси ачылаар.
Арадан торт ай откондо Гулпери «ичим» деп жыгылып, тез жардам алып кетти шаардык ооруканага. Айзирек менен Аида энтендеп жетет келишип оорукананын эшик алдында турушту. Кыйладан сон чыккан врач
— Озу оор абалда. Боюнан тушту, анын устуно ичин танып жургонбу, баласы деле оспой ичинде куурап калыптыр
Же кубана албай же ыйлай албай эки курбу жарык дуйного жаралбай туруп куурап калган куноосуз наристенин омуру учун ким куноолуу экенин, мойнуна албаган уятсыз жигитпи, билбей алданганынын азабын тарткан жаш Гулпериби, же ата-энесине, улууларга айтууга даабай койгон оздору куноолуу экенин билбей шалдырап турушту. ..
Аягы









