Пример HTML-страницы

Колдон учкан махабат ❤️7 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=4157&preview=true Кызыктуу окуялар.

«Колдон учкан махабат* же «Үзүлбөгөн үмүт»
7- бөлүм.
Жумушка келгенде Күмүштү мыскыл көздөр аяоосуз, токтобостон атып жатышты. Бирөө ишенсе, экинчиси кантип эле!-дейт. Бирок эч ким келип, Күмүштүн бетине айта албады. Кечке маал өзүнөн бир аз улуураак кыз Күмүш иштеп жаткан жерге сураксыз, жулунуп кирип келди.
—Уяты жок кайдагы немесин? Атаңдан чоң киши менен ойнош болгондон уябасан дагы жийиркенсен боло. Арсыз неме экенсиң, билесиңби бул кишинин небереси сенден бир аз эле кичинекей. Уят, уят. Ата-энең тарбия бергенби сага? Эмне болгон адамдар, ушундай кызды тарбиялагандан көрө ит багышса жакшы болмок экен, ит менен айрымасы жок экен баарыбир. Ит дагы көрүнгөндөн тууп жүрө берет, бул болсо чалдардын алдында калат.
—Сен кимсиң мени соттогудай, менин улуу жаштагы ойношум түгүл жаш жигитим дагы жок. Кимди айтып жатасың?
—Атамды кимди болмок эле, келген күндөн баштап жанынан чыкпайт экенсиң. Эмне элге окшоп эл иштеген жерде иштей албайсың? Сен кыз кудайдан корксоң боло, апам оорукчан. Баарыбыз өз уябызга эчак кеткенбиз, апам атамдын тапкан акчасына даарыланып жатат. Эгер атамдын бул кылыгын укса көтөрө албайт, биз дагы уят болобуз. Элдин, кайын-журттун алдында бетибиз ылайга булганат.
—Сен бул кишинин кызы болушуң мүмкүн бирок, бул кишинин жакыны эмессиң. Эгер атаңдын чындап жакыны болгонуңда, бул кишинин мындай жолго барбайт экенин жакшы билмексиң. Мейли мага ишенбе бирок атаңа кандай ишенбей койосун? Сага жалган ушакты ким жеткирсе да ошол сенин душманың экен. Бизге жалаа жаап, куру дооматка калтырганы аз келгенсип, атаң экөөңдүн мамилеңерди бузду. Чындап эле апаң дагы бул нерсеге ишенип алса анда убалы ошол жеткирген адамга тийсин.
—Кызым бул жерде эмне кылып жүрөсүң? Мындай ушакты уккан соң, менден чындыгын сурап анан келүүгө акылың жеткен жокпу? Өз кызым бузукулардын ушагына ишенип, мени соттогону келген болсо анда менин бир тыйынчалык дагы кадырым жок экен. Өмүр бою ак мээнет менен силерди бакканым, апаңарды өзүмдөн артык көргөнүм, жок дегенде жооп катары мага аз да болсо ишенич жараткан жокпу? Силердин ишеничинерди актай алган жокмунбу? Анан силердин жашооңор башка, апаң экөөбүздүн мамилебизге аралашпагыла. Сыйынды бил кызым, үйгө күйөөң менен келип конок болуп кетишиңди гана билсең болду. Кана эми үйүңө жөнө.
—Ата, мен укканда өзүмдү кармай албай калдым. Ишенген жокмун, ишенбейт да элем. Бул жерде бул кыз олтурса ишенип кеттим, мени кечирип коюңузчу. Экинчи сиздин жашооңузга аралашпайм.
—Мейли үйүңө бар, балдарың кароосуз калды.
Бирок Күмүштөн кечирим сура, жашы сенден кичине болсо да акылы көбүрөөк, сабыр кылууну да билет.
— Күмүш мени кечирип койчу, түшүнбөстүк болуп кетти.
—Мейли болуп турат, сага ким айтып жүрөт?
—Аны билбей эле кой, өйдө жакта бир курбусу иштейт. Өзүм киргизгем жумушка, эми өзүмдү чагып жатат. Күмүш сен өйдө жака чыгып иштесең туура болчудай.
—Ооба бүгүндөн калбай көчүп кетем.
Эртеси Күмүш жумушту өйдө жакта баштады, баягы эле кыйык менен каралган көз караштар. Шыбырашып мыскылдаган күлкүлөр, же Айкадан башкасын тааныбайт. Айка менен сүйлөшпөйт деле, келгенине үч ай болуп калса дагы апасына дагы бара элек. Баргысы келбейт, мээнет менен топтогон акчасын эки күндө арака кетирет экенин билгенде бир сом дагы бергиси келбейт. Бирок Алиядан кабар алыш керек болчу, быйыл мектеп босогосун аттаган Алия азырынча, апасы ичип кеткенде жан сактоону билбейт. Жумуштан эки күнгө суранып, биринчи базарга барды. Шаарда арзаныраак эмеспи, ошол үчүн Алияга күзгү кийимди шаардан алды. Апасынын дагы былтыркы кышкы бут кийими жараксыз болуп калган, калың жакшысынан алып алды. Өздөрү жактагы базардан кышкыга кенен жетчүдөй азык-түлүк алып, үйүнө машина менен барды. Гуля Күмүшкө аябай жинденип жүргөн, үч ай бою дайынсыз болуп кеткен, эки жолубу телефондо иштеп жатам деген. Телефон алып алайын десе сиңдиси кийимсиз калмак. Алия Күмүштү көрүп аябай сүйүндү, Гуля үйгө кирип кетти кайра. Апасы сүйлөбөй койсо дагы Күмүш көңүл бурбай тамак жасап, үй жыйнап жүрө берди. Алияга алып келген кийимдер аябай саз болду, Гуля бут кийимин кийип көргөн жок. Тамак бышканда, дасторкондо олтуруп Күмүш апасына он миң бергенде таарынычы жазылып кетти. Ошондо дагы кызым шаарда кыйналган жоксуңбу, эмне жумуш кыласың деген жок. Күмүш таң калат кээде, Гулядан башка ар бир эне атуу баласын убайымдаса керек. Бир эле өзүнүн апасы таш боор, балага мээрими жок. Өгөй энедей мамиле кылат, акчаны көргөндө эле көзү жымыңдап, калп башынан сыламыш этпесе башка учурда урушуп, сабагандан башканы билбейт. Кечинде жатып Күмүш уктай албай аябай кыйналды. Акылды эстеп кетти, бечара өгөй болсо дагы Күмүштү өз кызындай көрүп, калыс мамиле кылчу. Алты жыл бакканы үчүн рахмат дегендин ордуна, апасына айласыздан болушам деп балдарына катуу тийип алган. Кийин кечирим сурайын десе, үчөөнү тең байкеси алып кетип калыптыр. Ошол нерсе дагы деле жүрөгүн өйүгөн бойдон жүрөт. Эми эмне болот экенин билбей, башы катты. Апасы го тез эле эр таап алат, ал эри Акылдай жакшы эмес болсо эмне болот. Өзү го чоңоюп өз оокатын өзү кылып кетет, Алияга кыйын болгон турат. Кичине кезинде Акылдын үч баласынан аябай корунчу, бир нерсе деп койсо Акыл жаман көрөбү!-деп эч кимдин көзүнө көрүнбөгөну аракет кылчу. Бул үйдө өзүн бөтөн сезип, дайыма кысылып жашачу. Балким Акыл дагы Күмүштү ашыкча түйшүк жаратпаганы үчүн жакшы көрч беле, ким билет. Эки күн жатып Күмүш шаарга жөнөдү кайра. Жолдогу машинаны тосуп чыкса, ичинде Нурлан менен Эрмек бар экен. Экөө бир класста окуйт болчу, Күмүш Нурланды, Нурлан башка кызды, Күмүштү Эрмек сүйчү. Дайыма Күмүшкө болушуп Эрмек Нурланды сабап салчу. Эми достошуп калышыптыр.
— Күмүш, сен кайда баратасың?
—Шаарга, иштеп жатам шаарда.
—Он биринчи классты окуган жоксуңбу?
—Ооба, иштеш керек болуп калды. Өзүңөр кайака?
—Биз окууга, чогу окуп жатпайлыбы. Бир окуу жайда, кесип башка.
—Аа жакшы, ийгилик силерге.
— Күмүш, эмне жумуш кылып жатасың?
— Көйнөк тигем, жанагычы Автовокзалга бир аз жетпей чооң темир дарбаза бар го, ошонун ичинде тигүүчү цех бар.
— Жакшы, жакын эле экен. Бош убакта жолугуп турсак болчудай э, кандай карайсың?
—Иий жакшы болмок, бул жакта бир дагы таанышым жок. Дем алыш күндөрү жалгыз болуп, эмне кылууну билбей калам.
Нурлан жолугуп туралы дегенде Күмүштүн жүрөгү жарылып кете жаздады. Күтүп жүргөн сөздөр, Нурландан үмүтүн үзүп койгондо жолугушууга чакырганы күтүүсүз болду. Ойлонбой туруп шашып макул болгонун сезбей калды. Шаарга жеткенче аябай сүйлөшүп барышты, Күмүш иштеген жерин көрсөтүп да берди. Анан коштошуп тарап кетишти. Нурландын сөздөрүнө бактылуу болуп жатканда, Эрмектин кызганычтан көзү чыгып кете жаздаганын байкаган жок. Айылда болгондо Нурлан Күмүш менен сүйлөшмөк эмес, элден уялмак. Шаарда ким көрөт дедиби, күндө келет. Жумуштан алып кетип, түн жарымга чейин сейилдеп жүрүшөт. Бир жолу киного барабыз деп сүйлөшүштү, Нурлан Эрмек менен келем деген. Күмүш Айканы чакырды, Айкага Нурлан бир көргөндө жаккан, ошол үчүнбү дароо макул болду. Жумуштан чыгып жолугушууга барышты, төртөө кино башталгыча балмуздак жеп, сейилдеп келишти. Кинотеатрдын артындагы эс алуу багында олтуруп калышты, Нурлан Күмүштү белинен тартып, илебинен өпкүлөп алды. Күмүш уялып, Нурланды ары түртүп ыңгайсыз абалда калды.
—Мен киного киргим келбей калды, өзүмдү ашыкча сезип жатам. Мен кете берейин.
— Айка эмнеге ашыкча сезесиң? Эрмек турбайбы сага шерик болуп.
—Окуучу кыздардай балмуздак жегениме сүйүнүп олтура берейинби эмне?
—Эрмек Айканын көңүлүн албайсыңбы?
—Мен артист белем? Жанында жүргөнүм канааттандырбаса эмне кыл дейсиң?
—Кыз жигит болуп албайсыңарбы?
—Кыз жигит болуу үчүн эки адамдын сезими болуш керек, анан ойноп кучакташып, өбүшкөн бул менин ишим эмес.
-Мага жакпайт дедиби бул? Сени ким жактырып жатыптыр? Өзү жөнүндө ою жогору экен тим эле, сен өмүрүңдө кыз кучактап көрдүң беле өзү. Коркок, кызтеке десе.
—Айка оозуңа карап сүйлө, жиним жаман.
—Эй дос баары тамаша да, эс ал болду. Бирок, эч нерсе билбейт экениңди билип койду э?
—Эмнени билбейт экенмин? Ушул элеби? Ушуну каалап жатасыңбы?-деп Айканы оозунан өөп туруп, жини менен басып кетип калды. Нурлан жинденип Эрмектин артынан баратканда Күмүш токтотуп калды.
—Эрмек токтосоң, уксаң мени.
—Эмне Күмүш, эмнени угайын?
—Эмнеге мынтип жатасың? Урушуп кеткидей деле сөз болгон жок менимче, маанайың жок болсо жиниңди бизден чыгарасыңбы?
— Күмүш сен баарыбир түшүнбөйсүң,.
—Айтып көрчү, аракет кылайын.
—Сен түшүнсөң деле эми пайда жок, кечир маанайыңды бузуп койдум.
—Маакул өзүң билесиң, сага мындай адат жарашпайт экен.
—Сага дагы жарашпайт экен.
—Эмне жарашпайт экен мага? Эрмек мага эмне жарашпайт экен дейм?
Эрмек жооп бербей, артка кылчайбай кетип калды. Күмүш мурун угуп калчу Эрмек жакшы көрөөрүн бирок, ишенчү эмес. Анткени баарыбир болчу, ал кезде азыр деле жүрөгү жалгыз Нурланды деп согот.
—Эмне дейт?
—Маанайы жок окшойт, мага да жооп бербей кетип калды.
—Ал сени кызганды, былтыр дагы сени менден талашып мушташып кеткенбиз.
—Койчу Нурлан, өзүңөр кыжырына тийдинер го. Эми мени айыптагысы бар. Менин да маанайым түшүп кетти, балким киного эмкиде кирээрбиз?
—Билет алып койбодукпу Күмүш.
—Анда экөөң кирип шашпай баргылачы э үйгө, менин башым ооруп чыкты барып эс алайын.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE