Пример HTML-страницы

Колдон учкан махабат ❤️3 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=4157&preview=true Кызыктуу окуялар.

«Колдон учкан махабат» же «үзүлбөгөн үмүт»

3- бөлүм.

Ошол күнү Акыл катуу иштеди, үйгө да келбей машинада эки саат уктап алып кайра жумушун улай берди. Үйгө барса деле кызык жок, аялы кайра баштайт бир нерсени таап алып. Баласына звонтетип малдарды сурап койду болгону. Экинчи баласы Нурис дүкөндөн эки нан алып келип, чай койду. Гүкү арака кеткен болчу, арака кеткенде дайыма түндө же эртеси келет болчу. Ошого казанда калган кичине тамакты салып келип ортого койду. Кечинде дагы Гүкүш туугандарын чакырып буларга чай берилген эмес болчу. Аябай курсактары ачкан экен, төртөөнө эки нан менен бир табак тамак эч нерсе болбой калды. Ушуга да ыраазы, эми ушу менен аталары келгиче жүрүш керек. Бир уйу байып кеткен, экинчисинен чыккан сүттү өздөрү эле ичип алышат. Гүкү жолдон жолугуп калып Акылдан акча сураса бербей койду, анткени жок болчу. Жок дегенди түшүнбөгөн неме кайра баягы концертин баштады. Үйгө келүүгө аргасыз болду. Канча уруш жаңжал болсо да, Гүкү Акылдын балдарын урбайт болчу. Өзүнүн эки кызын өлгүдөй сабайт. Азыр дагы эки кызын эч айоосуз уруп жатты. Акыл болушам!-деп Гуляны бери тартты эле тайып кетти. Буту ичкери карап тайыган экен кичине эти созулуп кетиптир. Бутун кармап, доолусу кармап жатып калды. Мындай учурду колдон чыгарбай туугандарына звонтетип чакырып алды. Эң башчы болуп агасы келди. Агасы жанагы Апрель согушундабы же Оштогу уруштабы ок жеген экен. Ошонусун тим эле он немис өлтүргөндөй бетке кармайт экен. Келип эмне болгонун сурап нетпей эле Акылды муштап жиберди. Кайнагасы күйөө баласын урат деген не шумдук э? Артынан аялы менен карындашы кирип келди. Рас болот дегенсийт жүзүндөгү жылмайюусу. Гуляны алып кетпегенден кийин кичине болсо да кийинкиге абийр керек да. Ошол үчүн гана агасын ажыратымыш болуп коюшту. Кайнагасына жинденип, муштум менен жооп кылган жатканда тиги үчөө Акылды кармап калышты. Акылдын колу кайнежесине тийип өттү эле таппай турган неме милицияга берем деп чыкса болобу. Ары жактан эки баласы менен Күмүш чуркап келип баарын ажыратты. Ортончу баласы Нурис атасын урганды көрүп чыдабай тиги кишини муштап жиберди. Тогузунчу класс болсо деле күчтүү экен, тиги баатыр сөрөй дубалга жабышып калды. Үчүнчү баласы эшике чуркап чыкты эле кошуна кемпир туруптур, энесин көргөндөй кубанып телефон сурады. Оюнда атысынын инисине звонтетейин деген, номерин эстей албай койду. Атасынын эле телефонунда жазылуу эле да, таежесине звонтетейин десе анын да номерин эстеген жок. Жерди тепкилеп, ыйлаган бойдон кайра үйгө кирип кетти. Кемпир баланын акыбалына чыдабай кошуналарын чогултуп кирди. Элдер ортого түшүп жатып араң урушту басышты. Дагы уяттары жок экен, урушуп бүтүп кайра эч нерсе болбогондой каткыра беришкени шумдук. Гулянын агасы чыгып кеткен, кетти эми эжеси да кетер деп олтурса, кайнеже ордунан козголгон жок. Көрсө кайнага кылган баатырдыгын жууп берүү үчүн дүкөнгө ачуу сууга кеткен экен. Аракты толтуруп келишип өлгүдөй майрамдашты. Ошондо Акыл аябай таң калды, ага деген карындашын ичпе деп тыйат экен, бул болсо стакан кагыштырып, тостошуп ичет тура ит десе. Акыл улуусу болуп, карындаштарын катуу кармачу, эшиктен бир ышкырык чыкса аябай урушат эле. Карындаштары менен ичүү бул жакта турсун, карындашынын алдында ичпейт. Тоободон башка нерсе оозуна келбей, тескери карап жата берди. Эмне кылышты да билбейт, үйдөн да кууп чыга албайт буларды. Акылды күч күйөө кылып киргизгендей мамиле кылышат. Гуля олтура берип буту уктап калган экен, тура калса буту баш бербей кайра шылк олтуруп калды. Муну былжырак мас неме көрүп жана Акыл урганда ушунча болуптур дедиби дасторкондо турган бөтөлкө менен Акылдын кызыл ашыгына бир чапты. Бөтөлкө сынып кетти, Акылдын буту кансырап жатып калды. Агасы кандан коркуп кеттиби шарт туруп кетип калды. Жинденген Акыл ордунан тура албай калып кетти. Жетсе го өлтүрүп салмак. Эжеси да кетип калды, Күмүш ыйлап Акылдын бутуна сайылган айнектерди алып, кийиз күйгүзүп басты. Ошентсе кан басылып калды, спирт менен жууп, таңып койду. Баарыбир оорусу басылбай койду, эртең менен шишигенсип калган экен догдурга бармак болду. Гуля балдардын баарын алып, жазгыга даярдап чеснок эккени бирөө иштетип жаткан экен ошол жака кетип калыптыр. Акылдын жаны темирден болгонсуп, эч ким ойлогон да жок. Өмүрүндө талаага чыкпаган немеге эмне болду дейм да. Өзү тура албайт, турса деле машинасын айдай албайт. Кеч күз болуп калган болчу, эптеп тез жардам чакырып барайын десе бүт жагы кир экен. Кече мушташканда чаң болуп кетиптир. Арак дагы жыттанат, мынтип барса карабай да коюшу мүмкүн. Жөргөлөп эптеп эшике чыгып, шымын чече албай кайчылап салды, үстүн чечип тазикте турган муздак эле суудан куюнуп, бир самынданып алды. Шортасы бар экен кеңири, ошону эптеп кийип тез жардам чакырып, эшикте күтүп олтурду. Тез жардам келгенде муздак сууга жуунуп, суукта олтуруп калганына өңү башкача болуп кеткен экен. Дароо алып кетишти, кошуна кемпир жардам бергиси келет бирок, кирип жуунтмак беле. Айла жок четте карап гана туруп берди. Кечинде эле бутун гипстетип, такси менен өзү келип калыптыр. Гуля сураган да жок, тапкан акчасына даяр тамак алып келген экен ошол менен курсак тойгузуп жатып алышты. Шаарда Акылдын аталаш карындашы жашачу эле, айылга барып келген экен иниси сары май салып жибериптир. Ошону жеткиргени келип, Акылдын акыбалын көрүп аябай зээни кейиди. Эмне болду десе Акыл кулап түштүм, сарайдан деп койду. Же балдары айтып жарылышпайт. Гуля да жандарынан чыкпайт тим эле жакшы сый көрсөткөн адам болуп. Койгону бир чыны ачып бараткан кыям, катуурак нан, анан өзү алып келген май. Карындашы бир нерседен шекшисе да унчукпай койду. Гуля кайнисиндиси кетип баратканда жакшы адам болуп Акылды жамандап калса болобу.
—Акыл достору менен ичип, поюз жолдон кулап бутун кайрыптыр деди.
Жини мурдуна чыкса да, сылык коштошуп басып кетти. Нурис эжесин узатууга кошо чыкты. Нуриске да Акыл айтууга тыюу салган, ошого эжеси канча кыйнаса да билбейм!-деп кутулду. Ошентип кыш дагы чыгып кетти, Акылдын гипсин бир айдан кичине ашып эле алып салган. Эптеп машина айдайт, беш он сом таап келет дегендей. Кыялдын жумушу жакшы болуп, кридиттен ашырып азык-түлүкө да берип турат. Гуля буту айыкканча жөн турайын дедиби, ичсе да койдон жоош болуп калды.
Күндөрдүн бир күнүндө Гүкү курбуларын издеп чыкканбы жолдо туруптур. Акыл ошол жерден өтүп баратып аялын сала кетем деп токтоду.
— Гүкү эмне кылып турасың? Жүрү үйгө кеттик.
— Тамак кылууга кичине бир нерсе алып алалы?
— Гүкү сен ичпесен ушунчалык жакшы адамсың, таштасан боло. Сага жарашпайт. Кудай бизге берип жатат, шүгүр кылып дагы алдыга умтулайлы. Күмүш мына быйыл мектепти аяктайт, окуйм десе окуталы. Жок десе Кыялдын жанына барып иштесин, кыз бала эртен эле турмушка чыгып кетиши мүмкүн. Ошого уят болбогудай болуп жашайлы э Гүкүш. Мына үч келин жумшап, эки күйөө балалуу болосуң. Балпайган байбиче болууга эмне жетсин туурабы?
— Туура, негизи аракет кылам болбой жатпайбы.
— Сени ичпе деп такыр тыйуу салбайм, мейли анча-мынча уруксат берем. Өзүңдү кармаганды үйрөн да, мени менен түбөлүк болуу бар болсо оюңда, сураныч бул кыялыңды ташта. Баарын унутуп жаңы жашоо баштайбыз. Балдар эки- үч жылда Кыялга окшоп иштеп калышат, биздин да башыбызга карга чычат. Бизге да күн тийет. Түндөн кийин таң атат дайыма, небере багасын жакында.
—Акыл туура айтасың, эми оңолом!-деп сөз берем. Арак мени ажаан кылып койду.
— Жүрү анда тамак алып берем сага.
— Үйгө алып барып балдар менен эле чогу жейли э, ансыз да карабай койдум.
—Мына каалоо эле болсо баарын оңдосо болот.
Кичинекей базарчиктин ичинен соода кылып чыгышты, Акыл бир сутка тынбай иштеп жакшы тыйын кылып келген эле.. Чоң сары баштыктан төртөөнү көтөрүп чыктыбы, айтор араң көтөрүп келе жаткан. Аялы экөө жанаша, урушпай жүргөнүн көргөн кошуналары да сүйүнүп алышты. Баары Акылды сыйлайт, балдарын кор кылбай өлөөрчө иштеп бакты. Кышында дуңгандын жумушу бүткөндө кээ бир күндөрү көчөдөн темир, бөтөлкө терип өткөрчү. Өзү ачка болсо да балдарын ачка койбогон атаны ким сыйлабасын айткылачы!!
Акылдын маанайы жакшы экенин баары байкады, бечара айласы жок да деп кеткендер да болду. Айтор эл оозунда элек жок.
Базарга кайра кирген болчу бир нерсе унутуп, Гүкү бир таанышынан Алияга кичинекей велосипед карызга алып чыгыптыр. Акыл кайра сүйүндү, Алия дагы элдин балдарындай оюнчук менен ойносун деп. Берки балдарына мындай нерселер турсун, нанды араң таап берчү. Көзүнө ушундай жаш алып карап тура берди. Акыл өзүн жаман сезип жатканын билсе да билмексен болуп тура берди. Өңү көгүш тартып кеткенде Гүкү байкап калды.
—Акыл жакшы элесиңби?-дегиче болбой турган жерине сулап калды. Ызы-чуу болуп, тез жардам келгенче көп эле убакыт өтүп кетти. Гүкү ушул жерден Акылды жоготуп коюшун ойлоп, өзүн жоготуп койду. Тез жардам экөөнү тең салып кетти. Гүкүшту тургузуп, ошол жердеги керебетке жаткызышты. Бирөө көрсө Гүкү калп эле артист болуп жатат демек, бирок чын эле Акыл өлүп калса Гүкү көчөдө калмак. Жашап жаткан үйлөрү деле миллион турбайт, малды Акылдын жаназасына сойсо калмак эмес. Кыял эс качан Гүкүнү бакпайт. Бир эмес эки кызы менен кайра жанагы эжесине бармак. Квартирасына барайын десе ал жактан түшкөн акчага жан багат. Үнү жоон неме өзүнө келер замат өңгүрөп чыкты.
—Акыл, мени таштап кетпе. Акылга эмне болду? Акыл кайда.?
— Сабыр кылыңыз, биз ал кишиден айрылып калдык. «Обширный инфаркт» дешти. Аябай кеч кайрылган, мурун жүрөгүм дечү беле?
— Төш жагын кармап, кээде сайгылашып жатат деп калчу. Эмнеге өлөт? Жапжаш неме эмнеге өлөт? Азыр эле чуркап жүрбөдү беле, ишенбейм. Силер өлтүрүп койдуңар, мени алдап жатасыңар, ишенбейм. Кана Акыл?
—Ооруканага келгенде жан берген экен эже, колубуздан келгенди кылдык. Маркум моргдо.
—Эмнеге моргго киргиздинер? Өлтүрүп алып, эми сойгон жатасыңарбы? Кайсы жерде, көрсөт тез? Бычак тийген болсун, өзүңөрдү балталап кетем уктунарбы?
—Мен жөн эле медайыммын, мен эч нерсе чечпейм.!-деп жаш кыз чын эле коркуп, көзүнө жаш алып жиберди. Гуляны жетелеп барып, моргду терезеден көрсөтүп койду.
Аттап- буттап тез жетип барды. Кароолчуга карабай, түртүп кирип кетти.
—Сойдурбайм, тийбегиле. Суранам күйөөмдү жерге баардык мүчөсү толук кылып берүүгө мүмкүнчүлүк бергилечи. Эмне десеңер берем, эмне десеңер кылам.
—Анте албайбыз, маркумдун төрт жылдан бери бир жолу да ооруканага көрүнбөгөнү кызык болуп жатат. Ден-соолукка даттанбаган адам басып баратып эле кантип өлүп калат? Күзүндө буту сынган экен, анда текшерсе таза экен го. Милиция чакырышыбыз керек, ошолор билет.
—Эмне өз эринди өлтүрдүн деп жатасыңбы э? Оозу бузук не балээсин а, мени билбейт экенсиң.
—Гуля сени баары билет, баары тааныйт. Менин эрим менен ойноп жүргөнүң чын, анан Акыл жолтоо болсо керек да.
—Эй былжырак, чакыр ошол милициянды. Ушул жерден сойдурбай алып чыгып кетпесем атым өчсүн.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE