Пример HTML-страницы

Колдон учкан махабат ❤️13 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=4157&preview=true Кызыктуу окуялар.

Колдон учкан махабат же Үзүлбөгөн үмүт.
13- бөлүм.
Тапкан акчаларына береке кирип, Күмүш төрөй электе эле жер тилкесин алышты.
Күмүш мен сага далилдеп берем, кимди ким адам кылат экенин, кимден ким өйдө тураарын көрсөтөм!-деп ичиндеги ымыркайды ойлобой, жанын кыя сайып аябай катуу иштеди. Эрмек болду иштебе!-деп тыюу салганына кулак аскан жок. Төрөйүн дегенде жетип келип калат экенмин!-деп Эрмек Кытайга кеткен. Үйдөн чыкпай олтур деген, бир топ эле акча карматкан. Күмүштүн оюнда жанагы эле мелдеш, канчалык кыйын болбосун беш жылдын ичинде Нурландан ашып түшүп, оозун жабуу. Сүйүүдөн жек көрүүгө, жек көрүүдөн сүйүүгө бир эле кадам. Азыр Күмүш ичинде болуп жаткан сезим, сүйүү же жек көрүү экенин өзү түшүнбөйт. Анда Эрмекчи?
Эрмек тууралуу эчак эле тыянак чыгарып койгон. Эрмек, Күмүштүн куткаруучусу, өзүн сүйгөн жалгыз адамы, колдоочусу, өмүрлүк жары, көз караштан түшүнгөн өзгөчө жан, ичиндеги ымыркайдын атасы. Бирок, сүйгөнү эмес. Жүрөгүнүн ээси эмес. Канчалык жакшы көрүп, сүйүп алайын десе дагы болбойт.
Эрмек таштап кеткен акчага өзү иштеп, дагы кошуп жанагы алган жер тилкесине таш, шагыл, тактай дегендерди түшүрдү. Жанында иштеген эженин туугандары курулуш иштерин жасайт экен, ошол менен сүйлөшүп, куруу иштерин баштап салды. Сыртын тосуп, фундаментти куюп бүтүрүп койду Эрмек келгенче.
— Күмүш, мен келдим. Сени аябай убайымдадым, мен жок кыйналып, коркуп калган жокпу деп кыжаалат болдум. Жакшы олтурдунбу? Мен сени сагындым. Кудай буйруса жакшы акча алып келдим, айдын аягы төрөйсүң ошого ар кимден акча сурап, темселебей акчанын кенен кылып койдум. Сага таштап кеткен акча жеттиби?
— Жетти. Кел, Эрмек кандай келдиң? Жолдо аябай кыйналдыңбы?
— Жок, баары жакшы. Айдаганда бир аз кыйналбасам мындайда жатып, уктап келдим.
— Мынча акча кетпейт да ооруканага. Кел андан көрө тиги үйдүн тамын көтөрөбүз?
— Жинди кыз, биринчи фундамент куюу керек. Анан барып тамын көтөрөт.
— Фундаменти куйулду, сага күтүүсүз белек болсун дедим. Мен сен таштап кеткен акчага бир аз иштеп кошуп, жумушчуларды салдым. Он күндө бүтүрүп кетишти.
— Кимден сурадың? Сага ким уруксат берди?
— Сага жардам кылайын деп эле.
— Мен сени иштебей олтур деп кетпедим беле, эмнеге айтканды укпайсын? Эгер ушундай боло берсе биздин үй-бүлө өрчүп өспөйт.
— Баарын сен чечесинби? Менин акым эч нерсеге жокпу ошондо, мен эмине бош орунмунбу? Туура айтасың, эгер сенин мага мамилең мындай болсо мен сени менен жашай албайм. Биз үчүн аракеттенип жатсам баалагандын ордуна кайра бакырасын.
— Күмүш, түшүнсөң мен бала кезимден бери кыялданып келген үйдү өзүм салгым келген. Күйөөсүнөн сурабай иш кылган туура эмес.
— Мага эмне туура, эмне туура эмес экенин сен үйрөтөсүнбү? Биз үйлөнүп жатканда эмне деп сөз бердиң эле мага? Бактылуу кылам деп айткансың, берген сөзүңдүн бири жок.
— Дагы эмне кылайын айтчы? Туугандарымдан, досторумдан, окуумдан кечтим сен үчүн. Иштеп жатам, айлап араң үйдү көрөм. Сен тарапка кадам кылып бүтпөйм, сен мен тарапка бир кадам басып койсоң болбойбу? Үй-бүлө экөөбүзгө керек го, балдарыбызга башкача кана кылгым келген. Айтчы анын эмне айыбы бар? Үй куруу бул эркектин иши керек болсо.
— Анда кыйын экенсиң үйдү батыраак бүтүр.
— Эмне азыр көчөдө калдыңбы же ачка калдыңбы? Кудайга шүгүр десең.
— Шүгүр деп жата берсем, сенин тапканың эмнеге жетет?
— Сен ачка калбасаң болдубу?
— Жок, мен дагы элге окшоп жашагым келет. Батирде жүрбөй, балам менен чооң өзүмдүн үйүмдө жашасам дейм, күйөөм талаалабай жанымда болсо дейм. Мен дагы биздин келечекти ойлоп аракет кылып жатам.
— Азыр сенин боюңда бар, төрөйүн деп турасың. Бала чоңойгондо деле жетишесиң иштеп, биздин жашоо алдыда го. Кайда шашабыз айтчы?
— Шашкан жокмун, эл айтат эртең эле. Өзүнчө кетишти эле кыйын болуп, мына дагы деле көчөдө самсалап жүрөт!-деп.
— Элдин айтканына кулак салбай калганым качан, элдин мени менен иши эмне экен.
— Сен уялбасан мен уялам.
— Кимден уяласын? Күмүш кел урушпайбыз.
— Элден уялам, тең туштарымдан, душман көзүнө татыктуу жашагым келет.
— Өзүң үчүн, мен үчүн, балабыз үчүн жашасаң болбойбу? Элдин айтканындай эмес, өзүбүздүн көңүлүбүзгө, мүмкүнчүлүгүбүзгө карап жашоо курсак болбойбу?
— Болбойт, мен элдин алдында жашашым керек. Сен мага жомоктогудай жашоону убада кылгансың.
— Аялдардын баары бирдей, баарына байлык болсо болду. Азыр бактылуу эмессиңби?
— Азыр кайдагы бакыт, сен жанымда эмессиң, батирде жашап жатабыз. Ичимдин челкейгенине карабай иштөөгө туура келип жатат. Мындай бакытты эңсеген эмесмин. Анан баардык аял деп менин апамды мисал кылып жатасың да э?
— Азыр мен бардык аялдарды айтып жатам, кайненемди өзүң айтып жатасың. Койчу эми жаным кел урушпайбыз, мен аракет кылып жатам. Түшүнчү мага дагы кыйын болуп жатат. Сени жоготуудан корком, чын жүрөктөн сага бактылуу жашоо куруп бергим келет. Болгону баардык ишти мени менен кеңешип кылчы мындан кийин макулбу?
— Башында ушинтсең болмок, маанайымды түшүрүп алып анан кечирим сурабай. Мына сен үчүн ичим катуу ооруп жатат.
— Мейли балам үчүн кечирим сурайм.
— Бар ары жатчы менден, жиним келип жатканда.
— Күмүш эч качан төшөктү бөлөк кылба уктуңбу. Баарын көтөрөм, ушуну көтөрө албайм. Таарын, тескери кара бирок, эч качан төшөктү ажыратпа.
Эки адамдык салынган төшөктүн ылдый жагына жылып, тескери карап жатып алды.
Эрмек дагы ичинен Күмүшкө таарынды. Эрмектин атасы таарынган аял кишинин иши, эркек таарынса үйдүн куту кетет деген. Ошо мээсине терең сиңип калган экен, унчукпай кутулду. Аял деген башкача жан да, таарынат кайра беш мүнөттөн кийин жадырап жайнап чыгат. Аял кишинин көңүлүн табуу өтө татаал, анын үстүнө боюнда бар аял чыр дагы болуп кетет да. Боюнда барда таарынтсам балага зыян дедиби, кайра эртең менен таңкы ашты өзү даярдап, Күмүштөн кечирим сурады. Күмүш үйдүн тамын көтөрөбүз анан кечирем деп туруп алды. Анан эмне кылат башка, ошончо мээнет, акча кетип курулгандан кийин айла жок алып сала албайт. Кирпич алып барып, уста таап дубалын көтөрүп баштады. Бүтөйүн деп калганда Күмүш жарык дүйнөгө уул алып келди. Эптеп кымтып жатып кичине акча катып койгон экен, аябай жардамы тийди. Элден кем кылбай акча төлөнчү палатага жаткырды, эч ким келбегендиктен өзү үч маал ыссык тамак ташып жүрдү.
— Төрөп ооруканадан чыккандан кийин Күмүш кичине болсо да өзүнө келди. Жаман кыялдары жоголгондой болду. Бирок, чындыгында жоголбой эле азырынча үйдө бала менен олтурганда жакшы болуп турайын деген. Анткени чын эле Эрмек таштап кетсе бала менен бараар жери жок. Үйгө кайрадан ынтымак кирип, иштери оңолуп, үйдү салып бүтөйүн деп коюшту. Баласы бир жаштан бир аз өткөндө жеке бала бакчага киргизип, өзү кайра жумушка чыгып кетти. Үйдө кайрадан уруш, бир күн үй жыйналбай калса, экинчи күнү тамак жасалбайт, үчүнчү күнү кир жуулбай калат. Эрмек тажап кетти.
— Качан аялы бар эркектей курсагым тоюп, жакам агарат? Иштебей олтура берсең болбойбу? Бала дагы бирөөнүн колунда, үй каралбай жатат. Кичине уялсан болбойбу?
— Иштетпей бак анда.
— Иштебе деп какшап эле жатам го сага.
— Сенин эки айда тапканынды мен он беш күндө таап жатам. Андан көрө сен үйдө олтурсаң кантет.
— Мен сенин катыныңмын да э? Оозуңду жап дагы үйдө олтур.
— Олтурбасам эмне кыласың?
— Менин сабырымды сынаба айтып койоюн, бир койсом оңбойсун.
— Аял кишини урган колуңа шал тийсин, айтып койоюн колуң тийди дегиче баланы алып кетем. Эч качан бизди көрбөйсүң, мен башка аялдардай ыйлап кайра кайтып келип жашай бербейм уктуңбу. Кана эми урчу эр экенсиң.
Эрмек эшикти катуу муштап алды да чыгып кетти.
—Кыйынсыйсын эле, кана урганын. Мени Күмүш деп койот, мен эч кимге баш ийбейм, айткан сөзүмдон дагы кайтпайм.
Эрмек Күмүштүн эмне болуп жатканын түшүнбөй башы катты, кеңешерге тууганы жок же. Жөн койоюн десе Күмүш аша чаап баратат, уршайын десе каяша айтып жанын кашайтат. Баардык жокко кол шилтеп басып кетсе дагы болот, бирок Күмүшкө деген махаббат жол бербейт. Азыр жаман болуп жатса, Күмүш менен баласы жок көчө адамына айланып кетиши мүмкүн. Жашоонун кызыгы түгөнөт, анан аябай кыска ой . Кыска ой болбосо ата-энесин укпай бир кызды деп үйдөн чыгып кетмек беле. Ушунчалык жанына тойсо өз жанын деле кыя берет бул. Негизи кудай дагы бири-бирине тең адамдарды кошот экен. Экөө тең өзүң гана ойлойт. Ананчы, Күмүш өзү айткандай гана болушун, акчалуу жүрүштү кааласа, Эрмек болсо өзүн аяп бүтпөйт. Өзүн аяп, мурдун агызганча аялын катуурак кармаса болот да. Ата-энесине дагы неберелерин көтөрүп барып кечирим сураса сөзсүз кечирет. Антпейт, анткени дагы деле өзүн аяп бүтө элек. Бул жашоодо жалгыз азап тартып жаткан адамдай же бирөө үчүн жашап берип жаткандай, баарын милдет кылат. Эркек эч качан алган аялын, жашаган үйүн, баласын жаман дебеш керек. Аялды өзү тандаган, үйдү өзү курган, бала өз канынан жаралган.
Бул учурда Нурланга ата-энеси эң кымбат деген машина алып берди. Окуудан тышкары иштеп, чөнтөгү калың. Беш жыл дебей эле ийгиликтин туу чокусуна жеттим деп турганда, кичине кызуу келе жатып жаш баланы сүзүп алды. Байкуш бала баса албай калды. Бар байлыгынын жарымын баланы даарылаганы кетирсе, калган жарымын сотко пара берип кетирди. Бат эле үй-бүлө жакыр тартып кетти. Нурлан дагы окуусун токтотуп туруусуна туура келди, эл катары иштеп күн көрүп калды. Айылда мурун бир класста окуган курбусу менен Күмүш сүйлөшүп турчу. Нурландын жагдайын укканда биринчи кубанса, кийин барып жүрөгү ооруду. Мелдешкенине дагы өкүнүп кетти, дароо барып көңүл айтып, колдоо көрсөтүкүсү келди. Өзүн күнөөлү сезип жатабы? Эмне үчүн? Мелдеш үчүн атаандашып, Эрмекке алдырып койгонуна капа эмеспи? Дал ошол үчүн капа. Тарттырып жиберген жок да, өз колу менен тапшырды десе дагы болот. Жумушка дагы көңүлү жок, оюнун баарын Нурландын кырсыка кабылганы басып алды. Эптеп айыл менен барыш келишти баштабаса болбойт, теги жок аталып жүргөн деле жанга батат экен. Үйдү бүтүрүп, баласына кошуп той кылып ата-энелерин чакырып, кечирим сурамай болуп чечти. Эптеп Эрмекти көндүрүп, досторун дагы кошуп чакырды. Эне деген баарыбир эне экен да, неберелүү болуп жатса кантип келбей койсун. Баардык туугандары келди, баары жарашып, шаңдуу той өткөрүп жатышты. Анан эки жылда экөөлөп үйдү зыңкыйтып салып койгондо Күмүштү анчалык жаман көрбөй, аракетчил, иштемчил келиндердин катарына кошту. Гуля келбей койду. Кайгырган дагы жок апасы келбей койгонуна. Кайра жакшы эмеспи, мас болуп келип жаңы кошуналарына уят кылбайт.

Уландысы бар. Качан дебегилечи, бошоп жазам

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE