Пример HTML-страницы

Колдон учкан махабат❤️ 14 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=4967&preview=true Кызыктуу окуялар.

Колдон учкан махабат же Үзүлбөгөн үмүт.
14- бөлүм.
Жан дүйнө оорусун ким башынан өткөрдү эле? Жүрөгүнөн чыныгы ачуу оору аралап өткөн адам гана, жан дүйнө оорусун эң жаман илдеттен дагы катуу кыйнаарын тастыктап берет. Бир адамга өзүңдү эле эмес, жашооңду дагы ишенип колуна тапшырсан. Ал адам ал нерсени байкабай же байкамаксан болуп, тагдырыңды ортодо тоголонуп оюн болгон топтой кылса кандай болоор эле. Жан дүйнөсү таза адам дагы мындай учурда кыйын акыбалда калат. Биринчи таарынат, ыйлайт. Кийин ким күнөөлүү экенин аныктап баштайт, жок, териштирип эмес. Өзүнүн ичинде сүйгөнүнөн чыккан ар бир сөздү миң жолудан түрүп, миңдеген жолун ойлоп көрүп анан аягында күнөөсүз бирөөнү күнөөлү кылып чыгат. Мындай кезде, тагдырын оюн кылган адамды күнөөлү тапса эң жакшы. Анда ал адамды жек көрүп, экинчи көргүсү келбей, ошол адамга өзүн бактылуу көрсөтүү үчүн өзүн сүйгөн адамдын кадырына жетип, бара-бара ошол адамга көнүп, жакшы көрүп кетүүсү да мүмкүн.
Эгер өзүн күнөөлүү кылып чыксачы? Анда ал адам бул жашоону жек көрүп, жашагысы келбей калат. Бир нерсеге байланып, эптеп тирүү аталып жашай бергени менен жашоонун кызыгы калбайт. Баардык адамдарды өзү сымал бактысыз эсептеп, жашоонун боз гана түсү куурчап, жок адамга айланат.
Эң жаманы, азыр жанында жүргөн адамды, өзү эмес өзүн сүйгөн адамды күнөөлү деп тапсачы? Бул эң жаманы. Бул адам өзү эле бактысыз болбостон, өзүн сүйгөн адамды, балдарын, жакындарын кошуп бактысыз кылат. Балким!-деген ой менен өмүр сүрүп калат. Балким!-деген адам ар дайым башка тараптан мээрим, сүйүү издейт. Анткени баардыгына жанагы шордуу күнөөлүү болот да. Ал адамды жек көрүп, бактысыз кылган андай эмес мындай!-деп көзүнө чөп салганга чейин барат. Кээде бул адамдар токтоно албай, үй-бүлөсүн бузуп, балдарын тирүүлөй жетим кылып, боштондукка чыгып кетет. Боштондукка чыккан күндө дагы жанагы ичин күйдүргөн маселе ошол бойдон калып, көчө аялына айланып кетиши толук мүмкүн. Билбейм, кээ бирөө бул сөздөрдөн соң бул ойду кайдан алды? Туура эмес, башынан өткөргөндөй айтат деши мүмкүн. Кудай сактасын, сүйүүдөн запкы жегендердин катарынан оолак бололу. Болгону мен өзүмө «эгер»-деген суроону берип, жооп бергенче, өзүмдү ошол адамдын ордуна коюп көрдүм. Элестеттим, чын жүрөктөн сезинип, анан болгон оюмду ачык жаздым. Мен болсом ушундай болмок экенмин, же жашоо башка агымга сүрүп кетмекпи, эми аны эч ким биле албайт. Күмүш Эрмекти күнөөлү деп тапты. Эгер Нурлан экөө чогу жүргөн убакта Эрмек жанында болбогондо, баары башкача болмок беле. Жанындай көргөн Нурлан менен чогу калмак беле. Окуучулук күндөрдөн тарта Нурлан Күмүштү теңине албайт экенин билип деле бүтсө керек. Же сүйүүнүн көзү сокур демекчи, Нурландын өзү тарапка кылынган адепсиздигин сезбейби. Сезгиси келбесе керек. Убагында Эрмек алып качпаганда, Нурлан менен бир болуу жолун сөзсүз тапмак. Ошол күнү Эрмектин сунган колун кармап кеткенине өкүнөт.
Той жакшы өтүп, коноктор дагы тарап өздөрү калды. Кайненеси унчукпай калыптыр, байкуш көптөн бери жарашкысы келип, биринчи кадам күтүп жүргөн сыяктуу. Убакыттан пайдаланып баласын кайненесине түрттү. Өзү болсо иштеп, Эрмекке жардам кылып, чоң бизнес ачабыз дей салды. Чындыкты айтты, бизнес ачып бутка туруш керек. Нурланга эле эмес, убагында адам катарына кошпогондорго алардан кыйын экенин далилдегиси келет. Айылга барып тойдон кешик демиш этип, айылдын жарымын чакырып тамак беришти. Бул кылыгынын себеби, Нурландын апасын көрүү максат болду. Жүдөө тартып калганбы, же мурункудай сопсонун жүрөбү.? Кантип соонун жүрсүн, баласы кеминде он жылга темир тор артына кетүү коркунучунда турса. Акчалуу болсо адам оозго алынат, убагында эч нерсесин калтырбай сөккөн адамдар, уялбай келип берген ашын жеп, салып кетишип жатты. Ооздору кургаганча мактап, дайыма жакшы адам экенин билгенин, ал түгүл Гуляны дагы жакшы адамга чыгарып жиберишти. Эки-үч күн жүргөндөн соң тойго чакыруу келип калыптыр. Ачып окуса «Кыял менен Айсалкын»-деп турат.
— Апа, Кыял, Айсалкын дегендер ким?
— Кыял Акылдын баласычы, жанагы сенин жаныңда жүргөн кызды алып жатыптыр.
— Алар келди беле? Укмуш тим эле..
— Анан Гуля кудагыйдан коркуп келбей коюшмак беле.
— Келбей коюшса өздөрүнө жакшы болмок.
— Кантип келбей койот? Бир эмес эки үйү турса.
— Апам эми жайына койбойт го.
— Эч нерсе кыла албайт, эмне алар кечеки жаш балдар дейсиңби. Тим эле асман тиреп, узун, жакшынакай бала болушуптур. Кече атаң айтып келди, Москоодо иштеп байып кетишиптир!-деп.
— Байыса айылга эмнеге келди кызык.
— Ботом, келет да туулуп өскөн жерине. Силерди өзүнчө чакырыптыр тең туш деген го. Барасыңарбы?
— Биздин мамилени жакшы билет, эмнеге чакырды экен атайын.
— Андан бери канча жыл өттү, кудагый деле тынчып калган сыңары. Баса, Алияны алдап алдыртайын бир аз карап койсоң боло. Кайненеси катуу тийди, баарыбир баласын алып чыгып кеткенине кек тутуп жүргөн го.
— Ооба, апам макул болсо Алияны шаарга алып барып баланы каратсамбы дегем.
— Койчу кайдагыны чыгарбай, мен багам баламды. Силер иштегиле..
Сиңдисин дагы кошо балам багабы деген ойдо, Алияны эстеткенине чочуп кетти кайненеси. Өзү дагы убакыт таап, эптеп Алия менен көрүшүп кетейин деген. Алияга жакшы кийимдерди камдап жүргөн, ошол баштыгын алып, үй тарапка барып, Алиянын караанын издеди. Чачы майланыша түшкөн, жака- жеңи кирдеген кызды таанып, жанына барды.
— Алия, кандай алтыным.
— Күмүш эжеке сизби? Кайда жүрөсүз? Апам сизди өлүп калган дейт дайыма. Бирок, мектепте кыздар сизди шаарда деп айтышкан. Күндө күттүм сизди, апам ичип жүрө берет. Мен кээде көчөдө калуума туура келип жатат. Апам үйдү дагы сатам деп жатат, үйдө олтурсам ура берет мени.
— Мени менен кетесиңби?
— Кетем, эжеке кетем. Алия жоголуп кетсе Гуля бир жумадай байкабаса деле керек. Эч кимди укпай Алияны шаарга алып кетти.
— Ай, Күмүш айылга батыраак келгиле.
— Эмнеге апа? Тынч элесинерби?
— Ооба, айтпай койсом дагы туура эмес болуп калат. Кудагый деген тиги Акылдын баласы жаңы бүтүрүп, көчүп келген үйүн сыртынан жаап, өрт коюп салыптыр. Ичинде үч бир-тууган, Айсалкын дагы бар экен. Жанагы кенжеси өзүнө келбей жатат дешти, жолдон бирөө көрүп калып эшикти ачыптыр. Болбосо баары өлмөк экен.
— Ошону билгем апа, мен эмне кылат элем эми. Мага таарынган, барсам кабыл албайт. Баргым дагы келбейт, эмне болсо болсун эми.
Кайненесине ошенткен менен, башына миң түрдүү ойлор келип калды. Эптеп энесин темир торго жеткире койбой алып калуу болду. Тойдо түшкөн чоң суммадагы акча үйдө сакталуу эле. Эрмекке айтпай, акчаны алып милиция канага жетип барды. Эң башчысына жүз миңди астына ыргытып койду эле, Гуляны акыл эси ордуна эместерди даарылочу жайга жаткырып, справка алып бере салды. Ашып кетсе бир жыл даарыланат болду, мындай документи барларды жазалабайт экен.
— Күмүш, мен жиндиканага жаткандан көрө түрмөгө жатканым оң. Ал жерде соо адамды дагы эки күндө жинди кылып салат. Мени бул жака катпа, түрмө артык. Мен сенден кечкем, сендей кызым жок. Жогол, мага тийишпе.
— Сага мээримим төгүлүп өлүп бара жаткан жерим жок. Мага ыңгайлуу, апасы түрмөдө дегенден көрө ооруп жатыптыр деген артык.
— Адам эмессиң, берген ак сүтүмө ыраазы эмесмин.
— Билем, сени тарткам. Өзүң үйрөттүң. Мен аракты жек көрөм, бирок акчаны, кадыр баркты сен аракты сүйгөндөй сүйөм. Жакшы кал апа, ай сайын келип караган акысын төлөп кетем. Кызың кантип сени таштап койсун.
— Душмансың, өч алып жатасың. Булар мени жинди кылып коюшат, мен оорукчан эмесмин. Жиндиге айланып калам, бул жактан чыгарбайт. Чыккан күндө дагы кеч болот.
— Эң жакшы.
Күмүш апасын жинди канага жаткырып салганына аябай кубанып турду. Биринчиден элге зыяны тийбейт, экинчиден Күмүштүн абийрин төкпөйт, үчүнчүдөн арактан алыс болот. Ошончодон бери Күмүштө апасына бир тамчы дагы мээрим калбаптыр. Кетип жаткандагы түрү, мына сенин бараар жериң ушунчалык эле экен, өлүп чыксаң андан жакшы деп турду. Колу байланган Гуля чыркыраган боюнча калып калды. Кызын каргап жатканда, догдур келип бир укол сайды эле көзү турган жеринде катып, шалдырап жатып калды. Күмүш эч нерсе болбогондой чыгып кетип калды. Үйгө барганда Эрмек акчаны сурады.
— Апам психикалык жактан жабыркап калыптыр көрсө. Эмне кылганын билген эмес деп жатышат. Өзү дагы жабыркаптыр, дары-дармек сатып алып бердим. Ооруканага жайгаштырдым, ошончо акча кетип калды. Жиниң келбесинчи э, мен өзүм иштеп тез эле ордуна коюп койом.
— Жок Күмүш кажети жок, апаң үчүн короткон болсоң мейли. Жакшыбы жаманбы баарыбир эне, байкуш ооруп калган экен сенден башка эч кими жок, жөн карап турмак белең анан. Туура кылыптырсын, акылдуум.
Айылга Гуля акылынан азыптыр деген ушак шамалдын ылдамдыгындай тарады. Нурмат өзүнө келип, акыбалы жакшы болуп калган экен, Кыял дагы ооруп калса мейли!-деп унчукпай калды. Күндөр өтө берди, эки жаштын жашоосу оңоло берди. Нурлан болсо мурунку кейпинен кайтып, байкуш болуп калды. А түгүл күнүмдүк оокатка акча табылбай, бир бай адамдын колуна айдоочу болуп орношуп, иштеп калды. Шопур болуп жарым жыл иштеген соң жакпай калды окшойт, Россияга кетүүгө камынып калыптыр. Жанагы байдын чойроктогон, түнкү клубдун баарын таптап койгон кызы бар эле. Карап турса келбеттүү, иштемчил, кыйналып турган бала экен. Кызын ушу балага түртүп койсо, чыдап жашап кетчүдөй. Биринчи убакта кичине колдоп койсо, өзү тырышчаак экен бутка тез турат.
— Нурлан, сен Россияга барып эмне кыласың? Андан көрө мен сага жардам берейин, мага жагып калдың.
— Жарым жыл колуңузда иштедим, жамандык көрбөдүм. Ошол эле сиз тараптан чооң жардам мен үчүн. Рахмат, мындан ары өзүм. Анан мен сизге тууган белем.
— Тууган болбосоң тууган болуп алалы.
— Макул, мен сизди өз агамдай көрүп жүрөм эми. Рахмат жакшы сөзүңүзгө.
— Менин кызым бар экенин жакшы билесиң, Айкөл сени жактырат имиш. Эгер сага дагы жакса мен каршы эмесмин, барып ата-энең менен кеңешип көр.
Кызы чын эле ай чырайлуу, жүргөн- турганын көрсөтпөгөнү аракет кылат. Кээде эле байкап калган болбосо, Нурлан Айкөлдү жакшы кыз!-деп билет. Үйлөнө турган деле убагы келип калды. Үйлөнсө кайнатасы колдойт экени анык. Ошол күнү апасына айтса, апасы дароо макул болуп, үч күндөн кийин кудага түшүп барышты. Кайнатасы болгондо бересиң деп жарым миллион акча карматып койду. Ошол акчадан Айкөлдүн калыңын беришти. Ресторанга берилген тойдун жарымын кайнатасы көтөрдү. Ошентип бай кишинин үйүнө күч күйөө болуп калды. Жер алып саткан бизнести өткөрүп берип койду, өзү шопур болгон кезинде айдаган машинанын ачкычын белек кылды. Жер алып сатканда аябай чоң акча айланат экен, пайдасы дагы күчтүү. Нурлан ата-энесин шаарга көчүрүп келип алды. Тез эле үй алып, туугандарын бутка тургузуп салды. Нурландын апасы кайра асман карап басып калган.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE