Пример HTML-страницы

КОЛ ЖЕТПЕГЕН СЕЗИМДЕР…

https://kyrgyzcha.site/?p=39825&preview=true Кызыктуу окуялар.

КОЛ ЖЕТПЕГЕН СЕЗИМДЕР…

 

 

Өзүнөн жашы улуу келиндер менен көңүл ачып , жеңил жашоого көнүп калган жигит адатынча дос баласы менен капчыгы калың келиндерди ээрчип тойго жөнөштү . Келишимдүү кийинип , жүзүнө бойок сүртүп жасанган келин бу жигитке унаасын айдатып , өзү достору менен ичкиликтен сеп этип шарактап той болгон жерге бат эле жетип барышты.

Жасалгалуу дасторкон үстүндө түркүн даам менен кошо суусундук түрлөрү бар .Ар даамдан татып көңүлдүү отурушту . Жаңырган музыка ыргагында бийлеп да койуп да жатышты .

Жигит чылым чеккени сыртка чыгып баратып жаш селкиге кагыша кетти . Аппак жүзү жасалгасыз , бойоксуз сулуу экен . Жигит селки астында апкаарый түштү . Тиктешген каректерин ала качып терс карады . Селки секин ийилип кечирим сурап өз жолу менен кете берди . Жигит сыртка чыга качты . Өз Дүйнөсүндө бу селкиге суктанууга, сөз сүйлөөгө акысыз экенин туйду . Булганыч жашоосу бу селкинин кадырына кайдан жетсин . Чылымын түтөтүп , мууну калчылдай ойго батып кетти .

Бу булганыч жашоосунан өзү жийиркенет . Кайдадыр алыстарга качкысы келет . Негедир кадамдары тушалгандай бу жашоодон чыга албады .Эптеп күн өтсө болду дегенчелик өз жашоосуна өзү кайыл эле . Кайдыгер дүйнөсүн азыркы селки ойготкондой жүрөгү зыркырап ,муун жүүнү бошой түштү . Эл катары селки жандап үйлөнүү кыялын ишке ашырса чыныда адвм катары жашоо кечирмек . Азыркы селкиге ак жоолугун салып үйүнө ээрчитип барганды элестетти . Анан .. Анан …

Өзү чоңойгон муздак үй , муздак караштар .. Үшүгөн дүйнөсү ичиркенип алды . Балалык кездерин көпчүлүгү бактылуу элес кылса а бу жигитке кайра дүйнөсүн ооруткан сезимдер келээр эле .

Бала болуп эс киргени ата эненин жылуу мээримин көрбөдү. Балким Ата эне болуп болуп мээрим төгүшкөндүр . Бирок эсинде жок . Атасы ичкиликтен башы чыкпай , апасы үй тиричилигинен бошобой балага мээр төгүүгө убактысы болбогон беле айтор дүйнөсүнө жылуулук бере алышпады . Качан болсо үйдө уруш талаш , жаңжал . Келтек жеген апасы , сөгүнгөн атасы жүрөк үшүн алып турчу . Бир жолу сабактан кайтып барса апасы келтектен бети башы көгөрүп , эсин жоготуп эшикте жатыптыр . Иниси экөө жөлөп таяп тургузуп , бетине суу чачып эсине келтиришти . Бетиндеги кандын тактарын жууп үйгө киргизишти . Апасынын зорго эле жаны бар . Көгөргөн жерлерине чүпүрөктү суулап басып , кашыктап тамак ичирип бир топ күн карашты . Ошондо апасынын жүзүн сыйпап ыйлап , биринчи ирээт мээр тартып жакын болду . Апасы да үнсүз ыйлап жашын аарчып баласынын башынан сылады . Жанына тартып кучактады .Бар болгону ушул .Же жетишпеген жашоодо балага көңүл буруу азаят беле , балдар сак аман болсо болду дейт беле ата энелер . Экөөсү тең Баласынын дүйнөсү бөлүшө алышпады .Атасы ичкилик айынан өзү менен өзү . Соо мезгилинде дулдуюп сүйлөбөйт . Мас кезинде сөгүнүп үйдөн кубалап калат . Уктаганда келип жатып алышат . Апасынын жүзүндөгү көк ала тактар секинден кайтып , ары бери өзү басып калды . Ошондо аябай сүйүнгөн. Эми оорубаса экен деп Кудайдан тилеген . Бирок көп өтпөй кайра эле үйдү көңүлсүздүк ээлеп , жетишпеген жашоо айынан апасы самогон тартып сатып баштады . Атасынын бөтөлкөлөш достору толуп кунарсыз көрүнүш кайталана баштады . Апасы ыза айынан кез кез ичип алчу болду . Атасы ар кимдин ишин баалап иниси экөөнү ишке салып койчу . Чөбүн чаап , эгинин сугарып иш аягында акысын сураса атасы эбак эле алып арак ичип койгон болот . Ичкилик айынан үйдөн мастар үзүлбөйт . Балалык доор ушундай дуйнөсүн үшүткөн муздак дубалдар арасында өттү . Мектепти аяктаган соң шаарга баса берди .

Ой күлүк .Чылымын чегип болгуча балалык күндөрү көз алдынан чууруп өттү . Той болгон залга баш бакты . Келип оордуна отурду . Дүйнөсүндө баш аламан ойлор удургуп , көздөрү баягы селкинин издеп жатты . Ал селкиге караган сайын дүйнөсү ооруп , караганга да акысы жоктой өзүнөн өзү кичирейип кыйналып жатты .

Чогуу келген келин ичкиликтен куюп :

— Кел алып жиберели . Кайда жоголуп кеттиң — деди кылыктанып

Жигит аракты эми көргөндөй көпкө тигилип карады да стаканды чекеге түрттү . Балалык күнүн талкалаган ушул эмес беле ..

Келин кыстаса болбой :

— Жоок албайм Башым айланып кетти — деди .

Келин жигиттин ой баскан жүзүн карап :

— Эмне болду? — деди .

Жигит башын чайкап койду . Келин жанындагы курбулары менен бийлегенге чыгып баратып жигитти колдон тартты

— Жүр бийлейли ..

Жигит көңүлсүз алар менен чогуу ортого басты . Тойкананын туш тарабы күзгү болгондуктан музыкага коштолгон түркүн түс чагылып , кызыл жашыл нурлар өчүп жанып жатты .Жигит тушундагы күзгүдөн өзүн өзү көрдү . Үстүндөгү бозоргон жынсы костюм шымы , бутундагы спорт красовкасы , жада калса ары бери уйпаланган чачы , шишигендей кеберсиген жүзү баары көзүнө кунарсыз көрүндү . Өзүн өзү биринчи көргөндөй жүзүн сыйпап ,чачын артка салаалап тарады . Селкиге ушул кейипте көрүнгөн тура . Ал кандай ойлонду экен ..

Дүйнөсүндө дагы бороон чапкын ойлор тынчтык бербей онтотту . Кантип ушул абалга келди ? Эмне себеп ?

Бийге көңүлү жок сыртка чыкты .

Дүйнөсүндө баш аламан суроолор . Айылдагы атасын , апасын эстеди . Инисин ойлоду . Алар кантип жатышат экен .. Баарысы эми эсине түшкөндөй ойлонуп жатты . Ушул кезге чейин жашоосуна ата энесин күнөөлөп жүрдү . Атасын Жетишпеген жашоону , аракты баарын жек көрдү . Баш аламан жашоосуна ошолорду күнөөлөдү . Бирок азыр ойлонсо күнөө аларда эле эмес күнөө өзүндө экен. Тагдыр жолун жакшы жолго өзгөртүүгө эч аракет жасабатыр . Калптан калп тагдырын күнөөлөптур . Көрсө күнөөнүн баары өзүңдө экен . Өзүн өзү Адам кылып тарбиялай албаптыр . Өзүнүн келечеги үчүн күрөш кылбаптыр . Жөн гана курсагы тойгон иттей ар жерде түнөп басып жүрүптүр . Ооруган дүйнөсү айыбын сезгендей Онтоп алды ..

Музыка басылып элдер оордуна отуруп ,ортолук бошогондо жигит келип отурду . Той аяктап элдин баары сыртты көздөй агылганда жигит селкинин караанын издеп жатты . Ары бери карап далбастап таппай эл менен түртүшүп бара жатты . Бет алдына караса селки алдыда баратат . Чачынын жыты буркурап жанаша баратат . Эл да мүмкүнчүлүк түзүп бергендей селкиге жанашып баратып озун бактылуу сезип алды . Кыздын колун кармоого , жакындоого дити барбады . Жийиркеничтүү колдорун тийгизгиси келбеди . Сыртка чыккан соң селкини узатып карап өзүнчө шыбырады :

— Мен сөзсүз өзүмү табам Адам болууга далалат кылам . Ошондо сага сөзсүз кезигем

Достору кол булгалап чакырса да карабай бөлүнүп башка жол менен караңгы түнгө сиңип кетти .

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE