Пример HTML-страницы

Келин (Болгон окуя) 

https://kyrgyzcha.site/?p=19181&preview=true Кызыктуу окуялар.

Келин!

(Болгон окуя, 1997-2003 жылдары)

 

Тобоо кылам, азыр айткан сөзүмө чындап тобоо кылам балам. Ал күч барында, акча деген адамды бат азгырат тура. Ал кезде мен аябай күчтүү, сөзүм өткүр курч, байдын байбичеси болуп турсам, баары менден айбыгып тике карап да сүйлөй алчу эмес. Өзүмүн кыз келиндерим эмес , тууган уруктун, колу коңшунун келиндери да ыйбаа кылып турушчу.

Убакыт келип эң кичүү уулумду үйлөр мезгил келип, аябай кыз издедик. Колдо кала турган келин деп аябай сураштырып, көрүп билген жерден алалы деп аракет кылдык. Биз канчалык аракет кылбайлы, Жараткан Алла Таала эчаак эле бирөөнү маңдайына жазып койгонун ал кезде кайдан билейин.

Биз тапкан кыздар уулума жакпай , көкүрөк күчүгүбүз кенже уулубуз болгон үчүн , акыры өзү тапкан кызга куда түшүп, сөйкө салып келдик. Биздей бай болбогон менен , сыйга аябай жакшы экен кудалар. Дасторконун жайылтып колунан келишинче сыйлап, тойду өткөрүп , келинди үйгө киргизип алдык.

Келиним биринчи күндөн эле аябай жароокер, кичи пейил, өтө жөнөкөй экенин баамдадым. Бирок мага колдогу келин бир аз кыялы тарс турс, кичине катуураак болсо деп ойлочуу элем. Себеби биздин кашыктап чогулткан үй жайды, дүйнөнү бекем болсо деп, абышкам экөөбүз ниет кылчу элек. Келиндин аягынан, койчунун таягынан деп бекеринен айтылган эмес экен, көп жакшы иштерди ушул келин келгенден кийин жасадык. Абышкам келинге аябай жакшы мамиле кылып , эмне иш кылса экөө эрчишип, келин дагы, ата мындай кылайынбы же тигиндей кылайынбы деп сөзсүз түрдө сурап кылат.

Ошондой жакшы күндөрдүн биринде эле биз күтпөгөн окуя болуп калды.

Үйдөн акча жоголуп калды, аябай жаман болдук, үйдө ашыкча адам жок. Биз, анан уулум менен келиним. Ичибизден эле сыздап унчукпай, улам келин колу туткак чыккан окшойт, колунда жок жерден алсак , мүмкүн ошондой болуп жүрбөсун деп ойлонуп, келинди байкап, улам баскан турганын карайбыз. Ал мурда кандай болсо ошондой эле жүрөт, сыр бербейт. Экинчи жолу дагы абышкамын чөнтөгүнөн акча жоголду, эми чындап ачууга алдырып келинди аябай тилдеп салдым. Ал болсо, апа эмне жөнүндө айтып жатасыз, мен эч нерсе түшүнгөн жокмун, кандай акча, мен эч кандай акча көргөн жокмун деп көз жашын төгүп ыйлап жиберди. Ишенген жокмун, абышкам да менин сөзүмө кирип, келинге мурдагыдай болбой , өз бөлмөбүздү култап калдык. Баалуу буюмдарды, акчаны ачык койбой турган болдук. Арадан бир топ ай өтүп , үйдөн чоң суммадагы акча жоголду. Эмне кылабыз, эми кимден көрөбүз , башыбыз катты. Ошол окуядан көп өтпөй айылда бирөөлөргө мал, кой бактырчу элек, алардан кабар келди, уулунар бир топ койду сатып акчасын алып кетти деген.

Мына сага анык уруу эми чыкты, эмне дээрибизди билбей калдык. Көрсө үйдөгү акчаларды да уулум алып жүрүптүр. Биз байкуш келинден көрүп, аны жемелеп, акыркы күндөрү аябай чунчуп кеткен эле байкуш келин. Абышкам экөөбүз эки жолу келиндин бөлмөсүнө акча коюп да көрдүк. Бир жолу алардын бөлмөсүндөгү килемдин астына коюп койсок, келин үйүн жыйнаган кезде таап, ата үйдө акча туратко деп көтөрүп чыккан. Абышкам экөөбүз тең сыр бербей кандай акча экен деп алып койгонбуз. Аа бир койгон акча , ошол койгон жерде тура берген эле. Анда ан сайын башыбыз маң болуп, эмне деп ойлонушту да билген эмеспиз.

Эмне себептен, эмне жетпейт буга деп үйдө аябай ыйладым, келиним чогуу ыйлап жүрөт, апа баланызга ыйман, ынсап берсин Кудайым. Адашкан чыгаар, көп кыжаалат болбонузчу деп мени кайра аяп жүрөт. Уулум ал акчаларды алган бойдон жок, акыры чоң уулум таап келди, бир нече убакыт өткөндөн кийин.

Жаман балдарга кошулуп , кумар оюндары менен алек болуп жүргөн экен. Акча десе акча, кийим десе кийим даяр уулума, баарына өзүм күнөөлүү элем. Жашым өтүп калган кезде төрөгөн уулум эле деп, аябай эрке кылып, бардык айткан нерсесин даяр кылып берчү элем. Көрсө баланы даяр оокатка көндүрүп үйрөтүү туура эмес экен. Баланы жаштайынан эмгекке үйрөтүп, өз оокатына тын болууну үйрөтүү керек экен.

 

Бир жыл өтүп келиним уул төрөп, бир аз болсо да баягы жаман иштер унутта калып, үйүбүз жарык боло түштү. Мүмкүн уулдуу болгон соң , уулум да өзгөрөт чыгаар деп ойлодук. Башында жакшы көргөн аялын , төрөгөн соң кол көтөрүүнү адат кылды уулум. Мен келинден талап кылам, күйөөңдү башкар, каякка кеттиң, ким менен жүрөсүң деп сура, сен катуу болсоң ал үйдөн чыкпасын дейм. Байкуш менден корккон үчүн күйөөсүнөн сураса , ал эркектик кылып өзүм билем , ишин эмне сенин, сенден сурап чыгышым керек бекен деп кол көтөрөт экен, аны кийин билдим. Кээде үйдөн чыгып кеткен боюнча жумалап келбей коёт, келгиче сар санаа болобуз, келинди да ойлонуп, бул да бирөөнүн баласы, жаш болсо деп аяйбыз. Эң башкысы уулум үйгө аман эсен келсе болду деп, айла, арга жок күтүп калабыз. Билинбей ушундай жашоо менен төрт жыл жашадык. Ал арада келин аябай арыктап, чунчуп кетти, далай жолу күйөөсүнүн таягын жеди. Бирок бир да жолу же бизге, же ата энесине арызданган жок, кетип деле калган жок. Унчукпай оокатын жасап жүрө берди.

Азыр ойлосом ошол учурда аны жакшы сүйлөп, алдап соолап алып жүрсөм мүмкүн баары башкача болмок беле деп. А мен уулума ачуум келген учурда келинден чыгарып алчу элем. Сен катуу болбойсунбу, сен мындай болбойсунбу деп турат элем. Акыры биздин жашоого чыдабай кетип калды, барып алып келели деп эки күндөн кийин абышкам экөөбүз бардык. Бирок келиним бир сүйлөп, менден ыраазы болгула, сабырдын да чеги болот, эми үстүмө алтын чачсаңыз да кайра ал эшикти аттабайм деди, жаман аялдар сыяктуу үйүмө качып, кайра барган жокмун, сабыр кылып күттүм, бирок эми кеч. Уулумду бербейм деп айтканда , ачууга алдырып ийдим, барбасан барба, бербесен бербе, өз уулум ата энесине жакшылык кылбаган , сенин уулуң бизге жакшылык кылмак беле дедим да, ордуман туруп чыгып кеттим.

Жараткан сөз сүйлөгөн кезде абайлап сүйлөш керек деп бекеринен эскертүү бербептир да, шашпа , менден улуу сүйлөбө деген окшойт.

Пенде биз өлбөчүдөй болуп, жашоого түбөлүк кала тургандай боло берет экенбиз. Турмуш өзү убакыт менен көрсөтүп, сабак кылып сыздатып, качан гана тобоо кылганында жайына коёт турбайбы.

Он жыл арасында кенже уулум каза болду, ошол жаман жүргөндүн кесепетинен , көп өтпөй кызым, дагы эки жыл ичинде чоң уулум да каза тапты. Абышкам экөөбүз ушуларды көрбөй жер астында болсок ыраазы элек. Бирок Жараткандын таразасынан кутулуп кетүү мүмкүн эмес тура. Абышкамын жүрөгү мунун баарын көтөрө албады, инсульт болуп бир нече ай төшөктө жатып акыры бул дүйнөдөн кете берди. Ошондо баягы айткан сөзүм башыма таш менен ургандай болду, топурак салыш керек, неберемди чакырттым. Келиним, неберемди алып келди, өзүмүн балам жакшылык кылбаган, сенин балан кылмак беле деген сөзүм үчүн, аябай тобоо кылдым. Ушунча жаман иштердин баары бир, ошол айткан сөзүм бир болду. Неберем жай башына барып, чоң атасына топурак салды, мына жакшылык. Сала турган атасы эбак жер алдында жаткан. Адамдын ичинен күйүп, ичинен сыздаганы эң оор жүк экен. Меникиндей карылыкты эч кимге каалабайм, бир убакта айтылган сөз үчүн, мындай кымбат жооп береримди билгенде., аттиң арман.

Мына жашымда жыргап ушул бойдон жүрө берет экенбиз деген менен, ал күч кетип, карылык деген алдыда күтүп турат экен. Жашында берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттүү деген сөз бекеринен эмес тура.

Келиним куран окуп, неберемди таштап кетти, сиз жалгызсыз, кыздын балдары барибир өзүңүздүкү эмес, бир аз жүрө турсун деп. Ушундай ыраазы болдум, убагында ушул дөөлөттүү, ак жолтой келинимди барктап алганда, мүмкүн мындай болбойт беле, ким билсин, Неси болсо да тобоо кылдым, жалынып жалбарып тобоо кылып жүрөм деп, Жараткан билип билбей кетирген каталарыбызды, күнөөмдү кечирсин, деп өз башынан өткөн окуяны айтып берди — апа.

 

Адам кандай гана тагдыр маңдайына келбесин өзү себепкер болуп калат окшобойбу. Турмуш мугалими деп бекеринен айткан эмес да улуулар. Канчалаган адамдар, тагдыр, жашоо………….

Уул жаманы уйгак, этек жеңге жабышып жүрө берет. Ата эненин маңдайына бүткөн тирүүлөй тозок, андан өлүп кана кутулбасаң, тирүүңдө кутулбайсың деп улуулар бекеринен айткан эмес да. Баланы төрөлгөнуно сүйүнбөй, курсакта кезде эле ыйман, ынсап берсин Кудайым деп тилөө керек экенине ынандым.

Эч нерсе дей алган жокмун, жүрөгүм ооруп, ыйлап турдум, кимге кандай карылык берет билбейбиз, арканды узун таштап, эртең кандай күн болорун унутпасак экен деп ойлоп кеттим. Жаштарга, балдарыбызга, кыз келиндерге баарына ыйман берсин Жараткан!

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE