Пример HTML-страницы

КЕЧИР МЕНИ УУЛУМ…( болгон окуя).

https://kyrgyzcha.site/?p=35852&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЕЧИР МЕНИ УУЛУМ…( болгон окуя). Балким кимдир бирөөгө сабак болоор…

 

Мына бүгүн да мени мектепке чакырышты, балаңыз окубайт, мугалимдерин укпайт, кааласа келет сабакка болбосо жок. Сиз эмнеге тарбиялабайсыз уулуңузду?…ж.б көп сөздөр…Мен чарчадым ушундай жашоодон…

 

Күйөөм экөөбүз балабыз бир жашка да чыга электе ажырашканбыз. Мен өзүм бир чоң фирмада бухгалтермин, кандай кыйынчылыктар менен баламды жалгыз чоңойттум, айта бергенге көп убакыт керек…

Жумушум оор, бүтпөй калган эсеп-кысабымды үйгө да көтөрүнүп келип, түн бир убакка чейин иштейм. Балам мындай эмес эле, сабакты жакшы окучу, 4-5 деген баалар менен келчү. Өзгөргөнүнө бир жыл болду, сабак окубайт күндөлүгү 2 ге толгон, 6 -класста окуйт, эптеп 9 ду бүтүп, 2 жыл окуп болсо да техникумда бир кесипке ээ болсо экен деп тилеп калдым. 11 ди бүтөт деген мен үчүн аткарылбаган үмүт…

 

Жумуштан келсем балам үйдө жок экен, ижарага квартира алып жашайбыз. Өз бөлмөңдү жыйнап кой деп кеткен элем, кайда аны жасаш, чачылып жатат кийимдери ар жерде. Жашоомо наалып ыйлагым келип, жыйнай баштадым. Үйдөгү эң кымбат буюм деп эсептелген хрустальная ваза жок! Өзүм аны сатып алыш каякта, туулган күнүмө курбуларым белек кылышкан. Ойума жаман нерселер келди, мына эми үйдөн ташый баштады, жакында бир балдар менен көрдүм эле чоочун, кимдер десем айтпай койгон.Наркомандар болсочу, балам вазаны алып чыгып сатып сайына баштаган болсочу…

 

Айтор ой күлүк эмеспи, өзүмдү алаксытайын деп үй жыйнап жатам, телевизордун артын шыпырайын десем, шыңгыр дей түштү. Колуму салып алып чыксам, ваза экен, сындырып алып газетага ороп бекитип койгон турбайбы мени урушат деп… Ыйлап жибердим, байкушум ошого үйгө келбей жүрөт го … Мага чала болот, качан балам менен адамча сүйлөштүм эле? Сабак окубайсың деп кыйкырам, мектебиңе качан чакыртканын токтотушат деп кыйкырам…Үй жыйнап койсоң болбойбу деп кыйкырам… Кыскасы өзүмдүн чарчаганымды баламдан чыгарып калыпмын…

 

Балам түнкү 12 лерге жакын келди үйгө. Кирип эле мени карап туруп калды, качан адатынча кыйкыра баштайт экен деп күткөндөй…

— Балам, келдиңби? Сени күтө берип, терезеден карай берип көзүм тешилди. Кир колуңду жуу тамактаналы, дедим. Баламын таң калганы байкадым. Кухняга келди эле, залга бар дедим бүгүн ошол жакта тамактанабыз. Үндөбөй отуруп тамактандык. Балам бир маалда башын жерге салып отуруп калды.

— Апа, мен вазаны сындырып алдым, деди.

— Сынбаган нерсе болобу уулум, көрдүм дедим.

 

Токтоо гана акырын айткан сөздөрүмө эрээркеп кеттиби, балам ыйлап кирди. Аны кучактап алып мен да ыйладым. Экөөбүз бир кыйла отурдук.

— Кечир мени балам, кечир жаман апаңды деп башынан сылап жаттым. Мени билбейт дейсиңби, классташтарыңдай кийинте албайм, алардын ата-энелериндей эс алууга алып бара албайм…

 

Эртеси 10 жолу кыйкырып атып ойготчу балам өзү туруптур. Тамактанып алып мен жумушка балам мектебине кетти. Жумуштан келсем, полдор жуулган балам картошка кууруп мени күтүп отуруптур. Мен окуусу жөнүндө сурабоону чечтим, эмне кылайын окугусу келбесе зордогум келбеди. Жүрүм-туруму оңолуп, мени мектепке чакырбай калышканына эле шүгүр дедим. Бир күнү чыдабай уурданып күндөлүгүн ачтым, бир да 2 таппадым… Апа мен тогузду бүтүп 10-класска өтөм деди, макул уулум дедим өзүң чеч. Ичимден көрсөтпөй кудуңдап сүйүндүм… Мен баламды аз жерден жоготуп алайын деп кайра кайрый алганым чоң бакыт эле. Адатымча үйгө алып келип иштеп жатканмын, балам жаныма отуруп жардам берейин деди. Экөөбүз отуруп эсептей баштадык, бир маалда балам башын далыма койду, кичинесинде ушундай отурганды жакшы көрчү.

 

Мен азыр баламы кучактап өөп, жакшы көрөөрумдү айтып турам. Мурдагы аз нерсеге эле кыйкыра баштаган апа жок. Балдар чоңоюп чоң класстарга бара баштаганда мүнөздөрү өзгөрүп, өзгөчө көңүл бурууну талап кылат экен. Ошол убакта кагып-силкпей, көп сүйлөшүп анын көз карашын угуп туруубуз керек экен…Тил табышып мындайча айтканда…

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE