Пример HTML-страницы

Каректин каардуу жашы 9 бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=9300&preview=true Кызыктуу окуялар.

КАРЕКТИН КААРДУУ ЖАШЫ.

   9-БӨЛҮМ..

Мындайда таяк таянып баскан Насыр бирөө жөлөп тургандай басып баратты.Асельдин үйү эки үй өйдө жайгашкандыктын кышылдап болсода жетип барды…

Түк,түк дарбазанын кагылышы угулуп жатты…Үйдө болсо Эрлан менен Асель эле бар..Колдорун калтырак баскан Асель жаздыгын башына жаап алып ыйлап жаткан.

—-Апааа эшикти ачпайсызбы,бирөө келди деп компьютерде олтурган Эрлан күңк этти…Эрлан болсо токтоо жана жүрөкө сөздү бат кабыл алган бала болчу…

——Досторуң болсо керекда,бар өзүң ач.

—Мага эчким келбейт досторумдун баары шаарга кетишкен..Ким болду экен?-деп барып эшикти ачты.

Алдында каары чал жана төрт-беш киши турган.Эчнерсени түшүнбөй эле келгиле деп коюп кирип кетти..

—Апаа тааныш эмес кишилер экен,өзүң чыкчы…

Асель Насырдын келгенин сезди.Үнү дирилдеп,денесин калтырак басып айласыз чыкты…

—-Угуп жатам,эмне керек..

—-Мага эчнерсенин кереги жок,болгону баласын жоготуп жайын таппай калганда кандай болот экенин сезипсиң ошону көргөнү келдим…Айтчы эми жактыбы?

—-Табалаба айбан,каарыган эшшек.Эл өлсөда сен өлбөдүң,кудай алгыс куу баш экенсиңго..

Оооба мен бир жолу адаштым,Азат менен байланышып алып адаштым.Бирок Тимурду мен өлтүргөн эмесмин..Өзүм араң жүрсөм сөөгүн мен кантип жок кылмак элем?Мен ката кетирсем ал үчүн төлөп бүттүм,өз бактым менен төлөдүм..Эрнистен ажыраштырдың сага азбы ошол..Силерди деп өмүр бою чалдын кучагында тепселдим.Бакыттын,сүйүүнүн эмне экенин сезбедим..Ошол азбы сага?Айтчы эмне өлүп берсем жаның тынабы???

——Жоок,сен өлбө.Сен жаша азапта жаша,көргөнүңдөн көрбөгөнүң көп сенин..Бул жаза сага аздык кылат…

—Жогол,жогол бар..

—-Куубасаңда кетем,сенин мындай арам үйүңдө бир мүнөт тургум жок.

Баары эшике чыгып кеткенде артынан жаап,үйдү көздөй бурулду эле Эрлан туруптур..Баласынын бар экенин таакыр унутканбы,же маанисиз дегенби бүт нерсени айтып салган..

Эрлан көзүнө жаш алып калыптыр..

—Апа айтсаң мунун баары чынбы?

—Эмне чынбы балам…

——Сен ойнош ойноп кетип күйөөңдү өлтүрүп сөөгүн жок кылганың чынбы?

—Жок,балам андай эмес.Жаш кезимде күйөөгө тийгем..Ал мас болуп келип асынып өлүп алган..Ошону менден көрүп жатат..

—Апа,алдаба деп үйрөтүп алып бизге өзүң эмнеге калпычысың?Азыр эле башка сөздү сүйлөп жатпадың беле.

Эмне эле Максат байкем үйдөн качат десе кыялыңды билет турбайбы.Мен кетем..Кечире албайм мен.Азыр барып ошол аксакалдан баарын кенен сурап билем,эгер мен ойлогондонда жаман болсо мурункуң экинчи үйгө басып келбейм…Өзүң айтасыңбы же аксакалдан сурайынбы?

—-Өзүм айтам.Алардан укканча менден ук..Эмне болсоңда үйдөн бол.Эл көзүнө уят болбо балам.

Мындан көөп жыл мурун мен сүйгөн инсан бар болчу,ал мени алдап колдонуп алып досуна алып берип койгон..Ал досу ушул кишинин баласы болчу..Баарына маакул болуп жашап жаткам Азат келип баарын бузду..Ал мени зордуктап жатканда келип калды.Экөө мушташып анан Тимурдү өлтүрүп салган.Мени байлап кетип калган..

Тимурду жерге бергенден кийин күмөн санап казабыз деп калды.Мен коркуп Россияга качып кеткем.Андан аркысын билбейм.Үйдөгү бир-туугандарым менден кечип салышкан.Ошондон бери көчө кызымын.Бирөөнүн этегин кармап тийдим эле агада ушул кайнатам келип айтып салып таштап кеткен.Ал Бакыт менен Максаттын атасы болчу..Каргыш тийгир мени бир-туугандарымдан,күйөөмдөн эми мынтип баламданда ажыратканы турат.Ушундан кутулбас болдум…!—деп ыйлап жатты.Калп айтууга аргасыз болду.Баласына чындыкты айтса түбөлүк жоготуп алмак.

Кыжырданган Эрлан кошунасыныкына эшигин тееп барды..

—-Кана,кана эми сизди угайын.

Эмне болду эле аксакал,Асельдин баласымын.

—Балам сен жашсың азыр үйүңө бар.

—-Маакул чындыкты айтайын,бирок биринчи сен жооп бер эмне максатта билгиң келет чындыкты.?

——Кимдики чын,кимдики калп экенин билгим келет болгону…

Ошондо чечим чыгарам,апамдыкы чын деп чечсем силер таарынбагыла,силердикин чын десем үйгө экинчи аттап кирбейм,андай эненин кереги жок мага.

—-Балам туура сөздөр бирок,кимдики калп кимдики чын экенин кайдан билесиң?Кантип чечим чыгарасың?Туура эмес тандоо болот деген ой сага келбедиби?

—-Мен баарын сезем,туям..Апамдыкын туура десем сиздин сөзүңүздү угууга келбейт элем.Кана баштаңыз..

Насир олтуруп баарын баштан-аяк айтып берди..Башын мыкчып эле эми араң 17жаштан өткөн бала ыйлап олтуруп калды.Рахмат сизге айтып бергениңизге..Ушунчалык өз энеме ишенгим келип турат ушунчалык.!—деп чыгып кетти.

Үйүнө кирип төөрдөгү текчеде көөптөн бери ачылбай жаткан куран китепти алып келди..

—Апа ушул ыйык китепти кармап,баламдын күнүн көрбөй калайын деп карганчы башымдан кармап.Тигилердин сөзүн калп дечи.

Ыйлай берип көзү кыпкызыл болуп калган Асель үн сөзү жок эле эшике чыгып кетти..Мунун баары каарынын сөзү чындык дегенди билдиретта..Эрлан кичинекей сумкага кийимдерин салдыда чыгып баратты..Эшикте шалпыйып олтурган апасын бир жыттап өөп чыгып кетти..Кайда бармак Максаттын алдына келди..Баарын төкпөй-чачпай айтып берди…Уккан кулагына ишенбей Максат отуруп калды..Бир жыл шаарда окудуда 18жашка толоору менен Кытайга окуганы кетип калды..Ушуну менен төрт жылдай кабарында билдирбей койду.

 

Айылда дуу кептер.Баарына жайылып кеткен Асельдин өтүмүшү..

Колдору менен кезеп көрсөтөт жаш балдардан бери.Эчкимге сыйы калбаган..Эптеп күн өткөзөт.Бирда жан менен салам алашып-беришпейт.Айылда көзгө көрүнбөгөн жандай жүрүп тажады.Үйүн сатып кетейин десе эчким албайт..Шаарга барса балдары батырбайт..Бир күнү Максаттын акыбалын сурап келем деп Бишкеке келди..Айтпай келгени үчүн Раянаны үйдөн кармап алды.Экөө эчкимге айтпай нике кыйдырып жашап жаткандарына 2ай болуп калган..

—-Апа келиңиз,айтып койсоңуз болмок тосуп алмакмында..

—-Мени тосуп алгыдай депутат белем жөн кой..Кандайсың балам.

—-Жакшы апа,өзүңүз кандайсыз.

Ден-соолук жакшыбы?Неме апа үйдө келиниңиз бар болчу..

—Кайсы келиним?Ий кудай баягы айтып жүргөнүңбү?Ай меейли үйлөнө турган деле кезиң келди,окууну бүттүң..Таанышалы…А баса жумушка орноштуңбу?

—-Жок апа эми араң дипломду алдым.Бир жерге бир айдан кийин жумушка чыгам..Айылга барып келсекпи дегенбиз ага чейин..

—-Ооба сага төрт жылдан бери келбеген эмиби…

Ары жактан суйкайып Раяна чыгып келип жүгүндү..Жакшы деле кабыл албай эптеп алкап койду.

—Мен билбептирмин жоолук алып алмак экенмин деп койду.

Эки-үч күн өтпөй айылга келишти..Раянанын туугандарын чакырып сыйлашты.Той кылалы десе туугандары жок,айылда келмек эмес.Айласыз куда сыйлап эле тим болушту…Асель ооруп жатам жалгызмын деп ыйлап жүрүп Максаттарды айылга алып калды.

Айылдын сүтүн алып каймак,сүзмө,курут,сары май кылып иш баштап алышты..Раяна өтө тың экен баарын эптеп кетти.Асельдин Раянаны жактырбаганы жактырбаган..Жинденип эле турат.Урушууга себеп таппай ..Раянанын боюнда болуп кыз төрөгөн..Раяна айылдагылардан кайненесинин мурункусун уксада,үн катпайт..Кайра болушуп турат.Апасына жагайын деп болгон күчүн салып кызмат кылат..

Асельге баарыбирдей.Акыркы күндөрү кудай эсинен чыгып кеткен.Жада калса небересинеда мээрим жок..Өзүн бай сезип Раянаны теңине албайт.Сенин энең мындай эле юбка кийип келди,туфлиси үзүлөйүн деген кептерди айтатта турат.Байкуш келин өзүңүз адам өлтүргүч деп айтса болот биротоло оозу жабылмак,бирок күйөөсүн сыйлап антпейт..Максат баарын сезседа айласы канча энесида баарына көз жумат..Мурун ойнош ойноп күйөөсүн өлтүрүп салганында билет.Намыстанып карабай коёюн десе энесине боору ачыйт..Кечирбеседа түшүнүп жашаганга аракет кылат.

—-Максат мага мындай келиндин кереги жок уктуңбу..Кызынын сийдигин башына кийип алган.Үйдүн боктой болуп кеткенин кара.Колунан эчнерсе келбейт.Баягы күнү мына сага дегенсип көйнөгүмдү астына коюп сийдирип салыптыр.Ошондо мени тряпкага теңегениби?

Же кайненем дебейт..Дайыма жылуу тамак ичем.Ысытып берет же жаңы тамак муздаганда берет.Шөлдүрөгөн төркүнүн тартканда..Жогот көзүмө көрсөтпөй.

—Апа ушунча сүттү тартып,уютуп курут кылыш эле канча мээнет.Жетишпей жатса керекда..Көйнөгүңүздү чечип ыргытсаңыз тоголонуп барып сийетта..Атайын салмак беле.Төркүнүнө тийишпеңиз апа уят эми.Кызын кордогонуң аз келгенсип туугандарын эмне тийишесиң?Апа мен кетирбейм сөз бүттү..Себепсиз кетирбейм…Өзүңүздүн окуяңызды бетиңизге салбай отурат келиниң.Бирдей айтышып турса ошондо көрмөксүң..

—-Иий де катыныңа болушуп эле..Энеңденда артыкпы катының я?

Ал айтышпай жайлап жатпайбы.ууууу—-ууууу мен өлгөндө ырас экен дейсиң баарын.!!-деп кирип кетти..

Раяна баарын угуп эле турган күйөөсүнүн болушканын угуп сөз кошкусу келбеди..

Жөн гана Максаттын кучагында ыйлай берди..

—Болду ыйлаба Раяна.Сага рахмат чыдаганыңа..Ыраазымын..Мен ардайым сага ишенем деп сооротуп жатты…

 

Уландысы бар….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE