Пример HTML-страницы

Каректин каардуу жашы 8 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=9300&preview=true Кызыктуу окуялар.

КАРЕКТИН КААРДУУ ЖАШЫ.

8-БӨЛҮМ

Урматтуу окурмандарым,сиздерге чооң рахмат.Жакшыда жаманда сын-пикирлер болуп жатат…Албетте баарын туура кабыл алганга аракет кылып жатам.Бирок чектен ашкандарда көп…Көч бара-бара түзөлөт деп эле айтмакчымын..Грамматика деп какшагандар кааласаңыз,колумдан келет десеңиз менде сунуш бар.Мен жазып бүтүп силерге жиберем,силер үтүр,точкасын коюп,оңдоп бергиле..Анан башка сынчылар келип ката бар десе таарынмай жок бирок..Маакул болсоңор мага жазгыла.Болобосо оюңарды тереең каткыла өзүңөргө….

Айтып кетүүчү нерсе;—Урматтуу группалардын администраторлору сиздерге айта кетчү нерсе бар..Башка группаларга чыгып,эл окуса мен кубанам.Жана бөлүшүп жатканыңыздарга чооң рахмат.Башка көөп группалардан көрдүм менин чыгармаларымды чыгарып жатыпсыздар,бир ооз айтып койсоңуздар кийинкисинде..

 

 

 

 

Жашоо уланууда..Жакшыны жаман коштоп жүрөт демекчи жакшы күндөрдү жаман күндөр коштоп жашоо уланып жатты..Кайгы-капа бул баардык адамда бар..

Максат болсо агасын өз колум менен өлтүрдүм деп,өзүн кыйнаганы кыйнаган…

—-Мен киммин?Мен деген өгөй атанын колунда өскөн таштандымын.Мен деген өз агасын өлүмгө айдаган акмакмын…Мен арсызмын,мен айбанмын…Мага берилүүчү жазанын өзү жок…

Апаа апаа .

—-Угуп жатам балам,эмне болду?

—Мен айылда жүрө албай калдым.Иштеп келсем эмне болот?

—-Койчу кайдагын айтпай,мен жалгыз каламбы…Ушул жакта эле болосуң…Үйлөнсөң боло,жалгыздыктан тажап кеттим.

—Апа,жок дегенде борборго барып келсем эмне болот?Эки жакты көрүп дегендей..Окуйм…

—-Окусаң мейли..Менин бир арманым барда Бакыт агаңдын коюлган жерин билгим келет..

‘—-Апа коюңузчу,тынч жатсынчы эми агам..Эмне пайда?Сизди билемго эртең эле күмбөз коём деп чыгасыз,анан эл кайра баштайт..

—-Урдум ошол элиңди..Баламдын жанын алып тынышты..Жалгыздан алы жетпегенден кийин эмне баарылашат?

—Апа,болдучу эми..Бакыт агам аша чаап кеткен акыркы күндөрү.Эчкимди көзгө илбейт.Төрдү ээлейт,аксакалдарды тееп өтүп..Жиликтин чоңун жегени аз келгенсип жаңы келиндерге күйөөсүнөн биринчи кирем дейт..Бул кимге жаксын я?Эл мынтпегенде деле балаңды түрмөгө камашмак.

—-Акмак сен эмне элди актап жатасың деп баласын жаака чапты..

Улакчылар жыгып берди дейт,сен ошондо кайакта элең?Сенин командаңго..Же эмне сенда бар белең ошондо?Эмне болушуп агаңды алып калбадың?

—-Ооба ошол жерде элем..Эмне болуптур?Аның ошого татыктуу..Бирөөнүн ак никелүү аялын тебелегенге анын кандай акысы бар?Эмне деп актайсың балаңды эми?Ал ошого татыктуу уктуңбу….

—Сен сен мынтип актанбай эле кой уктуңбу..Кара башыңды жегир,чыныңды айт андан көрө.Коркоктук кылдым де…Болушсам менида өлтүрөт болчу дебейсиңби…

—Болду апа өткөн иш өттү болдуда.Эмне кылсаңда тирилбейт эми..Башында өзүң кой-ай деген эмессиң өзүңдөн көр..

—Куурадым ай куурадым..Акесинин өлүмүн иниси табалайт деген не шумдук я?Жогол үйдөн жогол..

—Кайда жоголойун?Апа алжыбачы..Чындык ушундай ачуу..Мен шаарга кеттим деп кийимдерин жыйнап кирди..

жинденседа баласына шаардагы үйдүн ачкычын берди..

Максат шаарга келип Журналистика факультетине тапшырып окуп жатты.Көөп ойлонуп жүрүп чачына бирааз ак түшкөндөй..

Окуусуна болгон күчүн салып окуп жатты,башка нерсени унутуш үчүн.

Биринчи курсту бүтүп,жөн жүрбөйүн деп бир Кафеге бармен болуп ишке кирип иштеп турууну чечти..

—Саламатсыңарбы.ишчи керек деп жарыя берген экенсиңер..Мени сынап көрбөйсүңөрбү…

—-Атыңыз ким?

—Максат атым..Жашым жыйырмада.Студентмин.Окуу башталганда деле түнкү сменде иштей берем эгер үйрөнүп кетсем..

Аз сүйлөгөн бала кантип тыпылдап кеткенин өзү байкабай калды..Кафеге киргенде эле бул кызды көрүп жактырып калган.Эмне болсода таанышыш керек деп ишке кирүүгө болгон күчүн салып жатты.

—Аа жакшы..Менин атым Раяна,ушул кафеде администратор болом..Негизи жумуш жеңил эле,болгону үйрөнүп алсаңыз болду..Үч күн стажировка өтөсүз сизге үйрөтүшөт анан өз алдынча иштеп баштайсыз..Түшүнүктүүбү?

—Түшүнүктүү,жашыңыз канчада?

—Я эмне?

—-Ой неме айлык канча дейм..

—Айлык жакшы буюруса,бүгүн көрүңүз анан калганын көрөбүз.

Маакул деп шыпылдаган Максат ишке дароо киришти…Эки күндө бүт үйрөнүп алды..Раянаны уурданып караганы караган.Муну эбаак байкаган Раяна ичинен сүйүнүп алат.

Экөөнүн жаштары тең.Бара-бара экөө тил табышып жакшы болуп кетишти..Иштен бөлөкда жолугушуп сейилдешет..Экөөнүн мамилеси достука айланып анан сүйүүгө алмашып жарашыктуу жаштардан болуп калды..

Күндө сейилдешет,жакшы сөздөрүн аяшпайт..Сыр катуу деген буларда жок..Раянада болгон сырын Максатка айтып берген…

Раяна атасы жок,апасы жалгыз чоңойткон..Башка биртуугандарыда баары иштеп апасын багышат..Мурун канчалык кыйын жашоо көрүп өскөнүн элестетип алып ыйлап алат..

Арадан эки-үч ай өтүп Максат үйлөнүү сунушун киргизди..Раяна кубануу менен кабыл алды.Бул жаңылыкты сүйүнчүлөйм деп Максат айылга жөнөп кетти..

—Апа,апааа дейм кандайсыз..

—-Ой жакшы,сенинда келетурган күнүң бар экенда ээ?

Сагындым балам.Кандайсың?

Эмне кылып жүрөсүң?Кайда окуп жатасың?Кыйналган жоксуңбу? Ушул сыяктуу суроолорду жаадырып салды..

—-Апа баары жакшы..Апа мен үйлөнөйүн деп жатам,сүйүнчү..

—-Болсун балам,үйлөн жыргап калайын..Кайактын кызы?

—Апа тиги Жалал-Абадтан болот..

Өзүм менен тең.Тың,сулуу сизге жагат апа.Жоош айтканыңыздан чыкпайт..

—Ата-энеси кимдер экен?

Ким болуп иштейт экен..?

—-Апасы кара жумушчу болуп эле баккан экен буларды..Атасыз өскөн.

—-Ай бала жетим кызды алып туугандарын өмүр бою баккың барбы сенин?

—Апа Жалал-Абад кайда калган..Бизден алыс элего…Жетим эмес апасы бар..

—-Эмне экен бар болсо?Атасыз өскөн тарбиясызды албайсың сөз бүттү..

——Апа мени билесизда алам десем эчкимден сурабайм…

—-Билем,сурабасаң өзүң бил.Менин оюм ошол..Бас чай ич..

——Дайыма сүйүнүп бирдемке айтса куйчуңдап турасың э апа..Атасыз дейсиң менинда атам жокко..Эки эркектен төрөгөнсүң бизди..

—-Салыштырба,салыштырбай кал деп Асельдин заары чачырап кетти.

Сени деген Асанбай чоңойтту..Ал деген бай-манап..Төрөлгөнүңдөн баккан атаң болуп калды..

Өз теңиңди тап.

—-Ээк койчу апа мен кетим кайра.

—Кайда ботом?

—Шааргада..

Качан маакул алып кел дегениңде келем деп чыгып кетти.Нандагы ооз тийбеди…

Ээк деп кол жаңсаган бойдон ишин уланта берди Асель.

—-Мындай сүйүүнүн канчасы келип кетет..Урушуп кеткенде мен эстейт деп ойлоп койду…

 

—-Асель эже сизди апам жардам берип койсунчу дейт!—деп кошунанын кичине кызы чууркап келип айтып кетти..

Эмне болду экен деп жетип барды..

—-Ай Асель жакшы келбедиңби,ортончу кызымды Чүйгө алакачып кетиптир .Куда келет экен.Боорсок жасашып койчу..Жетишпей жатабыз..Жолго чыгыптыр кулдук ургандар…

Бол ай..

—-Ий жеңе маакул,жакшы болгон турбайбы той жакшыда..Бактысын тапсын..Эмне калтырдыңызбы кызыңызды?

—-Ооба калтырдым..Кызым өзү сүйлөшүп жүрүптүрда.Бишкектеги сиңдим барып көрүп келди..Жакшы турушат экен..Бала өзү чет мамлекетте окуп келиптир..Ата-энеси Германияда иштешет экен..Үйдө каары чоң кайнатасы бар экен ошону менен жашашат окшойт.

Көңүлү каалап жатса бизда ыраазы болдук..Кууп барганы сенда барасың.Азыр келип кетишсинчи..

—Айий ай маакул деп кудуңдап иш кылып жүрдү…Бат эле дасторкон жайышып куда тоскону даяр болуп калды..Кудааларда көп күттүрбөй келип калышты..Асель кандай немелер экен деп кызыгып кетпей жүргөн..

Кулдугубуз бар,кулдугубуз бар деп беш адам кирип келди..

—-Киргиле,эки жаш табышканы жакшы бирок,койдой кылып алакачпай ачык алып кетсеңер болмокда.Биздагы жүзүбүз жарык кылып узатмакпыз той менен.

—-Кечириңиздер,биздагы түшүнбөй калдык..Тойду дүңгүрөтүп беребиз андан кыжалат болбоңуздар..Эки жаш табышып калыптыр кош колдоп батаа берелик..

Бул үндү кайдандыр уккансып Асель чоочуй түштү..Көөп адамдын арасынан караңгыда жүзүн жакшы көрө албагай алдыраак жылды..

Көргөн көзүнө ишене албас.Маңдайында Тимурдун атасы Насыр турган..Тили тамагына такалгансып катып калды..Элдин арасынан Асельди көрүп Насырда чоочуп кетти..Эчкимди көзгө илбей эле бул аял ким?-деп сурады Асельди көрсөтүп..

—Аа куда бул деген кошунабыз,таанышсыңарбы?

—-Ананчы,болгонуда жаман тааныштарданбыз..

Сөздүн калганын укпай Асель чыгып кетти…Эмне болгонуна таңыркашып кудаларды үйгө баштап киришти..

Баардык сөздү таштап эле Насыр аксакал Асель тууралуу сурап кирди.

—-Бул аял кайдан жашап калды бул жакта?

—Мунун мурунку жолдошу Токтогулдук болчу экен,экөө ажырашып кеткенде ушул бизжактагы үйүн бериптир.Эки кичинекей баласы менен тее илгери көчүп келген.Үйү айылдын башында.

Асанбай деген улуу аксакалдын кемпири каза болуп калып ушул жаш келинди алган.Бир уул төрөп берген..Эки жыл мурунураак чалы каза болуп өздөрү калышкан..Байкуштун багы ачылбады,чоң баласы начар чыгып элди тоноп,жаш келиндерди зордуктап жаман болуп кеткен.Чёрный дейби ошондой болчу.Былтыры элдер чогулуп ташбаранга алып ал баласын өлтүрүп салышты..Ортончу баласы болсо улакчы,анысы акылдуурак бирок апасы менен келише албай шаардан келбей окуп жүрөт.Кенжеси быйыл мектепти бүттү.Анысыда окуганы кетсе жалгыз калатко байкуш…

Эмнеге сурадыңыз?Кайдан тааныйсыз?

—-Ээ бул деген бизди сыздатып кеткен..Тимур деген айдай балама турмушка чыгып,досу менен көңүлдөш болуп алыптыр..Экөөнү балам кармап калып каттуу мушташ болуптур..Бул куу түлкү элге шерменде болбоюн деп ойношуна айтып асынтып өлтүрүп коюптур.Биз аны билбейбиз.Окшосун деп өзүн байлатып ойношун качырып жибериптир..Достору денесинин көгөргөнүнөн күмөн санап айтышкан.Кемпирим ордунан козгобо десе болбой мен каздырып текшерүүгө берсем,сөөктү байкесин ортого салып жүрүп жок кылдырып салган.Каанча жыл сөөгүн таппай сыздадык.Агасы өлөөрүндө келип сөөктү жерге жашыргам деп бир жайды көрсөткөн кечирим сурап.Чынбы жокпу билбейбиз..Кемпир байкуш ошол балага сыздап жүрүп өлүп калды.

Ушундаай.Токтогулдук күйөөсүнө жетим кызмын деп тийген экен.Аны кийин билип калып ошол үчүн ажырашып кетишкен.Ошол жигит дагы жакшы экен көчөгө куубай үй бериптир..Муну кудай жазалаптырды баласы мындай болсо..Өзүн тарткан окшойтко.Жолдошу мыкты жигит эле…

—-Ата болдучу деп Ырыс ортодо сөздү бузду..Өткөн иш эмне болсо ошол болсун.Кудаага келдикпи тынч кетели..

—-Жок,анте албайм мен.Оозуңду жап.Эгер келиниңе тууган болгондо Асель эчкандай той болмок эмес..Мен барып көзүн карап,табалап келем деп жөнөп калды.

Эки тоо көрүшпөйт,эки адам көрүшөт деген макал бекеринен айтылбаса керекда..

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE