Пример HTML-страницы

Каректин каардуу жашы 5 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=9300&preview=true Кызыктуу окуялар.

КАРЕКТИН КААРДУУ ЖАШЫ

5-болум

Жолдо баратып Эрнис өзүнчө бушайман болуп жатты..Азбы көппү чогуу жашадык,баламдын апасы,дагы боюнда бар мен туура эмес кылып жатамбы же..

Аялымды коргоонун ордуна кайра өзүм баш болуп мындай кылып жатканымды.Бирок эмне алдайт..

Жетим кызмын деп,мастыгымдан пайдаланып док урунуп эле тийип алганычы..А мен алданып кайдагы жаш кызга..Жаш болуп алып күйөөсүн өлтүрүп ойношун отургузуп кеткенин кара…Бул мыкаачы накта..Кудай сактасын мындайлардан.Дагы жакшы билип калдым эртереек..Өмүр бою калпта жашамак экенмин..Бүгүн агаларына өз колум менен тапшырып берем..Баламды таштаса алам болбосо алып кете берсин.Уул бала чоңойсо мени өзү таап алат…!—деп өзү менен өзү сүйлөшүп кеңешип алды.

—-Я балам сен муну кайдан таап алгансың ыя?

——Ата,ушул мен орусияда спорт зал иштетем анан ушул кыргыз болгондон кийин кыргыздарга жардам берем..Асель мен өтүп бараткан жакта ыйлап отуруптур.Ким таарынтты деп сурасам көчөдө калдым,акчам жок деди.Ичим ачышып өзүмдүн үйүмө алып баргам..Мас болуп бир күн ойгонсом койнумда экен..Мастыка алдырыпмын деп кечирим сурап үйлөнүүгө туура келген.

Өлөм,жетиммин,абийримден айрыдың десе ишенипмин мен акмак.

—Аай балам ал ошондой куу экен..Тиги менин досумдун баласы менен жүрүп эле менин балама алакачып берип салыптыр..А көңүлү жок катын мурунку сүйгөнү мененда жүрө бериптир..Балам бир күнү кармап алып ошол өзү асынганбы же булар асканбы мага караңгы..Бирок сөөгүн жок кылган ушул…

Ошентип Асельдин үйүнө жетип барышты.Үйдөн кайгыга чөгүп,көзү жашоодон чарчаган аял чыкты..

—Саламатсызбы.Адыл байке үйдөбү.

—А келгиле.Үйдөда кайда болмок эле башка..Алкаш чириген деп ары басып кетти..

Асель кеткенден кийин апасы күндө үйдө ызы-чуу салчу..Жалгыз карындашыңарды асырабай көчөлөп жүрөт жетимдей деп.Эзгиленип ыйлап тапкыла дечү.

Балдары урушуп салчу өлтүргүч кызыңды эмне кыласың деп.

Тың эле жүргөн кемпир жамгырдан буту тайып жыгылып бутун сындырып алып отуруп калган.

Дааратканагада суранып барам,суу ичүүгөда суранам тажадым мындай жашоодон.Көкүрөк күчүк кичине кызымды таба алышпай айдап жиберишсе булардын акча,бийлигинен эмне пайда деп туруп бир күнү…Колу менен таянып жамбаштап чыгып эшиктин алдындагы илгеркии кийим илгич темирге жипти өткөзүп туруп адам башы батчудай байлап,эптеп мойнун сунуп салып отуруп алган…Буту сынган неме тура албай отурган боюнча башын кылчыйтып туруп кете берген…Жумуштан келген Адыл

——Апааа кандайсыз,чай ичтиңби?

Келиниң чай бердиби деп сурап үйгө кирип кеткен..Ушинтип күнгө какталып отурат тура деп байкаган эмес..Кийинип чыгып кайра апа эми таарына бересиңби?Кызың өзү келет кайда бармак эле деп чай коюп тамак жылытып жүрө берген..Эмне келиниң дагы бир жака кеттиби?

Ошол келсинчи деп агада бир кыжырланып алган..Чай ичпей ачка болуп таарынып сүйлөбөй жатат деген ойдо

Апа апа болдучу келбедимби мына чай берем деп келип кучактайын десе тилин тиштеп алган,денеси эбаак муздаган экен…

—-Апа апаа бул эмне кылганың?Апа ач көзүңдү апаааа деп кыйкырганда кошуналар чууркап кирди..Элге сөз болбойун деп мойнундагы жипти чыгарып бекиткени жетишти..

—-Адыл сабыр кыл сабыр.Кайтарып алалбайсың,ажал тура..

Ошондон кийин үйүнө кирген сайын ошол көрүнүштү эстеп Асельди күнөөлөп апасынын өлүмүнө жинденип ишчү болгон.Аздан башталып жүрүп азыр арактан башы чыкпай калган.Жумуштанда айдалып кеткен..Алкаш болгонда калган.Мурунку дүңгүрөгөн Адыл жок…

 

Аңгыча Адыл чыгып баары менен учурашты..

—Ассолом алейкумдар,келгиле..Эмне кызмат?Сен кимсиң иним…

—-Валейкум салам,байке мен ушул сиздин карындашыңыз үчүн келген элем…

—-Ал шуркуя дагы эмненин үстүнөн чыкты?Дагы бирөөнү өлтүрдүбү?Айтып койгула эми атасынын башына жардам берем..Иттей чирисин жатып түрмөдө..

—-Жок,эчкимди өлтүргөн жок.

Мага 2жыл мурун жетим кызмын,эчкимим жок деген…Жардам берейин деп үйүмө алып баргам,кыздарга кошулуп жашап жаткан..Бир күнү мас болуп калыптырмын койнума кирип кетиптир…Эртең менен намысымдан айрыдың өлөм деп коркуткан..Бирөөнүн өлүмүнө себепчи болбойун деп алгам..Көрсө Асель кыз тургай экөөнүн башын жеп барган экен.Тууган-уругуда бар экен…Мындай кыскасы кызыңарды аман-эсен колуңарга тапшырайын.Мындай аялдын мага кереги жок.Баламды бакпайм дебейм багам,таштаса өзүм багам таштабасада жардам берип турам.

Бул аксакал кайнатасы болчу экен,гезит аркылуу табып сизге алып келүүсүн сурандым…

 

Насир менен Адыл учурашышканда эмес.Анткени Тимурдун сөөгү жоголгондо Насир сөгүнүп Адылга барган,экөө каттуу мушташып кетип кийин жүз карашпай калышкан эле.

—-Менден ошондо эмне кызмат?

Хаа же карындашыңды ал дейсиңби.

Урдумда кол койдум ошондой аял затына..Мага демек жалгыздыктан өлүп калсын мага баарыбир..Жиндилигинен энесинда жеди,ээринда деп барып токтоп калды.

Ары жактан Насир иййи эээрин дагы эмне?Улантпайсыңбы..

Силерге каргыш тийди,менин каргышым тийди…Мына баламды асып сен аны жашырып ишти жаап жада калса сөөгүн ыраа көрбөдүң эле энеңда ошол күнгө туш болуптур.

Мен дагыда каргайм сени»ылайым балдарыңдын өлүгүнүн башында олтуруп кал,колуңдан эчнерсе келбей чыркырап кал»».

—-Эуу омей карганбай кал эшшек.

Өлтүргөн адамды карга..Өзүн карга.Өзүн өлтүргөн балаңды мага док урунбай..Балаңдын сөөгү тууралуу укканда эмесмин.

Кайсы жол менен келсең ошол менен кетип кал кайра…Асельди өлтүрүп кааласаң үйүңө илип ал мага баарыбир..Дарбазанын эшиги таарс жабылып кирип кетти..

Экинчи агасыда ошону айтты..

Эрнис айласыз Токтогулга кайтып кетти..Насирда акмактын көзүнө карайм деп ээрчип алган…

Токтогулга жетишти..Эшикте бир кошунасы менен талтайып олтуруп ушакташып жатыптыр Асель.

Унаадан түшкөн жолдошун көрүп көзүнөн бир нерсе болгонун түшүндү.

—Эмне болду Эрнис кетпей калдыңбы?Курсагың ачпы?

—-Асель мага айтчу сөзүң жокпу?

—-Сагындым..Ушул сөзбү?

—-Жоок мурунку жашооң тууралуу?

——Сага баарын айткам жашырбай,дагы эмне дейин..

Машинанын артынан Насир түшкөндө Асельдин көзү чыгып кете жаздап артка бир топ жылып кетти..

——Жылаан,жан алгыч,куу калпычы бас бери…

——Эрнис буларга ишенбе,бул деген менин жаштыгымдан пайдаланып денемди саттырып иштетейин дегенде милицияга салып бергем.Ошого өчөшкөнү бул..Ишенбе.

Сен эмне келдиң деп кайнатасын көздөй сүйлөдү…

—-Менби мен сени өлтүрүүгө келбедим сенин көзүңдү караганы келдим…Бул күйөөң сени кууп чыкканда жалдыраганыңды көргөнү келдим..Баламдын каны сенин колуңда,сөөгү кайда экенин билгени келдим…

Ары жактан Эрнистин ата-энесида жетип келди..Сөздөрдүн көбүнө түшүнбөй туруп калышты..

—Кайдагынын ойлоп таап алгансың куураган куу баш..Мени тынч кой..Кайдагы окуяларды ойлоп таап.Менин жашоомду бузбай жогооол…

—Асель Аксакал жоголбойт сен жоголосуң.Мени дагы акмак тутуп жатасыңбы?Ушунча нерсени угуп бирөөдөн эле ишенип келди дейсиңби?Жооок кечирип кой мен баарын текшерип келдим…Бир эмес эки агаңа бардым…Алар сенден кечиптир айтып кой дешти…Бар туугандарыңды жокко чыгарып сендейда аял болобу?Малсың сен..

Сенин азабыңдан апаңда өзүн асып алыптыр…Эми мына жетиммин де,эчкимим жок де жарашат..Балаңда жок сенин эми,сендей акмака баламды карматпайм уктуңбу…

—-Сен эмне атайын мени изилдеп жүрдүңбү?Эрнис коё турсаң мени кечирчи,сени сүйөм мен,кечир мени..

—Бул мойнуңа алганыңбы э ошондо?

Жок,жоголуп кет.Бир алдаган адамды мен кечире албайм анан адам өлтүргүчтөн корком…Бар акжол сага….

—-Эмне?Сен куусаң кетип калган акмак жок уктуңбу?Үйүңдүн жарымын бересиң?Мына бул балаңда төрөлсө экөөнө алимент төлөйсүң.Ойлоп жатканын мунун.Сени сотко берип каматып салам же же…

—Же эмне өлтүрөсүңбү?Өлтүр кана колуңдан келетда сенин…

Жулунуп үйгө кирип Асель бүт кийимдерин жыйнап баштады..

Иштин чоо-жайын түшүнгөн Эрнистин ата-энеси баласына Асельди көчөгө кууба деп жатты.

—-Балам тиги Шамалды-сайда байкеңден калган үй барго ошону Асельге бер..Ошол жакта жашасын кантседа балаң бар…Айына акча берип тур жегенине…Жашабасаңда ошент балам…

Насирди кайра үйүнө салып жиберип,Асель менен сүйлөшүп Шамалды-сайга көчүрүп барышмай болду….Балдардыда беришти…

Жайгаштырып коюп Эрнис баласы менен коштошуп Россияга кетип калды..Азаздан акча салып турат.

Асельге эмне жыргалда иштебейт,даяр оокат…Эрнис баарын билип калганына кайгырганда жок.

Экинчисин төрөгөндө чоң баласын кайненесине берип салды убакытынча деп..Жаңы төрөлгөн бала менен жалгыз жашайт…Байкуш Эрнистин ата-энеси Эрниске айтпай келишип жеентек берип кетишкен..

Эчнерсе болбогондой эле жүрөт Асель..Бети чымырапда койбойт окшойт мунун..

Жаңы төрөлгөн баласы 4айлык болуп калган кез эле..Жаңы көчүп келгенде Асанбайдын кемпири каза болуптур деп укканда анча көңүл бөлгөн эмес.Кийин элдерден бай экенин укканда кызыгып калды..Ары-бери басып Асанбай чалды аңдыйт..Эмне 24кө эми толгон келин чалга кулүп койсо ээрийтта..

Амалынын көптүгүнөн 58жаштагы Асанбай мененда таанышып,кылтыңдап жүрүп аялынын жылдыгына жетпей экөө үйлөнүп алышты.

 

Уландысы бар :каректин каардуу жашы 5 бөлүм КЫРГЫЗЧА ОКУЯЛАР Кыргызстан жаңылыктары

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE