Пример HTML-страницы

Каректин каардуу жашы 4 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=9300&preview=true Кызыктуу окуялар.

КАРЕКТИН КААРДУУ ЖАШЫ.
4-БӨЛҮМ.
—-Эрнис байке мен сизди агамдай көрүп ишенсем бул кылганыңыз эмне?Өзүмдүн жетим экеним аз келгенсип эми мынтип аруулугумданда айрыдыңыз..Мен эми кандай адам болдум.Ишенеер тоом жок же эчнерсе кыла албайт деп кылганыңызбы?Кандай түшүнсө болот муну..Алам деп коёсуз сүйүүчү?Ансыз кантем..Сизди агамдай көрөм..Жашоо мени калчай берип калбай барам..Өлгөнүм артык менин,өлөм…Өлсөмда өзүмдүн шорум эчкимим жок сөөгүм чирип кетет..Жерге бергенда эчкимим жок деп Эрнистин ичин болушунча ачыштырып жатты.
Ардайым чынчыл,так жүргөн боорукер бала ишенди…
—-Асель койчу болдучу.Сен өлбөйсүң,колум менен кылганды мойнум менен тартам..Үйлөнөбүз..Кааласаң эртең барып үйлөнөбүз..Сенин жөнөкөйлүгүн жагып калган мага..Мамилебиз сүйүүгө айланат сөзсүз.Сени бактылуу кылам ыйлабачы…Маакулдугунду берсең болду.Бул жактагы туугандарды чакырып чакан тойчик менен үйлөнүп жазда барып Кыргызстанга элдин алдынан өтүп келебиз…
—-Жоок,каалабайм.Мени жетим деп эчким кабыл албайт…Аргасыз курулган үй-бүлөө кургум келбейт.Мен өлгөнүм жакшы жерде тынч жатам…Болгону мекениме барып өлсөм сөөгүмда өз жеримде калсын..Ушунча жакшылык кылгыңыз келсе мени акыркы сапарга узатып жерге катыңыз.Сизге таарынбайм ошондо…Ансызда акыркы күндөрү жашоом жаныма батып араң жүргөм…
—-Болду сөз бүттү.Кайдагыны дөөрүбө…Эртең эмес бүгүн үйлөнөбүз..Мени алакачты деп эсептей бер…
Тууган-урукту бүт чакырып кечкиге, өздөрү ЗАГС алганы кетишти..Барып Арыз жазып коюп мечитке нике окутканы кетишти…Кечинде тасмал даярдашып Асельге ак жоолукту салып отургузуп коюшту..Ичинен кудуңдап актриса болсом болмок экен деп жыргап алды…
Бир айда эле Асель Россиянын жаранына турмушка чыкканы үчүн дароо эле орусиянын жараны болуп калды..Квартиралары бар,акчаны гүркүрөтүп табат Эрнис..Жашоо Асельдики.Кенен басат,кенен ичет кийет..Чоёктоп каалаганын кылат..3күн иш 3күн дем алыш кылып алган жумушун…Эрниста өзүн бирдемке кылып албасын деп көңүлүн карайт…Мына куу болуунун үзүрү..Бирок жегендин кусмайы бар дегенди таакыр унуткан..

Бул убакта Насыр күйүттөн чыдабай айла издеп жүрдү..Какпаган эшиги калбады..Калбү таакыр эле айнып калган…Ырыстын аялыда куйчуке..Ырыс жокто кайненесин сабапта коёт..Калбү таяк жеп калганда келининен кадимки жаш баладай отуруп алып ыйлайт.Көчөгө чыгып аркимге даттанат..Оорукчан катындын дөөрүгөнү деп эчким ишенбейт…Эне өлсө бала гөргө бергенче ыйлайт,бала өлсө эне өзү гөргө жатмайынча ыйлайт деген чын тура…Балким жайынан козгобой тим койгондо Калбү мынчалык болбойт беле ким билет..Баласынын сөөгү жерге катылбай бир жакта катып жатканын эстеп жүрүп эле жинди болуп калбадыбы..Насир болсо чын дилинен Асельге ушундай жамандык каалап кетчү…
Жакшы катын эрди хан кылат,жаман жер кылат деген ушул тура деп коёт…Насир кантордон канторго жүрүп бир журналисткага кокустан кезигип калды..Аркы-беркини айтып берип жатып ушул баласы тууралуу айтып калды..Муну уккан журналист гезитке жазып чыгам деп келининин баласынын сүрөттөрүн сурады.Насыр пайдасы тийеер деп сураганын берди…3-4 айда эле бул окуя гезиттерге чыгып кетти.Баары окуп бир сыйра гүүп барып токтоду..

Бул убакта Асель эркек бала төрөдү..
Россиянын балдарга чыккан жөлөк пулун укканда,анын үстүнө Эрнис экөө бирдеме болуп кетсе үйүнө илешип калуу үчүн боюнда болдуруп төрөшкө шашты…Эрнис сүйүнүп баласынын атын Бакыт койду.Бактылуу болсун дегенида..Эрнистин сүйгөн кызы бар болчу негизи.Каанча сүйсөда эркек атын актайм деп айласыз Асельге үйлөнгөн…
—Асель жазында барбай калдык,күзүндө төрөп калдың эми кележаткан жазда барабыз айылга э.Баары менен тааныштырып туугандарга кошушум керек сени.
Карачы билинбей уулдууда болуп калдык..Сен нараазы эмессиңби?
—-Жоок жааным..Куйрук түйүп качып кетпей үйлөнгөнүңдү айтсаң.Сага рахмат..Жашоо мындай таттуу экенин балалуу болгондо сезип жатпаймбы…
Ошентип кайра жаз келди..Асель бала эмизип жатып эле кайра боюнда болуп калды..Үчөө Кыргызстанга сапар тартты…Айылга келишти.Байкуш Эрнистин апасы деле ак көңүл ийилчеек аял..Эмне кантип деп деле териштирбеди..Көтөрүп келген небересин жыттап эле ыраазы болуп отуруп калды…Чакан той кылып анан Эрнис кетмек..Асель төрөгөндөн кийин чоңун таштап артынан бармак болуп сүйлөшүштү..
Той аш баары өттү..Асель мынтип жакшы жерге тийип алганына ыраазы..Мунун тилегени эле өтүмүшүн билип калбаса экен дей берет…
Самолёт менен кетем деп билет алып Эрнис Бишкеке кетти баары менен коштошуп..Самалёту эки күндөн кийин болгондуктан атайын эрте келген Россиядагы спортсмен балдарына белек алып анан Бишкекти көрүп кетейин деп.Дос баласыныкына келип сый көрүп жатты..Жөнөкөй жашашат досу..Аялы анан жакында эле төрөлгөн баласы бар колунда..
Досу эртеси келип эле аялына Гүлүм мына заказың келди.Бетимен беш өппөйсүңбү?
—-Эмне заказ эле я ал..Бетинен өпчүдөй деп Эрнис тамашалай күлдү.
—Ой телевизор алып бере албай аяшыңа куурадым.Шаар жери болсо же ушакташчу эчким жок зееригет кечке бала менен.Ошого мынтип жумуштагылар гезит чогултуп берсе алып келип беремда окуйт деп бир топ гезитти былч эттире алдына таштады..
Досум бензин куюп келдим Аеропортко өзүм жеткизем сени деп столго отурду тамактанууга..Аяшыда тамак салып сөз башка жака бурулуп кетти…
Гезитти ары жылдырып койойун дегенде Эрнистин көзү биринчи бетке көзү түштү..Чооң тамга менен ээринин канын ичкен мыкаачы деп Асельдин анан жандап түшкөн бейтааныш эркектин сүрөтүн көрдү.
Көргөн көзүнө ишенбей кайра-кайра карап окуду.Жанындагы аялынын сүрөтүн алып чыгып салыштырды.Меңиндеги калы дал өзүда.Башка болушу мүмкүн эмес деп делдейип туруп калды.Эки сааттан кийин регстрация башталат.
Жоок билбей кантип кете алам деп ойлонуп жатты..Телефонун алып гезитте көрсөтүлгөн номерди терип звонтетти..
—-Алоо саламатсыңарбы.Мен моогу 7ай мурун чыккан статья боюнча чалып жаттым эле.Менде маалымат бар өздөрү менен жолуксам дедим эле …Темасы ээринин канын ичкен дейби?
—Аа ооба аны мен чыгарган элем.Дарегин так билбейм бирок айылын билем..Жазыңыз.
Досунун машинасын алып дароо чыгып кетти..Тигилер эчнерсе түшүнбөй калды.
Түндө айылга кирип барды..Айылдын башындагы эле бир үйдөн Насыр аксакалдын үйү кайсы деп сурады..Көрсөтүп беришти..
Айылда эшикти жабышпайт делего түз эле эшигини алдына кирип барды.
Насыр ава,аксакал..
—Ассолом алейкум аксакал..Сизби Насыр ава..
—Ва алейкум ассалам балам..Ооба ушул.Кош келипсиң конок кир үйгө.
Келин тур мейман келди чай кой деп кыйкырды..
—-А жок убара болбогула иштер менен эле келдим.Сүйлөшсөк болобу?
—-Келген конок эшиктен кетет деген не шумдук..Ук атаңоозурайын кир дейм..
Чоочуп кетип эле аттап-буттап конок үйгө кирип төрдөн жай алды..
Ооомин куш келипсиң..
Ий мына эми айт түн ортосунда эмне айдады сени?Ким болосуң?
—Насир ава 2жыл мурун сиздин балаңызды өлтүрүп кетишти беле?
—Ооба,мен жинди каматам деп байкушумду гөрдөн сууруп алдым эле.Тиги түлкүнүн агалары бүт органда иштейт экен ишти жаптырып салды.Анысы аз келгенсип баламдын сөөгүн таптыртпай жок кылып салды..Өзүмдө күнөө тынч койсом болмок экен.Баарына ыраазы болуп сөөктү эле тапсаңар болду деп какпаган эшигим калбады.Байкуш энеси тигинтип бир союлду Тимур деп алган.Аны көрүп зееним кейийт..Пешенеге ушул жазылыптыр айла жок эми..
А сен кимсиң?Кайдан уктуң?Же сенда журналистсиңби?
—-Жоок аксакал.Мына бул сүрөттү көрүңүзчү,Асель аты келиниңиз эмеспи?
—Атаң көрө акмак ушул мастанда..Кайда жүрөт бул?Балалуу болуп алганбы?Кара жер жуткур акмак десе деп калчылдап кетти..
—-Бул менин аялым жана балам.Россияда жүрүп таанышып калганбыз..Мастыгымдан пайдаланып койнума кирип абийримден айрыдың,өзүм жетим болсом ушинттиң өлөм деп ыйлаганынан ишенип мен алгам.Көрсө бул бир эрдин башын жеп ойношун отургузуп качкан түлкү экенда..Жетим эмеспи ошондо?
—Кайдан балам.Тектүү эле жердин кызы.Атасы жакшы адам эле каза болуп калган.Энеси кааары агалары көп органда иштейт баары..Ошого эчнерсе кылалбай калбадыкпы..
—-Туугандары мененда катышпайбы?
—Бул окуядан кийин үйүнөн кууп чыгышкан имиш.Билбейм баарын…
Аксакал анда кызы соо кезинде агаларына тапшырайын.Мени менен барыңыз,агаларына жолугуп сүйлөшүп кетейин .
Жылаанды койнума алган турбаймынбы мен акмак…
Ошол күнү ошол жерде жатып калып,эртеси
эртең менен Асельдин үйүнө жөнөштү….

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE