Пример HTML-страницы

Каректин каардуу жашы 10 бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=9300&preview=true Кызыктуу окуялар.

КАРЕКТИН КААРДУУ ЖАШЫ.

    10-БӨЛҮМ.

Раяна өтө сабырдуу,акылдуу келин баарын түшүнүп турат..

—-Максат мен таарынбайм,болгону тилин таап кетсем экен..

—-Шаарга көчүп кетелиби?Апама бир жардамчы кыз таап беребиз..

—-Кайдагын айтпачы Максат.Эл ансызда күлүп жүрөт аркайсыны айтып..Биз кетсек андан беттер апамды басынтып салышпайбы.

—Акылдуу десе,чыдайм десең маакул жүрө туралы..Шаарга деле баарыбыз кетсек болмок бирок апам шаарга чыдабайтта..

Кечинде экөө шыбыраша сүйлөшүп чай ичип жатышты..Бир маалда ашканага Асель кирип келип баакырып баштады..

—-Ийй жашынып жеген кандай жаман..Эмне чогуу ичсек болбойбу?

Менгоо мейли таарынбайын,балдардан бекитип жеген эмне шумдук..

—-Апа болдучу,кайактагын айта бербей..Чай ичип эле олтурабыз биз.Азыр силер деле чай ичтиңерго.

Шылтоо издеп жатасыңбы?

—Тажадым баарынан тажадым..!-деп чыгып кетип тапчанга жатып алды..

Раяна артынан баратса Максат чыгарбай койду…

Үчөө үч жакта таарынып жатышты..

—Максат,кандай ойлойсуң апам менен тил табышып кетемби?

Эрлан эми айылга келбейт окшойт,биз калабызда айылда..Эгер апам сага башка бирөөнү тапкан болсо ала берда..Өмүр бою ит мышыктай кылбай бизди..Мен каршы эмесмин аркы үйгө барып жашай берем…

—-Кайдагыны айтпачы Раяна,мен сенден кечкенче энемден кечем.Ал билбей жатат эмнеге жашап жүргөнүмдү чыдап…

Аа Раяна айтам деп эстен чыгыптыр эртең шаардан достор келет охотага кетебиз бир жумага..

—Апей сүтчү?

—Алёк барго классташым ошол ташып берип турат айтып койдум.Акчасын келип өзүм таратам…Маакулбу силер урушпай олтуруп тургула…

—Маакул аракет кылабыз..Мендеда сага жаңылык бар.

—-Айтчы угуп жатам,кубанычтуу жаңылыкпы?

—-Ананчы,дагы ата болосуң…

—-Кантип?Кызыбыз алты айлыкко болгону…

—Ошентииип деп жылмайып койду.

Эртеси эле Максат таң атпай достору менен кетип калды…Раянага өзүңдү абайла,жылуу жүр деп кеткен..

Байкуш келин күйөөсү жакшы болгон үчүн эле чыдап жүрөт,айласы канча чын жүрөктөн сүйөт..

Муну Асель түшүнбөсө керек,анткени Асельде мындай ыйык сезимден кымындайда жок.

Тек гана өзүн ойлогон ойсеке кемпир десек болот..

Кайнене келин бири-бирине сүйлөшпөйт дагы…Өздөрү менен өздөрү…Мындай тынч күн көпкө узабады…Ошол күнү Максаттын кеткенине эки күн болгон..Сүттүн эскисин бышырып бердиң менден аяп деп жаңжал чыгарды…

—-Сен Максаттын жоктугунан пайдаланып мени кордоп жатасың.Балдарыңдан кайтсын куу баш..Сени башында эле келин кылып албайм дегем..Арамсың сен..Баламдын эле көңүлүн карап жүрөм..Болбособу….

——Апа,айтпайын десем тилди тырмайсыңар..Өзүңөрдү билип алгылачы..Ушул жашка келгиче эки эрдин башын жеп,үч эрди жолго салгансыз..Мен сиз жөн койгондон жүргөнүм жок,өзүмдүн каалоом менен жүрөм..Мен кетпейм качан Максат келип кет десе кетем..

——Жакшылыкты билбеген акмак десе..Сен айтышып калдыңбы,Тилиң чыгып калдыбы?Мындай сөздөрдү кайдан угуп жүрөсүң?Керек болсо ошолор мени көрө алышпай чыгарышкан бул кепти…Ары жок менин бетиме койом дедиңби?

Күүлөнүп барып туруп келинин бир түрттү…Чалынып барып таянып калганда Асельди барып ургулап,тепкилеп жатты..

—-Апа,апа сабавачы боюмда бар..Аяп койчу…Тийбечи маакул каалаганың болсун…

—-Ушинтсең кетирбейт деп ойлодуңбу?Онду туусаңда мага баарыбир..Коко тыйын чыкпаган энеңеда батпайсың…Бүгүндөн калбай жогол..Эгер балам барса ээрчип келсең өзүмдү өлтүрөмда сени деп жазып кетем..Камаласың анан Максатта жек көрүп калат..

Жогол,жогол дейм деп чачынан сүйрөп алып чыктыда,артынан кызын көтөрүп чыгып жерде жаткан Раянанын үстүнө ыргытып кирип кетти…Байкуш кызы ыйлайт чыркырап…Жалдырап эшикти ач деп 4саат турду..Басып келип карапда койбоду…

Ары жактагы кошунасы баарын угуп турган,ичи ачышып Раянага келди..

—-Кызым,жүрү биздикине..Күйөөң келгиче жашап тур..Анан келгенде сүйлөшүп бир жагына чыгасыңар.Басагой секетиң кетейин..

—-Рахмат апа рахмат..Азыр эшикти ачат үйгө эле кирем…

—-Ботом ий ачса төрт саат жалдыратпайт эле бас карачы кызыңда үшүп калыптыр..

Ыйлай берип ичигип калган Раяна аргасыз кошунаныкына кирди..

Күйөөсүн ушунча сүйгөнда кыздар бар экен азыркы заманда..Кетпей Максатты күттү..Сүттүда кошунасыныкында тартып,уютуп жатты…Анан эмне кылмак эле ошончо сүттү кесир кылмак беле.Албай койсо элге жаман көрүнөт….Бат эле бир жума өтүп Максат келди…

—-Раянаа чыксаң карачы сага бир айга жетчүдөй эт алып келдим..

Жакшы болду аңулоо..Раяна дейм..

Эч дабыш чыкпагандыктан таңкалып үйдүн ичин карап чыкты.

Жок….

—-Апа,апа Раяна кайакта?

—-Биринчи келип катыныңды сурайсыңго энеңден өтүп..

Алтындан жаралган болсода ошонуң жөнчү..Сен кетеериң менен аялың мага тамак бербей койду..Тамак сурасам чыр чыгарып он эрге тийгенсиң деп уят кылды..Кетем деп болбойт,кой десемда көнбөдү..Максат келип сазайыңды берсин деп кетип калды..Ал шермендең мени уят кылып кошунаныкында жашап жатыптыр..Таппай турушканда кошуналарга дагы уят кылды..Калпычы калпычы аның мени жамандап жалаа жаап бүтсө керек..

—Апа койчу.Раяна андай кылбайт жеткиздиңда..

—-Ооба сага..Бар катының менен кошо жогол…Эгер азыр аялыңды киргизсең үйгө бир кадамда энеликтен кечем уктуңбу..

Өлүп эле берем..Баарыңар эле таш жүрөксүңөр энени сыйлаганды билбейсиңер..Тажадым баарыңар кеткиле…

Максат чыктыда туура эле Раянага барды..Экөө кучакташып көрүштүда,бүүт нерсени баштан аяк акырын олтуруп сүйлөшүштү..Кошуна аял баарын тастыктап берди..

—-Раяна болду мен чыдабайм.Бишкеке кетебиз же Россияга иштеп кетебиз.Жалгыз отура берсин..Азыр сени үйүңө жеткизип келем.Өзүм келип иштейм..Акча топтойун төрөшүңө..

Бир айда бир барып турам..Жарым жыл чыдасак баары өтүп кетет.

Эртеси таң атпай Жалал-абадка жолго чыгып кетишти..

Раяна ыйлап баратты..

—Максат барсам айыл эмне дейт?

Апам өзү араң жүргөндө дагы давлениясы көтөрүлөтко..Чыдамакмын баарына.Артка кайталычы..

—Жок мен баарын өзүм түшүндүрөм..

Раянанын төркүнүнө барышып эки күн сый болушту..Анаан барып Максат кайын-журтуна баарын түшүндүрүп берип кетти.

Үйүнө келсе баягы эле концерт.Сен күч күйөөсүң,сенин башыңды айлантып алган..Ажыраш,башың иштебейт деген сөздөр..

Баарына чыдап энесине үн катпай иштеп жүрө берди..

Айына эки жолу Раянага барып эки күндөн туруп келет.Азык-түлүгүн,кийим-кечесин акча кылып жеткизет..

Раянанын апасы кайгырганы кайгырган.Асельдин мурункусу жөнүндө уккан эмес булар..

Укса барып баарын бетине коюп бирдей урушуп келмекпи ким билсин.

Күндөр өтүп Раянанын ичи чыгып баштады…Максат барып келген сайын үйдө уруш жаңжал.

Айласыз,энеси болгон үчүн чыдап жүрдү..

үйдөн чыгып кетейин десе өлөм деп коркутат..Бул ажаан катынга дабаа жоктой..

Айылдын баары айланып өтөт,кимди көрсө эле мени эмне ушактайсың деп мушташа берет.

Балким бул жалгыздыктан.Жоок бул деген баягы таш-боордугу,мерездиги,мыкаачылыгы биригип чыгып келген кыял.

Келинине ичинен кызганып кетет.

—Эмнеге мунда менде жок сүйүү,мээрим бар..Неге муну баары сыйлайт мага караганда?

Неге муну балам менден артык көрөт?Неге мунун сабыры,жакшы сапаты көп.Неге,неге….

Оордунда башка аял болсо кайра сүйүнүп колунан ыссык чай ичип олтура бермек чындыгында..

Раянанын ай күнү жетип төрөшүн эртең бүгүн деп турду…Максат сүйүнүп баарын камдап жүрөт.

Муну көрүп байкаган апасынын кыялы кармап итатайы тутуп калды.

Андан мурун шаардагы үйдү же Эрнис берген үйдү мага бер өз оокатымды кылам деп жүргөн.

Асель башкага үйлөнсөң баарын берем деп сөз берген..

Өлүп кетсин квартирадада жашай берем деп ойлоп унчуккан эмес.

Максат аялын көздөй баратты..

Мындай мүмкүнчүлүктү коё бербей Асельда жолго чыкты..Максаттын артынан жетип барып эшиктен кыйкырып кирди..

—-Куураган как баш,өлүгүңдү көрөйүн..Баламды окутуп алгансың,сен акмак жоголбой койдуң.Баламды тынч кой..Күч күйөө кылып алганын кара акмак.

 

—-Апа,болду сүйлөбө бас кеттик..

Эмне келдиң?

—-Келем эмнеге келбейм..Апасы уксун кандай кыз тарбиялаганын.

—-Ай кудагый тынчтал..Сага кызын зордоп берген эчким жок.Бакырбай эле жай айт түшүнөм баарын..Байкуш кызым беш айдан бери жашап сен жөнүндө бирда жаман сөз айтпады эле.Мен дагы сенде күнөө деп Раянаны урушуп жүргөм..Көрсө сиз ушундай болсоңуз ошончо чыдаган кызыма рахмат..

—-Сен эмнени билет элең ыя?

Өмүруң пол жууп өтүп жатса бирнерсеге акылың жетип калдыбы.

Асанбай менен Асельдин кудаасымын деп баш көтөрүп калыпсың…Ары жок десе.Көчүгүңө бармак салсам бир тыйын түшпөйт анан кыйынсыйсың..Кыйын болсоң кызыңды багып ал..Мага жибербей..

Жогот..

—-Асель чектен ашпа..Сени менен мактангыдай алдыма түшүп койдуңбу?Мактангыдай атагың чыккан байсыңбы?Айылыңда болсоң болгондурсуң бирок сени бул жакта эчким тааныбайт…Мен өз мээнетим менен балдарымды чоңойтком чалдын кучагына жашынган эмесмин уктуңбу?Мендеда тил бар,сүйлөй алам..

Эми бар чыккында жогол..

—-Апа апа болдугулачы..Экөөңөр тең сүйлөбөгүлө..Жашоо биздики силерден эчнерсе кереги жок.

—-Раяна сен оозуңду жаап тур деди апасы..

Ошентип эки-экиден уруш башталды.Кошуналар чогулуп айылдын баары укту..Жинденген Асель кайненесине мурункуларды бетине коюп уят кылып салды…

Бүт айылдын,кайын-журтунун алдында уят болгон Максат чыгып кетти…

Эчким кайда кеткенин билбеди.

Үч ай табылбай жатты.

Асель аялына кетти деп,Раяна апасынын айтканында калды деп ойлошту..

Жада калса төрөгөндөда келген жок.

Звонтетишет гудок кетип албайт.

Бара-бара өчүк болуп калды.

Эки жактатең жок экенин билишкенден кийин издеп башташты.Телевидениеге беришти,гезиттерге чыкты,столбаларга жабыштырылды издөө баракчысы баарыбир майнап чыкпай жатты..Көөбү Россияга иштегени кетип калды деп ойлоп жатышты…

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE