Пример HTML-страницы

Кара-Буурада сел жүрүп, төө буурчак эгилген талааларды каптап кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 13-июнь күнү саат 16:45 чамасында мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен Кара-Буура районунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Көк-Сай айыл аймагында 15 гектар аянттагы төө бурчак, Шекер айыл аймагында 1 гектар аянттагы төө бурчакты суу жууп кеткен.

Андан сырткары Аманбаев айыл аймагында Бабахан сел өтүүчү сайына сел түшүп, 2 көпүрөнү шагылга толтуруп салган. Ногой каналынан суу ашып, 500 метр жолду каптап, 150 метр аралыгын айрым жерлерин жууп кеткен. Ага катар эле тоодогу малчылардын малын агызып кеткени жөнүндө маалымат түшкөн. Учурда кырсыктын кесепетин тактоо иш-чаралары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE