Пример HTML-страницы

Кан коё бербейт 1 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=5205&preview=true Кызыктуу окуялар.

Kан коё бербейт.1-Бөлүм (Детектив чыгарма).

Машинемдин фарасынан чыккан жарык кыздын арык солокотун карангыдан сууруп алды. Боз юбка, кызгылт чыптама кийген кыз мени коро койуп, бир колун которо булгалап турган. Анын жанындагы эски «Ауди» машинеси акыркы жолу атам заманда гана жуулса керек. Негизи жол- белден кыз-келиндерди машинеме салчу адатым жок, бирок бу бийкечтин машинеси бузулуп калганын билип туруп кантип кыя отуп кетем, анын устуно аларды ондоо менин жумушум. Тормузду басып, саатка коз салдым: он бирден жыйырма мунот отуптур. Кардымдын ачканын айтпа, анткени Манас аэропортунун жанынан бузулган машине менен эки сааттан ашык алышкам. Анткен менен бийкечтин жагымдуу унун укканда эшикти ачып, сыртка кантип чыкканымды да байкабай калдым.
— Ой, чон кыз, сизге эмне болду?
— Бакта бензин толо болчу, от албай жатат го. Машинеге жакын келип капотун ачсам, канырсып куйук жыттанып кетти. Баары тушунуктуу.
— Зажиганиениз олгон тура. Эртен ондобосо азыр карангыда кайдан.
— Аа, чын эле ошентиптирби? Иттики десе! Ошол эле жетишпей атты эле. Сиз жакшылап карадынызбы?
— Карай турган деле эч нерсеси жок экен. Жыты эле айтып турбайбы. Бу менин кесибим да.
Кыз артына бурулуп машинемдин капталындагы кызыл тамгалар менен бадырайта жазылган: » Кабылов Бактыяр. Машиналарды ондоо кызматы, Кулатов коч. 14″ деген жазууну карап койду. Уч жылдай мурун бул кылдыраган жигулини адеп сатып алганда абдан сыймыктанган элем. Андан дагы бул жазууларды капталына жаздырганда улам карап алып коргон сайын коонум ток болуп калчу. Эми болсо ошол аппак жигулим калдыраган калайга айланды.
Кыз алаканын шак чаап, каткырып ийди:
— Мына сага! Амалдуу жигитке ажалдуу кийик жолугат деген ушу да! Башка бироо болсо эч нерсени билбеген бир макоону токтотот беле, а мен тим эле билгендей механиктин озун кармаган турбаймынбы.
— Ооба, жолдуу экенсиз, бирок тилекке каршы, мен сизге мындан башка жардам бере албайм. Жакынкы жердеги гаражга чейин эле таштап койо алам, макулсузбу?
— Алардын баары эбак жабылып калгандыр. Муну менен суйролуп жургум келбей турат.
-Кантип эле бироо ачык болбосун, ошого чейин жеткирип койойун.
— Жок, рахмат. Анын устуно, бул машине меники эмес, досумдуку. Керек болсо келип озу алып кетсин, ушул жерге таштап кете берем.
— А бироолор айдап кетсе эмне болот? Досунуздун жаны чыкпасын!
— Мага десе андан ары кетсин. Сих мени уйумо жеткирип койосузбу? Мен Карпинкада турам, эми андан башка арга жок болгон сон…
Бийкеч ушинтти да, лып этип, жигулиге отуруп алды. Мен дагы эле машинени жал-жал карап, таштап кете албай кыйылып турдум.
-Ушу турган жеринде карангыда корбой калып, бироо жарым сузуп алсачы? Ошону ойлодунузбу?
— Кудай оой! Сиз дайыма эле ушинтип башкалар жонундо тынчсыздана бересизби?
— Бу калдайган немеге урунуп алгандан кудай сактасын. Карангыда карайлап аран келатканда алдыныздан чыга калса эмне кылат элениз?
Багажнигимди тинтип атып, чакан фонарь таптым да, «Аудинин» эшигине илип койдум.
— Фонарды эмеле уурдап кетишет.
— Уурдаса уурдап кетишээр. Ага чейин илинип турсун.
Биз жолго чыктык. Фаралар жанымдагы бийкечтин узун буттары менен ачык тизелерин жарык кылып турду. Урул-бурул жарыкта ага коз кырымды салып келатам. Бирок мен андан артык коп деле нерсесин коро алган жокмун: далысына жетпеген кара чачын улам колу менен серпип ондоп койот. Эмнеге экенин билбейм, бирок озумдон озум эле жанымда отурган кыз жузунон нур тамган абдан сулуу болуш керек деп ойлоп келаттым.
— Бул машине сиздикиби?
Ал сумкасынан тамеки алып чыгып, бирин озу тиштеп, дагы бирин мага сунду. Жарк эттирип ширенке куйгузуп, экообуздун оозубузга тиштелуу тамекилерди жандырды, бирок мен бул жолу да анын жузун тузугуроок коро албай калдым.
— Демек, сиздин атыныз Бактыяр экен да?
— Ооба.
-А меники Айжамал.
Ошол боюнча унчукпай ар кимибиз оз оюбуз менен алышып, бир километрдей журдук, анан бир маалда кыз кайра ун катты:
— Сиз дайыма эле ушунча алыс барып иштейсизби?
— Иштеп жургонумду кайдан билдиниз?
— Колунуздун кара майы машине ондогонунузду айтып турат, антпесе балтак-шалтак болуп журо берчу эркектерге окшобойсуз.
-Аныныз чын, кардарларымдын бироо телефон чалып, » машинем бузулуп, жолдо калдым» дегенинен ошого барып келаткам. Бери жагында эле элуу метрдей жерде СТО бар экен, бирок ал алыстыгына карабай мага чалыптыр… кыскасы мыкты жигит.
— Баралбайм деп койбойт белениз?
— Анткенге да болбой калды, анын устуно саналуу эле кардарым бар.
— А мен машине ондогондордун баары эле акчаны сапырып журушот го деп ойлогом.
— Мен да ошондой болсо керек деп, ушул жумушту баштагам.
— Анча кирешелуу эмес бекен?
— Андай деле эмес го… озум туура эмес жай тандап алган окшойм.
— Кулатова менен эмненин кесилишинде?
— Ибраимова.
— Аа, казинолордун тушубу? Жакшы эле район го?
— Жаны кочуп барганда ошондой корунгон.
— Анан эмнеси менен жаман болуп чыкты?
— Ал кочону бир тараптуу кылып салышканын билесиз да. Менин СТОмдун тушуна аялдама орнотуп, » токтогонго тыюу салынат» деген.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE