Пример HTML-страницы

Кадырың кымбат 7 бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=8763&preview=true Кызыктуу окуялар.

……КАДЫРЫҢ КЫМБАТ …..

        7-БӨЛҮМ.

Баары артта калгандай..Эч ким мындайды күткөн эмес….Бул 100жылда бир болуучу көрүнүш…

Организм өлүүдөн баш тартты..

Врач баарыбир өзүнө келбейтко мейли карай берели эмне болсода деп тим болду….

Ренат Шириндин жанынан кеткейт.

Өзү сөз бергендей акыбалы жакшырып баратты..

Ренат күндө отүруп алып колун кыса кармап жылуу сөздөрүн жайнатат..

Мисалы көзүн карап айталбаган сөздөрүн айтып алат…

Бир күнү;;— Ширин ойгончу суранам..

Сага айтчу сөзүм көп,сени кыздар сагынды..Мен сени сагындым..Ошондо таштап кеткен менде күнөө…Гуля менден кетип жатканда чынында сүйүндүм..Сага баруучу жолум ачылгандай сүйүндүм…Мени кечирчи..Эми сени коё бербейм деп колун өзүнө тартып өптү эле Шириндин колу кубат көрсөткөндөй аста кысып койду..

Ренаттын кубанычына чек жок..

Бир айга жетпей Ширин кадимкидей болуп Кыргызстанга учуп келди.

Көзүнө эч нерсе көрүнбөдү..Дароо үйдү көздөй жөнөдү..

Байкуш энеда баарынан өзгөчө күткөн..Ошол эки айда калган чачын бүт ак басып,жүзүн бырыш каптап кеткен…Кирип эле үчөө менен кучакташып сүйүнүч ыйын ыйлап жатты…

Мына көрдүңөрбү силерди таштаган жокмун..Айыктым…Бирок мага жан алгыч келди…Эч каршылык көрсөтө албайт экенсиң,көз карашы менен ээрчитет экен..Ал кирип кеткен аягы жок бөлмөгө кирейин десем алдымдан кыздарым ойнойбуз деп тартты,Мен батыраак киргим келип жатты…Аябай көп убакыт кыздардан өтө албай жаттым..Бир жолу кыздар уктап калып кирейин десем апам келип колумдан тартып чай ич деп алып кетти…Кайра ал жарыкты таппай калдым..Мени аркы дүйнөдөн сууруп чыккан ошол кыздарым менен апам..Силерден айлансам….

Келип майрамдык дасторкон жайышып бака-шака болуп жатышты..Нестандында маанайы жакшы..Кеч кирип баары уйкуга тарап баштаганда Ренат эмне кылышын билбей,Шириндин сөзүн күтүп отура берди..

Ширин келип туруп———Рахмат,сен болбосоң эмне кылмак элем..Чын жүрөктөн ыраазымын..Сени эбаак кечиргем.Эми тынч жашай бер..Ренат мен бүт кеткен акчаны санадым бир жылдын ичинде кутулганы аракет кылам..

Аа баса бүгүн кайакта жатасың?Кааласаң тиги бөлмө бош мен кыздар менен жатып алам,каласыңбы?

—-Ширин калам эгер бүгүн мени менен калам десең калам…Сен үчүн баарын кылам..Сени айыктыруу менин милдетим..Колумдан келди ошого ыраазымын..Эми бооруңдун жарымы меники мени аяп кечирип кабыл алаттыр?

—Жоок Ренат кечирип кой.Мен эми турмуш курууга кеч..Мындан аркы жашоомдо кыздарды чоңойтуп,окутуп алсам болгону..

Ренат мейли ойлон,убакыт керек деп чыгып кетти..Машинасына барып Шириндин терезесинин түбүндө уктады…

Бул кубанычын бөлүшөйүн десе Шириндин туугандар жок.Айласыз өз мамлекети менен майрамдап кала беришти…

 

Салия дагы төрөп Нестанда каникул убагында жардамдашсын деп алдыртып алды..Эл,жер көрүп алаксыйт деп жиберип койду.

Баарыбир бир боорда экөө өтө ынтымактуу…Кичинекейлерди карашып Нестан чындап ырахат алгандай…Кыркы чыккандан кийин Салия улуусунда алып Кыргызстанга келди..Бул убакта Ренат Шириндин артынан калбай жүргөн..Салия Нурбектин үйүнө эки күн туруп эле Ширин мамамдыкына барам деп кетип калган..Шириндин баласында ала кетишти.Үй ичи шаңга бөлөнүп,өзүнчө каткырыктар жаңырат…Салия Ширинге —-мама тиги Ренат атам экөөңөрдүн сүйүүңөрдү,окуяңарды укканда мен аябай Актан экөөбүздүкүнө окшоттум.Бирок Ренат атам артка чегинип коюптур..Мама сен бактылуу болгонго татыктуусуң.Көздөр аны көргөндө жанып өзү эле сүйөм деп турат.Анын үстүнө Нестандын атасы суранам сунушун четке какпай жарашыңызчы….

—-Кызым Салиям акылдуум туура ал сүйүүнү дүнүйө океандары өчүрө албайт..Андай кылууга азыр кеч.Актан кандай акыбалда калат?Кайненеси менен атасы үйлөнүп алса..Кой..

—-Мама ал өзү ушинтип айтып жүрөт.Атасын аяйт..Дагы ойлонуңуз,кимди күтөсүз?Атамдыбы?Эмне кереги бар?Анын башка үй-бүлөөсү болсо биринчидин эң башкысы аны сүйбөйсүз…Баары алдыда мама..Ооругандада мына Кайнатам караптыр..Сүйүүнүн баркына кеч болсода жеткиледа мама…

—-Туууй ата чоң-энемдей акыл айтканын кара..Бар аржака балаңды кара деп күлдү…Ал күндүда көңүлдүү өткөзүштү..Бир айдан ашып Актанда келди..Ренат неберелерин шылтоолоп Шириндикинен чыкпайт..

Балким буйруктур акыры экөө түшүнүшүп бир болууну чечишти..

Сынган идиш бүтөлбөйт дешетко ошондой сыяктуу эле экөөндө бир аз таарынычтар болбосо калганы баары соонун…Кичинекейи 6ай болгондо Салия менен Актан балдарын Ренат менен Ширинге таштап кайра кетишти…Нестан улуусун алып өзүнүн квартирасына кетти..Жашоо өздөрү каалагандай уланып,эски жараттар бүтөлүп ошончо күткөн бактылуулук басты.

 

Күн артынан ай,ай артынан жылдар алмашып Нестан он тогуз жашка толду.Ширин айтып жүргөндөй эле өзүнөн 12жаш улуу бала менен таанышып жакшы мамиледе жүрдү.Окуусун бүтөөрү менен кыргыздын салты менен үйлөнүштү.Тойду 3айга токтотуп турушту…Эң кызыгы ошол Нестандын күйөөсүнүн атыда Ренат болчу.Мындай окшоштука баары күлүп эле калды..

Ренатты эркелетип Рики деп атачы..

Рики Кытайдан клёнка оптом алып келип жумуш кылчу…Рики жалгыз бала..Ата-энеси ажырашып кетип апасы башка күйөөгө тийбей жалгыз болуп калган..Убагында нанга зарыгып чоңойгон Рики 16жашынан иш тандабай иштеп 20жашында кадимкидей бутка туруп алган..Өзү чооң эки камаз алып Кытайдан товар ташыйт..Ошол кезде 32ге чыгып калган Рики апасынын какшыгы менен эле араң жүргөн.

Нестанды көргөндөн кийин бат эле үйлөнүп алды.Үмүтүн баласына чоң койгон эне Рикинин бүт ийгилигине кубанат…Бул жашоо ошонусу менен кызыкта..Эки жаш жубай бири-бирине тойбойт аябай бактылуу..Нестанда бир топ улуу көрүнөт..Элдердин көөбү экөө жарашпайт экен байлыгына карап тийди деп кыбыр-шыбыр жүргүзүшүп жүрүштү..Экөө болсо башка нерсеге көз жумгандай баарыбир мамиле кылышат…Ошол күнү аппак роза гүлүнөн бир кучак алып келип бөлмөсүнө кирип Нестанды астаа өөп куттуктайм деди.Түшүнбөй эле эмне майрам деп сурады…Үйлөнгөнүбүзгө бир ай болуптур бүгүн..Майрамдайбыз бүгүн сенин күнүң каалаганыңды аткарам..Тура калып эле мойнуна асылып чынбы деп жаш баладай кубанат…

Экөө тез эле үйдөн чыгып Ренаттын кымбат машинесине олтуруп шаар жака баратышты..Аскат Мусабековтун аткаруусундагы Нестан-Дареджан ыры жаңырат.

—-Айтсаң кайда баратабыз?Нестан-Дареджаным…

—-Антпечи Нестана элемин…Айдай бер деп зуу коюп айткан дарекке келишти…

Түшүп эле той көйнөгүн саткан дүкөнгө келгенин түшүндү…

Кирип алып баардык көйнөктү кийип сүйүктүүсүнө айланып көрүнүп жатты..

—-Булчу?а могучу карасаң кайсы жарашат?

Сулуулугуна магдыраган Рики көйнөк менен иши жок Нестандын жүзунөн көзүн албай сага күлгөн өтө жарашат жаным..

Сага бул көйнөктөр эмес сен көйнөктөрдү ачып жатасың…Куу кыз десе менин жумуштарым 2айда бүтөт свадьба 2айдан кийин эрте алып эмне кыласың?

Ошондо ал жаңылары чыгат..

—-Жоок деп эркелей тултуя калды..

—-Маакул маакул ал..

Тандап олтурушуп эң соонун көйнөктүн бирин тандады…Бирок ал жерде көргөзүү үчүн эле коюлган экен..Бир жумада даяр кылып үйүнө жеткизип бермей болду.3миң$ төлөдү…Бир эле күн кийүү үчүн ошондой көйнок алды…Сүйүктүүүсү үчүн аяган жок…Экөө кеечке шаар айланышып,бийлегени клубка барып анан түндө үйгө келип жатып калышты ..

—-Жааным сага рахмат..Көйнөкө,бүгүнкү күнгө сенин бар болгонуң үчүн рахмат..Бактылуумун…Сени сүйөм..

—-Ал менин милдетимда түлкүм десе.Ар дайым Нестанды ушинтип эркелетчү…Бас уктайлы..Мен эртең кетем эс алуу бүттү эми.Сезон башталды..Эки ай иштесем Турцияга барып эсалып келебиз…Той болот элде жок той болот жааным..

—Маакул бирок мен сагынамда…Келип тур барып келген сайын маакулбу?

—-Маакул бейпил түн жааным..

Таттуу уйкуга кетишти…Эртең менен туруп чай берип Ренатты узаак сапарга жөнөттү..Кетип баратканда койбергиси келбей улам кучактап алат..Жүрөгү уйгу-туйгу муну эми жаңы үйлөнгөнүбүз үчүн деп түшүндү..Бекем кучактап Нестанды коштошуп чыгып кетти…Арадан бир жумадан ашыгыраак күн өтүп Ренат бир рейс кылып келип калды..

—Алоо Нестан кандайсың..Мен келдим..Бирок ошко эле тапшырдык товарды.Ошондон ары барып бир рейс кылган жатабыз.Мунусунда барбай калдым..Кечирчи аппагым..

Нестан сагынып келүүсүн суранып жатты..Бир мен үчүн канча адам иштен калат деп көнбөй койду..

Кайра кетип калды…Эртеси эртең менен эшик кагылды эле Нестан чууркап барып ачты.Оюнда сүйүктүүм деп ойлоду.Бирок бул баягы заказ берген көйнөгү болчу.Кол коюп алдыда эшикти жаап калды.Ары жактан кайненеси келип калып кызыгып карай койду.

—-Айиий ай соонун көйнөк тандаптырсың.Айтып жатканың даяр болуптурда бар кийип чыкчы..

—Азыр апа деп саксайган чачын өйдөгө түйүп көйнөгүн кийип чыкты..

Жарашканы ошончо тим эле ханышалар жолдо калды..

Кайненесида кубанып мактап турду..

-Кызым могу астынан бир аз алыш керек чалынасыңго ботом..

Чооң каблук менен кийседа бирааз узун болуп турду..Өзүм эле кыскартып бүгүп койом деп ченеп жатты эле эшик кайра кагылды.

Бул ким экен деп таңкалышып апасы эшикти ачты..Бери келип эле Ренаттын досу экен..

—Нестан бери чыксаң деп айтты.Көзүнүн жашын көрсөтпөй аарчыйт..Оюнда баласы ооруйт эле бирдеме болгонго деп көйнөгүн чечпей эле чыгып кетти.

—Нестан Ренаттын апасы оорулуу билесиң.Сен жашсың.Кайрат кыл Ренаттан айрылып калдык..

—Ушинтипта тамашалайсыңбы..Жинди десе бас үйгө чай ич..Ары жактанда эки досу баштарын жерге салып чыгышты..

Нестанда кыймыл,үн деген жок.Ордунда катыган ишенеер ишенбесин билбейт…Отура калды.Колдорун калтырак басып.Тур күчтүү бол кайненеңди кара эптеп угузалы деп жатты..

Аңгыча Ренаттын тай жагы бүт жыйналып калды.Кирип эптеп угузушту кемпирге.Ошол жерден жыгылып ага өзүнчө убара болушту.

Нестан кирип диванга отуруп калды эле эки досу сөөкту алып киришип аппак той көйнөгүн кийген Нестандын бут алдына сулк коюшту.

Бетин ача калып ойготом деп жатты.Эч бир канаган жери жок.Жүлүнү үзүлгөн болду.Уктап жаткандай..Бир сааттын ичинде ак көйнөк карага алмашып аалам урап түшкөндөй отуруп калыштыы..

 

Уландысы бар..

Окурман сиздерден кечирим сурайм.Кечигип чыкканына..Кийинки бөлүмүндө калган нерселерди биле аласыздар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE