Пример HTML-страницы

Кадырың кымбат 6 бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=8763&preview=true Кызыктуу окуялар.

…….КАДЫРЫҢ КЫМБАТ.…..

    6-БӨЛҮМ.

Мамаа мама мени кечирип койчу..Сен жек көргөн адам менен таанышып сүйлөшкөнүмө…Мен айласыз элем.Сага жардам бергим келет,Бирок кантип?Мама сага бирдеме болсо мен өлүп калам..Мама Раянаны ким карайт анда тайнемдичи??Суранам суранам өзүң үчүн эмес мен жок биз үчүн маакул болчу жардамды кабыл алчы…….

Ширин турган ордунда катып ыйлап турду..Кызын келип кучактап:::—кызым биз сөзсүз баарын жеңебиз.

Кудай биз менен.Сен оорубачы.

Шириндин оюнда өлсөмда кызыма жүрөгүмдү таштап кетсем соо болуп калат эле деген ой басты…

Бир сааттан өткөндөн кийин Нестан үйгө майда-чүйдө алып келгени дүкөнгө чыкты..Эшикти ача койсо үй жака узуун болуп Ренат сулк кулады.Жөлөнүп башын мыкчып турган эледа..Шарт кайра тура калды эле Нестан сөөмөйү менен акырын дегенсип көрсөтүп,сырттарынан жаап кетип калды….

——Сен кантип кирдиң?Эмне кетпей олтурасың?Каарыганыңды деле унутупсуң көк бет…

——Жылмайыңкы эркелеткен үн менен,студент кезде терезең жакта кышында таң атканча күткөнүм эсиңдеби?Баарына чыдайм…Ширин суранам сен жашашың керек..Жүр даарылантайын..Маакул болчу..

Ширин унчукпай башын ийкеп ашканага кирип чай дайардап баштады…Ошол эле күнү түнү менен телефондо сүйлөшүп жатып,Германияга кетмей болушту.

Анадиздердин жыйынтыгын жиберишип Ширинге туура келчү донорда табышты…Операциянын өзү эле 150миң$ турат..Донорго 30миң$ берилет..Бул сумманы экөөлөп бир жумада чогултушту…Андан тышкары даары дармегине Нурбекта акча берди.Нурбек азыр ичкенди таштап,дагы бир кыздуу болуп Бишкекте жашап калган..Кезектери келип Ренат менен Ширин Германияга учуп кетишти.

Жетеери менен котормочу тосуп алып Клиникага жеткизди..

Калган анализдерин алып үч күндөн кийин операция болмой болду..

Ошол күнү донор болчу адам эч себепсиз келбей койду.Кайра кезеке коюп донор тапкыча эки айдай өтуп кетмек..Бул убака Ширин жетеби жокпу ишениш кыйын эле..

Айласын таппай Ренат көздөрүнө жаш алып алды..

—Котормочусун алып барып врачка Донор мен болом…мен..Баарын салсаңар деле мейли..Сүйүктүүмдүн өз колумда өлүшүн мен каалабайм..

Айласы барбы?Айласын тапкылачы деп жалдырап жатты…

Котормочу супсак эле которгондой бирок Ренаттын жаш алып аялуу чыккан үнү тиги Немецкеда түшүнүктүү болуп турду…

—Бир жолу бар,бирок бул өтө кооптуу.Өзүң донор болосуң деп эки сааттын ичинде бүт керектүү анализдерин алышты.Туура мыкты эмес бирок жоктон жогору дегендей тобокелге салып жатты.Экөөнө тең бир нерсе болсо доом жок деп кол койдуруп алышты…

—Сиз түшүнүп жатасызбы?Бөйрөгүңүздүн бир бөлүгү алынат…Сиз бир айда мурунку акыбалыңызга келип каласыз бирок аялыңыздын организими кандай кабыл алат билбейбиз…Маакул болсоңор түндө операция болот…

Бул маалда Ренат Шириндин алдына келип баары жакшы, буйруса сен жашайсың.Ширин мага сөз берчи..

—Эмне деп?

—Эмне болсода жашоом үчүн күрөшөм дечи.Жада калса жаналгыч менен алышам дечи…Жеңилбейм дечи…Ошондо гана мен өзүмдү кечире алам…Сени мен түбөлүк сүйүп өтөм,ушул күнгө чейин сүйүп келгем..Мен адаштым каттуу адаштым..Эми мага күнөөмдү жууганга мүмкүндүк берчи..Шириним айыгам дечи…

—-Көздөрдөн жашы суудай аккан алсыз Ширин сөз берем сөз берем деп төшүнө башын коюп жаткан Ренаттын башын уурдана жыттап сылап жатты….

Ары жактан карап турган адамдар бул көрүнүштү көрүшсө балким кеч боло электе бири-бирин баалап башташмак беле?Же жок дегенде өзүн баалаганды үйрөнүшмөкпү ким билсин..

Кеч киреери менен операция башталды…Эки керебетте жаткан сүйүшкөн жандардын жүрөктөрү бир убакта окшош соккондой..

Темир инструменттердин калдырагы угулат…Экөөнө тең наркоз беришти..

Ренат менен Ширин бирин бири карап жатышты…

Эхх аттиң иий бул көз карашта өлсөмда мейли,эң башкысы азыр жанымдасың деген сөз жазылып тургандай же жашоодон үмүт үзгөн адамдын карегиндей….

А Ренаттын көз карашында толгон өкүнүү,сагынуу жана коркуу бар эле.

Кулагы тунжурап көз караңгылашып баратканда Ширин шыбыр үнү менен кыздарым сага аманат деп койду.

Чала угулганы менен жооп берүүгө алы жок Ренаттын көзү караңгылашып уйкуга кетти…

Канча саат өткөнү белгисиз Ренат өзүнө келгенде таңатып калган.

Башын буруп эле Ширинди издеди.

Турууга дарманы жок.Котормочусу башка больницага алып кетишкенин билдиришти..Бул калп болчу.

Шириндин акыбалы начарлап,өз алдынча дем ала албай искусственный дем алчу апаратка улап коюшкан.Ренатты көрөм деп ызы-чуу салбасын деп айтышканы эле..

Негизи бир жумага эле өзүнө келип калаар деген үмүт менен искусственный дем алууга кошушкан….Бир жума тез эле өтүп Ренат басып калды…Ошол күнү өзүнчө дааратканага бара жаткан Ренат айнек бөлмөдө Шириндин жатканын көрүп калды…Кирейин десе эшик жабык…Ачтырайын десе ачышпайт..Ренатты али көп басууга болбойт деп айтышкан.Врачтарда өзү даараткана издеп чыгып көрүп калат деп ойлошкон эмес.

 

Элестетиңиз окурман ошондогу Ренаттын акыбалын…Ширинди көрүп турат колун кармай албайт.Болбогон үч метр арачык экөөнү ажыратып турат….Ортодогу айнек Ренатка тоодой тоскоолдук жаратып турду…

Уйку даары сайышып Ренатты алып кирип жаткызышты…

Эртеси врач менен котормочу кирип Ренат менен сүйлөшүп жатышты..

—-Биз үмүттөнгөн бир жумада өттү,Оорулуу өзүнө келбеди…Биз апаратты өчүрчү убак келди…Биздин кайгыруубузду кабыл кылыңыз..Бул документтерге кол коюп бериңиз..

—Эмне кагаз бул?

—Бул апаратты өчүрүүгө маакулдугуңуз…Оорулуунуда эки дүйнө ортосунда кыйнабай мынткениз туура болот.

—Мага убакыт бергилечи коштошуп алайын..

Баары чыгып кетишти…Ренат Шириндин алдында тизелеп турду…

—Ширин Шириним мени кечирчи..

Мен сени кечирбейм..Сен күрөшпөй койдуң,сөз бергенсиң кармабадың.

Мен сенин кадырыңды билбей мурун таштап кеткем.Бирок убактынча эле сенсиз жашай албашымды эртеби кечпи билип кайтмакмын…

Мени жаман көрүп жүрүп өзүңчү түбөлүкө таштап баратасыңго…

Сага ишенген элем мен,сени өзүмдөн артык көрүп баалап баштадым эле.

Билесиңби,айткансың кадырымды билбейсиң деп?

Ошол Ширин мен билгизбегеним менен сенин Кадырың кымбат мага.

Кечирип кой мени айлам жок кол койдум..Сен жеңилип бергенден кийин айласыз мен кошулдум.

Кыздардан кам санаба мен аларды карайм…

Эки колу менен башын мыкчып отурду..Врач кирип апараттарды өчүрүп баштады..Мына согуп турган жүрөктүн токтошуна саналуу мүнөттөр калды..Ренаттын деми токтогондой көз ирмебей бир калыпта турду…

Баардык нерсе өчтү… Жүрөк согуусун ченеген апарат түт түүүт түт деп жайлап баратты.Ошол үндүн чыгышына зарыккан Ренат эч кыйа албай куурады..Шириндин бетин ак шейшеп менен жаап врач чыгып кетти..Мына он мүнөткө жетпей эч дабыш калбады..

Жымжырт…Медайымдар келип Ренатты жетелеп чыгып кетишти.

Аалам унуткандай Ширинди анын жаткан жерине жарым сааттай эчким кирбеди…

Бир маалда эле кыйкырык үн чыкты

баары тапырап чуркап баратышты.

Ары жактан бир орусча үн чыгып жатты:—она жива,жива деген..

Адам айтса ишенгис..Жүрөк токтогондон кийин кайсы убакта ким билсин ошол орус санитарка киргенде апараттан кадимкидей каттуу согуп жатканда чыккандай дабыш чыгып жатыптыр..

Бул деген кудайдын ырайымыбы?

Же өзү сөз бергендей ажал менен алышып келдиби аны бир эле Ширин билет…

Балким Ширинге Кадырынын кымбаттыгын укканда жашоону каалап кеткендир,же кудай чын сүйүшкөндөрдү бирге кылгысы келгендир….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE