Пример HTML-страницы

Кадырың кымбат. 1 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=8763&preview=true Кызыктуу окуялар.

«»КАДЫРЫҢ КЫМБАТ»——бул чыгармадан кыскача маалымат автордон…….
Бул жашоо өзү табышмак жана күтүүсүздүктөн турат эмеспи,ошол сыяктуу эле бул жерде мурунку сүйүшкөндөр чоңойгондо жолугушуп
мурунку сүйүү элесинин урматына бир күндүк кумарга батып алышып өмүр бою ошол түн буларды жипсиз байлап салганы тууралуу….Бул окуяда чыныгы сүйүү,күтүү жана саткындыкта коштолгон…Баарына маалым болгондой бул азыркы замандын каңгып эки жолдо жүргөндөргө туура жол табууга түрткү болоор деген үмүт…Айтмакчы башка бирөөлөрдүн өмүр баянына окшоп кетсе бул жөн гана случайность демекчимин….

1-Бөлүм…..

——Ширин,бул сенби?
—-Ренат сен кайдан?Ооба мен..
Экөөөнүн жүзүн кубаныч каптап кучакташа учурашышты…
—Сени бул жерден көрөм деп күткөн эмес элемда…Эмне кылып жүрөсүң?
—Ренат унуттуңбу,мен дагы адвокатмын..Экөөбүз бир окуу жайды бүткөнбүз…..
——Ооба десең сени көрүп баары эстен чыгыптыр…Мен Оштон бүгүн эртең менен учуп келдим…А сен Бишкекте элесиңби?
—-Ий ооба ошондо практиканы тиги Аламидинский прокоратурада өтүп жаттым элего,ошол жакта эле калдым…Беш жыл иштеп өзүм чакан фирма ачып иштетип жатам…
—-Аа жакшы экен…Өзгөрбөптүрсүң Ширин…
—Хаха койчу тамашаңды сегиз жыл өттү мына 29жашка келип калдым.
—-Билем..Турмушка чыккан жоксуңбу?
—-Жоок сендейин таппадым!—-деп какшык аралаш жооп кайтарды..
Ширин бул Казактын кызы Кыргыздын жеени…Ата-энеси Меркеде турат..Ширин Бишкеке окуйм деп келип калган,окуунү бүтүп деле Бишкеке байлангандай кете албай жүргөн.Анткени Университетте окуп баштаган күндөн баштап Ренат менен Ширин бири-бирине ашык болушкан..Шириндин Казакча аралаш таттуу сүйлөгөнү аппак сүйрү жүзү Ренатты арбап алган…
Беш жыл бою бир урушпай колтукташа басып,чогуу отуруп бүтүрүштү окууну…Баары суктана караган жаштар болчу..Жада калса башка балдар кыздар экөөнө көз артпайт,баары билгендей экөө бири-бирине жаратылгандай…
Окуу бүтүп Ширин жумушка орношуп,Ренат Ошко өз жерине кеткен.Экөө бир айдан кийин үйлөнөбүз деп сүйлөшүп кеткен…Ренат келбей жатты…Үч ай дегенде келип Ширинден тизелеп кечирим сурап.Атасынын айтканынан чыга албай башкага үйлөнгөнүн айтып кол үзүп кеткен.
Беш жыл бою Шириндин жүзүнөн назик өпкөнү эле болбосо башка эчнерсе болгон эмес болчу..
Кийин Группалаштары аркылуу Ренаттын аялы Оштун чоңдорунун кызы экенин укту…
Буйруган эмес деп эле калып калган.
Ушунча жылдан кийин кайра жолугушаарлары буларга белек катары туюлуп турду бул кезде.
—-Ширин менин рейсим эртең түштө,
бир жерде чогуу отуруп сагынычты жазсак маакулсуңбу?
—Мындай жолугушууну койберсек күнөө болбойбу,кеттик…
Экөө Ыссык-көлгө жөнөп кетишти..Үч саатта эле Шириндин Джип машинасы менен жетип келишти…Кечке чейин көлгө түшүшүп андан соң эң жакшы Отельдердин бирине жайгашышты.Экөө эки башка бөлмөдө болгондору менен ойлору,жүрөктөрү бир жерде….Кечинде Ширин узуун каардай аппак көйнөгүн кийип атайын тандап чет өлкөдөн алып келген хрустальдай жалтырап көздүн жоосун алган туфлисин кийип ошол жердеги эле Ресторанга тамактанууга түшүштү..Экөө кыналып басса эркектер эле эмес аялдарда суктануу менен карап жатышты…
—-Сен бүгүн ак-куудайсың,сенден ажырап калганыма билесиңби бүгүн өзгөчө өкүнүп турам…Ошончо жылдан бери бир күнда эсимден кеткен эмессиң..Мен сени сагынган бойдон жүрөм,сени дагы деле сүйүп жүрөм….
—-Ренат сага эмне болду?Болду ал сөздөрдөн пайда жок…Кел майрамдайбыз андан көрө..
Негизи Ширин эч ичпейт болчу…Ошончо жылдан бери ичин эзген махабаты жанында отурганы үчүн кучактай албай мурункудай эркелей албай ичем деп жатты…
Сыртынан билдирбей унуткан түр көрсөткөнү менен,ишиндеда эң татаал адвокат болгону менен сүйүүгө келгенде Ширинда алсыздыка алдырды..
—Коньяк Кьюви Леони эгер болсо…
—Ха Ширин мунун канча турушун билесиңби?
—Сен куюп жатасыңбы не переживай….
—Мен куюп жатам,алып кел..

—Тилеке каршы бул коньяктан бир бутылка бар болчу,кече бир турист келип эки бокал ичкен..Бүтүн бутулкасы жок….
—А мага бир бокал жетет….
Официант калган коньяктын экөөнө бирден бокал кылып алып келди..
Столдо эмне деген тамактар турбады..Чынында кубануу менен кошо экөөндө эрегишүүда турду..
Түн жарымга чейин олтурушту…Эч ичпеген Ширин азмазга мас болуп калды…Дагы бир 15миң турган коньякты алышып номерге жөнөп калышты…
—-Официант счёт….
Алып келинген эсепти карап Ширин чын эле ичинен башкача болуп кетти.Ал жакта көбүнчө башка жактан келген туристтер эс алгандыктан $ менен эсептешчү..
2300$…Ширин мыскылдагандай Ренатты карап турду…Карточкасын бердида бутунда араң турган Ширинди көтөрүп бөлмөсүнө алып кирди..Экөө дагы ичишти…Уктап калды…Эртеси таңкы алтыда туруп жүргөн Ширин чоочуп ойгонуп кетти.Кебетеси кеткен.Шарт душка кирип жуунуп тазаланып чыгып боёнуп жатканда Ренат ойгонуп калды…
—Кечир бөлмөмө жетпей калыптырмын..Уктап калыптырмын.
—Эчнерсе эмес эң башкысы бизде эч нерсе болгон жокта..Көңүлгө алба..
—-Душка кирип бараткан Ренат жеңил ак атлас халатчан отурган Ширинди карап бир башкача боло түштү…Колуна алалбай өзүн барып эле ичке белинен өзүнө имерди.
Ширинда колун ийнине артып ыссык демин кызыктыра чыгарып Ренаттын илебине чап жабышты..
Мындай азгырыкпы?Же башкабы бул убакта экөө тең ойлонбоду..
Ренат Ширинди чечинтип баштаганда Ширин мынчага барат деп ойлобогондуктан тура калды.Буга болбой эле Ренат эч эле кучагынан чыгарбады..Сүйгөн инсаны болгонунабы ким билсин башында каршы болуп жатып,акыры
Ширин Ренаттын эркине кирди.
Экөө канча саат чырмалып жатышты ким билет Ренат рейстен кечигип калды…
Эркелешип жаткан Ренат ичинен ойлоп жатты.Демек бул мурун күйөөгө тийип чыкканбы?Эч кими болбосо биринчи эле күнү мынча чыдабайт эле…Эмне кылып койдум..
Ээк мейли кайра жакшы бир түн эчнерсени чечпейт..Кыз болсо дагы башыма балее болмок деп өзүнүн ажаандай аялынан коркуп жатты.
Аеропортко звонтетип түнкүгө рейс бар экенин билип жыйналып баштады..

—Ренат эми качан келесиң?
—Эмне үчүн?
—Кандай эмне үчүн менчи?Бүгүнкү болгон нерсечи?Мурунку болсода сүйүүбүзчү?
—Ширин экөөбүз жаш бала эмеспиз баары жөн эле бир мүнөттүк кумар экенин түшүнөбүз..Менин аялым эки балам бар экенин түшүнөсүңда.Анын үстүнө катардагы жигиттериңдин катарына кошуп кой…
—-Эмне?Сен өзгөрбөпсүң?Кайдагы жигит жалгыз сени күтүп жүргөм..
—Анда кана кыздык белгиң деп бетке коём деп ак жуурканды көтөрө койду эле чын эле кызымтыл болуп турду..Эчнерсени түшүнбөй,эмне деерин билбей калган Ренат;;—-Эмне айтпайсың башында?Өзүңдү сактабайсыңбы?Мени эркек деп коёт менин напсим жаман…Ширин мен эчнершсеге сөз берген эмесмин аялым бар…
—‘-Ренат мен өзүмдү сактап келдим ушул күнгө чейин..Сага сактадым түшүнөсүңбү….Мен сени дагы эле сүйөм.Сүйүүм өчпөй кайра күчөп барат эмне кыл дейсиң??
Баарына маакулмун..Мейли экинчи жашыруун аялың болойун келип турсаң болду….
Ренат сүйүп турсада ажаан аялы билип калса Ширинге зыянын тийгизип коёт деп кагып кетип калууну чечти…

—Мага сактасаң кыялың орундалды куттуктайм.Бирок мен сени менен боло албайм.Сүйүүм эбак өчкөн..Мени унут..Сенда кызыксың курсагыңды тойгузган менен жата бересиңби?Давай издечү болбо бирааз намысың болсо….
——Эмне деп жатасың..Жарым саат мурунку таттуу сөздөрүң кана?Маакул ушундай болсо..Сен мен үчүн өлтүң деп эсептей бер..
Сен менин кадырыма жетпедиң,жек көрөм уктуңбу…Жогол…Издебейм..Унутам..
Ошентип өздөрунөн артык көргөн сүйүшкөндөр аргасыздан дагы бир жолу эки жолго түшүп баратышты.
Жашоо уланып жатты…
Бир ай өтүп өтпөй Ширин боюнда болуп калганын билди..
Шириндин атасы Казакстанда Военный болчу..Үй-бүлөөдө жалгыз уул бир туугандары жок…Апасы болсо Кыргыз кызы балдар үйүндө чоңойгон.Согуш кезинде жетим калып балдар үйүндө чоңойгон.
Экөө үйлөнгөндөн кийин эле атасынын апасы каза болуп жалгыз туугандары жок калышкан..Убакыт өтүп Ширинди төрөгөн андан кийинда бир уулду болушкан бирок ал беш жашка келип чарчап калган.
Эмнегедир Шайыр кийин төрөбөй ушул жалгыз Ширинди тарбиялап келишкен..

Уландысы бар..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE