Пример HTML-страницы

Чыракка күйгөн көпөлөк .

https://kyrgyzcha.site/?p=41074&preview=true Кызыктуу окуялар.

Чыракка күйгөн көпөлөк .

 

Тамекинин түтүнү менен күйүтүн басып Келин кыйлага үнсүз отурду . Эски дартты козгоп кайдан айта калды десең . Жанындагы жаш секелек Келиндин тамекини манжаларына чычайтып кыстарып күлүн күүп , кайра түтүнүн соруп баштаганын , өксүк көздөрүн , майда бырыш кире баштаган жүзүн баарын кылдат тиктеп отура берди . Келин кызга карап Тамеки чеккенине таңданып жатат десе андай эмес Жаш секелек сүйүүгө суусап , жаштыктын кыялына мас . Болочок сүйүүсү кайдадыр жашынгандай , аны издегендей көздөрү кумарлуу да кусалуу. А азыр ө алгачкы махабатын баяндап жатпады беле . Ошого дагы сөздүн уланып кетүүсүн каалап отурат .

— Тамекини таштайын дейм бирок болбоду . Чеккенди да ошол жигиттен үйрөнгөм .

Алыстан кыздын атын атап чакырган добуш угулду .

— Апаң окшойт . Бар .

Кыз башын чайкады . Бу келин коңшу болуп келгенден бери апасында тынчтык жок. Бир күйөөсүн коруйт. Бир кызын коруйт. Кызына канча ирээт айткан Бузулган аялдын жанына барба деп . Бирок кызы жашырынып келе берет . Чытырыган денесине жаштыктын алоосу батпай сырдашаар адам издейт . Дүйнөсүн түшүнгөн адам издейт . Бир гана ушул келин түшүнгөндөй бу келинге келип жаны жай алып тынчтанып калат . Чакырган добуш басылгансып калды Апасы кетти бейм .

Келин да бу кыздын жаштыкта делөөрүп калган абалын байкап тээ жаш кезин эстеп айта койбоду беле . Эми сөзүн улантпаса болбойт .

— Анан ошентип ал жигит менен киного барганда тааныштым . Баягы Жими бар го Индия киносунда . Кудум ошого окшош эки кашы бириккен , кең далылуу ,сулуу жигит эле . Мен араң он бешке толдум эле . Жолугуп сүйлөшүп жүрүп , акылымды алдырдым . Ошондогу жигиттин жыты , дем алган деми , ыссык кучагы азыр да эсимде . Унутпадым . Ошол Жүзү жок Жексурду унута албадым . Балдар үйүндө чоңойгон элем дап айтпадым беле . Ошол балдар үйүндө окуп жүрүп боюмда болуп калды .

Ошондогу оор кырдаалды эстеп дүйнөсү эңшерилип үшкүрүп алды .

Кыз дале келиндин оозун карап соз күтөт . Чала була ыйлаган жүзүн аарчып келин сөзүн улантты .

— Он алты жашымда төрөдүм . Баламды балдар үйүнө алып койушту . Жигитимдин үй бүлөөсү бар экен . Иизин таптырбай жоголуп дайынсыз кетти . Мектептен чыгарып койушту . Бараар жерим жок көчөдө калдым . Анда майда Чүйдө ишканалар көп эле . Боор ооруган инсандардын аркасы менен чакан ишканага кирип иштеп калдым . Пол жууп , чаң аарчып дегендей . Айлар өттү . Мен баягы шүмшүктөн үмүт үзбөй. Издеп келет дейм . Балабызды балдар үйүнөн алабыз деп кыялданам . Андай болбоду . Же баламды алып багууга дараметим жетпейт . Балдар үйүнө барып сагалап кайра келем . Мен акча топтоп алгыча жылдар өттү . Ошентип акча топтоп балдар үйүнө бардым . Баламды көрөйүн деп сурандым . Баламды атасы алып кеткен дешти . Үйүн издеп бардым . Барсам балам үч төрт жашар болуп калыптыр . Терезеден кирип Уурдап качтым . Кайда кача алат элем . Кармалып калдым баягы шүмшүк мени дагы арбады . Экинчи аял болуп жашоомду суранды . Ошондо бала менен чогуу болосуң деди . Анда намыс деген күчтүү беле .Же алданып калып ызалуу белем . ынабадым .Айласыз баламды атасына таштап баса бердим .

Кыз дагы эле соз күтөт .

— Андан кийин эмне болду . Кийин жолуктунузбу ?

Келин үшкүрүп :

— Кийин деле турмуштан жолум болбоду . Канча жигиттер аркамдан кубалап жүрүштү . Бирок эркектерге болгон жек көрүү сезимим тарабай Бир эки жыл жашап ажырашып кете бердим . Балам жакында он алтыга толду . Атасын ээрчитип мени издеп келди . Мага болгон жек көрүүсүн айтып ыйлап , жүзүн буруп кетти . Жек көрүүсун айтып жатса Баягы Ата сөрөй Шүмшүк мени табалап тиктеп турат . Тагдырымды ошол талкалаган . Эми Баламды алып келип :

— Мына Апаң. Айтпадым беле . Ичип кеткен тентип кеткен деп .Көрдүңбү Апаң адам эмес үмүтүндү үз — деди . Балам деп түшүндүрүп айта албай кала бердим .

Мен Кастарлаган, ардактаган сүйүү кайра менин дүйнөмдү тебелеп тепсеп ойрон кылды . Мени бир кездерде түшүнөт деген жакын адамдарым кайра менин дүйнөмдү оорутуп кетишти . . Сүйүү ушундай Мерээз болот .

Кыз ойго чөктү . Издеген сүйүүсү жолукса чын эле ушундай абал болобу ? Дүйнөсүн оорутабы. Анда эмнеге делбектеп Сүйүү издейт .. Дале үмүт үзө албай :

— Балким андай эместир .Сүйүүнун да жакшы тараптары болсо керек ..

Келин ойлуу гана :

— Балким жакшы тарабы да бардыр . Азыр ушул акыл кирген маалымда ойлонсом Сүйүү дегениң жөн гана сезимдерди Кытыгылап турган сезим . Отко окшош . Кызыгып берилип кетсең жалынына күйөсүң. Алыстасаң Үшүйсүң. Мен Өзүмдү абайлабай күйгүзүп алдым . Кээде ойлоном . Сүйүүнүн бу турмуш жолунда кереги деле жок . Жөн гана адамдык сапаты бар , ниети түз инсан менен сапарлаш болуп өмүр кечирүү жакшы жол экен .

— Койунузчу Сүйүүсүз кантип турмуш болсун .

Экөө тең күлүп жиберишти.

— Ай ушул сен суйуунун эмнесин билесиң. Сүйүү сен тамшанып жеген балмуздак беле .

— Сүйүү керемет , ажайып дүйнө , сонун жашоо ..

Кыз кумарлуу каректерин жоодуратып сүрөттөп жатты .

— Билесизби сиз сүйүү тандоодо адашып калгансыз . А Чыныгы сүйүүнү адашпай тандасаң Бактылуу болосуң .

Келин каткырып күлдү да :

— Эй Эси жок .Ошол Сүйүү ачууну таттуу кылат . Таттууну ачуу кылат . Башың туман болуп тузду шекер деп чайга кошуп иче бересиң . Даамды ажырата албай каласың .

— Ии Эже Ошол Бактылуу болгондук да ..

Экөө каткырып күлүштү .

— Сен күткөн сүйүүң да келет . Сүйүүң келгенде Чырактын жарыгына шашкан көпөлөктөй канатыңды күйгүзүп алба . Абайла .. Өзүңдү этиятта .

— Кой эми бар . Апаң дагы урушат . Мен эртең көчүп кетем . Жакшы кал ээ..

— Кайда каяка ..

— Башым ооган тарапка .. Жанды багуу керек . Иш таптым .

— Ии Эже сиз кетсеңиз кантем Кетпей эле Койунузчу..

Кыз келин менен Араң коштошуп үйүнө келди .

Эртеси келиндин үйүнө барса айтканындай кайдадыр көчүп кетиптир .

Көңүлү суз боло түштү . Эми сүйүү жөнүндө ким менен сүйлөшөт ..

Апасы ал келиндин көчүп кеткенине сүйүнүп жүрөт . Ал келиндин пайдасы тийдиби , зыяны тийдиби белгисиз…

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE