Пример HTML-страницы

Ат-Башы районуна 3,5 млн сомго таштанды ташуучу эки унаа алынып келди

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районуна «ХОВО» үлгүсүндөгү таштанды ташуучу эки унаа келди. Бул тууралуу Ат-Башы районунун акиминин орун басары Болот Абдыжапаров билдирди.

Анын айтымында, келген унаалардын бирөө Ат-Башы айылына, бирөө Ак-Муз айылына берилген.

Унаалардын жалпы баасы 3,5 млн сомду түзгөн. Анын 1,4 млн сому жергиликтүү бюджеттен, 2,1 млн сому Жаратылышты өнүктүрүү фондунан грант катары каржыланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE