Пример HTML-страницы

Асилбек 2 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=11167&preview=true Кызыктуу окуялар.

….АСИЛБЕК…..

*********2-БӨЛҮМ***********

Кыдыке ушул жашка келип, көзүнө жаш албаптыр. Эстеп көрсө өз энесин жерге бергенде да келген элге кызмат кылып жүрүп, көз жаш төккөнү убакыт таппаптыр. Эркек кайгыны ичине жутат эмеспи, ошондо энесин жоктоп, ичинен ыйлаган. Бук болуп, суугатка барганда талаадан күчүн чыгарып алчу. Анда да ыйлай албай, бакырып-бакырып калып кетчү. «Балам, балалуу болгондо билесиң»-десе апасы, Кыдыке анча көңүл бөлчү эмес. Эми ошол сөздүн маанисине жетип олтурат.

—Өлтүрөм, соо койбойм. Сойуп кетем, бул жашоого туулганына өкүнө турган кылам. Кызым ким экенин эле айтып берсин, калганын мына өзүм билем!-деп муштумун катуу түйүп турду. Көздөрүнүн жашы Айжамалдын бетине тыпылдап жаап жатты. Айжамалга уктатуучу даары ичирип коюшкан, туруп чуркап ыйлай бергенинен эс алсын дешкен болчу. Ошол көчөдө туруп, Айжамалды көрүп калган ушакчы кишилердин бири, аялына көргөнүн айтып барды. Аялы жөн турмак беле, бир мүнөт тура албай Кыдыкенин үйүнө чуркап кетти.

—Анара ээй Анараа, кокууй балее баскан турбайбы силерди. Дагы кудай сактаптыр, ошол шумпайлар оңбосо экен. Колдоруна шал тийсе экен, кимдин колу көтөрүлдү экен?

—Эмне эле деп жатасың? Эмне болду? Тынчтанып анан айтчы шашпай, ай болду дейм.

—Ай Анара мен өлөйүн, ушундай жаман кабар жеткиргенче өлүп эле калбаймынбы. Шордуум десе эмне кылаар экенсиң э эми.

—Жөн айт деп жатам сени, бай болгур эмне болуптур? Айтчы тез.

—Тиги шордуум Айжамал табылды.

—Оозуңа май, жакшы кабар турбайбы. Каякта азыз? Ким тааптыр? Милицияда экенби?

—Андай болсо кана эми, зордуктап кетиптир бирөө. Айылдын башына чейин келип, элди көрүп жыгылып калыптыр. Азыр ооруканада. Кыдыкеге айтырышыптыр го, айткан жокпу сага? Сабыр кыл Анара, мен сени билет деп эле. Анара чындыгында өтө кайраттуу аял болчу. Анаранын кыйындыгы Айжамалга дагы өткөн. Тоонун тээ түбүндө зордукталып, таяк жеп көлчүктө калган кыз бир жума дегенде айылына өлбөй келгени, бул баатырдык эмеспи. Анара үйгө кирип, кийимин которуп алып Өмүрдүн үйүнө түз барды. Айжамалдын табылганын укканда Өмүр жүрөгү түшүп калган. Азыр эле милиция келип алып кетчүдөй, калтырап үйүндө жашынып жатат. Өмүрдүн атасы Жеңиш баласынын кылганы боюнча кабары жок болчу. Күндөгүдөй эле Районго барып, жумуштарын бүтүрүп алып, эс алганы жаңы жаткан. Дарбазанын сынып кетчүдөй тарсылдаганынан чочуп ойгонуп кетти.

—Өмүр бар ач эшикти, сенин жасалма досторуң келди.

—Ата мени куткарыңыз, алар мени алып кеткени келишти. Баарын айтып берем, эшикти ачпаңыз суранам. Өлтүрүп салышат азыр. Баласынын жаш баладай ызы-чуу салып жибергенин мас!-деп ойлоп койду. Өзү барып эшикти ачса босогодо Анара туруптур.

—Кандайсыз аке, эшигиңизди кагып келмек эмесмин. Бирок башка аргам калбады, мени ооруканага жеткирип коюңузчу. Айжамал табылыптыр, айбандар кызымды кордоп кетишиптир. Тирүү калганына шүгүр кылып жатабыз. Кызы тууралу айтып жатса да Анаранын көзүндө тамчы жаш пайда болгон жок. Жеңиш кызы жакшы эле го!-деп ойлоп койду ыйлабай токтоо турган Анараны көрүп. Унчукпай эле үйгө кирип, баласына кечинде сүйлөшөбүз!-деп чыгып кетти. Жеңиш дагы Айжамалды сурап коюуу үчүн, Анара менен кошо кирди. Чын эле Айжамал таанылгыс болуп калыптыр. Айжамал апасын көрүп, ыйлап жиберди.

—Апа, атамды токтотуңуз. Мен атама мени ким мындай кылганын айттым. Өлтүргөнү кетти, апа атамдын мындай кылаарын билгенде ошол тоодо өлүмүмдү күтүп жата бермекмин. Атамды адам өлтүргүч кылайын!-деп жашоо үчүн күрөшкөн жокмун. Апа токтот атамды. Ат менен кетти, жетишесиз апа..

—Кызым, ким ал? Кайсыл үйдөн табабыз? Айжамал көзү менен Жеңиш тарапты көрсөттү. Анара азыр эле кызын зордогон Өмүр бар үйгө барып, Өмүрдү көрүп бирок, өз колу менен өлтүрбөй кеткенине жинденип кетти. Билбей калбадыбы, билгендеби өз колу менен жүрөгүн сууруп алмак. Азыр деле Анара жөн коймок, үйдүн эркеги кызынын намысын коргосун!-деп кебелбейт эле. Бул жерде Өмүрдүн атасы Жеңиш бар болчу. Ооруканадан атып чыгып, үйүн көздөй баратты. Бир саатка жетпеген жол бир кылымдык жолдой сезилип кетти. Айылга жетерге дагы бир айыл калганда, ат чаптырып бараткан Кыдыкени көрдү. Машинанын сигналын басып, токтот!-деп жатты. Кыдыке токтотоор түрү жок, албетте Жеңиш башчысы, Жеңиштин сөзүн эки кылбайт болчу мурун. Азыр андай жагдай эмес да, азыр бул жерде бир эле кыздын эмес, бүтүндөй үй-бүлөнүн намысы ойнолуп жатпайбы. Ата-теги ушул жерде болгон Кыдыке башка жака кетип дагы кала алмак эмес. Айласы кеткен Кыдык үй-бүлөсүнүн намысын ушундай жол менен коргойм!-деп ойлогон. Айылга Жеңиш менен Кыдыке жарышып кирип барышты. Эки кубалашып кележаткан буларды көчөдөгү эл дагы акырындан эрчип баратышты. Жеңиштин үйүнө келгенде кетменин алып, үйдү көздөй баратты. Жеңиш жалбарып, токтото албай койду. Эл топтолуп калган экен Кыдыкени алдынан тосуп, эптеп токтотуп калышты.

—Силер билбейсиңер да, бул ит эмне кылганын. Айжамалды кордоп, тоого таштап келиптир. Бул айбандын менин кызымда кандай акысы бар? Өлтүрөм мен муну, мени кармабагыла. Калыс карагылачы баарыңар. Ушул кылыгы үчүн, ташбаранга алалы туугандар, эмне дейсиңер? Бул тирүү калса мындай кылмыш улана берет, бүгүн менин кызымды коргой албасак, эртең силердин кызыңарды коргой алат экениңерге эч ким кепилдик бербейт.

—Туура айтасыңар, биздин айылда мындай эзели болгон эмес. Азыр баспасак эртең сенин, менин кызым Айжамалдын ордунда болуп калышы мүмкүн. Туугандар айыл аксакалдары чечип берсин бул ишти.

—Токтогула, токтогула дейм. Семиз неме чуркап келгенче деми кысылып, күшүлдөп араң сүйлөп жатты. Менин балам кылганына кимдин далили бар экен? Кыдыке айтчы кызың эмне деди?

—Өмүр Уларбек досу экөө биригип, дүкөнгө баражаткан кызымды зордоп машинага салышыптыр. Жолдо бир токтогон экен, ошондо Уларбек түшүп калса керек. Тоодо Өмүр өзү жалгыз кызымды кыйнаптыр. Эмне кызым калп айтабы? Далилим ошол, кызымдын сөзү уктуңбу..

—Ал күнү Өмүр машинасы жок жүргөн, эмне калп айтасың.

—Уларбектин ак жигулиси экен.

Элдин арасынан Уларбектин атасы, башын жерге салып чыкты.

—Мен баламды актабайм, күнөөлү болсо колуңарга өзүм салып берем. Бирок, машинаны Өмүр алып келип берген мага эртеси күнү. Уларбек болсо бир жумадан кийин келди шаардан. Жөн эле коркутуп жатат десе керек да, аныгын айта албайм бирок, Уларбек ошол күнү шаарга кетип калган экен. Ишенбесеңер Ишенбайдан сурагыла, ошонун автобусунда кетиптир ошондо. Эки саат сөз талашып, кырылышты. Жеңиш баласын актай албай чый-пыйы чыгып кетти. Кыдыке колундагы камчысын улам гүүлөп араң чыдап турду. Күбө дегендердин баардыгын чогултушуп, кайра жыйын өткөрүштү. Өмүрдү сотко бербей, ортого алабыз дешкенде Жеңиш жүрөгүн кармап жыгылып калды. Жеңиш башчы болсо, кадыры бийик да эл алдында. Ошол үчүнбү же айыл аксакалдарынын калыстыгыбы ким билсин. Айжамал догдурдан чыкканда Өмүр ак көйнөк кийгизип аял кылып алып чыгып кетмей болуп чечишти. Өмүр үйлөнүүгө ыраазы болбосо, тирүүлөй көмүп салмай болушту. «Айт»-десе эле баса калып өлтүрүп салгыдай болуп, үйүн тегеректеп турган айылдаштарынан коркуп Өмүр маакул болду. Тирүү калганына аябай сүйүндү. Эгер Кыдыке өз билемдике салып, Өмүргө бир нерсе кыла турган болсо айылдан кууп чыгышмай болушту. Бул чечимге Кыдыке көнбөй бир топ ызы-чуу кылды. Акыры айласы кетип, кызын өмүр бою бузуку атка конбошун каалап, ыраазы болду. Анара аксакалдардын бул чечимине унчуккан жок, Өмүр алса абийри жабылчудай кызын көндүрүүгө убара. Эне да баарыбир, кызынын эл алдында абийри ак болушун каалайт.

—Айжамал жакшысыңбы? Кызым баары артта калды, эми баары жакшы болот.

—Апа, Өмүрдү камаштыбы? Ал айылда болсо мен барбайм, корком андан. Апа эми эч нерсе жакшы болбойт, Жуман жакында келет, мен Жуманга эмне дейм? Бир тууганынын мындай ишин кандай кабыл алат болду экен. Эми эч качан бактылуу болбойбуз. Баягы күнү эле атам айтканга тийип кетсем, мындай болмок эмес экен. Силер да уят болбойт элеңер. Апа эми эмне болот?

—Кызым сен акылдуусуң, баардыгын ойлонуп чеч. Аксакалдар ишти айылдан чыгарышпай койду. Өмүр сени бул жактан чыгып барсаң алып чыгып кетет. Атаңдын жүзү жер карабасын десең, Өмүргө тийишиң керек. Айыл ушундай чечти.

—Жок, өлгөнүм артык апа. Мен ал айбанга эки дүйнөдө тийбейм. Менин намысым тебеленгени аз келгендей, эми жашоомду дагы тебелетейинби. Ал аксакалдардын айтканына башым оорубайт, тийбейм мен. Эшиктин артында Кыдыке дубалды муштап, ыйлап гана туруп берди. Анара экөө Айжамалга айтып көрүүнү чечишкен, маакул болбосо көчүп кетмей болушкан. Ата-тегин таштап, көчүп кетүү да оор. Бир эле убакта турмуштун эки муштуму бир убакта тийип, турбас кылып жыгытып койбодубу. Ата экен айла жок, кызы үчүн чөлдө да жашоого ыраазы.

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE