Пример HTML-страницы

Асилбек 15 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=11167&preview=true Кызыктуу окуялар.

(((АСИЛБЕК))) 15-БӨЛҮМ.

—Чындык ушундай ачуу болот Уланбек, мына эми сага сөзүм бүттү. Асилбеке болсо бул кыз болбосо мындан сулуусун алып берем.

—Эй энеңди десе, азыр озуңду талкалай электе чыгып кет маймыл.

—Тынч… Баарың оозуңарды жаап калгыла. Азыр эмне заман я? Төрдө каары адам олтурса биринин этин бир тытмалап жатышат. Уланбек сага канча айтам, ушул окуяны унут!-деп. Чындыктын аягына жетпейсиң, жеткиң келбейт. Анткени агаң өзү тоңуп өлгөн, булардын күнөөсү тоого алып барганы болсо, анда ошондой эле күнөө агаңда, Өмүрдө дагы бар. Бул эки оңбогурлар, жер кабар айтып барбасын, Айжамалды тоого алып барып көргүлүктү көрсөтүп, таштап кетип калышкан. Эки зоңкойгон эркектин ошол кыздай жаны жок беле эмне? Тирүү, канча күн дегенде айылга жетип келди шордуу, канча маскарага чыдады. Эмне ошол аялдай боло албайбы сенин агаң? Менин көзүм тирүү экен сага бул жаштардын тоюн бузууга жол бербейм. Бар үйдөн чыгып кет.. Уланбекти токсондон өтүп калган энеси кууп чыкты. Жумандарды кайра отургузушту эле кемпирди кыйа албай эле олтуруп калышты. Ары-бери болуп жатып, кайра сүйлөшүп көрүшмөй болуп кетишти.

-Эй бала, дайыма бир нерсенин үстүнөн чыгып жүрөсүң. Сага эмне башка кыз калбай калдыбы? Издеп жүрүп араң таптыңбы эмне?

—Жуман ава, эмне экен ал кыз?

—Атаңдын гана башы экен, албайсың ал кызды. Ал деген атаңды өлтүргөн адамдын карындашынын кызы экен.

—Уланбектинби?

—Ооба, кантип билбейсиң? Сураштырбайсыңбы жиндиге окшобой. Албайсың, башка кыз тап.

—Мен Самарадан башкасын албайм.

—Эмне Самара башкача экенби?

—Жүрөгүм тандады ава.

—Ээй сенин жүрөгүңдү урдум, ошол жүрөгүңдү урдум. Жүрөгүңдү аяп жүрүп эмнелерди гана өзүмдүн каршылыгыма карабай кылып келем. Мунусунда мен айткандай болот, жүрөгүң атаңдан өч алып, ошол адамдын тууганын сүйдүрүп жатса керек да. Өзүм салган жүрөгүмдү өзүм сууруп алам азыр.

—Жуман болду дейм, эмне болуп жатасың? Айжамал убагында кандай кыйналганын билем, көрүп эле жүргөм анын күнөөсү жок. Мына убагында чыныгы сүйүүнү түшүнбөй, ошондо кылган иштериме эми өкүнүп жатам. Сен дагы ката кетирип алба, Айжамалды кандай сүйдүң эле? Эстечи..

Ошол Уларбек менен Өмүр агамдын өлүмүнө мына сен күнөөлүсүң. Аларды сен тоого таштап келгенсиң. Анда өзүңдү дагы уруш, ур, сотто. Өткөн иш өттү, кетти. Эң башкысы сен ошол ишти Айжамал үчүн, сүйүүң үчүн кылгансың. Ошол эсиңде болсун. Баардык кырсык жетпей калган сүйүү үчүн болуп жатат.

—Аида сен түшүнбөй эле дөөрүй бербечи. Экөө үйлөнүшкөн күндө дагы экөөнө тынч жашоо бербейт Уланбек деген. Анан кырсык жетпей калган сүйүү үчүн болгон жок.

—Анан эмнеден болду?

—Өмүрдүн зөөкүрлүгүнөн болду. Менин гүлүмдү тепселеп, жер менен бир кылды. Махабатымды баткака батырып жиберди. Баардыгы ошол үчүн болду.

—Жуман ошондой болгон күндө дагычы, эгер сен Айжамалды сүйбөгөнүңдө Өмүр аганы тоого таштабайт элең. Айжамалды сүйбөгөнүңдө агаң тарапта болоор элең. Сенин жетпей калган махабатың болбогондо, Айжамал менен акем бактылуу болушат беле.

—Кайдагы бакыт? Кайдагы нерселерди айтып жатасың? Сага окшогон жүрөксүз, сезимсиз нерсе эле өзүнүн зордуктаган зөөкүрү менен бактылуу болбосо, Айжамалдай аял эч качан бактылуу болмок эмес уктуңбу..

—Жуман чектен аштың, сага эмне кылдым мен? Мени нерсе дейсиң да, мен адаммын, буюм эмесмин. Мага демек өзүң билип, өтүгүңдү төргө ил. Жакшы кеп айтса адамды басынтасың кайра. Мен эмес, мына сен жүрөксүз, жалаң өзүн ойлогон, жансыз бир нерсеге окшоп калыптырсың. Аиданын сөзү бүтө электе эле Жуман жаактан алып жиберди. Жаагына шапалак тийгенде олтуруп калган Аида ыйлап жиберди. Мындайды күткөн эмес.

—Сен шашпагын Жуман. Сени менен канча азап жолду бирге бастым. Мына, бөтөн дебей эки баланы өз баламдай карадым. Дагы деле мен жаманмын, мен нерсемин. Менин жакшылыгымды көрбөгөн көзүң көр болуп калбасын, абайла. Аида ыйлаган бойдон чыгып кетти. Дагы чапкылап салмак, Асилбек токтотуп калды.

—Ава туура эмес кылдыңыз. Жеңемде эмне күнөө? Мейли эки жак тең каршы болсо үйлөнбөйм.

Жуман унчукпай барып, жатып алды. Асилбек чын эле атасы үчүн сүйүүдөн кечип, бактысыз жашоого бел байлады. Уктай албай сыртта чөптүн үстүндө, жылдыз санап жата берди. Оюна ар нерсе келди, бирок бул маселенин чечилишин көрө албай койду. Таң атпай тоого аңуулого кетип калам!-деп жаткан. Алысыраактан кыздын назик үнү угулуп калды. Тыңшаса ыйлап келе жаткандай. Үн чыккан тарапка карады эле Самара экен.

—Самара эмне кылып жүрөсүң бул жакта? Кантип келдиң түндө?

—Асилбек качып кетеличи, алыска кетип калалычы.

—Сени эч качан алып качпайм. Эгер турмуш бизди бир кылбаса айла жок, тагдырыма баш ийем.

-Эмне такыр чөлдөй болуп өтөсүңбү?

—Ооба, чөл болуп өтөм.

—Асилбек бизге эмне тоскоол болуп жатат? Мен көнүп жатсам, атам-апам дагы көнүп жатат, бир эле тайкем жинди болуп жатпайбы.

—Сен баардыгын билгенсиң да э?

—Билгем, баардыгын билгем.

—Анан ачык айтпайсыңбы? Эртеби кечпи бул маселе калкып чыгышын жакшы билесиң, эмне айтпай койдуң.

—Сени жоготуп алам!-деп корктум. Кыялымдагы адамды таап, сүйгөнүмдө ачуу чындык сени менден тартып алабы дедим. Аз да болсо сени менен чогу болгум келди.

—Атамды өдтүргөн адамдын каны бар кыз менен кантип бирге болом?

—Асилбек бизде эмне күнөө? Биз эмне кылдык? Бири-бирин сүйүү күнөө болсо, анда жер жүзүндөгү адамдын баары күнөөгө батып кетпейби. Асилбек туура түшүнчү, сен менсиз жашай албагандай эле, мен дагы сенсиз жашай албайм. Бүгүн алдыңа келип жатам, эртең кеч болот. Мени эртеңден калбай күйөөгө качырат экен. Апам байкесине унчуга албайт, атамды үйдөн чыгарып салды. Түндө качып келдим, сага келдим. Бас кетеличи..

—Кечирип кой, мен сени менен кете албайм. Бактылуу бол..

—Ишенбейм, менден ушунчалык тез кечип кетериңе ишенбейм. Тамашалап жатасың э? Калп айттың э? Асилбек кетебиз туурабы?

—Жок, бас үйүңө узатып койом.

Самараны ыйлатып, өйдөкү айылга жөө баратышты. Самара ыйлап келе берди. Асилбек болсо алдыда баратты, эмнегедир жан-дүйнөсүн кош көңүлдүк ээлеп алды. Самара эмне болоору менен башы дагы ооруган жок. Өзүн өзү тааныбай жатты, кантип сүйгөн адамы жалдырап көз жашын төгүп, кетеличи!-деп суранып жатса «жок»-деп кебелбей жооп бергенин да байкаган жок. Жол кыскартып, эки айыл ортосундагы сай менен баратышты. Үйгө жетейин деп калганда Самара Асилбектин артынан кучактап алды.

—Мейличи, макулмун. Баарына маакулмун.. Сенсиз дагы жашаймын, башка бирөөгө жар болом. Суранам азыр кучагыңдан түртпөчү, акыркы жолу кучагыңа кысчы. Сүйөм дечи.. Мени аячы, жашымды сүртүп, чекемден сүйчү. Мени менен аяр коштошуп койчу.

Асилбекти артынан кучактап алып ыйлаган Самара үйгө кирип, өз жанына өзү кол салмай болгон.

Асилбектин көздөрүнөн жаш чыгып кетти, аста Самарага бурулуп кучактап алды. Чачтарынан сылап, кечирим сурап жатты. Жанакы кайдигерлик жок болду.

—Самарам, мени кечирип койчу, сага берген сөздөрүм эсимден чыгыптыр. Сени эчкимге бербейм, алып кетем. Бүгүндөн баштап көзүңө тамчы жаш алдырбайм, бактылуу кылам. Бас кеттик.

Асилбек мурун болуп өткөн ишке көз жумууну чечти.

—Самара үйгө кирип, документтериңди алып чык. Чет өлкөгө кетебиз, окутам сени. Мен сага, сен мага тууган болобуз. Бизге эчкимдин кереги жок, туурабы?

—Туура, азыр ушинткенибиз туура чыгар. Бара-бара бизди кечиришет. Мен азыр, бат эле чыгам.

Самара баары уктап жатканда чыгып кеткен эле, азыр кирсем дагы эчким байкабайт, уктап жатышат!-деп ойлогон. Бутунун учу менен басып, документтер бар сандыка келип, ачып алып издеп баштады. Караңгы бөлмөнүн жарыгы жандырылып, артындагы үн»келдиңби»-деди. Ким экенин көрүүгө шарт бурулуп,үч таң калганынан ыйлап жиберди.

 

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE