Пример HTML-страницы

Асилбек 12 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=11167&preview=true Кызыктуу окуялар.

АСИЛБЕК. 12-БӨЛҮМ

—Мен сени артист болсун деп багып жатамбы? Келечек жок түшүнөсүңбү бул кесибиңде. Мага айтпай кылгылыктын баарын кылып жүрөсүңбү эмне? Сенден мындайды күткөн эмес элем. Дипломат болосуң, сөз бүттү. Артистигиңди, сотуңду дагы жыйыштыр. Ушул жуманын ичинде агаңдын жанына кетесиң. Азамат окууну бүттү, ошол жакта эле иштеп жүрөт. Эч жамандык көргөн жок, артист болсоң эле эмнени кыйратасың сен? Анын үстүнө оозуңду чоюп айкырып ырдаган ырыңды эч ким укпайт азыр. Барбайсың болду.

—Жуман ава антип дүйнөлүк сахнада, дүйнө эли сүйүп уккан операга шек келтирбеңиз. Мына сиз билимдүүсүз, интелегентсиз туурабы? Сиз адам өмүрүнө жан дүйнөсү менен күйгөн инсансыз. Демек жан дүйнөңүз назик болушу керек, опера эле эмес башка чыгармачылыкты дагы түшүнүшүңүз керек.

—Асилбек койчу балам, Жуман аваң өмүрүндө опера эмес жөн концерт, киного дагы барган эмес. Аваңа бир гана дипломат менен врачтын гана кесиби бар. Калган кесип жөн эле оюндай сезилет.

—Аида сен жөн тур, өзүң эмнени түшүнөсүң операда.?

—Жуман мен мугалиммин, мени дагы иштеткен жоксуң. Кымындай айлыка кыйналасың!-деп. Кыйналсам эмне экен? Эң башкысы ал менин кесибим, мен кесибимди сүйөм. Азыр дагы Асилбектин өз каалосуна тоскоол болуп жатасың. Жайына кой баланы, өзү билсин.

—Эй сен аралашпа, бала тарбиялаганды билиш керек мугалим деген. А сен балдарды эмнеге үйрөтө аласың? Ичиң толо арам бок болуп турса. Көрүп эле жүргөм Азаматка берген тарбияңды. Сени ойлоп бала тарбиячы алды деп жатасыңбы сен? Жоок, сенин ичиңдеги бокко Азамат булганбасын деп алгам керек болсо.

—Жуман болду кыл, ошондогу адашып кылган күнөөмдү өмүр бою бетке чабасыңбы эми? Сен үчүн оңолдум го, баарын кылып жатам го.

—Сени менен анан сүйлөшөм, чыгып кет азыр бөлмөдөн. Аида чын эле Асилбеке күйүп айтып жаткан болчу. Бала өз каалосу менен кетсе бактылуу болот экенине ишенет. Жуман мынтип мурункусун бетке салганына ызаланып, ыйлап чыгып кетти. Айжамалдын өлүмүнөн кийин, атандашуудан келип чыккан мерездиги жоголуп кеткен. Бара-бара Айжамалга ичи ачышып, кылгандарына өкүнүп калган болчу. Азамат менен Асилбекти өз баласындай карап, жакшы көрчү. Өкүнүчтүүсү ошол кездеги жамандыгы, ушунчалык жакшылыгы жууп кете албагандыгы болуп жатпайбы. Аида бөлмөсүнө кирип, ыйлап жатып уктап калды. Ушунчалык ыйлаган экен, түшүндө да токтоно албай жатты. Түшүндө Айжамал келиптир, пери болуп калган. Аппак көйнөгүн жайылта баскан Айжамал Аидага жакындап жатты. Айжамалды дагы деле таарынып жатат!-деп жакындаган сайын коркуп бакырып жиберди. Айжамал болсо жеңи колун жапкан ак көйнөгүнөн колун чыгарып Аидага жылмайа кызыл алма сунду. Алгандан коркуп качты эле, Айжамал ошол жерден кайып болду. Колунда кызыл алма калып калыптыр. Албагандай эле болгон, кантип колунда болуп калганын өзү түшүнбөй турду. Жыты аңкыган алманы Жуманга бергиси келди. Бирок, Жуманды таппай жеп баштаганда анан барып Жуман пайда болду. Жеп бүтөйүн деген алмасынан Жуманга дагы эки тиштем берди. Чочуп ойгонуп кетсе, үйдөгү ызы-чуу басылып калыптыр. Жанында Жуман жок экен. Акырын конок бөлмөгө барса, ошол жакта уктап калыптыр. Акырын жууркан алып келип, үстүн кымтып койду. Анан Асилбектин бөлмөсүнө барса Асилбек жыйналып жатыптыр.

 

—Жуманды укпай кетип каласыңбы?

—Маакул болду жеңе..

—Кантип эле? Чынбы?

—Ооба чын, апамдын акыркы катын авама окуттум. Авам ыйлап анан маакулдугун айтты. Ал жерде «жүрөгүң эмне кааласа ошону кыл, ал сени алдабайт»-деген жазуу бар болчу. Ошол үчүн авам бул менин эмес, апамдын каалосундай кабыл алды. А баса жеңе, сиз апамды көргөнсүзбү?

—Көрбөй анан.. Аваңдын жибергени жакшы болуптур э, эми баардык кыялдарың орундалат.

—Ооба да жеңе, авамды нараазы кылып кете алмак эмесмин. Жеңе апам кандай аял эле?

—Өзүң кандай элестетесиң балам.

—Жеңе сизди апа дей албай койдум, таарынбаңыз э, сиз балам дей бериңиз.

—Ооба эч нерсе эмес, ошого да рахмат балам. Бүгүн түшүмө апаң кириптир.

—Эмне кылып жүрүптүр жеңе?.

—Биринчи сен айт, апаңды кандай элестетесиң?

—Кичинекей кезимде, үшүп жатып апам келип кучакташын тилейт элем. Кээде апам мени көздөй күлүп кележатканын элестетет элем. Ал элесимде апам бойлуу, арык, ак жумал, чачтары узун кара, анан шайыр болчу. Түштөрүмдө да дал ошондой болуп жүрчү. Анан аныгын билбейм, апам жаман адам болушу мүмкүн эмес да э жеңе?

—Сенин апаңды мен деле эки-үч жолу эле көргөм. Ал кезде жаңы келин элем, апаң менен абысын болуп келгенде эле сулуулугуна ичим тарыган.

—Жеңе сиз дагы сулуусуз го..

—Ооба, бирок апаңдын сулуулугунун алдында мен көрүнбөй калат элем. Анан бир аз күндөн соң апаңдын аябай сабырдуу, токтоо, акылдуу экенин түшүндүм.

—Атамды көргөнсүзбү?

—Ооба, мен келгенде атаң тирүү болчу. Бирок, атаң абакта болчу, абактан чыкканда биз Москвага кетип калып көрбөй калдым. Жеңем ошондо элдин сөзүнө туруштук берип, басып кеткен жок, атаңды күттү. Сабыры ушунчалык күч экен, эки көчө ары турган үйүнө беш жыл басып барган жок. Качан атаң чыгып келгенде чогулуп отко барышты.

—Атам абакта олтурса жаман адам беле жеңе?

—Билбейм, мен ал окуяны чала уккам. Убагы келгенде баарын өзүң Жуман аваңдын озунан угасың.

—Айылда балдар атаң адам өлтүргөн дешет эле, чынбы ошол?

—Жок, ал киши өзү тоңуп өлгөн, атаң болсо куру дооматка калган. Сен жакшы адамдардын баласысың, жакшы тукумдун урпагысың.

Асилбек жеңесин биринчи жолу жакшы көрүп кетти.

—Жеңе рахмат, ата-энем тууралу жакшы кеп угуу бул мага сыймык. Эми түшүңүздү айтпайсызбы?

—Айтсамбы же жокпу, өзүм коркуп турам аябай.

—Эмнеге коркосуз айтсаңыз жеңе.

—Апаң түшүмө жылпайып кирип алма берип кетти. Мен аны тамшанып жедим, Жуман аваң дагы ооз тийди. Жакшылыка жооруп жатам.

—Жылмайып кирсе сизге ыраазы окшойт, алмасы болсо ырахматы.

—Ошондой эле болсун ылайым. Балам бирөөнүн элине баратасың, эс-акылың менен болгун. Ал жерде жакындарың жок, эчкимге ишенбе.

—Койчу жеңе жаш бала эмесмин го.

—Мейли, мейли садагам.

—Жеңе азыр эс алыңыз, мен Италияга барып калсамчы э, модный кийинген селкилер жолдо кала турган соонун кийимдерди алып келип берем э жеңе.

—Ий садагам айтканыңа эле кийгендей болуп калдым, рахмат сага. Өз балдарым болбосо да силер бар билинбей жатат. Кудайыма рахмат, ыраазымын.

Бир жуманын ичинде сырттан окуган окуусун токтотуп, виза ачтырды. Өзү кыялдангандай опера ырчы болуу үчүн Италияга кетип жатты. Ал жакта тил үйрөнгүчө эле кыйналып, кийин көрбөгөндөй болуп кетти. Ал жактын окуусун бүткөн соң, Францияга чоң залда дүйнөлүк залкар операчылар менен чогу ырдоого мүмкүнчүлүк алды.

 

Уландысы бар..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE