Пример HTML-страницы

Аравандагы келиндин үйүндө тартылган видеосу интернетке тарады

Акыркы жанылыктар

TurmushАраванда келиндин биринчи турмушунан төрөлгөн кичинекей эгиз кыздарын сабаган келин сурак берүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

  • Социалдык тармактарда Араван районунун С.Юсупов айыл өкмөтүнүн жашоочусу эгиз кыздарын күн сайын «эмнеге сийип койдуң?» деп сабаган видео таркап жатат. Тасмада балдардын энеси алардын ыйлаганына карабай урганын көрүүгө болот.

Алдын ала маалыматка караганда, болгондой, келин учурда экинчи ирет турмушка чыккан. Биринчи турмушунан төрөлгөн кыздарын ала келген.

Араван районунун акиминин социалдык иштер боюнча орун басары Бактыбек Осмоновдун айтымында, учурда кыздардын атасы келип, кыздарын ооруканада алып жатат.

«Бул айыл өкмөттө 2 социалдык кызматкер бар. Жакшы жашаган үй-бүлө болчу. Биз дагы тасма тараганда эле дароо милиция кызматкерлери, социалдык өнүгүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен барып кабар алдык. Кыздардын энеси милицияда сурак берүүдө. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми балдардын атасын чакыртып, Араван аймактык ооруканасына жаткырдык. Азыр эс алуу болгон үчүн, бул маселени комиссияга коё элекпиз. Эртең балдарды караган комиссия мүчөлөрүн чакырып, бул маселени карайбыз. Тергөөнүн жыйынтыгы менен, комиссиянын чечими менен мыйзам алдында жоопко тартылат. Эгерде энесинин жаман адаттары болсо, буга чейин да ушундай окуялар кайталанган болсо, анда балдарды мамлекеттин деле кароосуна алып коебуз. Азыр фостердик үй-бүлөлөр бар. Мамлекет тарабынан бир балага 18 миң сомдон айына төлөнүп берилет», — деди Осмонов.

С.Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысы Насридин Абдураимовдун айтымында, келинге буга чейин жардам берилип келген.

«Бул келиндин каттоосу Нур-Абад айыл өкмөтүндө. Балдары да ошол айыл өкмөттө каттоого алынган. Экинчи турмушундагы жолдошу менен биздин айыл өкмөттөгү чайхананы иштетип келишкен. Биз «балдарды каттоого тургузгула» деп айтканбыз. Алар бир жер үйдө ижарада турушчу. Биздин социалдык кызматкерлер барып кабар алып турушкан. Жардамдар дагы убагында берилип келген.

Бул тасманы келиндин азыркы турмушундагы күйөөсүнүн карындашы тарткан. Анткени ал өгөй ата урду дебесин деп тартып, чоңураак бирөөгө жөнөткөн. Ал дагы башкаларга жөнөтүп, тасма социалдык тармакка тарап кеткен», — деди айыл өкмөт башчы.

С.Юсупов айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Хуршида Байназарованын айтымында, эгиз кыздар сентябрь айында 2 жашка толгон.

«Балдардын энеси бизге жардам сурап кайрылган. Биз акчалай жана азык-түлүктөн жардам көрсөткөнбүз. Кыздардын атасы Россиядан 6-ноябрда келген. Биз балдардын мыйзамдуу атасын чакыртып, кыздарын медициналык текшерүүдөн өткөртүп, экспертиза дайындадык. Учурда кыздардын атасы, атасынын туугандары балдарды карап жатышат», — деди Байназарова.

Ал эми Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, эгиз кыздарын сабаган келин 2 айга камакка алынды. Араван райондук ички иштер бөлүмү тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүгүзүү учурунда аял кишинин 2 кызды уруп жаткан видео тарап жаткандыгы тууралуу маалымат келген. Ал 6-ноябрь күнү катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жаш балдарды уруп жаткан аял Араван районунун С.Юсупов айыл аймагынын 21 жаштагы Д.С. аттуу тургуну экендиги аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Д.С. тасмада уруп жаткан жаш балдар өзүнүн 2 жаштагы эгиз кыздары экендигин, алар сийип койгондугу үчүн ушундай кадамдарга баргандыгын билдирген. Топтолгон материалдардын негизинде Д.С.нын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иш козголуп, кылмышка шектүү катары камакка алынды. Учурда өспүрүмдөрдүн денелеринен алган жаракаттарын жана психикалык жактан жабыр тарткандыгын аныктоо максатында экспертизалар дайындалып, тиешеллүү мамлекеттик социалдык мекемелер жумуштарын алып барып жатышат.

Араван райондук соту кечээ, 7-ноябрь күнү келиндин баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакта калтырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE