Пример HTML-страницы

Апасын үйү менен кошо саткан уул. 

https://kyrgyzcha.site/?p=8638&preview=true Кызыктуу окуялар.

АПАСЫН ҮЙҮ МЕНЕН КОШО САТКАН УУЛ…

 

Карыган эне алдан тайып, жашоонун акыркы белине чыгып калган кези эле. Күйөөсү жаш кетип, жалгыз баласын чоңойтуп, окутам деп жүрүп, эне байкуш өз жашоосун уулуна арнаган. Мына эми жашы жетимиштен өтүптүр…Баласы үйлөнүп шаарда жашайт, айылдагы апасынан кабар да албайт. Пенсиясы тийген күнү келип, шаарда жашоо кыйын экенин айтып арызданып, апасынын акчасын шыпырып кеткенди адат кылып алган.

 

Эне да, балам жесин-балам ичсин деп. Болгонун берип отуруп калат. Ооруса да врачтарга барбайт, күчтүү тамак жебегенге арыктап, жүдөп, алы кетип барат күндөн-күнгө.

Баласынын ал мезгилде ойлоп тапкан амалын билбейт. Иван көрсө газетага жарыя бериптир, үй сатылат арзан бирок бир шарт бар..деп.

 

Саша түрмөдөн жаңы чыгып, жашаганга үй издеп жүрөт. Камалаарда бекитип койгон акчасы үйгө да бизнес ачканга да жетмек.Түрмөдө Саша коп нерсеге акылы жетип, эми уурулукту таштап жаңы жашоо баштайм деген бекем ой менен чыгат. Жарыяга көзү түшүп баасына кызыгат. Көрсөтүлгөн номерге чалат, Иван үйдү көрсөтөм деп экөө жолугушат. Үй эски болсо да бекем турат, чоң-чоң 4 бөлмөлүү экен. Ивандын апасы келген коноктон эч нерсе сурап үлгүргөн жок, түрмөдөн жаңы чыккан Сашанын чачы таптакыр жок, бандит өңдүү.

 

Иван Саша менен сыртка чыгып, менин шартым мындай: апам үйдө калат, үйдү алсан

апам менен кошо аласың. Өзүң көрдүң көрөөр күнү аз эле калды, карылар үйүнө көнбөй жатат, кууп чыкканга колум барбайт дейт. Мага азыр акча керек бир жакшы иш чыгып атат… Саша көп ойлонгон жок, макул деп кол алышты. Нотариуска барып үйдү тез эле өткөрүп берди.

 

Апасына бир ооз сөз айтпай, акчаны алып шаарга аялын көздөй бет алды. Аялы Света бир фирма бар ошого акчабызды кошсок 3 айда байып кетебиз деген. Иван да ал фирманы текшерсе көптөн бери иштеген фирма, эч нерседен шектенбей болгон акчасын которот. Ал фирма кадимки эле финансовая пирамида болуп чыгат…

 

Саша айылга келет, эми кемпирдин үйү аныкы эмеспи. Болгонун болгондой айтып берип, документтерин көрсөтөт. Ивандын апасы баба Катя ыйлап-ыйлап өз канынан жаралган баласына нааразы…Мен кийим-кечемди жыйнап алайын балам анан үйдү бошотуп чыгып кетем дейт. Сиз эч жакка барбайсыз дейт Саша. Ушул күнгө чейин кандай жашасаңыз ошондой жашай бериңиз, эч нерсе өзгөргөн жок. Үй чоң экөөбүзгө кеңири жетет…

 

Баба Катянын баары бир бараар жери жок эле. Ишенген жалгыз баласы таштап кетти, жөн эле таштабастан үйгө кошуп сатып кетти , буюм сыңары!…Саша курулуш фирмасын ачты, жумушчу жалдап иши жүрө баштайт. Үйгө келээрде мөмө-жемиш, эт сатып келет. Баба Катя тамак жасайт, күндөн-күнгө чыйралып жашара да түшкөндөй. Баласын ойлобоого аракет кылат байкуш эне… Бир күнү баба Катя ооруп калды, Саша жумушун таштап кой дегенине болбой врачка алып барды. Врач витаминдерди жазып берип, баары жакшы болот деп жөнөттү.

 

Ошентип экөө турмуштарын улантууда. Саша баба Катядан кеңеш сурап келет, ал да болгон насаатын айтып, эне-баладай жашап калышат.

Бир күнү Сашанын фирмасына иш сурап Иван келет. Болгон акчасын жоготуп, карызга батып аялы Света менен күндө уруш-күндө жаңжал…

Сашаны таанып анын кабинетинде креслодо отурган апасын да көрөт. Баба Катя ал күнү Сашага түшкү тамагын алып келген эле, ачка иштебей тамактанып алсаң боло деп.

 

Иван чыгып кеткенден кийин, Саша баба Катядан сурайт, кандай кылайын? Бир шанс берейин, сиздин уулуңуз эмеспи…Баба Катя жок деди, АПАСЫН САТКАН неме сага иш кылып кыйратпайт!…А менин уулум сенсиң, карыган кемпирди кууп чыкпай, сыйлап-багып отурасың. УУЛ ДЕГЕН КАНДАЙ БОЛООРУН СЕН КӨРСӨТТҮҢ МАГА!….Уулум деген сөзгө элжиреп, жетим өскөн Саша апасын кучактап ыйлады…Эне-бала кол кармашып үйүн көздөй жөнөштү!

 

Которгон: Елизабет.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE