Пример HTML-страницы

АПАМ ЖАТКАН КӨРҮСТӨНГӨ СИӉИП КЕТКИМ КЕЛЕТ

https://kyrgyzcha.site/?p=42093&preview=true Кызыктуу окуялар.

АПАМ ЖАТКАН КӨРҮСТӨНГӨ СИӉИП КЕТКИМ КЕЛЕТ»

 

 

 

– Азаптын тузагына түшүп, ыза мени күн санап муунтуп барат. Турмуштун мындай ур-тепкисине кабылганыма аз гана күн болду. Апам рак илдетинен каза болуп, 40 күн өтпөй атам үйлөнүп алды. Болгондо да апамдын курбусуна. Курбу болбой куруп кетсе гана?! Апамдын табытын үйдөн алып баратканда жер кучактап, кайра туруп ыйлап жатканымда ушул жексур жанымда турган. Анын өлүктү кубанычтуу узатып карап турганын эстесем азыр да денем муздай түшөт. Топтолгон эл:

– Жаш кетти, байкуш.

– Эми жалгыз кызына эле кыйын болот го. Жакшы адам эле…- деп айтып үшкүрүп жатышканда ушул аял гана жүзүнөн нур чачып сүйүнүп турган. Көрсө, апамдын өлүмүн күтүп жүргөн экен. Атам апамдын кыркын өткөрүүгө шашылып, 20 күн араӊ чыдады. Туугандарыбыздын каршылыгына карабай бул аялды үйгө алып келип жашап алды. Дүйнөм аӊтарылып, апамдын элесин издеп жүрсөм, атам экөөнүн эч нерсе болбогондой жашап жүргөнүнө таӊмын. Ууртунан жылмаюу кетпей, кыӊылдап ырдап жүргөнүн көргөндө каӊырыгым түтөп кетет. Атамда болсо санаа жок. Акыркы күндөрү өзүнчө эле бактылуу болуп жүрөт. Алардын күлкүсү жүрөгүмө сайылган канжар сыяктуу. Экөөнүн күлкүсүн укканда жерге бүк түшүп отуруп өксүп ыйлайм. Башка аргам барбы? Апам жан берген бөлмөдөн чыккан күлкүлөрү анын көрүнөн чыккан ыйдай угулат. Андайда күн болобу, түн болобу боз топуракка оронгон мазарга барып, апамдын мүрзөсүн кучактап алып көкүрөгүм бөксөргөнчө ыйлайм. Тирүүлөй күйүт отуна куйкаланганча көздөн аккан жашым менен кошо көргө сиӊип кетсем экен деп тилейм. Бугумду чыгарып, арманымды апама айтып болгон соӊ кайра үйгө келем. Мурункудай жылуулук жок, көрксүз үйгө кирер замат муздай баштайм. Апамдын мээримин издейм. Сөздөрүн, күлкүсүн, элесин сагынам. Жытына куса болуп кийимдерин моокумум канганча жыттап алам.

Бүгүн дагы адаттагыдай мазарга барып ыйлап, апам менен сүйлөшүп келдим. Асылым өлөр алдында «кызым, чоӊойгондо киесиӊ, жакшы көрүп алдым эле, кийбей калдым» деп көйнөгүн берген болчу. Ал көйнөктү кийгим келип кийимдердин арасынан издеп таппай койдум. Кечинде атам экөөнүн жетелешип келе жатканын көргөндө моюнумдан бирөө кыскандай буулуп, көзүмө жаш толуп калтырап чыктым. Апамдан эстеликке калган көйнөктү кийип алганын көргөндө үстүнөн сыйрып алгым келди.

– Көйнөктү эмне кийип алдыӊ?!- ачуулуу үнүм менен кыйкырдым. Тезинен чеч! Сендей көӊүлү арамдар апамдын бет аарчысын да кармоого татыксыз!- дедим. Эч нерсе болбогондой:

– Атаӊ белек кылды,- деп шылдыӊдай карап бөлмөсүнө кирип кетти.

Мени жат кишидей карап турган атамды кучактап:

– Апамдын арбагын кордобоӊузчу,- деп жалдырап ийдим. Ал:

– Аиданы мурдатан эле жакшы көрчүмүн. Апаӊды сүйгөн эмесмин. Ал өлдү, унут!- деди кесе сүйлөп.

– Апам мен үчүн өлбөйт, ал тирүү. Арбагы кордолгон үйдө жашагым келбейт,- деп үйдөн чыгып кеттим. Апам калтырган көйнөктү кийбей, жытын искей албасам да, ал менин жүрөгүмдө жашайт. Ушул ойлорго жетеленип мазарга баратам. Бүгүн менин апама айтчу акыркы сөзүм бар. Үйгө баргым келбейт. Көрүӊө батырып алчы, апаке…Аягы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE