Пример HTML-страницы

Ак көгүчкөн 14 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=12041&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ак көгүчкөн.

  14- бөлүм.

Өзүм каалагандай өз жериме дагы жеттим. Эки көзүм төрт болуп, сагынып келген мекеним мага анча кубанган жок көрүнөт. Бир адам, бир тааныш келдиңби, тируусунбу!-деп койсо кана. Баардыгы эле оор кол сумкалары менен ары-бери шашып жүрүшөт. Мени менен кошо учуп келгендерди жакындары ыйлап, кучактап, кээ бири гүл менен тосуп алып жатышты. Бейтааныш болсо дагы, жакыны үчүн тирүү жүргөнүнө барып ар бирин кучактап чыккым келди. Бирок, алар мени кайдан түшүнсүн. Бейтааныш тын кучагына, амансыңбы!-деген сөзүнө зар экенимди кайдан билишсин. Күтүп олтурган кишилерге аралашып, катар барып олтуруп калдым. Жерди карап, башымды өйдө көтөрө албай. Азыр башымды өйдө көтөрсөм, көзүмдөн полго агып жаткан ысык жашым бетимди каптайт. Анан кимдир бирөө түшүнбөгөн, кимдир бирөө аяоо көздөрү менен карайт. Алардын көз карашынан теригем, бошошуп өзүмдү баса албай калам. Мына могул жер, көкүрөк тушу кысылып, сайгылашып, тумчугуп жатат. Он сегиз миң ааламдын бир бурчуна батпай калганым мени кыйнап жатат. Бирөөнүн жоон чыккан орой үнүнөн улам чочуп, көз жашымды сүртө койдум.

— Чоң кыз, такси керекпи? Кой анча ыйлаба, тосуп алчулар кечигип жаткандыр. Ме телефон, сурап көр. Болбосо жүрү мен жеткирип койом.

Кара, семиз, чооң айдоочу кайдан билиптир менин эч кимим жок экенин. Өңү өзүнө тартпаган менен боорукер, адамгерчиликтүү киши экени айкын көрүнүп турат. Мен жек көргөн көз караш менен карап турат, мени аяп.

— Мени шаарга жакын мейманканага жеткирип койосузбу.

— Жеткирип койом, эмнеге жеткирбейт экенмин. Үйүңө эле барсаң болбойбу?

Сүйлөбөй койдум, тааныш эмес бирөөгө сырымды айткым келбейт.

— Канча болот? Акча алмаштырып алайын тура туруңуз.

— Арзан эле, бол жүрү жолдо кымбатыраак ошол жактан алмаштыр.

Эптүү экен кургур, колумдагы эки сумканы ала коюп, мага жол көрсөтүп эшик көздөй чыгып баратты. Унаасы сыртта окшойт, туруп тур деп кетип, беш мүнөткө жетпей машинасы менен мен турган жерге аста келди. Олтуруп, башка эч кимди салбай эле шаар тарапка жөнөп кеттик. Дайыма ушундай, барган жеримден качып келем. Бишкектен дагы Жусупка айтпай, Аврамды издөө үчүн шашып кеттим эле. Азыр дагы Израилден бирөө таш менен куугандай качып келдим. Эми ушул жерде эле калсам экен, бардык кыйынчылыктар өттү, бактылуу болууга дагы убакыт келди деп ойлойм. Боорукер таксист мени улам күзгүдөн карап коюп, сөз баштоого батынбай айдап баратты.

— Чоң кыз, үйдөгүлөр менен урушуп калдыңбы? Негизи ата-эне балага жакшылык каалайт, сен таарынба. Андан көрө кечирим сура, азыр үйүңө эле жеткирип койоюнбу?

— Байке эгер ата-энем, өз үйүм бар болсо ушинтип мейманканага барат белем? Жок дегенде алыс тууганым болгондо бутуна жабышып, жагалданып жанынан кетпейт элем. Тилекке каршы менин эч кимим жок бул дүйнөдө.

— Кой антпе, эмне балдар үйүндө чоңойдун беле?

— Жок чоң энемдин, ал дагы каза болуп калган. Жалгыз калгам байке. Эми болдубу? Билгиңиз келгенди билип алдыңызбы? Эми жолду караңыз.

— Карындаш, мен билген жокмун кечирип кой. Сени азыркы жаш кыздардай ойлодум да, таарынып үйүнөн качып жатпайбы.

— Жок…

— Өз үйүң жок болсо канчага чейин мейманканада жашайсың? Же кайра кетесиңби? Россиядан келдиңби?

— Кетпейм. Баатир тапканга чейин жашап турам. Израилден келдим.

— Апей мынча алыс кеткенсин? Мигрант болуу өтө кыйын, менин да башымдан өткөн. Капа болбо карындаш. Менин бир бөлмөлүү баатирим бар, биз жер үй салып үй-бүлөм менен көчүп кеткенбиз. Ал баатирге жашоого бирөөнү издеп жаткам. Кааласаң көрсөң болот, арзан эле жашатам сени.

— Эмерек, буюм барбы?

— Баары эле бар, болгону жаңы эмес.

— Мейли барып көрөйүнчү.

Ыраазы болуп, ушундай кең пейил Кыргыздын инсандарын бир туугандай көрүп кеттим. Чын эле шаардын ортосунда экен, ичи дагы таза, ирээти менен. Токтосоң, бул үй бакыт жыттанат го. Сезилип турат, бул үйдө бактылуу гана адамдар жашаганы.

— Кандай кылалы байке? Натариустан келишим түзөлү, мен сизге акчаны ошондо берейин, жарайбы?

— Ой Натариус жок эле жашай бер, акчаң болсо азыр, болбосо болгондо бересиң. Башка жакта жүрүп таза немис болуп алгансың го карындаш. Бул жерди Кыргызстан, бизди Кыргыз дейт. Мени агаң катары көр. Мейли анда, бир нерсе болсо мага байланышып тур.

— Рахмат, акчаны азыр эле берейин.

Айткан акчасына жол кирени кошуп берип, узатып жибердим. Бул эми менин үйүм болот. Бардык нерсе илгертен меники болгондой жакын туюлат, дароо үй жыйноого кириштим. Анан апам бышырган нанды эстеп, дүкөнгө барып ун алып келип жасап, апама куран окууну чечтим. Эки-үч күн жөн гана шаарды айланып, сагынычымды жазгым келди. Катя апама байланышсам байкушум шолоктоп ыйлайт, карасаң жаман улут болбойт, жаман адамдар болот дегени чын да. Динибиз, улутубуз башка болсо дагы биз жакын адамдардан болуп кеткенбиз. Аврамдын аялы сокур кызын балдар үйүнө өткөрүп салыптыр деп айтты. Өзү болсо жок болуп кетиптир. Алар тууралуу уккум дагы, эстегим дагы келбейт. Албетте кызын аяп турам бирок, айла канча. Өз энесине керек эмес бала башка кимге керек болмок эле. Дагы шүгүр органга сатып жибербептип. Шаардын эл көп баскан жеринен жай таап, жеңил тамак сатуучу ашкана ачкым келип, Республиканский оорукананын жанында жай караштырып жүрсөм, Шамалды -сайдагы апамдын сиңди курбусун кезиктирип калдым. Байкуш ыйлап алган, бир топ карый түшүптүр. Бир күн туз таткан жериңе миң ирет таазим кыл демекчи, мага кылган жакшылыктарын эстеп, үйгө конокко алып кетип калдым. Акжол катуу ооруп калыптыр, мен кеткенден бери ушул акыбал дейт. Мен Акжолдун мени жакшы көрөөрүн билем, ал кезде Аврамды издеп, Аврамдан үмүт этип жүрбөдүм беле. Үйдөн экөөбүз жакшылап сүйлөшүп, тамактанып, сырдашып олтурдук. Бир убакта эжем сөз баштап калса эле.

— Айжамал, сен эми кечеки жаш кыз эмессиң. Акыл калчап, бой жетип калган кезиң. Менин сөзүмдү ук, таарынып же жаман көрүп калба кызым. Ушул Акжол баламды башкача жакшы көрөм, анын үстүнө ооруган балага көбүрөөк мээрим түшөбү билбейм. Сен деле акылдуу кызсың, Акжол сени катуу жакшы көрөөрүн билсең керек. Эми сен дагы адаштың, жашоодо бардык нерсе болот. Мен түшүнөм, Акжол дагы баспаганы эле болбосо акыл-эси жайында жакшы бала. Балам экөөң турмуш курбайсынарбы Айжамал. Мени бейиши болгур энеңдин арбагы үчүн сыйлап, айтканымды кылып койчу, суранам. Акыркы үмүтүм сенде, балам же тамакка же сөзгө, же тиги жок дегенде сыналгыга көңүлү жок. Бир чекитти тиктегени тиктеген. Балам сен деп жүрүп өлүп кетпесе болду. Туура түшүнчү мени Айжамал, мына азыр дагы Акжолду ооруканага алып келдим, бир бутум үйдө, экинчи бутум шаарда калды. Кааласаңар шаарга жашагыла, мен өзүм багам силерди. Эмне десенер баарын кылып берем, кааласаңар айылда, мени менен чогу жашагыла.

— Билем, кантип эле Акжолдун сүйүүсүн билбей калайын. Сизди дагы түшүнөм, сиз менин алдымда өзүңүздү ылдый сезип мындай сөздөрдү айтпаңыз. Мен Акжолдой адамдын сүйүүсүнө арзыганыма ыраазымын, бактылуумун. Бирок мен Акжолго ылайык кыз эмесмин, Акжолдой жүрөгү таза, кенен адамга мен тең келе албайм. Бул нерсени сиз же мен чече албайбыз. Бул нерсени Акжол өзү чечүү керек. Биз Акжолго колдоо көрсөтсөк гана туура болот.

— Акылыңдан айланайын кулунум, энесин көрүп кызын ал дегендей, сенин энең акылман, күчтүү, эрктүү адам болчу. Анда бүгүн сен тамак көтөрүп бар Акжолго. Ал аябай кубанат сени көрүп, жанында бол. Эгер сөзү болсо ук. Сага рахмат, майып дебей макул болгонуңа. Ай анан тиги Аврам эмне болду? Тирүү экенби?

— Ооба, ал көөп сөз эже. Кийин айтып берейин э.

— Ий кудай, ал тирүү болсо эмне болуп кетти анда?

— Ал мен ойлогондой адам эмес экен, азыр ал түрмөдө.

— Эмне сени бир нерсе кылып койдубу?

Оюмча сени кордоп салдыбы деп жатат окшойт, болгону кагазга оролгону.

— Жок, ал адамдардын бөйрөк, жүрөгүн сатып бизнес кылат экен көрсө. Мени дагы алдап коюптур.

Айтсаң деп жабышып алды тим эле, мен Акжолго барам деп кетип калдым. Акжол деле акылдуу бала, мага андай сөз айтпаса керек. Мен эжени капа кылып албайын деп, сөзүнө көнүп койдум. Мен өзүм сүйбөгөн адамга турмушка чыккым келбейт. Майыптыгы бул жерде эч кандай роль ойнобойт. Акжол Аврам тууралуу билет, намыстуу бала Акжол. Ооруканага барсам Акжол реанимацияда экен, бир аз жакшы болуп, мындай палатага которгон жатышыптыр. Күтүп олтуруп турдум, уруксат бергенде барып жанына кирдим. Мен көргөн Акжол жок, териси менен сөөгү гана калган. Бирок оттой жанган жалындуу көздөрү жанып турат баягыдай эле.

 

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE