(36-бөлүм.)
Сөөк ээси Карып болгондуктан,уулу-
нун аманатын айтууга,Тургунбек айыл-
дын сакалдууларын алып,алдына келди,Ботодой боздогон экөөнү көргөн
адам жандарына тура алгыдай эмес.
Карып судмедэксперттин жыйынтыгын
уккан соң,ичинен сызып,аялын да,өзүн да күнөөлөп,эмнеге Акмаралды сүйлөт-
түрбөй койдум,кептин баары билип,бил-
бей чаң салган Ракыяда,кызымды узат-
кан соң сүйлөшөм деп,ичине ит өлүп олтурган,анын үстүнө,Токтосунду кууп
жибергенине өзүн күнөөлүү да сезди.
Никеси жок болсо,бул экөөнү кан-
тип бирге коёбуз деп боздошту экөө,
жарыкчылыкта жанаша алышпады,
бири бири үчүн жанын кыйган соң,чо-
гуу коёлу,өз жанын кыйгандарга жана-
за окулбайт деп,айтор уу-дуу болушуп,
бир билсе Ахмед молдо билет,деп,Токмокко киши чаптырышты.
Кеткенинен келгени бат болуп,башкар-
манын машинесинен чыканактай Ахмед молдо түшкөндө,элдин тобу жарыла берди.Тургунбек менен Карып-
ты ээн үйгө алып кирген молдо:-Сөөк
ээлери силерсиңер,силер кандай уруксат кылсаңар,ошондой коюлат,си-
лер өз атасысыңарбы,дегенде Карып,
мен өз атасы эмесмин деди.Өз атасы
жашоосунда жок катары болсо,ыраазы
чылыгыңды бер,тутунганы сенсиң де-
ди,Ахмед молдо.Боздогон экөөнү алып,
сөөктүн үстүнө кирип,ыраазычылы-
гыңарды угайын деп,Карыптыкын уккан соң,Тургунбектин үйүнө кетишти.
Казганактаган эл батпайт,эмне бо-
лоор экен деп,мурдун шор тартып,ый-
лаган эле киши.Тургунбектикинен чык-
кандан кийин,уулуң айткан жайга алып
бар деди,экөөнү коштогондор менен
эски бейиттеги үңкүргө келишти,Ахмед
молдо кирээри менен:-Жайларын жа-
сап алышкан тура,үңкүрдүн үстүн алып,кире беришине,чым жыйгыла да,
эки казанак ойгула деп,көрсөтүп берип,
мүрзө башында адал нике атап,коёбуз.
Түбөлүгүндө бир болушсун бечаралар
деп,жалпы арбакка куран багыштап,ор-
дунан турду.
Акмаралга деп казылып жаткан жаңы көрүстөндөгү мүрзөгө эчки мууз-
датып көмдүрттүрдү.
Жол ката,Ахмед молдо буларды
айтты:-Кыздын жаны эбак учуп кеткенин билгем,көзүнүн шамы эбак
өчүп,чын дүйнөнүн босогосунда тур-
ганынан,дем сала албаганмын.
(Уландысы бар.)