Пример HTML-страницы

АБАККА ТҮРТКӨН СҮЙҮҮ 6 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=40571&preview=true Кызыктуу окуялар.

АБАККА ТҮРТКӨН СҮЙҮҮ

6-БОЛУМ.

Мырзабектин келип шарт коюп кеткени Маматты кыйла соолуктура койду.Ушул айылда мен кыйынмын,баарын титиретем деген Мамат ,өзүнөн кичүү бала келип тумшугунду жарып кете берем деп,анысы аз келгенсип жекеме жекеге чык эркек болсоң,шериктерин жок сен эч ким эмессиң дегени ,акыркы заман келип асман анын үстүнө түшүп кеткендей болду.Ачуусу менен Эсен менен Шакенди ээрчитип барып токмоктоп эси көөнү кеткис кылып койгусу келди.Бирок,кандайдыр бир күч аны токтотуп турду.Бул бала эгер жүрөгү даап келип минтип айтса,демек бир ишенген адамы бар.Ал ким болду экен деп, башы ооругуча ойлонду.Бул жерде чоң муштумдук ,зөөкүрлүк чечпесин билип турду.Намысына тийип качып кетпе деп койгону да ардантты.Мейли көрөрбүз,сенин баш көтөргөнүнөн көчүгүңө катканың тез болот деп,өзүнө ишенгендей оюн кубаттап ,шашпаа,деп койду.

Мырзабек Маматты шериктерин эрчитип аркаман келет го деп ойлоду эле,бирок андай болбоду.Демек,менин шарттарыма көнгөн экен.Эми өз убалын өзүнө.Өтө көөп кеттиң эле ,желин чыкчу маалын келди ,деп эртеңки кылчуу ишин ойлонуп койду.

Эртеменен эртереек туруп Анаранын үйү жагына барды да чыгышын күтүп турду.Анара үйүнөн чыкты да Мырзабектин күтүп турганын көрүп сүйүнүп кетти.Жылмая келип учурашты да кеттик деп алдыга түшүп жөнөдү.Мырзабек Анаранын артынан жете келип ,,эми коркпо жакында баары чечилет.Анан көчөдө кенен жүрүп каласың»,деди.Анара кечееги сөз боюнча айтып жатканын түшүндү да ,,ошондой эле болсун,рахмат сага,»деп койду.

Мектепке жете келишип класска кирип келишти да ордуларына отуруп калышты.Мырзабек бүгүн афганчы ардагерлерге барып,, Маматка чакырык таштадым , чыр маселесин чечүүгө бош күнүңүздөр го тууралап анан кайсыл жерге барып жолугушаарыбызды өзүңүздөр тандасаңыздар «демек.Эжей келип сабак башталганда ,Мырзабек бир шылтоону айтып жооп сурады.Жооп алган соң сумкасын Сүйүнгө дайындады да эч ким укпагыдай кылып Анарага сабак бүтөөрүнө келип күтүп турам,деп чыгып кетти.

Афганчы ардагерлерди жумушунан таап мүмкүнбү деп сыртка чакырды.Мырзабекти көргөн афганчы дароо эмнеге келгенин түшүндү да күтүп тур азыр чыгам деп ишин улантты .Эшигин жаап коюп сыртка чыккан Мырзабек орундукка отуруп күтүп турду.Бир аздан соң сыртка чыккан афганчыны көрүп Мырзабек тура калып:

—Ассаламу алейкум ,Алымбек ага,деп учурашып калып кол берди.Учурашып алышкан соң эмне болду баягы ишпи деди.Ооба, деп Мырзабек айтты да ,андан ары Мамат чектен чыгып балдарды урганы аз келгенсип эми кыздарды да коркутууга өтүптүр.Көчөдө балдар эмес кыздар да коркуп калышыптыр.

—Кечее ,мен бардым да чакырык таштап шарт койдум.Ачууланып ызырынса да кабыл алгандай болду.Эми сиздер кайсыл күн деп белгилеп анан барып берсеңиздер маселе чечилгени турат.Сиздер эмне болсо да кадырыныздар бар,калыстык кылып тигил шайкасы каптап кетпесин көзөмөл кылып бериңиздер,деди.

Афганчы Алымбек Мырзабекке бир нерселерди түшүндүрүп анан кете бер мен уюштуруп берем.Маданбек экөөбүз чечишип сага айтабыз,деди.

Макул деп Мырзабек мектепке жөнөдү да танаписке чыккан классташ достору,баягы күнкү макулдугун берген балдарды чакырды да ,кечееги жана бүгүнкү окуяларды айтып анан:

—Кыскасы ,достор даяр тургула,Алымбек менен Маданбек агалар калыстык менен көзөмөлдөп берет.Коркпогула эч кандай милиция аралашпайт.Себеби ,эки тараптын макулдугу менен эле болуп жатат.Силердин кызматынар мага караан болуп туруу, эгер шериктери чырдап эрежени бузуп мага кол салса гана алдынан чыгып тосуп,ага болбосо бир аз күчүңөрдү көрсөтүп коюуңар керек.

Бул кабарды уккан достору,макул барабыз сен сарсанаа болбо ,сени колдоп керек болсо алардын тизгинин тартышып да койобуз.Улуу деп сыйлагандын теңи эмес болуп баратышат дешти.Мырзабек рахматын айтты да чогуу класска кирип кетишти.

Мырзабек келет бекен деп күтүп жаткан Анара ,көрө калып эле сүйүнүп кетти.Мырзабек келип ордуна отурду да ,сен үчүн кайта келдим ,деп шыбырап койду.Шыбыраган Мырзабекке жооп кылып күлүмсүрөп башын ийкеп рахмат дегендей кылды.Күлүмсүрөгөн Анараны карап Мырзабек күлүшүң эле жүрөктү элжиретет.Ушунчалык мээримдүүсун Анара ,деп ичинен ойлой Анарага суктанып турду.

Сабак бүтүп окуучулардын баары үй үйлөрүнө тарашты.Сүйлөшүлгөндөй Мырзабек Анараны үйүнө чейин узатып койду.Анаранын сүйлөгөн сөзүнө,күлгөн күлкүсүнө күндөн күнгө арбалып баратты .Маматбектер менен болгон тирешүү бүтсө ,сүйүүмдү ачык билдирем.Мейли ,каршы болсо да айтып көрөйүн.Күт десе канча болсо да күтөм деп ойлонгон Мырзабек үйүн көздөй жөнөдү.

Ушул күндөн үч күн өткөн соң Мырзабекти келсин деп Алымбек ага чакыртып жибериптир.Угар замат жетип барган Мырзабекке мындай кабар айтты :

—Тигил,шумпай көнбөй атып араң көндү.Эгер дагы балдарга тийчүү болсоң жогор жака жазып каматып жиберем,атаң да жардам бере албайт дедим .Сыйың менен эрөөлгө бар болбосо айылдан чыгып кет.Ансыз деле шишиң толду.Эгер макул болбосоң жаш балдардан коркуп качты деген сөз тарап башыңды көтөрө албай каласың.Эркек болсоң татыктуу жеңил.Күчүң ашса ушундайда өзүңдү көрсөт да анан мактанып кыйын бол ,дедим ,деди.Эми сен да сөзүңө туруп Маматтын желин чыгар.Анте албасаң эми бул күч алат да ,мына ишенген балаңардын талпагын ташка жайдым деп ,шылдыңдап сени көрүнгөн жерде сабап жүрүп күнү өтөт.

-Сизди уят кылбайм Алымбек ага,жүрөгү жок экенин байкадым.Шериктери Эсен менен Шакендин гана жардамы менен көөп жүрөт.Алар жок адашкан козудай эле болуп калат экен.Бирөлөргө тийишип чөө сыяктуу болуп үчөө тең кол салат .

Макул анда ,бул күнү бул жерде жоолугушабыз.Даярдана бер деп кетирип жиберди.Ошол белгиленген күнгө чейин дагы үч күн бар экен.Мырзабек бул күндөрү сабакка барбай даярдана машыгыш керек.Эжейден зарыл жумуш чыгып калды деп жооп сурады.Күндө чуркап машыгуусун улантып жатты.Анараны эртеменен мектепке узатып койот да келе жатып чуркап келет.Анан адатынча мешогун тепкилейт.түштө Анарага барат да үйүнө чейин узатып койот.Анара эмнеге даярданып атасын деп сурады эле райондо мелдеш болот ошого барам деп койду.Ушул күн үч күн уланды.Кечинде Сүйүнгө жоолугуп тигилерди көрбөдүңбү эмне кылып жатышты экен деп сурады.Суйун алар жөнүндө кабарым жок,бирок эки күн мурда Шакен дүкөндөн арак алып жатканын көрдүм.Бирок ,каяка алып барды билбейм деди.Аа мейли ,эмне болсо да барганда көрөбүз, деди Мырзабек.

Мамат бул күндөрү чындап эле арак ичүү менен алек болду. Алымбек ага чакырып жекеме жеке чык же ар кимдин денесине залал келтиргениң үчүн документ топтоп жогор жака тапшырып каматып жиберем дегени таасирлүү болуп ишенген атасы да куткара албасын билди .Эки досу алгач барып жөжөнү экинчи алдынан чыккыс кылып ,баш көтөргөнү үчүн кечирим суратып койо берели деди эле,буга киришип жаткан Алымбек ага айылдык аскерге чейинки тарбия башчысы,аскер комиссариатынын айылдагы кызматкери болгондуктан анын сөзүн эки кылганга болбосун Мамат түшүндүрдү .Барбаганга айла жок.Эгер барбасак болсо уят болуп баш көтөрөгүс болом.деди.

—Эмне болсо да бара көрөм,бул мадыра башты сазайын берип бул дүйнөгө жаралганына бушайман жедирем,деп , өзүнүн кучунө ишенгендей мактанып койду.Анан ийгилик каалашып арактан үстөккө босток ичишти.Бир күн калганда көздөрү ачылып ,анан эмне кылуу керектигин сүйлөшүп жатышты.Эсен ,Шакен экөө мындай кыл андай кыл деп атактуу тренер баштанып үйрөтүп жатышты.Күч деген жок сүрү эле бар Мамат ,мактанган менен ичинде таяк жеп шерменде болбосом экен, деп ойлонуп жатты.Кайра ,сөз менен коркутуп сүйлөп туруп байкатпай жыгып алып сабап салам деп ,ушуга токтолуп өзүн ошого даярдап жатты.

Бир эки көңүл жакын досторун чакырып,барып колдоп караан болуп тургула жеңилип баратсам жабылып токмоктоп салгыла деди эле,аны уккан достору жаа бою качып жоготподу.,,Кой,андай чечилбеген маселеңди бизсиз чечип ал.Озубуз араң жүргөндө бирөөнү баласын чаап коюп камалып кетпейби «,деп ,тетири карап басып кетишти .Ызырынган Мамат ,,акча керек болгондо мага келесиңер ,акмактар,бир нерсеңерди чечүүдө мага келесиңер иттер,эми мен керек жок болуп калдымбы «деп артынан кыйкырды эле ,укмаксанга салышып кетип калышты.

Бүгүн күнгө эс алуу күнү.Бирок эс алуу күнү тагдырды чечүүчү күн болуп жатат.Бул күн Мамат менен Мырзабектин тиреши өз ара чечилсе экөөнүн тең жылдыздары жанмак.Мамат үчүн айылдагы жаштарды коркутуп башкаруу тийсе,Мырзабек үчүн көрүнгөндү себепсиз уруп токмоктогон

зөөкүрдөн кутулуп ,тынч жашоо тиймек.

Белгиленген жерге Мырзабек достору менен келди Сүйүндү да кошуп алды.Мейли караан болуп сүрөп турсун деди.Эгер кол салышса таяк жебей качып кете бер капа эмесмин деди Мырзабек.Талаанын жайык жерин тандаган Алымбек ,бул жака эч ким себепсиз келбесин билчүү.Ошондуктан айыл тургундары билбей эле койсун деп ушул жерге чакырган.Машина менен Алымбек менен Маданбек агалар келип калышты.Келишип бир аз тарбиялык саат өттү балдарга.Эч ким аралашпасын.Кимде ким эрежени бузса жазаларын айтты.Ошондой эле жеңилген болуп эсептелет деп баарына түшүндүрдү.Кечигип тиги үчөө жигулиси менен келип калышты.Түшүп эле Мырзабектерди келекелегенге өтүштү.

—Оо,жөжөлөр,келип калдыңарбы?Талаага келип калыпсың го түлкүлөр тиштеп кетпесин абайлагыла ,деп , үчөө тең жарышып каткырып калды.

Арасынан Маматтарга жакын уругу бир болгон баланы көрдү да :

—Эй,Дуулат,сен эмне келдиң,мен сага жамандык кылдым беле?Эмне тууганыңды ушинтип сатып кетесиңби, деди.Буларга такыр сүйлөбөгүлө деп Мырзабек эскерткендиктен ,аларды тиктеп эле тура беришти.

—Баарынардын талпагынарды ташка жаям,мени али биле элек экенсинер.Колу бутуңарды сындырып ооруканадан чыккыс кылам деп обочодо туруп эле тилине күчү чыгып жатты .Мырзабектер такыр жооп бербей коюшту.Дудук немече эле тиктеп турушат.Бир гана Сүйүн артта туруп тигилер сүйлөсө ,эмне дешеер экен деп,досторун карап койот.

Ортодогу тил менен акарат келтирүүнү Алымбек токтотту:

—Жетет,Мамат,кана даярсыңбы?Же балдардан кечирим сурап экинчи алдыңардан өтпөйм деп убада бересиңби,деди.

—Мен кечирим сураймынбы,?Азыр кечирим сураганды бул жөжөлөргө уйрөтөм деп,чечинип кирди.

—-Макул андай болсо,баштадык .Эч ким аралашпайт,Мамат менен Мырзабек гана өз мамилелерин чечишет , түшүндүңөрбү ?Таяк жеген тарап ыраазы болуп кете бересиңер ,милицияга да арыз жазмай жок.

— Чык ортого Мамат ,сен да кел Мырзабек.Тиштемей жок,колуна бир нерсе алып чапмай жок.Эгер ошондой кылчуу болсоңор токтотобуз.

Мырзабек үстүндөгү кийимин чечти да футболкачан болуп ортого келди.Мамат болсо жыналач болуп чечинип шымчан болуп алды.

Баштагыла деген Алымбектин үнүн угушуп бири бирин качырмакка тегеренип аңдып калышты:

—Ээ ,жөжө,азыр жүнүңдү бирден жулам .Жалынып алдымда отурасың анан.Азыртан кечирим сурай бер .Анан кеч болуп калат.Азыр сурасаң тийбей койо берем,деп Мырзабектин жинине атайын тийип жатты.Унчукпай мушун түйүп тегеренген Мырзабекти качырып согуп өттү эле Мырзабек оңой эле качып койду.Өзүнүн нервин өзү жеген Мамат ортого чыкканда эле титиреп өзүн жогото баштаган.Дагы келатканда оңго качып туруп көкүрөк тушка коюп өттү.Бир аз термелген Мамат, туура качырып алалбашын билди да жөжө аңдыган кылалыча аңдып туруп калды.Эми Мырзабек чабуулга өтүп жанбаш тушка бир тепти эле Мамат ийилип барып түзүлдү.Баятан сайрап аткан Мамат, эми сүйлөөр сөзүн унуткандай унчукпай эле эки көзү Мырзабекте.Мырзабек алдап туруп дагы бир уруп өттү.Эми баятан бери аңдып жаткан Мамат артка кетенчиктеп Мырзабекти күтүп калды.Мырзабек качып жатат деп ойлоп дагы чабуулга өтөйүн дегенде күү менен чуркап келип башы менен сүзүп Мырзабекти оодарып кетти да үстүнө чыгып ура баштады.Мындай болушун күтпөгөн Мырзабек алгач алдастап калды,анан өзүнүн бетине тийген бир эки муш эсине келтирип койду.Күч менен аласына бутун салып өйдө көтөрүп жибергенде бир азга абада асылып туруп калды,ошол маалда астынан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк болуп калды.Бети туш келип калды эле муштап жибергенде ооруп кеткенинен Мырзабектин үстүнөн түшүп кетти.Мырзабек шамдагайлык менен ыргып тура калды да жерден туруп жаткан Маматты карап туруп калды.Басып алып уруу оюнда жок болчу ,ошондуктан Маматтын турушун кутуп турган.Мамат туруп түзөлөөр менен каратэ ыкмасы менен бетке тееп өттү.Бул тепкиден Мамат кулап кетейин деп кайра туруп калды.Мырзабек эми Маматтын чуркап келип ичке киришинен сак болуп калды.Шайы оой баштаганы билинип бараткан Маматты байкаган Мырзабек ,тееп жибермекчи болгондой түр көрсөттү да бирок ,теппей бетке ыңгайын келтирип туруп эки үч жолу уруп жиберди.Оозу жарылып кан ага түштү.Канын көргөн Мамат канын колу менен аарчып алып аюча кыйкырып качырып келатты эле боксёрдой болуп быйтаган Мырзабек ичке урду эле эңкейе калганда жонуна тееп жаткыза койду.Обочо барып туруп карап туруп калды.Балдар өзүнө караштуу мушкерлерин сүрөп кыйкырып жатышты.Мамат жай турду да көзүндө огу бар болсо атып жиберчүүдөй болуп карап туруп калды .Күчү жетпегенин билсе да өжөрлөнүп мушташып жатты .Улам келсе эле уруп жыга берди.Мырзабектин жатканда кол салбашанын билип ,жыгылган сайын шашпай дем алып туруп жатты.Алымбек болду Мамат женилгенинди мойнуңа ал десе көшөрүп кол сала берди .Мырзабек каратэ ыкмасы менен тееп көмөлөтө койуп эми туруп келаткан Маматты өжөрлөнгөн сени деп туруп эки жолу бетке басып алды. .Мурдунан каны атып бир көзү жабылып калды..Эми тура албай жатып калды эле Эсен менен Шакен болушмакчы болуп атырылганда Мырзабектин достору алдынан тосуп өткөрбөдү.Алымбек ортого түшүп катуу катуу кыйкырып ачууланып койду эле турган жеринде туруп калышты.

—Эч ким болушпасын,аралашпагыла.

Өз ара мамилесин чечип алышсын.деди да Маматка келип ,токтотолубу,женилгенинди мойнуңа аласыңбы деди.Унчукпай жата берди .Турганга шайы жок Мамат жооп бергенге да акыбалы жок эле.

Алымбек менен Маданбек ортого чыкты да эрөөл бүттү деп жарыя кылды.

—Эми,деди Алымбек—дагы силер чыгып айылда тополоң кылып ,башкаларды тоноп ызычуу салсаңар,туура эле камакка кетесиңер.Силердин көп кылмышынар боюнча далили менде бар.Аяп ,эскертүү берсем билбединер.Милицияга жеткирбей атаңар куткарганы менен бул жолу мен жогорку жака ишиңерди тапшырам.Анан атаңар эмес Кудаяр канынан келсе да кутула албайсыңар.Мамат айрыкча сен ук деди,жерде жаткан Маматты карап.—Шайканы таркат да өзүн адам бол.Атаңы сыйлап ишиңерди бербей жүргөм.Бирок сыйлачу киши эмес экенсиңер деди

Мырзабектерди жеңиши менен куттуктады да таза мушташ болду деди.

—Силер да көөп кетпей өзүңөрдөн кичүүлөрдү сыйлагыла,айылда тартип болсун ,эми таркагыла.Бул жерде эмне болгонун эч ким эч кимге айтмай жок ,деди.

Баарынын убадасын алган Алымбек дагы эле жерде канга боёлуп жаткан Маматка келди да машинаны айдап кете аласыңбы деди эле,тиги жакта турган Эсен ,мен айдайм ага, деди.

—Анда жакшы, үйүнө алып барбай бириңердикинде бир эки күн жата турсун.Айыгып калат.Дары шыбап койгула, деп машинасына түшүп баары менен коштошуп кетип калышты.

Мырзабектин мындай мушташарын көрбөгөн достору ар жактан жабалактап азаматсын,тизгинин тартып туура кылдың ,.Эми баш көтөрсө ар кимибиз эле ошол жерден токмоктойбуз дешип талаадан түшүп баратты.Ушундай болорун алдын ала сезген Мырзабек эч коркпой эле жүрөгү ток келген.Ошондуктан коркуу сезим болгон жок.Ал эми Мамат өзүнүн сөздөрү менен эле өзүнүн нервин кайнатып мээси баш аламан болуп билген нерсеси да эсинен чыгып кетип таяк жеп калды.

 

УЛАНДЫСЫ БАР….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE