Пример HTML-страницы

АБАККА ТҮРТКӨН СҮЙҮҮ 5 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=40571&preview=true Кызыктуу окуялар.

АБАККА ТҮРТКӨН СҮЙҮҮ

5-БОЛУМ.

 

#АбаккаТуртконСуйуу

Мырзабек кечеги сөздөр боюнча ,,түндө эмне дедиң эле ,жолугушпайлыбы чык «,деп ,Маматтар келет деди эле,негедир өздөрү жок.Сөздөрүнүн туруктуулугу жок булар мындай жоолугушудан качаары белгилүү болуп калды.,,Бизге карап даап сүйлөй албайт деген ишеничте эле сөз менен коркутуп,бир эки чаап койсо эле коркуп калчуу балдар жок.Эми силер менен тең тайлашуучу жигиттер,мына биз чоңойдук.Мындан ары же тыйыласың,же шерменде болуп айылдан качып көзгө көрүнбөй жоголосун.»

Ушинтип ой жүгүрткөн Мырзабек Мамат менен чабышууга даярданып жатты.Кытай ыкмалары жазалган китепти сатып алып келип бир аз өзүнчө машыгып жүргөн,кийин таштап салган.Эми ошол китебин чукуп таап алып эң оңой көп колдонгон ыкмаларын окууду да сарай жака барып ошолорду кайталай баштады.Унутуп бараткан ыкмалары эсине түшүп кайрадан колу көнүшүп окшоп баратты. Кумдан салып илип койгон мешогун колу ооругуча уруп алды да соккудан кызара түшкөн колдорун карап үйлөп үйлөп койду.Эми бутун көтөрүп мүмкүн болушунча өйдөрөөк тепкенге аракет кылып жатып көл шал болуп тердеп энтигип чарчап калды.Бир аз демин баскан Мырзабек кайрадан ошол көнүгүүлөрдү жасап кирди.Машыгып турбасаң мурунку үйрөнгөндөрүң да эстен чыгып калат турбайбы ,деп ар көнүгүүлөрдү четтен жасай баштады.,, Мырзабек»деген атасынын үнү чыгып ,эмне деп сарайдан чыга калган Мырзабекке атасы,,уйларды байла» деди.Иниси айдап келген уйлар короого кирип огородту тебелей баштады эле ,айдап чыгып баарын байлап койду.Малдары келгенин көргөн апасы чакасын кылдыратып жууп алып саап алганы уйларга карай басып келатып Мырзабекке музоону койо бер бир аз ээмип алсын деп айтты.Апасынын айтканын кылып музоону эмизип анан тартып байлап койду да тердеп денесине көйнөгү жабышып калгандыктан ,өзү бочканы коюп душ кылып алган душуна кирип муздак сууга чайынып алды.

Кечинде тамак жегенден кийин Анара жөнүндө да ойго батты.Эмне болсо да чечкиндүү болоюн.Суйуумду билдирейин,эгер каршы болсо анда жакын дос болуп кала берели деп айтайын.Сүйүүнү билдиргенде бир нерсе берет го,мен эмне берейин деп ойлоду да бир жолу апасына саат алып келип сегизинчи март майрамыңыз менен деп берсе апасы сүйүнүп Мырзабектин бетинен өөп рахмат айтып,, айланайын балам,өмүрүң узун болсун.Мени куттуктап берген саатыңа эмес,ошол эстеп алып келгениңе эле жетине албай турам, балам»деп колуна тагып көрдү да ,ары бари карап көздөрүн жүлжүйтө ичиндеги цифраларына көзү жетпей чечип кайра берди ,,Мунун ичиндеги сандарына көзүм жетпейт экен,рахмат балам.Мэ кийин үйлөнгөндө аялыңа берип койосун» деп,каткырып күлүп жатса ,анда атасы,,көзүң жетпесе анда будильникти тагып ал «деп тамаша айтып бир кыйла күлүшкөн.Эми ошол саат кайра өзүмдүкү болуп калган да деп ,ошону берсем болобу деп өзүнөн өзү сурап койот.Балалык кыялы кете элек Мырзабек саат сунганын өзүнчө элестетип Анаранын элесине эле кайра кайра берип жатты.

Эрте менен туруп сабакка жөнөп сыртка чыккан Мырзабек көчөнүн баш жагын карап Анара келе жатат бекен ,деп көз жүгүртүп бир аз күтүп туруп калды.Күннүгө ушул маалда көчөнүн баш жагынан Анара көрүнүп келип калчу эле.Бугун негедир көрүнбөйт го деген Мырзабек ,көзү талыгыча карап турду да ,өтүп кеткен жокпу деп коюп мектепке жөнөдү.Класска киргенде эле биринчи Анараны келди бекен деп карады.Ордунда көрүнбөгөндүктөн эми келет го деп коюп балдар менен кол берип учурашты да өз ордуна келип отуруп китептерин ала баштады. Мугалим келгиче ызы чуу кылып жаткан окуучулар эжей кирип келгенде ордунан тура калышып салам айтышты да отургула деген эжейдин үнүн угушуп кайра отуруп калышты.Бир аз жымжырттыктан кийин ким бар ким жок деп тактап алган эжей ,,бүгүнкү темабыз ,»деп ,сабагын баштады.

Анара келген жок.Эмнеге келбеди экен деп ойлонгон Мырзабек сабакка деле көңүлү болбоду .Эжейдин бир эки эскертүүсүнөн кийин досканы тиктеп турганын менен ою чабыттап асманда жүрдү.Бир туруп Маматтардын түнкү тийиштик кылгандарын эстесе ,бир туруп Анара эмне келбеди экен,бүгүн сүйөөрүмдү айтмакчы элем да,деп ,ойлонуп жатты.Кечееги саатты кутусуна салып аны ничке кооз жип менен бантиктей кылып байлап алып сумкасына салып алган эле.

Күндөгүдөй эле сабак алты саат болуп ,мээлери чарчаган окуучулар сумкаларын алып шаша буша үйлөрүнө тарап кетишти.Суйун экөө келатып оюн ортого салып мындай деди:

—Мамат менен тирешип ачыкка чыкмакчы болуп жатабыз.Сен да кошул.Мейли мушташа албасаң да караан болуп турсаң эле жетет.Көпчүлүк барсак тиги ээрчиген шумпайлары да сестенип кол сала албайт.Алар аз болсоң эле сөз менен коркутуп үркүтүп анан алсыздарды чаап кетет.Алардын чапканын көргөн башкалар да духу түшүп чапканына кайыл болуп туруп берет.Эми чапса карап турбашыбыз керек .Сени урдубу мен сага болушушум керек,мени урса сен болушушуң керек.Мына ошондой.Алар бир бирден уруп атып баарын коркутуп алышыптыр.Бир бирибизди колдоп турбасак балдар дагы далай өнөрлөрүн көрсөтүшөт.,деди.

Мырзабектин бул сөзүн уккан Сүйүн бул сөзүн жактырды да:

—Маматтыккы өттү.Жон эле жерден тийиштик кылат.Же тамеки таап кел деп мажбурлайт.Атаман калп айтып акча сурап алып тамеки алып берип да кутулдум бир жолу.Кана эле аларды уруп тартипке келтирип баш көтөргүс кылсак.Дагы кимдер бар ,деп ,кайра сурады.Мырзабек ишеничтүү болгон балдарды айтты эле ,Сүйүн да алардын бар экенине сүйүндү.Себеби, ошол классташтары кээде мектепте да себепсиз эле бирөөлөргө тийишип капа кылган бирөө болсо четке алып чыгып тарбиялап койчу.

—Качан жолукмакчысынар,деп сурады Сүйүн.

—Кечее күтсөм келбеди,бүгүн келсе ошол күндү белгилеп,анан бир жерге топтолоорубузду чечишибиз.Эркек болсо сунушумду кабыл алат,сунушумду кабыл албаса катын дейм, да көпчүлүккө уят кылам.Анан айылда баш көтөрүп сайрандаганын көрөйүн.Баарына эркекче мушташа алган жок , көкүрөгүн көтөрбөсүн деп айтам.

Макул деп айткан Сүйүн үйүнө жакындаган соң коштошуп кирип кетти да Мырзабектин Маматка каршы баш көтөрүп тең тайлашам дегенине ыраазы боло кетти.Ушундай жигиттер бар болсо да Мамат келип сөз менен же ичине бир койсо эле күчү жетерин билсе дагы макул,макул деп,айтканын алып берише берчүү.Мырзабектин бул чечимин колдогон Сүйүн тез эле жоолугуп тизгинин тартып койсо экен деп самап жатты.

Үйүнө келген Мырзабек түшкү тамагын ичип болгон соң кайрадан сарайына кирип кечееги көнүгүүлөрдү бир сыйра кайталады.Кечеегиге караганда бүгүн бир топ окшошуп калыптыр.Жаңы көнүгүүлөрдү кошуп көрүп ,тим эле өзүн Брюс Ли че элестетип ия ия деп деп кум салынган мешогун тепкилей баштады.Балтырлары ооруп калганы эле болбосо бутунун чоюлушу жакшы болуп баратат.Дагы бир аз машыгып алып чарчаганын отуруп эс алды да жуунганы душуна кирип кетти.

Кеч кирип уйлар талаадан кайтаар маалы болуп калгандыктан мен айдап келем деп инисин калтырды да өзү Анара көрүнүп калса сабакка барган жоксун го деп айтайынчы, деп ойлонуп баратты.Малдарына келген аялдар жаш балдар айылдын баш жагына чогулушуп калыптыр.Талаадан кайткан уйларды ээлери айдап таркай баштады.Анара көрүнүп калаар бекен деген Мырзабек ую өтүп кетсе да Анараны үйүн карап туруп анан басып кетейин деп калды эле Анара көрүнүп уйларын эшигин ачып киргизе баштады.Мырзабекти көргөн Анара кол булгап бери кел деп чакырды эле жүрөгү болк эткен Мырзабек Анарага жетип барды.Учурашып алган соң,сабакка барбадың го деп сурады эле,, Ооруп жатам» деп койду.Эмнеге чакырды экен деп ойлонгуча :

—Мырзабек,кечинде кел бир нерсе айтам,деди.Мындай сөз күтпөгөн Мырзабек ,Анараны тиктеп калды эле-Анан угасың,деп үйүнө кирип кетти.

Мырзабектин денеси Анараны биринчи көргөндөгүдөй чымырап кетти да көзү жайнай түштү.Мен айталбай жүргөндү Анара өзү айтабы?Чечкинсиз болуп жүргөнүмдү байкаган бейм .Кыйнабайын деп өзү сүйсөң ачык айт деп айтат бекен деп ойлонгон Мырзабек, үйүнө барды да уйларды байлап берип,апасы сааган соң үйүнө кирип үйдөгү кийимин чечип жаңыларын кийип алды.Кийингенин көргөн апасы каякка барасың деп сурады.Азыр келем апа деген Мырзабекти караган апасы тамак бышайын деп калды тез кел деп ары басып кетти.,,Макул «деп ,коюп көчөгө чыкты да ,али да болсо караңгы кире элекиктен жай басып баратты.Куугум кирип баары кечки түйшүгу менен алпурушуп көчөдө эч ким жок.

Чөнтөгүнө салып алган сааты тынчтык бербей күйгүзүп ,кантип,эмне деп айтып берем,же туулган күнү эмес,же майрам эмес деп ,ичинен күлүмсүрөп ,өзүнүн саатын берип жатканын элестетип баратты.Анаранын үйүнө жакындаган сайын эле жүрөгү опколжуп тез тез согуп,кабынан чыгып кетчүдөй болк болк этет.Көптөн көп күткөн күнү келгенине ишене албай ,Анаранын чечкиндүүлүгүнө баа берип келатты.Үйүнө келип чакыра албай бир топко турду да анан акырын ышкырып койду.Би аз туруп дагы ошентти эле кичинекей иниси чыгып ,,ким ,»деди эле ,,Анарага келдим эле ,айтып койчу деп айтты, да анан,сабактан сураганы келдим эле классташы болом» ,деп кошуп койду.Анткен,кирип классташы экен деп айтса,Анарага да чыгууга жеңил болот деп ойлоп койду.Бир аздан соң Анара көрүнүп сырттагы жарыкты күйгүздү да ,бери карай басып келатып эле Мырзабексинби деп сурап койду.Ооба деп Мырзабек караңгы болуп жаткан жерден жарыктын шооласы тийип турган жака жылып алды.Мырзабек экенин көргөн соң коркпой эле эшикти ачты да чыгып келип,кандайсың деп дагы учурашып койду.Жакшы деген Мырзабектин жообун уккандан кийин ,сөзүн баштабай туруп калды.Мырзабек андан сөз күтүп,туруп калды да .Анара тынччылык элеби деп сурады.Анаранын унчукпай бир нерсени айта албай турганын байкаган Мырзабек ,башка кеп бар бейм деп,эртеден бери даярданган сөзү,ойлогон ою текке кеткенин сезди.Эмне болсода угайынчы.Же мындан ары алысыраак жүр,кыздар экөөбүздү кыз жигит дешип алыптыр,алыс эле бололу, деп айтаар бекен деп,кыска убакытта мээсине келгени ушул болду.

— Мырзабек мен сени эмнеге чакырганымдын билесиңби?

Мырзабек жок дегендей башын чайкап койду да Анаранын бетине тигиле карап калды.

—Кечее ,сабактан келе жатканда ,баягы бий болуп жатканда мага тийишкен балачы анан сени урбады беле,ошолор менин жолуман тосуп алып тийиштик кылды,деп,болгонун болгондой кылып ыйламсырап айтып берди.-Ошолордун тийишкенинен коркуп таң аткыча уктабай башым ооруп сабакка бара албадым.Эми жолуман тосот го деп коркуп жатам,деди.Ээ,кеп башка жакта турбайбы деп бир жагы Мырзабекти жакынсынып чакырып айтканына раазы боло түштү.Демек ,мага болгон ою түз эле экен, деп ойлоду да,Маматтын Анарага да тийиштик кылганына өзүн кармай албай ызырынып ачуусу бетине чыкты.

Баарынан да сен меникисиң деп айтты дегенин укканда чыдабай калды.

—Анара мага ишен,аны сага эле эмес эч кимге сүйлөгүс кылам.Керек болсо баш көтөрө албай айылдан жоголуп кетиши да мүмкүн,деди да,—Сен,коркпой сабагына бара бер,күндө мен сени өзүм күзөтүп барып ,кайра алып келем ,деди.Мырзабектин минтип айтарын билген Анара,рахматын айтты да макул анда ,деп коштошуп үйүнө кирип кетти.

Ойлогон ою баары тетирисинче чыкканынан Мырзабек,ою уйгу туйгу болуп сүйүүсүн айтмакчы болуп камынган ою менен Маматка болгон ачууланган ою аралашып мээси токтоп калды.

Мамат азыр жоолукса ачуусу менен бир нерсе кылып салаарын сезип жатты.

Анара менен коштошуп үй тарабына жөнөгөн Мырзабек Маматты таап бүгүн эле маселени чечип алгысы келип кетти .Ушул оюн кубаттап эмне болсо да барып таап айтып көрүүнү эп көрдү.Эгер айтканга көнбөй адатынча атырыла берсе мушташып кетемин деп ,ар нерсени ойлоп Маматтын үйүн көздөй жөнөдү.

Жигулиси токтоп турганын көргөн Мырзабек Маматтын үйүндө экенин билди да эки жагын акмалап тиги шериктери жок бекен деп байкаштырып, эч ким жок экенин билген соң,акырын ышкырып койду.Тыншап туруп дагы бир жолу ышкырды эле эшик ачылып Маматтын өзү көрүндү.Аны көрөр менен эле жек көрүнүп бүткөн Маматтын ким бул дегенин угуп жеп жиберчүүдөй болуп кетти да бери чык деп деп ачуусун токтото албай чакырды.

Бери чык дегенди угуп Мамат бери чыкты да Мырзабектин таанып эмне келдиң деп бурк этти.

—Мамат,качан тынч жүрөсүң,балдар калып эми кыздарга тийиштик баштадыңбы?,дегенде,кеп эмне жөнүндө болуп жатканын түшүнгөн Мамат ,

—Ээ,жөжө,сен кимсиң мага акыл айтып тарбиялаган ,деп адатынча тап берип коркутуп койоюн деди эле ,жалтанбай турган Мырзабекти көрүп колун көтөргөн боюнча токтоп калды.

—Мен сага сунушум бар,азыр экөөбүз урушуп мушташсак эч ким да көрбөйт.Анын мага кереги жок.Экөөбуздун урушканыбызды баары көрсүн дейм.Ошондуктан бир күндү белгилеп,бир жерден жоолугуп жекеме жеке чыгалы.Сенин тиги шайкан да аралашпасын.Эгер мен утчу болсом тынч жүрөсүң эч кимге катылбай,эгер сен утчу болсоң каалаганыңды кыла бер ,деп ,өзүн токтото албай Маматка шарт койо баштады.Мындайды күтпөгөн Мамат дагы сен кимсин мага шарт койгудай дей баштады эле:

—Шайкаларыңсыз эч ким эмес экенсиң да,эркек болсоң сунушумду кабыл ал.Болбосо азыр эле тумшугунду жарып коюп кете берем дегенде ,-сестене түшкөн Мамат аргасыз макул болуп качан деди.

—Мен сага айтам,күт.Качып кетчүү болбогун деп арданып койду

—Коробуз,ким качаарын.Талпагыңды ташка жаям ,деген боюнча, Мырзабектин артынан кыйкырып калды да чуркап барып кол салып жибергиси келип кетти.Бирок ,Мырзабектин минтип өзүнөн бийик сүйлөгөнүнө бир аз болсо да ылдый түшүп,мурункудай атырылбай калды.Эх,азыр тиги досторум болсо кийиздей тепкилемекпиз ,деп өч алалбай калганына өкүнүп кетти.

Мырзабек Маматты эскертип шарт коюп келип эми эр болсоң дагы тополоң кылып көр.Эми сенин тизгиниң тартылуучу убактың келди, деп өз оюн өзү тууралап жатып ,аз болсо да бир иш бүттү деп ойлоду.Эми аягы кандай болсо да болору болду артка качмай жок .Ушинтип ойлоп жаткан Мырзабек эртеңки сабакты ойлоп уктоого камынды

 

УЛАНДЫСЫ БАР…

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE