Пример HTML-страницы

АБАККА ТҮРТКӨН СҮЙҮҮ 4 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=40571&preview=true Кызыктуу окуялар.

АБАККА ТҮРТКӨН СҮЙҮҮ

4-БОЛУМ.

 

 

Эрте менен турган Мырзабек түнкү окуяны эстеп дагы маанайы чөктү.Классташ достору колдобосо анда утулдум дей бер.Бөрү талагандай кылып талап кетет.Так ошондо Анаранын жанына жологус болот.Анарага сүйүүсүн ачык айтылбаса да ,Анарага болгон көз карашы менен жеткирген Мырзабек ушинтип ойлонуп жатты.Ар кимди жолотпой эле Анараны ээлеп алганын бары эле билип калган.Кээде кыздар тийишип Анарага таңып койсо ,аны уккан Анара чычалабай эле күлүп карап койгону болбосо андай эмес деп да тана элек.Мырзабек өзү батынып сүйөм деп айта албай эле кыйналып кетти.Суйуумду кабыл албай сени дос катары көрөм ,андайыңы айтпа десе эмне болот деп ойлонуп санаасы санга бөлүнүп кетчүү.Кино көрүп жатканда колун акырын кармап ,өз оюн билдирмекчи болгондо,,бул эмне кылганың ,»деп ,жаман айтпаса да ,,андай кылба,жөн жүр «дегендей түшүнгөн Мырзабек ,өз оюнан кайтып аярлай турууну чечип убакты сааты келер деп тим болду.Анан кинодон чыккан кезде пайда боло калган Маматбектин кол салып тийишкени бардык оюн жеңип кетти да андан кантип кутулсам деген ой менен таң аткыча башын оорутуп чыкты.

Сабакка келген Мырзабек ишеничтүү деп тандап бир нече классташ достору менен сүйлөшүп көрүүнү чечти.Сабактан кийин кетпей тургула деп куш тилиндей кагазга жазып таратты да сабак бүтүшүн күтүп калды.Коңгуоо болуп сабак аяктаганын айтып эжей чыгып кетти.Окуучулар китептерин салыштырып бири артынан бири чыгып кетип, калгыла деген балдар эмне айтаар экен деп Мырзабекке жакындап сөз күтүп калды.

Мырзабек түнкү окуяны тизмектеп айтып берди да мындай деди:

—Достор,бизди дагы качанга чейин баласынтып кордоп келекелейт..Мурда кичине элек анда күчүбүз жетчү эмес.Эми тең тайлаша турган жашка жеттик.Бир аз каршылык кылып биз да өз күчүбүздү көрсөтүп койбосок мындай кылыгы улана берет.

—Эмне мушташалыбы?Милицияга берип койсочу?Аны милиция кармабайт.Атасы чыгарып алат ,а биздичи?-,деп ,бири оюн ортого салды.

—Туура ,күчүбүз жетсе да,биз жооптуу болуп калабыз.Атасынын мансабына чиренип эч кимди тоготпойт.

—Биз минтип сүйлөшөлү,бирге бир мушташка чыккыла дейли .Антпесек ит талагандай талап кетишет.,деди Мырзабек.

—Биз айтканга көнмөк беле,өз билгенин кыла беришет да.

—Биз калыс болуп бергиле деп бирөөлөрдү чакырабыз.Эркекче мушташыссын.

—Бул өзүңдүн гана чечилбеген көйгөйүн экен го,бизди эмне аралаштырасың ,деп бирөө тырчый түштү.-Менин укканым боюнча Анарага жолобо деген го экен сени.Чырынар ошол тууралуу болуп жүрбөсүн.

—Жоолуккан жерде балдарыбызды сабап жатканы аздык кылып жатабы сага ,деп,Мырзабек да кызаңдай түштү.

— Чынында эле ,балдар,кайсыл жерге чогула калып майрам тоссок да ,бара калып тамеки алып бер деген шылтоо менен тополоң кылып ,маанайды түшүрүп ,а түгүл үйгө кирип дасторконго отуруп алмайы көбөйүп кетти.Ошонун айынан майрамда да отуруш кыла албай калдык.Кой деген кожосу жок ,ай деген ажоосу жок .Бир чара колдонуш керек, деп,чындап күйгөн бирөө чыкты.

—Кечирип койгула балдар,мен андай мамилеңерди такташат турган чогулушуңарга катыша албайм.Өзүмө душман ашыргым келбейт.Мен аны менен тирешкен күнүм боло элек.Жакшы калгыла деп бири сумкасын көтөрүп жөнөдү эле дагы бири,, мен да катыша албайм , кеттим жаман көрбөгүлө»,деп экинчиси да жөнөдү .,,Ишенген тоом силер болсоңор,эх…’деп артынан күзөтүп эле кала берди Мырзабек.

Калган үчөө бир аз ойлонуп отуруп калышты.Ортодогу жымжырттыкты Мырзабек бузду:

—Кана эмне чечимге келдик, төртөөбүз бир болсок,алар да сестенеби деп ойлойм.Себеби,бирибизди урса,бирибиз болушпай жардам бербей карап тура беребиз.Алар ошону билишет да топ болуп жүрүп баарыбызды ура берет.Коркуп качанга чейин корунабыз,деди.

Макулмун,дешкен төртөө кол алышты да сен өзүң уюштура бер.Кайсыл жакта жолугушаарыбызды айтасың да,дешип үй үйлөрүнө таркап кетишти.

Мырзабек үйүнө келип бул тууралуу дагы терең ойлонуп Афганистанда кызмат кылып келишкен,калыс сүйлөгөн эки айыл тургуну бар эле ошолорго барып,акыбалды түшүндүрүп анан,,,Сиздер калыс болуп чырды туура чечилишин көзөмөлдөп бериңиздер,анткени ал жигиттер жалгыздан мушташпай топ болуп уруп кетип жатышат.Ошолордун бул кылыктарын таштатып жекеме жеке чыккыла мушташка деп чакырып жатабыз.Биз жеңсек алдыбыздан экинчи кыя өтпөсүн,»деп, айтып келди.Маматтардын тентектик кылып ар кимге эле асылып уруп жүргөнүнөн кабары бар бул экөө,бул акмактарга тең келет турган дагы жигиттерибиз чыгыптыр деп бир жагы сүйүнүп,макул аларга айтып маселелерди чечип алууга жардам беребиз.Бирок ,таяк жеген тарап арызданмай жок дешип,Мырзабектин чечимдерин кубаттап жактырышты.Бул адамдар айылдагы ардагерлер коомунун мүчөлөрү болгондуктан кээбир жерлерге сөздөрү өтүмдүү болчу. Бул тентектик кылган Маматтарды да тарбияга чакырып келишкен.Бирок,силердин заманыңар өткөн,азыр заман биздики жаштарды деп ,кеп жечуу эмес Ата -энесине да бир эки жолу эскертишкен.Ата энеси урушуп жөн жүргүлө элге суук тумшук болбой деп айтса ,макул деп коюп эле кылыктарын кыла беришчү.

Кечее Мырзабектерге келип сайылып тийиштик кылып анан эртең жоолугушабыз деген сөздү угуп кетишкен Маматтар ,ал сөздү кулагынын сыртынан кетип ,бир бөтөлкө ичкенде эле эсинен чыккан.Аракты үстөккө босток ичишкен булар машинасында эле уктап таң аттырып,мас бойдон ата энесине көрүнбөйлү дешип айыл четинде түнөшкөн.

Күн шашке болгондо ойгонгон булар соолуккуча ушул жерде отура туралы дешип ,жылбай отурушуп анан түш оогондо курсагы ачкан булар үйүн көздөй жөнөштү.Сабактан чыккан Анара бүгүн Мырзабексиз келаткан болчу.Анаранын келе жатканын көрө калып эле Мамат ,,Оо,менин перизатым келатат» деп сүйүнө машинасын анын жолун бөгөп токтотту.Чочуп кеткен Анара жолдон чыга качты эле машинасынан түшө калган Мамат Анаранын алдын торой калды.Сиз кимсиз, деп айланып качып кеткиси келди эле алдын торогон Мамат жол бербеди.

—Мени тааныбадынбы пери,чогуу бийлебедик беле?Ошондо эле жүрөгүмдү уурдагансың,Оо, жаным,жүрөгүмдүн дарысы болчу деп ,жүрөгүн кармап кылыктана баштады.Анара мас болгон кейпин көрүп чындап эле коркуп кетти .Качыңыз ,сизди тааныбайм ,деп ,артка качып эми машинаны айланып качып өтүп кетейин деди эле,ичинен беркиси досу чыга калып ,,качпа чоң кыз жебейбиз «,деп тосо калды.Кач дегенге көнбөй тосуп турган Эсен ,Мамат келгенде күлүп Периң сулуу го ,бышып турган өрүк экен деп ,колун оозуна такап ммах деп өзүнүн колун өзү өөп койду.Мамат жакын келип колун Анаранын далысына коюп кучактайын деди эле ,эңкейе коюп Эсендин колтугунан шамдагайлык менен өтүп кетти да чуркаган боюнча узап кетти. Мамат кууганга аракеттенбей эле артынан ,,Сен меникисиң» деп кыйкырган бойдон калып кетти.

Жүрөгү түшүп калган Анара күү менен чуркап отуруп бир топ узап кетти.Артынан куушпаганын көргөндөн кийин гана чуркаганын токтотуп жай басып калды.Кылчак кылчак карап жатып үйүнө жетти да артынан келет тургансып эшигин ичинен ачкыч менен жаап алды.Энтиккени дагы эле токтобой жүрөгү калыбынан чыгып кетчүдөй болуп жатты эле муздак суу ичип бир аз өзүнө келди.Анан эми эсине келгендей бетин басып алып ыйлап жиберди.

 

УЛАНДЫСЫ БАР….

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE