Пример HTML-страницы

АБАККА ТҮРТКӨН СҮЙҮҮ 10 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=40571&preview=true Кызыктуу окуялар.

АБАККА ТҮРТКӨН СҮЙҮҮ

10-БОЛУМ.

 

 

Мамат ооруканадан чыккан соң тынч жүрүп калды.Мурдагыдай көрүнгөнгө эле тийиштик кылып көнүп калган адатын таштагандай болду.Шериктери Эсен менен Шакен да кошулбай алыстап кетти.Бир чети өзүнөн кичүү баладан таяк жегенинен кадыры кетсе,бир чети апасы тигилерди кайра кайра милицияга суракка чакырта бергенинен жолобой калышты.Көчөгө чыкса эле сөөмөйү менен көрсөтүп жаткандай боло бергенинен күндүзү да көп чыкпай аягы тыйылды.Көрүнгөн жака чапкылай берчү машинасын да айдай бергени да токтоду.Кыш келип үйдөн чыкпай отура берип зээригип да кетти .Ошондой күндөрдүн биринде машинасы менен келатып жолдон оор сумкаларды көтөргөн кыз көрүнүп калды.Машина өтүп кетсин деп четтей берди эле, Мамат өтүп барып токтоп кайра артка айдап эшигин ачты да тиги кызга ,,кел чоң кыз ,отур жеткирип койоюн «,деди.Кыз чыккысы келбей тайсалдап чыкпай туруп калды эле,Мамат:

—Чык , чыгып ал ,оор жүгүң менен ушул суукта качан жетмек элең,жеткирип койоюн деп,кичипейил боло калды.Мени күндүзү эмне кылмак эле дегендей колундагы жүктөрүн баарын артка салды да өзү алдыга отуруп алды.

—Каяктан келе жатасың чоң кыз,деп сурап калды Мамат

—Районго бардым эле, ошол жактан келе жатам,деди тиги кыз.

—Аа,жакшы ,деген Мамат,үйүңөр кайсы деп сурап калды.Тааныбай жатканын байкаган тиги кыз :

—Мен сизди тааныйм Мамат аке,деди.Бул сөздү угуп ким эле бул дегенсип кыздын бетин тиктеп калды эле:

—Мен Орозматтын кызы болом атым Зинагүл,деди-Сиз онунчуну бүтүп жатканда мен жетиде окуп жаттым эле ,чоңойдук да ,деп койду.

—Ооба, кичинекей кыздар чоңойуп тааныбай калдык ,деди да кимдер менен кошо окуйсуң ,деп сурап калды.

Мамат кулагына тааныш аттар угулганда ичинен жек көрүүсү ойгоно түшкөндөй кабагын чытып алды.,,Анара деген кыз да силер менен окууйбу»,деп сурап калды.Ооба,деген жоопту уккан Мамат Анаранын сулуулугун элестетип ,ага жетпей калуусуна себепчи Мырзабек болгонун эстеп ичинен ызырынып алды.Сурап коюп ойлонуп баратканын байкаган Зинагүл,эмне болду Мамат аке, деди.

—Жөн жай эле,ошол кызды сүйүп калдым эле,ортодон Мырзабек деген чыгып ошого өтүп кетпедиби, деп калпты чындай кылып айтып койду.

—Ал кыз ошондой,ар кимдин жигиттерин тартып алып жүрө берет.Азыр ошол бала менен жүрөт,деди ичинде кеги бардай Зинагүл .Мамат бул кыздын Анара менен мамилеси жакшы эместигин билди да башына бир ой келип ушул кыз аркылуу бузук иштерин жасагысы келди.

Зинагүл классташы Арзымат менен сүйлөшүп жүргөндө класска жаңы окуучу кыз Анара келип калып сулуулугуна кызыгып жигиттердин баары кат жазып дос болуп жүрөлү деп жазышкан эле .Ошолордун катарында Арзымат да сүйлөшкүсү келип кат жазса,Анара катын окубай эле тытып салып жооп бербей койгон.Бир нече жолу аракет кылса аракети текке кетип ,анын үстүнө Мырзабек анын жанынан чыкпай башкаларды жолотпой койгон.Анан Мырзабек менен сүйлөшүп калгандыктан түңүлүп кат жазуусун токтоткон.Ошол Анара келгенде эле Арзымат Зинагүл менен болгон мамилесин токтотуп салган.Аны Зинагүл Анарага ооп кетти деп,Анараны күнөөлөп жаман көрчү.

—Мага жардам бербейсиңби -деп Мамат, күтүлбөгөн суранып калды.

—Эмне жардам?Колуман келсе жардам берейин,деп ,Зинагүл Маматты карап калды.

—Келет,мен өз сүйгөнүмдү кайтарып алышым керек,деди,мурда Анара менен жүргөндөй Зинагүлду ишендире сүйлөдү.

—Анара азыр Мырзабек экөө кыз жигит да,аны кантип кайтарып алмак элеңиз,деп Маматтын кайтарып алышым керек дегенине таң кала.

—Мен сага эмне кылууң керек экенин анан айтам,колуңду курук койбойм акы аласың,деди эле жооп бербей,, Биз жетип келдик», деп Зинагүл үйүн көрсөттү.

Сумкаларын түшүргөн Зинагүлгө Мамат ,,эмне макулсуңбу деди эле ,,ойлонуп көрөйүнчү.Рахмат ,»деп машинанын эшигин жаап койду.

Машина бурулуп алып кайра артка жөнөдү.Үйүнө кирген Зинагүл эми эле сүйлөшкөн Маматтын сөзүн эске салып Анарага болгон ич күптүсү кайрадан жанданды .,,Кечее эле келип алып активистка боло калганын,анысы аз келип жигиттердин баарын тартып алдың .Сенин айынан Арзымат мени менен сүйлөшпөй калды .Ошого сен күнөөлүүсүн.Сен келбегенде Арзымат менен кыз жигит болуп жүрмөкмүн»,деп ичинде болгон жек көрүүсү сыртка чыкты .Анара кичи пейил,ак көңүл болчу, колунан келсе баарына жардам берчү.Сабакты да жакшы окуугандыктан баары эле үйрөтүп койчу ,айтып койчу деп Анарага келе бергендиктен Зинагүлгө баардык классташ балдарын башын айлантып жүргөндөй сезилчү.

Анарадан менин эмнем кем экен деп күзгүгө барып , чачын тарап боёнуп өзүн карап жатты.Мен деле сулуумун деп мода көрсөткөндөй күзгүгө каранып ары бери басып өзүн сынап жатты.Өзүн Анаранын сулуулугуна жетпесин билип мурдун чүйрүп коюп ары басып кетти да жаңы кийимдерин чечип ,үй кийимдерин кийип апасы жумуштан келгиче тамак жасоого киришти.

Жаңы жылдагы майрамдык концертте макты аткарып оозго алынган Анара,мугалимдердин алкоосуна татып мактоо баракчасын алды.Эң мыкты номер деп аткарып жаткандагы учуру тартылып мектептеги ,,Жаш таланттар»деген дубалдык бурчуна сүрөттөрү илинди.Чейректери да мыкты жетишкендик менен бааланып ,,Биздин отличниктер «деген отличниктердин катарына да сүрөтү илинип баарынын ичин күйгүздү.А түгүл үлгүлүү окуучу деп класстык жана мектептик жыйналышта аты аталып жатты.Анаранын минтип жетишкенин бир тобу суктанып азамат десе,бир тобу көрө албастыктан атандашчуу болду.Бирок ,Анарага жетүү кайда,окууну да ,мектептин башка иштерине да мыкты жетишкендиктери бааланып мектеп боюнча уюштуруу иштери боюнча бөлүм башчысынын жардамчысы болуп шайланып калды.Мектептеги майрамдык кечелерге таланттуу окуучуларды тандап алып уюштуруучулук да даярдоочулук да таланты бар экенин көрсөтүп жатты.

Мырзабек экөөнүн сүйүүсү бир бирине болгон махабаты күч эле.Мырзабек аткаралбайм катыша албайм деген оюна койбой Анара жетелеп келип жанына отургузуп алчу.Мырзабек да Анаранын окуучулар менен иштегенин көрүп кандай гана таланттуусун деп,суктана карап отура берип үйүндөгү иштерин да унутуп калчуу болду.Анаранын үйгө кетүүгө бошобой калса ,мен кете берейинчи деп жатып суранып анан кете турган. Анара да Мырзабек кеткен соң азыркы эле таланты ташкындап окуучуларга үйрөтүп жаткан өнөрү жалп өчкөндөй токтоп,,эртең улантабыз,, деп кетирип жиберчуу да жалгыз үйүнө кетчү.Мурункудай коркпой көчөдө эркин жүрүп ,Мамат менен болгон окуяны да унутуп ою окууда болуп ,сүйүүсү Мырзабекте болуп калган.Колундагы саатын Мырзабектин белеги деп аздектеп дайыма тагып жүрөт.

Убакыт өтүп жаз күнү да келип жоогазындай кийинген кыздар көчөнүн көркү болуп көргөн көзгө жылуулук тартуулайт.Талаага гүлдөр чыгып ,булактын суусу мөлтүрөп агып ичкен адамдын тишин какшатат.Көпөлөктөр да учуп конуп ар бир гүлдү кур калтырбайт.Сүйүшкөндөр жаздын илеби менен бир бирине гүл тартуурашып рахатка батып махабат деңизинде сүзүп жатышты.

Мамат Мырзабекке болгон кегин кандай кылып алсам деген планын ойлонуп жатты. Оңу келсе Анара менен да уруштуруп тынмак .Ойлонуп жүргөн кезде Зинагүл жолуга калып планын кантип баштай албай жүргөн Маматка асмандан издегени жерден табылып башындагы катылган ойлорун ашырмакчы болду.Буга Зинагүлду алдап болсо да,акча берип болсо да бул ишке тартышым керек, деп Зинагүлгө жабыша баштады.

Бир күнү атайын окуучулар мектептен чыкканын аңдып отуруп ,алар чыккан кезде алыстан келе жаткан киши болуп машинасын токтотуп Зинагүлду алып алды.

Баягыдай кылып үйүнө жеткирип койду да ,сабактан кийин бош болсоң айланып келбейлиби деген сунуш киргизди.Зинагул эмнеге деп сурабай эле ,,эс алуу күнү эле бош болом ,калган күнү апам иште ,тамак кылып ,үй жыйнайм апам келгиче,»деп үйүндө жалгыз калаарын айтып сырын ачыктап койду.Муну уккан Мамат ичинен жымыңдай түштү да ,,ээ ,балапан турбайсыңбы ,»деп коюп кетип калды.Зинагүлдүн эч оюнда жок эле,машинасына түшкөнүнө кубанып сырын айта салган.Мамат болжолдогон күнү Зинагүлду күтүп алды да ,машинасына чыккан соң атайын сатып ала келген суусундугун кармата койду.Мындай суусундуктарды чанда чанда ,майрамдарда эле көргөн Зинагүл көздөрү жайнай түшүп рахмат деп колуна алды да оозун бурап чыгарды да оозуна жакындатып иче баштады.Мамат стакан барбы деп сурайт деп күткөн.Бирок,суусундук көрбөгөндөй оозуна такап иче баштаганын көргөндө Мамат,,ии,сен али бышып жетиле элек экенсиң да.Кыздардай өз кадырыңды сыйынды билбейт көрүнөсүң.Кыздардай сыпайылык сенде жок турбайбы» ,деп ичинен жаман көрүп алды да,кайра мен эмне үйлөнүп жаттым беле деп кайра Зинагүлгө кууланып күлүп койду да ,бардачогун ачып селофанга оролгон стаканды сууруп чыкып Зинагүлгө берип ,,ме стакан,таза ,куюп иче бер «деп койду.Зинагул эми эле өзү катачылык кетиргенин сезе коюп ,, кечиресиз»деп суусундуктун оозун бурап бекитип койду да бутунун астына коюп койду.

Каяка барабыз деген Маматка билбейм деп Зинагүл эрк өзүңдө дегендей тандоону өзүнө коюп койду.Макул деп жаз күнүнө жаңы эле ачылган бал муздак жана суусундук сатуучу жерге алып жөнөдү.Жол катары унчукпаган Мамат эмнеден баштасам экен деп ой жүгүртө баштаган.Машинасын айдап келип дүкөндүн жанына токтотуп ,,жүр ,бал муздак алып берейин» деп ,Зинагүлду күтпөй эле дүкөнгө карап жөнөдү.Артынан жете келген Зинагүлгө чатырчасы бар столду көрсөтүп ,,кел маңдай отуралы ээ,сыртта сыдырым желге жүзүбүздү тосуп»деп,кылыктанып күлүп ,сатуучуга жөнөдү.Буйюртма берип коюп келди да,сүйлө өзүңөн деп Зинагүлду карап калды.,,Жигитиңдин ордунда болсом мен да таштап кетмек экенмин ,»деп сынай тиктеп сары жумал өңүн карап .Аңгыча эле сатуучу балмуздактары менен кошо дисерт болгон шириндиктерин алып келди.,,Ал ,тартынба «деп Зинагүлгө тийиштүүлөрүн жылдырып коюп Мамат Зинагүлду карап балмуздагын жеп жатты.Зинагул эми уялгандай катачылык кетирип албайын деп акырын шашпай балмуздагын жеп Маматты угуп коюп отурду.Мамат ар нерсени айтып кулдуруп жатты.Зинагул алгач тартынып атса эми кадимки өзүнүн жашоосуна кирип тартынбай эле шириндиктерин сугунуп жеди.Балмуздагы түгөнүп дагы бирден буюртма беришти.Бул күн ушу менен аяктады.Зинагулду үйүнө жеткирип койду да кадимки канзаадаларды түшүрүп аткандай машинанын эшигин ачып колунан кармап түшүрүп койду.Зинагулдун мындай эс алуусу башын тегеретип таштады.Маматты жаман дешчү эле,жакшы жигит экен го деп ойлоп коштошуп үйүнө кирип кетти.

Арзыматты ойлоп,, Маматтын жанында кичинекей эле балакай турбайбы.Мына жигит деген ушундай болуш керек,» деп бүгүнкү көргөн сыйын элестетип жомокко эле барып келгендей болду .Бүгүнкү күнүн бирөөгө айтып мактангысы келип кетти.Мейли,коё турайын шашпай.Арзымат сенин ичиңди күйгүзбөсөм элеби,аттиң кыласың го,деп чолок ою менен ойлоп кыңылдап ырдап бийлеп жиберди.

Маматка бул жолугушуу пайдалуу болду,анткени Зинагүл Маматка үйрөнгөнсүп калды.Эми кайда жүр десе да бара берчүдөй.Дагы бир аз көндүрүп алган соң,Мырзабек менен Анарага болгон арам оюн ашырмакка аракет кылат.Баарынан да Зинагүлдун ишеничине кириш керек, деп Мамат өз оюн талкуулап жатты.

 

УЛАНДЫСЫ БАР…

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE