Пример HTML-страницы

АБАККА ТҮРТКӨН СҮЙҮҮ 1 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=40571&preview=true Кызыктуу окуялар.

АБАККА ТҮРТКӨН СҮЙҮҮ

1-БОЛУМ.

 

#АбаккаТуртконСуйуу

Анара класска кирип келгенде эле Мырзабек аны көрүп өзүн башкача сезип кетти.Бутунан башына чейин көрүнбөгөн бир нерсе жөргөлөп чыгып кеткендей болду.Ак фартук кара кофта кийип, бантик тагынган сулууча кызды эжей эрчитип кирип окуучуларга тааныштыра баштады.

— Саламатсыңарбы,окуучулар,бул кыздын аты Анара,шаардан которулуп келди,эми силер менен окуйт.Достошуп кетесиңер деген үмүттөмүн,деди да-,Анара тээтиги бош орунга барып отур ,деп-,бош орунду көрсөттү.Баары менен учурашкандай башын ийкеп койду да акырын басып келип Мырзабектин алдындагы партадагы бош орундукка келди да колундагы сумкасын коюп анан орундукту тууралап отура кетти.Баардык окуучулар бул кызды сынашкандай карап калышты эле, эжей ,,Анара менен анан тааныша сыңар,азыр баарыңар бери карагыла»,-деп, сабакты баштап жиберди.

Алдында отурган Анараны Мырзабек акырын көз жүгүртүп карап артынан сынап жатты.Бул кыз шаардын тартибине көнүп форма кийип келгендиктен анык эле окуучу кыз болуп турду.Бул класстагы кыздар чоң класс болуп калдык деп тыкан кийингени менен форма кийбей калышкан.Класс жетекчиси кийгиле деп урушса кие калышат да анан кайра эле өз билгениндей кийине беришчү.Акыры тажаган эжей айтпай да калды.Башына таккан бантиги да биринчи класстын окуучу кыздары таккандай парпайып гүл болуп тагылып сулуу жүзүнө жарашык берип турду.Бетиндеги уячасы да оймоктой оозуна жарашып көргөн көзгө сүйкүмдүү көрүнөт.

Артында отурган Мырзабек бул кызды көргөндө эмнеге денеси чымырап кеткенин өзү да билбеди.Же шаардык кыздын сулуу жузун көргөнгө мээси токтоп калды бекен.Бул классташ кыздары менен куушуп тытышып ойногону менен Мырзабекке сүйүү келген эмес.Суйуу деген ушу болсо керек да деп койду.Бирок сүйүүсүнө жооп ала алар бекен.Бир көрүп жактырып калганын сезип жатты.

Капаров деген эжейдин үнү Мырзабектин оюн бузуп жиберди.Мен эжей ,деп суроо берди бейм деп тура калган Мырзабекти эжей күлүп ,,жерге туш,асманда чабыттап жүрбөй,Сабакка көңүл бур», деди.

Сабак уланып коңгуроо болуп танапис болгондо кыздардын баары Анараны ороп алып таанышып жатты.Балдар чуркашып эшикке чыгып кетишти.Мырзабек гана бир нерсени жазмыш этип отура берди да кыздарга жооп берип жаткан Анаранын үнүнө кулагын салып калды.Жагымдуу үнү кулагына шак эте түштү.Көрсө,Анара ушул эле айылдагы Сейитбектин кызы экен.Кичинесинде эле эжеси шаарга алып кетип бала караганга жардам берсин деп,анан ошол жакка окутуптур.Эми бойго жетип калганда ата энеси колуна алыптыр.Турмушка чыгып кетсе ата мээримин көрбөй кетебербесин дешиптир.Анын үстүнө айылга да консун дешкен го.

Кийинки сабак башталып суроо жооптор берилип сабак уланып жатты.Мырзабектин ойлогону эле Анара.Эмне деп сүйлөсөм экен деп өзүнчө сөздөрдү талдап жатты.Кичинекей кагазга ,,Саламатсыңбы,Менин атым Мырзабек.Дос болуп жүрөлү «,деп ,жазып,Анараны акырын колу менен түртүп,бери караган Анаранын колуна карматты.Анара кагазды алып окууду да,бурулуп туруп жылмайып башын ийкеп койду.Жылмайган жүзү Мырзабектин жүрөгүн тилип өттү.Жанында отурган Сүйүн Мырзабектин кат жазып бергенин көрүп,аны окууган Анара бери карап жылмайганын байкап Мырзабекке тийише бөйрөккө сайып койду.Анысы ,бол аракеттене бер башка ээлегиче дегени эле.Сабак бүтүп окуучулар үйгө таркай башташты.Коридорго чыгышкан балдар Анараны жөөлөп ,тийише баштады.Каткырыктары таш жарып кыздарды сайгылап чачынан тартып качып,алар кууп сумкасы менен урган кыздар сыртка чыгышты .Мырзабек Анарага тийишкен балдарды жаман көрө ичи күйгөндөй түрткүлөгөнү келаткан балдарды тосо калып мойнунан кыса кармап жолотподу.Сыртка чыгышып ар ким өзүлөрү жашоочу тарапка бет алганда Мырзабек жанындагы Сүйүн жана Анара баш болгон үч кыз бир көчөгө түшүп ээрчише сүйлөшүп баратышты.Анаранын атасы Сейитбектин үйү тээ айылдын башында.Мырзабектин үйү андан бери.Бир бирден калып отуруп Анара экөө калганда Мырзабек:

— Анара мен сени такыр көрбөптүрмүн го.Деги сен үйүнө келчи белең,- деп ,сурап калды.

—-Ооба,каникулда келчи элем.Бирок, атамдар мал бакканы үчүн тоого жайлоого эле чыгып кетчүмүн.Анан ошол жакта эле окуум башталгыча жүрчүмүн.Себеби ,бул үйдө эч ким жок болуп калчуу да,деди.

—Аа,деген Мырзабек ,сөз таппай унчукпай калды.Анаранын атасы Сейитбек элдин малын алып жайлоого чыгып кеткенин билчүү.Өзүлөрү да Малын берген учурлары болгон.Мырзабек үйүнө жетип келгенде Анара ары карай,, жакшы кал,эртеге чейин» деп ,коштошуп ары жөнөдү .Жеткизип койоюнбу деп оозун таптап туруп бирок батынбады.Анаранын кеткен жолун карап калды да чочугандай бурулуп үйүнө кирип кетти.

Анара менен чогуу басып сүйлөшүп келгенге Мырзабек кудуңдап өзүнчө эле бийлегиси келип ,Анаранын сөздөрүн талдап,кулагына сиңип калгандай эстей берди.,,Оо сонун кыз экен ээ.Өз үйүнө келгени жакшы болгон экен.Болбосо мындай кыз бар экенин билбей калмак экенмин ,»деп ,ойлоп жатты.

Мырзабектер акыркы бүтүрүүчү класс болгондуктан өздөрүн чоң сезип мектепке ар жумада эле бий кечесин кыла беришчү.Эмки жумада бий кечесине чакырсам бараар бекен, деп ошол келчү күндү самап жатты.

Жаны окуу жылы башталып талаптар көп болуп ,даярданып жооп берүү үчүн окуучулар тапшырмаларды китепканадан тийиштүү китептерди алып даярданышчу.Китептер аз болгондуктан бир китепти үч төрт окуучу алып чогуу же бири бүткөндө бири алып окушчу.Мырзабек менен Анара жакын жашагандыктан бир китеп экөөнө тийип чогу даярданып чейрекке чейин экөө окумак болду .Кээде Анара алып кетсе,кээде Мырзабек алып кете турган.Мырзабек окуугусу келбесе деле Анараны көрүп сүйлөшүш үчүн үйүнө барып ,,буттуңбу мага берчи» деп,сурап алып келчүү да мектепке барганда мэ деп кайра берип койоор эле.Окуудунбу деп сураса ии окудум деп жооп бергенин угуп Анара окубаганын билип койчу.Себеби,беттин ортосуна кыстарып койгон барагы козголчуу эмес.

Күткөн алтынчы күндүн кечи да келип балдар колонкаларды жайгаштырып музыка коюп жатышты. Күндүзү сабактан чыкканда Бий кечесин уюштурабыз деп класс боюнча сүйлөшүп баарын келгиле деп айтышты балдар .Макул деп таркаган окуучулар үйүндөгү жумуштарын бүтүрө салышып кечкиге даярданып жатышты.Кыздар кечеге кийген көйнөктөрүн мектепке көтөрө келишип классты ичинен бекитип алышты да биринен өтүп бири жасанышып сулууланып жатышты. Алардан калбай Анара да бий көйнөгүн алып чыгып кийгенде кыздар ичи күйгөнүнөн ,,ай ий «,деп колдору мен кармап көрүп жатышты.Шаарда бий кружогуна катышкандыктан бийге кийүүчү кийими дайын эле.Кийимди өзүнө чактап тиктирген үчүн денесине жабышкан кийими жарашып кош алмасы тырсыйып фигурасы кыздарды суктантып жатты.Чачын жая койо бергенде узун чачы белге түшүп окуучу кыз эмей эле мода көрсөтүп жаткан кыздардай болуп калды.Мындай көйнөк көрбөгөн башкалар ичи күйгөнүнөн Анараны мурдун чуйруй карашып терс бурулуп озу башын боёп алаксып билдирбегенге аракет кылып жатышты.

Бийге чыгууга убакыт келгенде эшикти такылдатып кыздар чыккыла убакыт болду баары келишти деген үн чыгып кыздар топурагын кеттик кетип дешип баары бийлөөчү залга жөнөштү.Кыздардын шагырап келатканын көрүшкөн балдар кол чаап бийлешип алдынан тосуп чыгышып бий аянттын ортосуна тартышып ар бири бирден кыздын маңдайына туруп бийлей башташты.Шаңдуу музыка чыгып баары бийлеп Анараны көргөн балдар анын жанына жакындап аны менен бийлегенге аракет кыла башташты.Чырайына чыга түшкөн Анараны тааныбай калышканы да болду .Башка класстын балдары ким ким дешип шыбыраган суктанып карап жатышты.Мырзабек да балдардан калышпай Анаранын жанында оролошуп жүрөт.Жылмая караган Анараны суктана карап баарынан кызгана кетти.Музыка токтоп экинчисине алмашканда кыздар топтоло калышты да шыбыраша калып анан бири ортого чыгып баарына ,:

—Азыр Анара жалгыз өзү силерге бийлеп берет ,кана ортону ачкыла, дегенде ,музыканы күтүп жаткан баары ортону ачып четке чыга беришти.Анара өзү тандап бир музыканы койгула деди эле музыка коюп жаткан бала айтканын коюп музыка жаңыра баштады.

Музыканын ыргагына кошулуп бийди мыктап аткарып жаткан Анараны караган баары катып ордуларынан жылбай карап турушту.Көйнөгү жарыкка чагылышып өзүнчө эле көзгө жагымдуу болуп турду.Музыкага окшоштуруп бийлеп жатып Анара бүткөн соң кадимки артистердей жүгүнүп койду.Мырзабек Анараны карап туруп эх,кандай гана сулуусуң деп.деп суктанганын жашыра албады.Кол чабылып кайрадан бий улантылды.Ортолоп калган кезде мурунку бүтүрүчү үч жигит келип музыкага кошулуп бийлешип ар кыздарга жабыша баштады. Аларды көргөн кыздар алардан качып классташтарына арасына кирип бекине баштады.Анарага бири келип ,,чоң кыз атын ким сен ушул жердиксинби же конокко келдиңби», деп, тийише баштады эле Мырзабек бөлүп кетти да артын салып экөөнүн ортосуна туруп алды.Өзүнөн кичүү бала тоскоол кылып жатканына ачуусу келген тиги жигит Мырзабекти апчый кармап түртүп жиберди.Мырзабек кайра жакындаганда ме деп тумшукка койуп жиберди эле,, Ай «деген Анара Мырзабек тарапка умтулду.Мырзабекти урганын көргөн классташ балдары күчкө салып бийлөөчү залдан сүрүп чыгып койду.Өчөшкөн тиги үчөө балдарга ызырынып силер шашпагыла ,көрсөтөбүз «деп муш кезеп мектептен чыгып кетишти.

 

УЛАНДЫСЫ БАР…

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE