Пример HTML-страницы

Өчкөн сүйүүм 8 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=7148&preview=true Кызыктуу окуялар.

Өчкөн сүйүүм, бүтпөс арман.
…………8-бөлүм…….
—Кимсиңер, кимсиңер дейм? Каяка алып баратасыңар?
—Оозуңду жап, тирүү калгың келсе үндөбөй кет.
Машинанын эшигинин жабылышына караганда, аябай эски машина экен. Менимче жигули окшойт, кызык азыр шаарда да жигули айдайбы? Түз эле жолдон коңторулуп кетчүдөй жүрүп баратты. Эки зоодой кишилер менен артта олтуруп бүктөлүп калдым. Бат эле бир жерге кирип келдик, чачымдан сүйрөп жерге түшүрдү. Ошолордун арасындагы эң олдоксону окшойт.
—Суранам мага тийбегилечи, боюмда бар. Силерге эмне керек?
Бет капты ачканда маңдайымда күндүзү көргөн курсактуу киши турду. Ушундай жаным кашайып кетти, мен ушунун кызы үчүн өз жанымды тобокелге салып жатсам бул болсо эмне кылып жатат.
—Эй мен сенин ким экениңди билем, айт кимдин жанын алган жатасың? Менин өлүмүм кимге керек экен?
—Өз жанын ойлогон коркок десе, сенин өлүмүң керек болгондо сен эчак эле мүрзөдө жатмаксың. Сени аямак эмесмин, сага окшогон элди тоногон жырткычтарды аяганды билбейм. Кызыңды, кызыңды өлтүрмөкмүн..
—Анан эмне өлтүргөн жоксуң?
—Менин да боюмда бар балким ошол үчүнбү, наристелерди өлтүрө албайм.
—Кимге керек кызымдын өлүмү? Аялымдан эмне керек сага?
—Кайсы аялыңдан? Кимисинен?
—Экөөнөн тең, токто токточу.. Экөө биригип мени жок кылуудан сообу булар ?
—Башың иштебейт экен, өлтүрүп салчы мени тезирек.
—Жоок, шашпа мага толук айтчы.
—Былчыгың жаш аялыңдан көргөн кызыңды заказ кылды. Эми жеттиби? Ошого баланы өлтүрө албай аялыңа барып келишим түзүп кетип баратсам сен келип калдың.
—Болушу мүмкүн эмес, ал антпейт. Сага эмне актанып жатам? Эмне келишим?
—Менин баламды коргоп калыш керек. А мен болсо биринчи аялыңды жок кылам.
—Анан тиги ошого маакул болдубу?
—Ооба анын эмнеси бар?
Башын мыкчыган бойдон чыгып кетти, мен болсо муздак жерде байлануу бойдон калып калдым. Мени кайтарып калган балдардын бирөөсү уктап калды, экинчиси болсо боюмда бар дегениме ичи ачышты окшойт тургузуп, жипти чечип койду. Ал дагы уктамыш этип жатып калды, качып кет дегени окшойт. Акырын чыгып качып жөнөдүм, ээн талаада бараттым. Кайда барышымды билбейм, ойума Канимет келди. Менин мурунку жашоом тууралу Кыял эч нерсе билбейт, демек Каниметти да билбейт. Жалгыз үмүт Каниметте. Канимет менен акыркы жолу ооруканадан көрүшкөнбүз. Кол салуудан кийин ооруканада жатканда келип, акыбалымды сурап кеткен. Акыркы жолу көргөндө Каниметтин көздөрү муңга толуп, араң кадам таштап жүргөн эле. Кымбаттын бул дүйнө менен кош айтышып кеткенин аябай оор кабыл алган. Андан бери төрт ай өтүптүр, бири-бирибиздин акыбалыбызды бир дагы жолу сурашпаптырбыз. Мына тааныш үйгө келдим. Дал ушул үйгө Канимет мени колуна көтөрүп кирген. Дал ушул үйдө сүйүктүү жар болгом, дал ушул үйдө азаптуу күндөрүмдү өткөргөм. Бул үй мага жакын болуп калган, экинчи уям десем болот. Билем Канимет мени жалгыз таштабайт, жардам колун сөзсүз сунат. Эшикти кагууга дитим жетпей койду, бир жолу кеткен үйгө кайтып келүү мага өтө оор. Өз намысымды тепсеп өткөндөй, өзүмдү сыйлабагандай болуп жатам. Эмнеге? Эмнеге? Анткени жүрөгүмө уюган таарыныч өзүмдөн күчтүү, намыс кургур жүрөгүмдү бүтүндөй ээлеп алган. Ушул убакта туткундан качып кеткениме чындап өкүнүп турдум. Кымбаттын өлүмүнө, менин жашоомдун бузулганына себепчи болгон адамдын алдына мынтип жалдырап келгенче, ошол жерде өлүп калганым артык болчу. Жан таттуу, таттуу экен. Эшиктин түбүндө туруп ыйлай бериптирмин, үйгө даана угулуп туруптур. Жиндидей өзүм менен өзүм сүйлөшкөнүм эмнеси. Канимет эшикти ачып жиберди. Маңдайымда жашоомду, өзүмдү, сүйүүмдү толугу менен арнаган адамым турду. Бир мүнөт мурун өзүмдү сөз менен сабаганым эстен чыгып кетти. Каниметтин оозун ачтыра койбой кучактап алдым. Эмне болгонун түшүнбөй калды окшойт, көтөрүп үйгө алып кирди. Үйдө эчким жок экен, аны кучактап алып ыйлай бердим. Көптөн бери топтолгон көз жашым тамчы калбай чыгып жатты. Мен анын жытына мас боло түштүм, өзүмө аста тарттым. Сүйөөрүмдү кулагына кайра-кайра шыбырап жаттым. Жаш алган көздөрү менен мени аянычтуу, ошол эле убакта күнөөлү карады. Көз караш менен менден кечирим сурап турду. Мен баарын туйдум, жүрөгүм баарын сезди. Каниметти өзүнөн жакшы билем, ал дагы мени сагыныптыр. Ошол түнү биз бириктик, тээ алыста калган жаңы үйлөнгөндө махабатка мас болгондой мас болдук. Бул жашоодогу маселенин баарын унуттум. Дүнүйөдө мен жана Канимет эле бардай сезилди. Экөөбүз тең бул түнгө ыраазы болдук, ушул түн узарышын тилеп жаттык. Эми арманым жок, өлүмгө тик кароого күчүм жетет. Мен күчтүүмүн. Албетте ар бир адам күчтүү, өзгөчө аял заты. Аял баарына чыдай алат, ур-тепкиге, сүйүктүүсүн жоготууга, бирөө тараптан басынтууга. Бирок, аял бир эле нерсеге чыдабайт. Ал нерсе аялдын баласы. Аял баласы үчүн үч катмар тоону да томкоро алат. Аял баласы үчүн жаныбарлардын падышасы арстан менен куралсыз алышып, жеңе алат. Ал турсун аял деген бала үчүн ажалдын өзү менен да күрөшүүсү мүмкүн. Мен бул нерсени ичимдеги ымыркайым кыймылдаган сайын түшүндүм. Балам үчүн күрөшөм, аягына чейин күрөшүүгө даярмын. Биз каалабай турган таң да атты. Эртең менен мурун алып кетпеген өзүмдүн узун көйнөгүмдү кийип, жоолук салынып чыктым. Эми дүлөй, дудук болууну чечтим. Төрөгүчөм иттин күнүн көрсөм да чыдайм. Башымды көтөрбөстөн келиндик кызматты кылып жүрдүм. Башкалар эмес Канимет да түшүнбөй мени суроолу карап жатты. Мен жооп берүүдөн качып, көзүмдү ылдый кыла бердим.
—Даниса кайра кайтууңа эмне себеп болду,? Жек көрүшүң керек го мени.
—Мен сенин аялыңмын, өз үйүмө кайттым. Каршы болсоң жообумду бер да кууп чык. Бирок, эсиңде болсун сен кууп чыккан күнү эшигиңдин алдында өлүп берем.
—Бул эмне кылганың, өзүңдү да кыйнап жатасың.
—Дагы деле мени сүйбөйсүңбү?
—Билбейм, болуптур кала бер. Бир суроомо жооп берчи, анан калсаң болот. Бала кимден?
Эркек болуп туруп билинер-билинбес курсагымды байкаптыр. Эмне деп жатам мен? Түндө махабат кайыгында бир сүзгөн адам кантип байкабай койсун.
—Таап көрчү өзүң, ушул суроону өзүңө берсең жообун дароо табасың.
—Эмне? Ошол чынбы? Эми эмне кылган жатасың?
—Канимет жаным, мен сени кечирдим. Баарын унутуп жашоого ыраазымын. Биринчи зөөкүрдүн баласын өлтүргүм келди, кийин ойлоп бул баланы өлтүрсөм ошол айбандардан айрымам жок болуп калаарын түшүндүм. Мен алардан өйдөмүн, мен күчтүүмүн. Ошол үчүн намысымдан аттап өтүп сени кечирүүгө күчүм жетти. Сага болгон сүйүүмдү сактап калууга менин жүрөгүм жардам берди. Эгер сен да кабал ала алсаң сөз берем биз бактылуу болобуз. Жок десең анда мага жашоонун кереги жок….

Бул сөздөр Каниметке жеттиби же мени аядыбы ким билсин, жаныма аста келип, кучагына бекем кысып алды. Биз ошентип чогу жашап калдык. Көчөгө кадам басып чыкканым жок, дарбазадан ары аттабайм. Элдин баары мени жоош, ыймандуу, тартиптүү келинге айланганымды айтып бүтө албай жатышты. Өгөй кайненем келип, сөз менен нукуп кетет. Ичим чыккан сайын ушактын башы көбөйдү, ар ким ар кайсыны айтат. Кымбаттын өлүмү баарыбызга оң таасирин тийгизгенби Канимет түп тамыры менен өзгөрдү. Көзүмдүн кареги менен тең айланып турат, күндө кечирим сураганы сураган. А менин санаам башкада. Кайсы күнү Кыял мени табып келет!-деп коркуп жашамай. Ата-энем кеткенден бери сүйлөшө элекмин, аларга эмне болду? Ушул ой менен жатып, ушул ой менен турам. Канимет болсо бул санааны таарынычым дагы деле жазыла элек!-деп түшүндү. Эң башкысы төрөгүчөм таппай турса экен. Бул наристе жашоого келиши керек, бул ымыркай жарык дүйнөнү көрүш керек. Ай күнүм жетип толгоом башталды. Ооруканага бир дагы көрүнгөн жок элем, себеби мени табып алышат!-деп корктум. Мынтип төрөөгө күн келгенде документсиз бир дагы оорукана кабыл албай жатты. Акыркы күндөрү көп ойлонгонгобу толгоом аябай катуу болуп, араң чыдап жаттым. Улам башка төрөткана кыдырып жүрүп алым кетип калды. Качан гана өзүмдү жоготуп баратканда бир төрөткана кабыл алды. Сүйүүдөн жан дүйнө ооруган, жараттан жан ачышкан, кусалануу ушуга окшогон оорулар толгоонун алдында эч нерсе болбой калат экен. Ушунчалык кыйналып жаттым, ушул учурда бирөө «кыйналба, өлтүрүп койоюн»-десе маакул болмокмун. Көзүмө бала да көрүнбөй калды, эптеп оорудан кутулуш керек болуп жатты. Даарыгерлерге жалбарып жибердим, ичимдеги наристени кандай жол менен болсо да батыраак, аман-эсен алып чыгуусун сурандым. Алардын мени уга турган түрү жок. Бир нерсе болуп жатат, мага бир нерсе болуп жатат. Догдурлар мынчалык кабатыр болгонуна караганда иш жаман окшойт. Бир маалда эч нерсени сезбей калдым. Жанымды жанчыган толгоо да жоголуп кетти, ооруну сезбей калдым. Кулагым дүлөй болду, жанымдагылар үнсүз жанга айланышты. Мен аларга сүйлөсөм алардын жообун уга албай койдум. Өзүмдөн кетип баратам окшойт. Бир жолу биология сабагынан эжейибиз айткан эле. «Адамдын денеси чыдаткыс катуу ооруганда аягында эч нерсе сезбей калат»-деген. Демек оорудан улам эчнерсе сезбей калыптырмын да. Көзүмдү эптеп ачсам маңдайымда Кымбат туруптур. Ишенесизби сиңдим туруптур, мен анын колунан кармадым. Ал мени тургузмак болду бирок, догдурдун бирөөсү ымыркайды мага көрсөттү. Мен ошондо Кымбаттан наристемди бир эмизип алууну сурандым. Айтсам жомок, калп ээ? Кыз экен, мен жарык дүйнөгө алып келген ымыркай кыз экен. Мен кызыма ууз сүтүн толук эмизгим келди. Жанымда турган Каниметке көөптөн бери жазып жүргөн күндөлүгүмдү берүүсүн сурандым. Кызым чопулдата эмип жатканда мен кара калем менен төрөттө болгондун баарын күндөлүкө жазып жаттым. Кызыма мунун баарын жетүүсүн кааладым. Кызыма Сайкал деген ысым ыйгардым. Ушул кызым чооң катадан жаралган чындык болсун. Менин элесим болсун…..Ката, жарым-жартылай жазылган сөздөрүмдү сөзсүз оңдоп коёт. Мен жарыктык көрдүм, Кымбат мени жарыка жетелегиси келип турат……..

Ушул акыркы сөздөрүн жазып жатып Даниса төрөттөн өзүнө келе албай бул дүйнө менен кош айтышып кете берди.

Уландысы бар….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE