Пример HTML-страницы

Өчкөн сүйүүм 3 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=7148&preview=true Кызыктуу окуялар.

Өчкөн сүйүүм, бүтпөс арман.
………3-бөлүм…..
Мени кучагынан түрткөн түнү уктай албай чыктым. Сабыр кылайын дедим болбой койду. Ачык сөзгө чакырдым айласыз.
—Канимет сага эмне болуп жатат?
—Эмне болуп жатыптыр?
—Бир жылга кетсең мен чыдабайм, сагынып кетем. Анан мени түртүп жатканыңдын себебин ачык айтчы.
—Эч нерсе болгон жок, оюңдан чыгарып аласың да.
—Мени сезбейт дедиңби? Кучагың бул жакта турсун жүрөгүң муздап кетиптир. Бири бирибизсиз жашай албай, баш айланткан махабат кайда кеткен? Ачык айтчы башка бирөөң барбы?
—Айтпайын десем өзүң койбодуң.
Ооба бар, мен аны чын сүйөт экенмин. Сен аны кабыл алалбайсың, татаал иш.
—Эмнеге антесиң, бирөөнү сүйүп калсаң мен сени кармабайм. Жолуң ачык Канимет мени жибер.
—Кеп сенде эмес. Ачык сөздү уктуң эми кааласаң кете бер.
—Өзүң үйгө жеткирип коймоюнча мен кетпейм. Эмнеге кеп менде эмес? Ошол сенин жүрөгүңдү менден урдап алган кыздабы?
—Анда дагы эмес.
—Мени кыйнабай айтчы, эмнеде анан?
—-Чындыкты көтөрө аласыңбы? Дарманың жетеби?
—Жетет, сөз берем ичимде калат.
—Даниса мен сени сыйлайм, ошол үчүн ачык сөздү айткым келет.
—Кулагым сенде.
—Мен сени сүйбөй калдым жок сүйгөн эмес экенмин. Бул сезим жөн эле жактыруу окшойт. Мен аны аскерде жүрүп түшүндүм. Мага түшүнүүгө түрткү болгон кыз ал сенин сиңдиң Кымбат.
—Эмне? Дөөрүбөчү Канимет. Ал эч качан жүрөгүмдү жаралабайт. Ал менин жалгыз сиңдим, таянаарым.
—Мен сага ал дагы мени сүйөт деген жокмун. Мен сени сүйбөйт экенимди түшүнүүгө түрткү болду деп жатам. Мен аны сүйүп калдым.
—Алчы?
—Ал бетиме түкүрүп басып кетти.
—Сага ошол сооп, мына анда сага мен дагы сени ошол нерсеге татыктуу көрөм дедим да бетине түкүрүп үйдөн чыгып кеттим. Үйгө жетип бардым. Эч кимди карабай жатып алып аябай ыйладым. Сиңдимдин кабары бар окшойт ал томсоруп туруп берди.
—Кантип? Кантип дейм? Кантип ушул нерсенин болушуна жол бердиң? Эркек куруп калыптырбы?
Качан жетишип жүрөсүңөр? Күткөн эмесмин. Апам түшүнгөн жок. Ай эмне болду? Тынччылыкпы?’деп эле мени сооротуп олтурду. Биринчи сиңдимди жек көрүп жүрдүм. Анан үч-төрт күндөн кийин тынчтанып, сиңдим менен сүйлөшөйүн дедим.
—Кымбат келчи сүйлөшүп алалы. Айтчы Канимет экөөңдүн ортоңордо бир нерсе барбы?
—Эжеке менин турмуштан бир жолу жолум болбой калса эле эркек тандабай калыптыр деп жатасызбы? Канимет жездем экенин мыкты билем жана мен бир эркек үчүн ата-энем, тууган-уруктан, сизден кече албайм. Анын үстүнө жездем өзү эле кайдагыны айтып туруп алды. Сиздин жүзүңүз деп биринчи тамашага салып качып жүрдүм. Кийин катуу айтып урушууга дарманым жетпеди сизди сыйлап. Түшүнүктүү кылып акырын айтсам да жетпей койду. Анан түкүрүп басып кеттим. Мурунураак айтпаганым үчүн кечирип коюңузчу.
—Кымбат рахмат бир тууганды бийик койгонуң үчүн. Бирок, качан жетишип жүрөсүңөр сүйүшкөнү?
—-Жездем аскерде жүргөндө. Баткенде мен да бир ай жүрдүм го практикага барганда. Ошондо жездемдин жанына барып кабар алган элем, айттым элего. Ошондо бир ай бою чогу болгонбуз. Жаман ойлобоңуз, ал жактын менталитетин жана жерин жакшы билбегендиктен жездеме күндө барат элем. Алыста жүрүп жалгыз жакын адам деп барган элем. Күндө шаар айлантып анан тамактандырып кайра жеткирип койчу. Эч нерсе болгон эмес, чын айтам. Аскерден да ошол үчүн бат эле келип алды айтуусу боюнча. Мен болбогондо дагы бир жыл жүрмөк экен. Кечирип коюңузчу мени мурун айтпаганым үчүн. Сизди ойлодум эжеке. Катуу тийет деп коорундум.
—Мейли ишенем сага бир боорум.

Кымбат менден бир жаш эле кичинекей. Келишкен супсулуу десем да болот. Кымбат айтып олтурса Каниметти чындап эле Кымбатка берип жаткандай жаман болуп кеттим.
—Мага сөз берчи, эч качан менин жүрөгүмдү жаралачу иш кылбайм дечи. Абайлайм дечи.
—Эжеке эч ойлонбоңуз, турмушу бузулган жаман экенин мыкты билем. Силерди кайгыга салчу иш кылбайм эч качан, ишениңиз. Сиңдим экөөбүз кучакташып ыйлап алдык. Кымбат экөөбүздүн тандообуз, мүнөзүбүз баардыгы окшош эле. Билбеген бирөө экөөбүздү эгиз демек. Болгону Кымбат назик анан ак көңүлдүгү менен айрымаланып турчу. Канимет айткандай мен бул ишти кабыл ала алганым жок. Сүйсө эмне мага окшоп кыйналып анан калат да. Күндөр өтө берди, мен окуумду кайра улантууга кириштим. Канимет ошол бойдон басып келген жок. Атама айтканым жок себебин. Апам баарын укту. Жакасын тиштеп тооба кылган боюнча унчукпай калган. Күндөн күнгө Кымбат сымбатынан кетип баштады. Бетинин нуру жоголуп, кыйналган түр кийип алды. Бир жыл мурун турмушка чыккан. Күйөө бала кызганчаак экен, бирөөдөн кызганып Кымбатты катуу урган экен боюнан түшүп калыптыр. Ошондон кийин атам бир күн калтырбай алып баса берген. Кымбат дагы бул окуяга анча кайгырган эмес эле. Ичим ачышып аяп мамиле кылып жүрсөм кайра мени урушуп койгон .
—Ээк эжеке мен аны жакшы деле көрчү эмесмин. Азыр ажырашып кеткенибиз деле жакшы болду, балалуу болгондо ушундай болсо эмне кылмак элем. Чыдап, кыйналып өтүүмө туура келмек.

Азыр болсо бизге билдирбегени менен санаага алдырып жиберди. Атамдын жумушу жакшы болбой, акчадан бир аз кыйналып калдык. Апам болсо өмүр бою бизди тарбиялап, иштеген эмес. Атам -«аял киши үйдө олтуруш керек»- деген сөзүнөн эч кайткан жок. Апам үйдө олтуруп тажадым, элге окшоп иштесем болмок деп кээде наалып калганда биз болсо, атам чыныгы эркек да сизди иштетпей багат:-деп кайра апамдын жиндентип коёр элек. Окуумду сырттан окууга которуп, жумушка орноштум. Атама айткан жокмун, болгону сиңдим экөөбүздүн басканыбызга акчаны өзүм табайын дедим. Жумуш табуу аябай кыйын болду. Кээ бир жерде түшкө чейин аябай иштетип алып, жарабайсың!-деп кетирип жиберет. Ошентип жүрүп бир жума убакытым өтүп кетти. Анан бир Ресторанга официант болуп калдым. Кээ бир күндөрү ашпозчуларга жардам берип, ашканада иштеп калып жаттым. Конокторду тейлегенден көрө ашкана тынч болот, ушул жерди өздөштүрүп алайын деп болгон аракетимди салдым. Ашпозчулар тарабынан мага карата жакшы ой-пикирлер айтылып, кожоюнга жагып калдым. Айлыгым көтөрүлүп, жумушум жакшы болуп кетти. Билинбей убакыт өтө берген экен мен жумуш менен жүрүп Кымбаттын жүдөп кеткенин байкабай калыптырмын. Жумуштан кеч келип Кымбат менен бир аз сүйлөшүп чыгайын!-деп бөлмөсүнө кирдим. Артты карап уктап жатыптыр, бир нерсени бекем кучактап алыптыр. Алып койоюн!-деп аста тарттым. Сырты катуу болгон калың дептеп экен. Бирөөнүн буюмун аңтарбагандыктан ичинде эмне бар экенин карабай эле ордуна койгону аста бастым. Күтүлбөстөн ичинен Каниметтин сүрөтү жерге түшүп кетти. Көргөн көзүмө ишенбей туруп калдым. Акырын алсам артында Каниметтин өз колу менен «Эстелике.. Жетпес сүйүүм»-деп жазып коюптур. Сүрөттүн жарымы даана кайчы менен кыркылып алынып салынган. Баягы күнү үй жыйнап жатып дал ушул сүрөттүн жарымын көрдүм эле. Ал жерде Кымбат өзү болчу. Демек экөө сүрөткө түшүп, анан мени көрүп калбасын дегенинен өзүн кесип койгон тура. Акырын дептерди ачып окуп баштадым. Кымбат мурунтан эле апама, атама арнап ыр токуп жазып айтып берип калчу. Бул жерде дагы шурудай тизилип, мааниси болсо төрт сабы жүрөкө жетчү мааниге ээ ыр экен. Астына болсо ‘Арман ыры»-деп коюптур. Андан ары араласам бул «күндөлүк» экен. Эмне болгонун, кайда барганын баардыгын жазыптыр. Ал жерде жолдошу менен таанышып, эмне себептен ажырашканы тууралу баардыгы бар экен. Уктабай көзүмө жаш алып, окуп олтурдум. Кымбат сыртынан унчукпаганы менен ичинде арман толо тура байкушумдун. Жазганына караганда бизди кыйнабайын!-деп баарын ичине жутат экен. «»Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат» демекчи күндөлүктүн акыркы беттеринде Каниметке болгон сүйүүсү тууралу жазыптыр. Көрсө Каниметти Кымбат биз Канимет экөөбүз тааныша электен мурда таанучу экен. Уялчаактыгынан таанышууга да күчү жетпей калыптыр. Кийин жездең;-деп мен тааныштырганда ыйлаган бойдон жашырып кала берген экен. Мен дагы күндөлүк ачып алгам. Баардык нерсени ал жака жашырбастан кенен жазам. Себеби күндөлүк сырымды бирөөгө айтпайт. Күндөлүк менин жан дүйнөм, эгер өзүмдү актап же бир нерсени башкача кылып жазсам өзүмдү алдаган болуп калбаймынбы. Демек Кымбат деле бул күндөлүкө бүт чындыкты түшүргөн да.
КҮНДӨЛҮКТӨН.
—Мен Кымбат. Жашоосу тозок, өмүрү кыска болуп калган Кымбат мына менмин. Жашоодо өз оюн айта албаган, өз акысын бирөөгө жедирип жүргөн алсыз пендемин. Эмнеңди алдырдың?-деп сурайсың да ээ күндөлүк.
Сүйгөнүмдү, жашоомдун маанисин алдырдым.
Күрөшпөйсүңбү!-деп сурайсыңбы.
Күрөшпөйм, күрөшө албайм күндөлүгүм. Себеби ал эки инсан менин жакындарым. Бир тууганымдын бактысы менин бактым.

Мени урушпачы күндөлүк. Эртеден кечке күлүп-жайнап жүрүп, кечинде мага көз жашыңды төгөсүң дебечи күндөлүгүм. Менин жан дүйнөмдү, акыбалымды, сүйүүмдү баардыгын сен толугу менен билесиң. Демек сен түшүнүшүң керек, урушпашың керек.
Мына бүгүн мен бир бала менен тааныштым. Күндөлүк, ал аябай кызганчаак экен, дароо байкадым. Кандайдыр бир деңгээлде ал мага туура келет анан мага жакты. Ал мени жакшы көрүп калды окшойт. Алгачкы сүйүүмдү, эжекемдин өмүрлүк жарын, жездемди унутушум керек. Ал бала мага жардам берет, мен ал балага турмушка чыгам;-дептир. Ошол жазуудан кийин көпкө чейин жазбаптыр. Ажырашып келгенде да жазбаптыр. Баткенге практикага баргандан кийин жазып баштаптыр. Демек бул күндөлүк Каниметке жолукканда эле ачылат тура.
КҮНДӨЛҮКТӨН.
Күндөлүк кандайсың. Көпкө чейин ачпай койгонума таарынбачы. Баягыда кызганчаак бала тууралу айттым эле эсиңдеби? Ошол балага турмушка чыктым. Мага жаккан кызганчаактыгы ашыкча экен. Жөн жерден мени кызганып, ичимдеги муштум эттен, экинчи жүрөгүмдөн айрыды. Адаштым күндөлүк. Бирок менин бир сүйүнчүм бар. Мен эртең Баткенге кетем, сүйгөнүм жүргөн жерге барам. Жок дегенде экөөбүздүн жүрөгүбүз жакыныраак согот экен. Бирок, ал сезбейт аны. Мени балдыз катары кабыл алат. Жок, жок ошонусу жакшы. Ал билбей эле койсун.
Мени жаман көрүп жатасың э күндөлүк. Мейли мен актанбайм. Болгону менин да сүйүүгө акым бар дегим келип жатат. Ал инсандан ошондой жоопту күтпөйм, ал эч качан бул тууралу билбеши керек. Ал бир тууганымдын бактысы, а мен болсо жашай берем, эптеп жашай берем. Мейли анда мен жаттым.

Кымбат мага Канимет тууралуу үйлөнө элегибизде айтса мен артка кадам жасоого күчүм жетмек. Мен дагы бир тууганым үчүн сүйүүмдөн кече алмакмын. Сиңдим экөөбүзгө бир сүйүү берип сынады кудай. Азыр деле кеч эмес, эл айта берет. Кымбат бул жактан, Канимет ал жактан жок болгончо бир болушсун. А мен болсо бул сыноону көтөрө алам. Мен эптейм, эптеп жашап кетем. Сиңдимди эми таакыр башка көз караш менен карадым. Өткөн күндөн бери сиңдимди күнөөлү кылып карасам эми болсо чыныгы күнөөлү мен экенимди түшүндүм. Мен сиңдимдин сүйүүсүн билбестен тартып алыптырмын. Тагдыр, тагдырыбыз ушундай экен.
Күндөлүктүн акыркы бетине бүгүнкү күндү жазып коюптур.
Демек жатаардан мурун күндөлүгү менен сырдашкан тура.
КҮНДӨЛҮКТӨН.
Салам күндөлүк. Сага да убакытым болбой жатат, таарындың ээ?
Таарынбачы. Болгону эжекемдин көз карашы мени жок кылмай болду. Жок жаман карабайт, туура эмес түшүнбө. Эжекем муңдуу карайт, ал муң мени муунтуп жатат. Мен үчүн сүйүктүүсү менен ажырашты. Ошондо Баткенге барганда жездеме барбасам болмок. Мен айтпаганым менен көздөрүм, сүйүү толгон көздөрүм баарын айтып, жездемди да сүйдүрүп алган окшойт. Эссизмин, эссиз. Жашагым келбей калды. Аа билесиңби мен бүгүн ооруканага бардым. Чочуба күндөлүк, баары жакшы. Башымдан кичине даарыланышым керек экен.
Алдап жатканымды сезип койдуңбу?
Ооба күндөлүк мен алдай албайм. Сага калп айта албайм. Мен ооруп калдым, бул сүйүү мени өлтүрүп тынат окшойт. Беш ай дешти. Беш ай өмүрүм калыптыр.
Мен сени сезип калдым сырдашым.
Жакындарыңа айттыңбы?-деп жатасыңбы?
Жок айтпайм, соолуп калган гүлдү куткара алышпайт. Себеби тамыры жараксыз, тамыры. Акыркы беш айымды жакындарым менен бактылуу жашап өтүүгө милдеттүүмүн.
Дагы бир нерсе айтайынбы? Урушпасаң айтам.
Жашоом аяктап баратканын билгенден бери бир нерсени эле тиленчү болдум кудайдан.
Айыгышымды деп ойлодуңбу. Дагы адаштың сырдаш, айыгып кетишимди эмеес.
Каниметти акыркы жолу көрүп алышымды, акыркы жолу балдызы катары эмес, сүйгөнү катары бир эле кучактап алышты. Ыраазы болот элем, арманым болбойт эле. Мен ыраазымын, мага ушул кыска жашоом жетиштүү болду. Азыр ыйлап жатам, өлөт экенмин деп эмес. Мен кеткен соң апамдын, атамдын, бир туугандарымдын мен үчүн кайгырып, кыйналгандарын элестетип. Мейличи сырдашым уктайынчы, чарчап кеттим. Эми сени менен күндө кездешебиз.

Кымбаттын өмүрү аяктап баратканын окуп алып, ошол жерден өкүрүп жибере жаздадым. Кымбаттын бөлмөсүнөн чыгууга араң үлгүрдүм. Оозумду бекем кысып алып, ыйымды ичиме жутуп полго жатып алдым.

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE