Пример HTML-страницы

Өчкөн сүйүүм 2 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=7148&preview=true Кызыктуу окуялар.

ӨЧКӨН СҮЙҮҮМ, БҮТПӨС АРМАН.
…..2-Бөлүм…
Атамдын жибигени мага аябай жакты. Сөзсүз Каниметти көрсө атама жагат, азыр сүйүнчүлөйм.
—Ало жаным, атам көндү окшойт.
—Болсун, болсун. Даниса мен жөнүндө баарын айттыңбы?
—Жок…
Мындай оор үшкүрүктү уккан соң Канимет жаман болуп кетти.
—Айтсаң болмок, эми эртең сурап билген соң кууп чыкса эмне кылам?
—Атам сен ойлогондой эле начар эмес, мага бакыт каалайт жакшы көрөт. Антип атам жөнүндө экинчи айтпачы э жаным.
—Маакул, Даниса мен сени менен түбөлүк болом!-деп сөз берчи.
—Сөз берем бирок…
—Бирок сирогу жок эле сөз бер.
—Канимет сөз берем. Бизди ажал айрыганча чогу болобуз.
—Ажал сени менден тартып ала албайт.
—Антип айтпа, ажалдын иши оор.
—Андай мааниде эмес Даниса, сен дагы жетимиш жыл жашайсың буйруса. А мен болсо алтымыш тогуз жыл, үч жүз алтымыш төрт күн же жетимиш жыл бир күн.
—Айиий токсонго чыгамбы? А эмнеге бир күн көп же бир күн аз?
—Сенсиз жашоомду элестете албайм. Сенин жүрөгүң токтогондо кайгыдан менин да жүрөгүм дароо токтойт. Сен менин жанымсың.
—Канимет..
—Оуу жаным..
—Эгер мени башка бирөөгө алмаштырсаң кечире албайм, эч качан. Эсиңде болсун э..
—Койчу кайдагы кепти, эгер ошондой болуп калса эмне мени таштап кетесиңби? Сөз бердиң го..
—Мен сенсиз жашай берем, болгону жүрөксүз калам. Себеби жүрөгүмдү сага эчак берип койгом.
—Сен ойлонбо, баары жакшы болот.
Жакшы жат э алтыным.

Бакыттан башым айланып кетти, эртеңки күндү элестетип жаттым. Эртең эмне болоорун билсем эч качан Каниметти үйгө чакырбайт элем. Түндө уктай албай үч оодарылып сүйүнөм, таңды аттыра албай убарамын. Эх жаштыгым.
Эртеси Канимет жаңы болбосо да тыкан кийинип келди. Ушул күнгө чейин Каниметтин кийимине көңүл бурган эмесмин. Дайыма таза кийинет ошону билем.

—Ассолому алейкум..
—Ва алайкум ассалам, кир үйгө төргө өт.
—Жок мындай эле, неме Даниса чакырган болчу. Өзү кана?
—Мен чакырткам, кана жигит атың ким?
—Канимет, жашым жыйырмада.
—Даниса экөөңөр тең эле экенсиңер, кантип жашоо куруп кетесиңер?
—Мен өзүмө ишенем, Данисаны иштетпей багам. Үйдө мээримдүү эне, мыкты кожойке болуп берсе болду. Калганы колумдан келет.
—Кызымдын тарбиясына мен жооп бере алам. Мына сен азыркы айткан сөздөрүңө жооп бересиңби?
—Берем, өзүмө ишенем.

Каниметтин өзүнө ишеничтүү, так сүйлөп жатканы атама жагып кетти окшойт, кабагы бир аз ачыла түштү.

—Аа жигит айтчы кайда билим аласың? Ата-энең ким?
—-Ата-энем жок, өзүм болсо военный жака кызыгып жүрөм.
—Кандайынча? Кызыгып дегениңди кандай түшүнөйүн?
—Ата-энем жок инилеримди карап, окуганга убакыт келе элек.
—Анда сен Данисаны деле окута албайт экенсиң да э?
—Окута албайм дебейм, болгону кудай буйруганы болот.
—Канимет, сен акылдуу эле баладай көрүнөсүң. Ошол акылың менен ойлончу, менин кызыма жаркын келечек камдай аласыңбы?
—Сиз айткандай келечеке акчасыз деле жетсе болот?
—Кантип? Азыр акча баарын чечет. Мейли инилериң канчада?
—Окуучу азыр.
—Мына көрдүңбү, мен кызымды малайлыка бере албайм. Ата-энең жок болсо кандай жашоо болот.
—Ата Каниметтин атасы бар!-деп өйдө жактан актанып жибердим.
—Аны атам!-деп эсептебейм.
—Канимет капа болбой туура түшүн.

Мен ылдыйга түшкүчөм Канимет колундагы стаканды мыкчып сындыра койду да, чыгып кетти. Артынан жөнөдүм эле, атам эшикти тосуп алды. Колунан аккан канды токтотуп койсом болмок жок дегенде. Атама каяша сүйлөй алган жокмун, дудуктай бөлмөмдө жата бердим. Туура ата кызына жамандык каалабайт, түшүнүп турам. Бирок, мен Каниметсиз бактылуу боло албайм.
Эки-үч күндөн кийин атам телефонумду колума карматты да, окуума жиберди. Каниметти коңгуроо кылабы!-деп күткөн окшойт. Канимет мага коңгуроо кылбаптыр, демек катуу таарынган. Каниметти табууга болгон күчүмдү салдым. Жанымда эле жүргөндөй боло берет бирок, эч көрө албай койдум. Атам үчүн кечирим сураймбы эмне? Таап калсам. Эмне дейм?
Бир күнү телефонун күйгүздү эле «Мени ала качып кетишти»-деп билдирүү жиберип койдум. Мени издеп келүүсүн кааладым, көргүм келди. Дароо коңгуроо кылды. Албай туруп кайра адрести жазып жибердим. Бул таежемдин үйү болчу, аны билбейт. Он мүнөттө жетип келди, жанымда эле жүргөнүн сезгем.
«Мен келдим»-деген билдирүү келди эле түн экенине карабай чуркап чыктым. Каниметти аябай катуу кучактап алып ыйлап жаттым.
—Сен мени таштадыңбы эмне? Таарындыңбы? Атам анткени менен үйлөнүп алсак эч нерсе дебейт.
—Мени эмнеге алдадың? Кана алакачканы?
—Антпесем келбейт элең.
—Аскерге кетип жатам, күтөсүңбү?
—Канимет мени ойлодуңбу?
—Окууңду бүтө бер, ага чейин бутума турам сөз берем.
—Мага сенден башка эч нерсенин кереги жок. Мени алып кетчи, азыр алып кетчи. Аскерге кетсең жолубуз айрылат, сезип турам.
—Анте албайм, атаңды сен сыйлабасаң да мен сыйлайм.
—Атам кечирет..
Чекемден аста өөп, дарбазадан киргизип койду. Жабылган эшиктин ичинде мен жерге олтура калып ыйлап жаттым. Сыртында Канимет мени кыя албай көзүнө жаш алып турду.
Ушунчалык күчтүү махабат эмнеге бат эле өчүп жок болду?
Кайсы жерден адаштым?
Эмнени туура эмес кылдым?
Бул суроого азыр жооп таппай келем. Кабагым ачылбай, сүйлөбөскө айландым. Атам башында унутат да дегени менен азыр оюнан кайткандай. Атам оюнан кайтканы менен баары кеч, Канимет аскерге ушул жума кетет экен. Тагдырыма баш ийем, айла жок.
Ошентип мени эртеси алакачып кетишти. Тааныбайм бул балдарды, оюмда Канимет экен дедим. Качан айылдардын бирине алып барганда, башка экенин түшүндүм. Бир кайгым бүтпөй туруп, экинчисине эмне бар эле? Эми чын эле башкага жубай болуп калсам эмне болот? Анда мен Каниметти кечире албайм. Мени бирөөгө алдырып койгону кандай болсун. Коңгуроо кылсам таакыр албай койду. Мени дагы кетпе!-деп ыйлайт деди окшойт.
«Мени алакачып кетишти»-деп кайра билдирүү таштадым. «Сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичет»-дегендей ишенбей койду.
-«»Бул калпың жанга тийди»-деп жооп жазып койду. Болду андан кийин байланыша алганым жок. Аялдар ары жагымдан бир чыгышат, бери жагымдан бир чыгышат. Кемпирлер тыткылайт, кечке чейин алышып алым калбай жатып калдым. Тийсеңер өлүп берем деп жатып таңды атырдым. Ата-энемден кабар жок. Анан атам байкуш түштө өзү келиптир.
—Даниса сен эмне десең ошол.
—Отурбайм, тааныбайм буларды.
—Кеттик..
—Ай куда ушундай кандай болсун? Өз атасы көшөгөдөн алып чыгып кеткени жаман нерсе. Кеч боло электе оюңуздан кайтыңыз.
—Менин кызым эмне мал беле, баса калып аял кылгандай. Жолду бошоткула жакшылыкча.
Ошондо атам менин акыбалымды чындап түшүндү окшойт. Үйгө барып кучактап алып, азыраак көзүнө жаш алды.
—Каниметти чакыр, өз колум менен кошуп берем.
—Баары кеч ата, ал бүгүн кетмек.
—Саат канчада?
—Төрттө, кетти окшойт.
Саатты карасак үчтөн беш мүнөт өтүптүр. Машинага олтуруп, Канимет кете турган жайга бардык. Төрт жарым болуп кетиптир. Ал демек кетип калды, кечиктим. Баардыгы бекер, баары бекер.
Атам менин машинага жөлөнүп алып ыйлаганымды көрбөш үчүн басып кетти. Мен олтура бердим. Бир маалда мени жерден бирөө көтөрдү. Атам аяп көтөрүп жатыптыр!-деп өйдө карасам Канимет экен. Ал кетпептир, мени күтүптүр. Жөн гана «кеттик»-дедим. Атам болсо акырын «маакулмун»-дегенсип көзүн акырын ымдап койду. Ал мени үйүнө чейин көтөрүп барды. Бир саат колунан түшүрбөй барды, башымды ийнине жөлөп Каниметтин үйүнө кирип бардык. Ак жоолук салган энеси жок, жаман болуп кетти. Сандыктан апасынын жоолугун алып чыгып, өзүмө карматты. Ал күнү башка-башка бөлмөдө уктадык. Эртеси атасы менен өгөй апасы келип кичине ырым-жырым кылгансыды. Нике кыйылды, апам кичине төшөнчө берди, ошентип биздин үй-бүлөөлүк жашообуз башталды. Дагы бир кичи мамлекет курулду. Жокчулук болсо да, бизге такыр билинген жок. Сүйүктүүм жанымда болгону эле жупуну үйдү хан сарайдай көрсөтөт тура. Эшике чыксам терезеде эки-үч жыл мурун кагылган клёнкалар турат. Чөптү тазалабай биринин үстүнө бири өсүп басылып кетиптир. Ошол чөптүн үстүнө күндүн суугуна карабай үйдөгү эски эки паласты жуудум. Адыл менен Эдилге эшикти тырматып тазалаттым. Терезени ачып жуудум эле үйгө күндүн нуру кирип бир аз көзгө жагымдуу болуп калгандай. Үйдү актап, сырдап койдум. Жаңы буюм коюлуп, тазаланып чын эле үй аз болсо да көркүнө чыкты. Бир ай ошентип өтүп кетти, экинчи айда биз жөн эле бакытка балкып жашадык. Анан кайра эле-» аскерге барам»дегени башталды. Ушунча аракетиме, жалдыраганыма карабай кетип калды. Бир жарым жылдан кийин кайтканы ушул болду. Аскерге менин Каниметим кетип, башка ташбоор бирөө келгендей. Ушул убакта эмне болуп кетиши мүмкүн? Же аскер адамдары татаал болуш керекпи?
Башка бирөөнү сүйүп калдыбы?
—Мага берген сөздөрү жөн эле калп сөзбөрбү анда?

Уландысы бар.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE