Пример HTML-страницы

Өчкөн сүйүүм 13 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=7148&preview=true Кызыктуу окуялар.

ӨЧКӨН СҮЙҮҮМ, БҮТПӨС АРМАН.
………13-БӨЛҮМ…….
Сайкалдын башына жашоого бир келчү махабат, унутулгус сүйүү келди. Жаш кыз кичинесинен эле мээримге зар болуп чоңойгондуктан, Таланттын камкордугу башкача жагымдуу сезилип, ашык болууга түрткү болду. Арадан билинбей бир ай өтүп кетти, Таланттын агасы Арзымат жаңы үйлөнүп, шаарга көчүп келди. Келгенде эле Сайкалды жактырган жок, Талантты карап, эмне жүрөт, ким бул?-дегендей карады.
—Байке бул Сайкал, жашаганы жай издеп жүргөн экен мен киргизип алдым. Акчаны ортодон төлөп жатабыз, кааласаңыз чыгып кетет.
—Мейли, азыр биз жумушка орношкучак жашай берсин. Жалгыз сага кыйын болуп калат.
Чындыгында Сайкал акча төлөмөк тургай, тамак-аш дагы алып келчи эмес. Таланттын жанынан чыккысы келбей эле жүрө берген. Үйүнүн жанындагы тигүүчү цехке топчу тигип жүрдү кээде, ал акчасы өзүнөн ашкан эмес. Ошентип Таланттын байкеси менен жеңеси келгенден баштап үйгө батпай калды. Сайкал Талантты жүрөгүнөн чыккан сүйүүнү кошуп, башкача көз караш менен карап жүргөнүн Арзымат байкап калган болчу. Тезирек кутулуу керек экенин түшүнүп, ишке киришти. Күндө болоор-болбос нерсеге уруш чыгарып, Сайкал менен урушканы урушкан.
—Байке, эмне эле Сайкалга жабышып калдыңыз? Башка кылаарга ишиңиз жокпу эмне?
—Эй жинди баш, бул деген көптү көргөн шүмшүк кыз окшойт. Болбосо он алты жашында эле көчөдө калмак беле. Жаш бала менен жалгыз жашаганы маакул болмок беле. Иши кылып бул кыздан алыс бол, болбойт мунуң.
—Байке сиздин ишиңиз болбосун, өзүм билем. Мен аны сүйүп калгандырмын балким.
—Сүйүү дегениңди кой нары, кетир.
—Эмне болуп жатасыз? Кетирбейм.
—Сага өмүр бою жанакындай сөздөрдү угуп чоңойгон аз болдубу? Эл таппай эле турат..
—Айтса айта беришсин, алардын сөздөрүнө сизден башкасы терикпейт деле керек болсо.
—Анан намыссыз болсоңор терикпейсиңер да, атам эмне сен эмне иши кылып аман болгула.
—Эй сен ал сөздөн эмес апамдан уялып жатпайсыңбы. Сени төрөп, чоңойткон энеңден уялып жатпайсыңбы. Сени төрөгөн аял эң башкысы ал сенин апаң болот. Оруспу же дагы бир башка улутпу айрымасы эмне.
—Айрымасы чоң, атаң дагы башка катын калбагандай орус катын алып алыптыр. Энең жүн баш дегенди угуп жүрүп тойдум. Эми Талант көчөдөгү кызды алыптыр деген сөз чыксынбы. Менден кечсең ала бер анда өзүң бил..
Бул сөздөрүн эшиктен кирип келе жаткан Сайкал угуп калды. Көчөдө калган дегени катуу тийди. Ыйлаган бойдон чыгып кетип калды. Иштеген цехине кайра барып, түнөп калды. Эки-үч күн аздан иштеп жүрдү, топчу тиккенде кыйратып деле акча албайт да. Башка жумуш издеп баштады. Цехте олтурганда жумуш издеп жатканын айтып калды эле, арасындагы кыз таежесине бала баккыч керек экендигин айтып калды. Бирок, ал Казакстанда экен. Ага деле маакул болуп кетүүгө камданып калды. Документин баягыда барып тапшырып келген болчу. Паспортун алгандан кийин Казакстанга жөнөдү. Сайкалды шуулдаган кара аял алып кетип жатты. Таможнийден жашы жете элек!-деп өткөрбөй койду. Эми эмне кылам?-деп башын мыжыгып олтурганда жанакы аял суу кечип өтөсүң!-деп калды. Эптеп жумуштуу болуп калайын дедиби суудан өтүүгө да ыраазы болуп чооң каналдан өтүп кетти. Кыргызстандан мыйзамсыз чыгып кетти. Эми Сайкалды издөөгө салса деле таба алышмак эмес. Астана шаарына он сегиз саат дегенде жетип барышты. Шанхай базарына келип токтошту, унаадан түшөөрүн жаш келин менен бир бала күтүп турушкан экен. Келин кара катын менен өбүшүп учурашты да, Сайкалды баштан аяк сын менен сыдырып чыкты. Чарчагандыктан өңү анча болбой турган, канча күндөн бери жуунбай анан машинада көп жүрүп жагымсыз жыттанып кеткен экен. Жанакы тезтийер бала жийиркенгендей мурдун чүйрүп алды. Жетелеп бир аз жылып кайра артка кылчайса жанакы келин кара катынга бир тутум акча карматты. Тиги аял болсо Сайкалдын паспортун берди. Анысына деле көңүл бөлгөн жок, жаш болсо түшүнгөн жок да. Жанакы тазасынган бала чыканагы менен Сайкалды нука түртүп, бол!-деди.
—Эмне түртөсүз? Баса бергиле да, баратпаймбы. Кыздын мынтип тил кайтарганына жиденип кеткен бала Сайкалды чалынтып тоголото койду. Катуу жыгылган экен тизеси сыйрылып, канап кетти.
—Эже эмне тигил мени алып келген эже барбайбы? Ошонун колунда иштемек элем го.
—Мындай да Сайкал ал эжең бир жака кетти, менин балдарымды карап турасың азырынча. Ошентип Сайкал Гүлбаранын балдарын карап калды. Үч бала карайт, экөө эгиз алар эки жашта бирөөсү үч айлык. Аябай кыйналып кетти, үй жыйнайт, кир жууйт, тамак жасайт. Гүлбаранын күйөөсү да кежир экен арбир ишинен кынтык таап сөгүп турат. Гүлбара болсо Сайкалды чымчып алат. Айлыгымды алсам эле кетем деп жүрдү. Сайкалды алып келген кара катын ошондон кийин көрүнгөн жок. Үч ай өтсө да айлыгынан кабар жок, паспортун катып алган. Ошондо барып өзүн кулдука сатылып кеткенин түшүндү. Ыйламак түгүл өзүңдү өлтүрсөң да эчкимдин иши жок, көнүүгө аргасыз эле. Бир күнү балдарына алып келген таттуудан бирди жеп жатканын көрүп күйөөсү сабап салды. Ошондон кийин булардан таяк жемей адатка айланды. Кетейин десе үйдөн чыккан эмес, эч нерсени билбейт. Же паспорту же акчасы жок. Мурункудай суукта калбайын!-деп чыдап калып калды. Анын үстүнө Астананын суугу адамды аябайт көрүнөт, өлүп калмак. Бир күнү Гүлбара инисинин акча көп коротконун айтып, үйдө чоң уруш чыгарып жиберди. Шамил анча-мынчада кыздарга барып, эс алып келчү. Мурун аялы менен жашаганда ашыкча акча кетпейт эле, эжесинин балдарын да карачы. Төрөбөй койгондуктан кетирип жиберишкен, ошондон кийин иниси кээде көңүл ача турган болуп калган. Быйыл болсо аша чаап кеткен окшойт, эжеси калчылдап калыптыр.
—Эмне ошону деп өлүп баратасыңбы? Эй оору жугузуп алба байкуш, тапканыңды оюнга жумшап жатасың. Жөн жүр эми..
—Мен эркекмин, өзүм билем. Сенин акчаңды алып жатамбы эжеке, же үйлөнтүп кой мени.
—Эркекмин деп эле ушинте бересиңби, тый да кичине.
Гүлбара инисин күйөөсүнүн жанында уруша албай, күйөөсү жокто бакырып жаткан болчу. Ушул жерден оюна бир нерсе кылт эте түштү..
—Мына сага бекер оюн, ал дагы каалаганча колдон. Бозутуп койбо бирок, уктуңбу. Шамил Сайкал жакты карады, көздөрү жанып кетти. Мурун көргөндө эле жийиркенип алган үчүн, Сайкалга аял катары караш оюна да келбеген. Чын эле жакшылап караса бой жетип калыптыр, дене-бою келишип төшү өзүнө тартып турат. Шамил каткырып жиберди.
—Чын э эжеке, үйдө даяр турса. Бул анын үстүнө таптаза да, жарайсың.
Эки жырткыч жем тапкандай сүйүнүп, кыдыңдап алышты. Баардыгын түшүнүп калган Сайкал өзүнө жай таппай тыбырчып жатты. Анан Гүлбара дүкөнгө демиш болуп балдарын алып чыгып кетти.
—Мени да эрчитип алыңызчы эже, эшикти көрүп келейинчи..
-Жок сен Шамилдин курсагын тойгуз.
—Жок, мен калбайм.. Гүлбара Сайкалдын жаагына салып, чыгып кетти. Гүлбара инисине шарт түзүп берди, ачык эле. Шамил таппай эле турган экен Сайкалды баса жыгылды. Сайкалды байкелеп жалбарганына көнгөн жок, жаш кыздын абийрин айрандай төктү. Мындай болуп кеткенине ишенбей, түшүм!- деп шалдырап жата берди. Эки-үч саат өтүп, Гүлбара эчнерсе болбогондой каткырып кирип келди. Саксайып жаткан Сайкалды келип бутуна бир тепти.
—Тур эй, чоң-энеңдин жайлоосунда жатасыңбы? Тамак кылган жоксуңбу эмне, айтып кетпедим беле.
—Өлүмүш болбо, өлүмүш болбо айбан. Зөөкүрүңө айтып кеткен ишиң аткарылды, дагы эмне каалайсың.
—Эй оозуңа карап сүйлө, сен иним менен жатып жүрсөң мен күнөөлүмүнбү? Менин күйөөмдү да ыраазы кылып жүргөн жоксуңбу? Күнөөнү кызга артымыш болуп койгону менен көзү күлүп турду. Сайкал болсо Кыргыз болуп туруп, Кыргыздын кызын кордоп жатышканына зээни кейиди. Ошондон кийин мындай көрүнүш күндө кайталанып жатты, жездеси биринчи байкап калганда таң калганы менен кийин унчуккан жок. Гүлбара, экөө сүйлөшүп алыптыр!-деп калп айтып койгон. Биринчи эчким жокто тийишсе, кийин болсо кечинде эжеси менен жездесине угузуп деле тийишип жүрдү. Тагдырына баш ийген Сайкал мурункудай жулунуп,ыйлабай деле калды. Бир күнү Гүлбаранын күйөөсү үйдө эчким жокто келип, Сайкалга сөз ыргытып көрдү.
—Сен канчадасың Сайкал?
—Он алтыга толдум, эмне эле?
—Биринчи келгениңде анча-мынча капа кылганым үчүн кечирип кой э!-деп тизесинен сылады. Өзүн алакачып;’—Мм… Көнүп калдым, айбан экенсиңер да баарыңар, колумдан эмне келмек эле. Бирок, ушул жерден тирүү кутулуп кетсем билесиңерби силерди түрмөдө чиритем. Балдарыңарды өлтүрүп, өчүмдү алсам да болот бирок, буларда күнөө жок да.
—Эй сенин Шамил менен жатып алганыңа мен күнөөлүмүнбү? Сен мурун эле даалайын суугарып жүрсөң керек, дароо койнуна киргениңе караганда. Балдарга бир нерсе болсун, сени союп кетем..
—Мен өлүмдөн коркпойм..
—Коркпосоң мына!-деп Сайкалды муунта кармап туруп зордуктап салды. Шамилдин орой мамилесине бышып бүткөн экен, азыр камырабай бирок, көздөрүнөн болушунча заарын чачып карап туруп берди.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE