Пример HTML-страницы

Өчкөн сүйүүм 12 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=7148&preview=true Кызыктуу окуялар.

ӨЧКӨН СҮЙҮҮМ, БҮТПӨС АРМАН.
……..12-БӨЛҮМ……
Тайнесин көрбөй калдыбы деген ойдо, үйгө артынан жетип кирди.
—Тайне мен келдим, сизди сагындым. Мен сизге көйнөк алып келдим, кийип көрсөңүз. Чын эле кемпирдин үстүндөгү көйнөгү жуула берип, жукурып кеткен болчу. Жүрөгү болк эте токтоп калды.
—Эмне атаң жибердиби? Эгерде бир көйнөк менен алдап кайра «ашка жүк, башка балээ»- болом десең адашасың. Киргизбейм болду.
—Жок, мен кайра эле кетем. Эмне жупка жасадыңызбы? Тайнеси кээде сүттү чогултуп тартып, каймакты кенен сүйкөп жупка жасачу. Ашканада түрдүү тамак-аш жесе да баары биригип тайенесинин бир жупкасына жетпейт. Баштыктарды кармата калып, жупканы үзө калып сугунуп алды. Кемпир мейличи дегендей баштыктан көйнөктү чыгарып, кийип көрдү. Кийгизип көрүп алгандай, чапчак экен. Чүпүрөк адамды ачат эмеспи, бир топко жашара түштү. Ичи жылып, өзүнчө күбүрөнүп алды. Жоолукту алып чыкты эле, кече кошуна кемпирдин башынан көргөндөй мода жоолук экен. Ошондо ичинен бир кайгырып алган, мындай жоолук алганчам башкаса чыгып калат дагы!-деп.
—Апа азыр жукасын кийип тур, күзүндө калың көйнөк алып келип берем. Эми мен иштеп жатам. Кемпир айылдагы бирөөлөрдөн Сайкал тууралу уккан. Көчөдө кайыр сурап жүргөнүн мыкты билет.
—Жөн койбойт белең кызым. Өзүңө корот эми кыйналбай.
—Кыйналбай элемин, ашканада иштейм. Курсагым ток, кийимим бүтүн мен үчүн кайгырбаңыз.
—Ооба кызым ооба..
Ооба дегени менен ишенген жок, көчөдө кайыр кылат десе жанына жетип баргысы келген. Бирок, Санжар Сайкалды киргизсең мени балам дебе деген. Сайкалдын жеген-ичкенин, кийимин аябай эле ашыкча көрөт. Өзүнүн аялынын үйдөгү акчаны башка эркектерге чачып жүргөнүн билбейт да байкуш. Акча кана десе айылга аны алдым, тигини алдым!-деп коёт. Манас эшиктен кирип калып Сайкалды көрдү.
Оозунун учу менен;-«кел»-деп койду да олтуруп алып дасторкондогу тамакты жеп кирди. Тайкесине да жакшы көйнөк алып келген болчу.
—Тайке сизге да белек алып келдим.
—Ммм, коюп кой ошол жака.
Манас жактырбай күңк этти. Манастын аялы таарынып төркүнүндө экен, ошого капалуу болсо керек!-деп унчуккан жок.
—Сайкал түн кире электе шаарга эртелеп жетип албайсыңбы.
—Тайене мен бүгүн кетпейм, эки күнгө суранып келгем.
—Кимден суранып келдиң?
—Ашкананын кожойкесинен.
—Апа мунуң көчөгө чыгып кеткенден сообу? Жашы он үчтө туруп ошентип кетсе мунуң жыйырмага чыкпай көчөдө калып өлөт.
—Оозуңа кара-таш, кайдагын айтпачы. Айтып жатпайбы ашканада иштеп жатам!-деп, дөөрүбө да.
—Айта бербейби апа, тырнактай кызды жумушка алмак беле. Сайкал булардын сөзүн түшүнбөй жатты. Жаман иши эмне экен!-деп ойлоду.
—Манас ава, ал эмне иш? Уурулук кылганым жок менин.
—Мейли эмне болсоң ошол бол.
—Сайкал мейли бүгүн конуп кал да, эртең таң атпай кет, уктуңбу?
—Маакул… Ушунчалык да кадыры жоктугуна ыйлап жиберди. Жок дегенде апасынын арбагын сыйлабайбы деген ой, Сайкалды жеп салды. Баардыгы жатышкандан кийин көп өтпөй, эшиги тарактап бирөөлөр бакырышып кирип келишти. Сайкал болсо көңүл бөлгөн жок. Башка күн куруп калгансып так ушул күнү Санжар менен Батма келиптир. Бириси кууп, экинчиси качып келишиптир.
—Кокуууй ай эмне болду Санжар?
—Апа карасаң келиниңди, уятсыз экен. Балдары чоңоюп калганы менен иши жок, үйдөн качып келди.
—Эмнеге качты? Жаш эмессиңер, уят эмеспи ушунуңар Санжар. Кайсы кара мышык өттү ортоңордон, урушчу эмес элеңер го.
—Апа айтсам ишенбейсиз, үйгө келсем башка эркек менен жатыптыр келиниңиз.
—Койчу каяктагын айтпай, кызганыч да чеги менен да.
—Чын апа чын.. Өлтүрүп коём азыр.
—Батма эмне дейт могул? Келини башын жерге салып туруп берди.
—Санжар эми болоору болуп, баёосу каныптыр. Батма албетте жийиркеничтүү иттин ишин кылыптыр. Айла жок балам, эң татыктуу жаза бул баардыгын ачык айтып үйүнө жеткирип кой. Уяты менен алышып жашасын.
—Жок, кетсе өлүгү кетет. Болбосо мени менен жашайт. Мен буга жүрүү кандай экенин көрсөтөм.
—Балам сенде намыс барбы? Досторуңдун көзүн кантип карайсың? Уятыңдан өлүп кетпе балам, акылыңа кел..
—Апа мен жашабайм, көптөн бери кетким келип жүргөм. Айталбагандын азабы ушул болду.
—Апа дебе мени кара жерге киргир десе, аял атын булгаган шуркуя. Ар кимге этегиңди ачып берип, баламдын абийрин оюнчук кылган турбайсыңбы. Өзүңдү эле эмес ата-энеңди кошуп уят кылгың келип жатса, анда калып жашап көр. Мен сенин шермендеңди чыгарам. Баламды өзүңдүн күнөөңдүн отуна күйгүзбөй муунуп өлүп ал уктуңбу?
—Мен кетем, уяттан коркпойм.
—Өлүмдөн коркосуңбу э сен? Балдарыңдын кийин элдин алдында кантип баш көтөрөөрүн ойлодуңбу? Сен өлбөсөң уяттан биринчи эриң, анан чоңойгондо балдарың муунат. Жогол, көзүбүзгө көрүнбө. Астыбыздан чыга көрбө байкуш.
—Апа мен жашайм, жашайм..
—Олтур могу жака, азыр артынан чыксаң берген ак сүтүмдөн кечем. Эки дүйнө ыраазы болбойм.
—Мени ойлочу, аячы апаа..
—Мен сени ойлоп жатам, азыр жалгыз сени гана ойлоп жатам. Эртең барам да айылына уятын чыгарып келем катыныңдын.
—Эгер ошондой кылсаң мына алдыңызга келип өлүп берем.
-Антпе балам, катын жолдо, бала белде дейт. Баары алдыда, бир аял үчүн эмне болуп баратасың? Батма чыгып кеткенден кийин апасын аттап кете албай дубалды муштап калып калды. Батманын куулугуна таң калды. Өзүнүн ата-энесине барса шермендеси чыкмак, ошол үчүн кайненесине келген тура. Эркек башы менен намыстан эмес ар-намысы жок аялынын кетип калганына ыйлап олтурду. Бир топтон кийин барып, бурчта унчукпай коркуп олтурган Сайкалды көрүп калды. Кыйкырууга кынтык таппай турганда Сайкал Санжарга табылгы болду. Турган столду көмкөрө чапты да кыйкырып, чыр чыгарып
баштады. Эки аттап Сайкалга жетип жакасынан алды. Гекетип жатып уруп да жиберди.
—Апаа мен сени кечип кете албай Батманы кетирдим. А сен мага сөз бербедиң беле. Экинчи могу албарстыны үйгө киргизбейм дедиң эле го. Менин аялымдын жанында бул ким? Каяктагы арам…
—Санжар бул менин неберем, сенин балдарыңдай эле неберем.
—Арамды менин балдарыма теңебе уктуңбу, уктуңбу дейм.
—Катыныңдын аягы суюк экен балким, сенде да арамдар бар болуп жүрбөсүн.
—Ал бир эле жолу, бир эле жолу апа. Балдарыма сөз тийгизбечи.
—Сен кайдан билдиң? Бар кет, өзүңдүн жашооңду өзүң бил. Эртең балдарың чоңойгондо билесиң. Санжар чыгып баратып Сайкалды катуу сабап салды. Аялын ура албай күчүн кичинекей кыздан чыгарды. Бети-башы көгөргөн Сайкал келгенине өкүнүп кетти. Манас болсо жаткан жеринен жылып да койбоду. Менин ишим эмес дегендей. Сайкал таң атканча көз ирмебей чыкты, эчким тура электе үйдөн чыгып кетип калды. Өзүнө өзү жинденип кетти. Экинчи баспас болду ушул үйгө. Чолпон дагы уктабай чыкканы анык бирок, Сайкал кетип жатканда унчукпай койду. Кийин угушуна караганда Санжар авасы аялына жалдырап жүрүп кайра жашап алыптыр. Ушундай да арсыз эркек болот экен деп таңыркап койгон. Шаарга келгенде кожойкеси кебетесин көрүп, аябай кейиди. Жанынан чыгарбай койду ошондон кийин. Бирок, жашоо татаал нерсе экен. Жыл айланбай Сайкал иштеп жаткан жерде эл суюлуп кетти. Кийинки жылы андан да азайып, ашкананы жабуусуна туура келди. Кайрадан көчөгө кайтмак беле, айласыз бир күндүк жумуштарга жалданып курсагын тойгузуп жүрдү. Кээбир күндөрү Ош базардагы көпүрөнүн астына кагаз төшөп түнөп калып жатты. Бир күнү жумуш издеп жүрүп, жаңы ачылган ашкананы таап алды. Ал жерге пол жуугуч керек болчу. Эртең менен баргандан кеткенче баардык жокту кырдырып жууп чыкты. Ушул жерге жагып, иштеп кетейин деген ойдо өзүн аябай иштеди. Чындап эле ашканасы жылтырай түштү. Жаңы ачылды деген эле аты болбосо буюмдарынын баары эле эски экен. Кечинде жумуш күнү бүткөндө өңү серт келген аял чыкты да, элүү сом карматты.
—Эртең келбей эле кой, сен бизге туура келбейт экенсиң.
—Эмнем туура келбейт экен?
—Жай кыймылдайсың, жумушту таза кылбайт экенсиң. Негизи мурун иштебесең керек, иши кылып кет.
—Уятыңар жок экен силердин, эртең менен эле айтпайсыңарбы кете бер деп. Бүт жыйнатып алып анан кет дейсиңер, бул кылганыңар туура эмес да. Керек болсо үч жылдай иштедим ашканада. Мен силерди сотко берем.
—Ха эй кыз бар чыгып кет, кетпесең милицияны мына мен чакырам.
Ыйлаган кыз, эшике чуркап чыгып кетти. Чуркап барып, биринчи урунган олтургучка олтура калып ыйлап кирди. Бараар жери жок, кеч кирип калган. Колундагы акчасына курсагы да тоймок эмес. Жашоосуна нараазы болуп, кудайга арызданып жатты. Жетим ыйласа үнү кудайга жетет эмеспи, Сайкалды коштоп асман да ыйлап кирди. Төккөн жамгырдын ар бир тамчылары Сайкалдын жан дүйнөсүнө сиңип жатты. Жамгырдан коргоноор жер таппай кайра эле ошол олтургучка кайтты. Көп өтпөй жанакы ашканадан жаш бала чыкты. Сайкалдын жанына аста келип олтурду.
—Сен таарынба, негизи пол жуугуч бар болчу. Жетишпей жаткандыктан сени тазалатып алышты да айдап жиберишти. Кээде ушинтип турушат. Жумушту жакшы кылат экенсиң, атың ким?
—Сайкал.. Уяттары жок экен.
— Мен Талантмын сен кайгырба, башка жумуш табасың. Бараар жериң жокпу?
—Ооба жок..
—Жаман ойлобо бирок, жай тапкычаң менин үйүмдө жашап тур. Баатир дечи бирок, меники азырынча. Барасыңбы..?
—Барам. Ошентип Таланттын үйүнө барып жашап калышты. Талант Сайкалга карындашындай мамиле кылат, Сайкал болсо өзү байкабай Талантты сүйүп баратты.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE